Атактуу немис композитору Людвиг ван Бетховен 1770-жылы 16-декабрда Бонн шаарында туулган. Чоң атасы Бонндогу ак сарай капелласынын жетекчиси, атасы сарай ырчысы болуп иштеген жана ошол мезгилдин белгилүү музыканттарынан болушкан. Албетте, алардын таасири Людвигге тийгендиги айкын. Төрт жашынан баштап эле анын шыгы байкалган. Атасы аны клавесинде ойноого үйрөткөн. Ошондой болсо да бир жолу атасы кызуу отуруп (атасы ичкиликке жакын болгон экен) таланты Европаны дүңгүрөткөн Моцартты эскерген. Менин баламдын Моцарттан кандай айырмасы бар деген ой келген. Ошондон баштап баласын «экинчи Моцарт» жасаш үчүн кыйноого ала баштаган.

Эртеден кечке машыктырган, кээде үйрөнө  албагандыгы үчүн  уруп жазалаган. Кызуу келгенде уктап жаткан Людвигди төшөктөн тургузуп, пианино черттирип таң аткыча отургузуп койгон учурлары да болгон. Бара-бара бала бул кыйноого да көнгөн. Адегенде пианинону атасынан коркконунан аргасыз ойносо, кийинчерээк сезиминде бурулуш башталган. Ошентип, ата-тегинен тукум куучулук катары өткөн музыкалык шыгы атасынын түрткүсү менен болгон катуу эмгектин натыйжасында зор талантка айланган. Демек, атасынын кыйноосу анын эрте жетилишине түрткү болуп,  өз дараметин, кудуретин билүүсүнө шарт түзгөн.

Людвиг клавесинде жакшы ойногондуктан 7 жашында эл алдына чыккан. 10 жашында бир катар музыкалык аспаптарда ойногон. Оор турмуштун айынан ал 11 жашынан баштап Бонн капелласында ырчынын жардамчысы, 13 жашында сарай органчысы болуп иштеген. 12 жашында эле Людвигдин ысмы Германиянын чоң шаарларына скрипкада, органда жана фортепьянодо мыкты аткаруучу жана композитор катары угула баштаган.

1782-жыл Людвиг үчүн унутулгус жыл болгон. Анткени ал ушул жылы композитор, дирижер К.Г.Неефе менен таанышып, андан немистин улуу классиктеринин чыгармалары жана музыка теориялары боюнча сабак алган, композиторлук жана аткаруучулук чеберчиликке  үйрөнгөн. Ушул жылдан баштап өз алдынча музыка жаза баштаган. Неефе Людвигдин зор талантын алгач байкаган нагыз мугалими жана жакын досу болуп калган.

Чыгармачылык дарамети жетилип калган Бетховендин атактуу композитор В.А.Моцартка болгон эңсөөсү аны 1787-жылы Венага алып келген. Моцарт аны кубануу менен кабыл алган. Чыгармаларын өзүнө ойнотуп угуп, толкундануу менен жогору баалаган. Бирок улуу композитордун жанында көпкө боло алган эмес. Энесинин катуу сыркоолоп калганы жөнүндө кабар келип, кайра Боннго кетүүгө аргасыз болгон. Медер туткан энесинин көзү тирүүсүндө жанына жетип, түбөлүк сапарына узаткан.   Ушул жылы атасы да жумуштан бошоп калгандыктан, жаш инилеринин түйшүгү мойнуна түшүп, алар жетилгенге чейин жанында болгон.

1792-жылы австриялык композитор Ф.И.Гайдн Боннго келет. Бетховен аны менен таанышат. Гайдн Бетховендин чыгармаларына баалуу пикирлерин айтат. Гайдндан сабак алыш үчүн ошол жылы Бетховен кайрадан Венага келет. Ошентип анын чыгармачылыгындагы жаңы бийиктик башталат. Венага келгенден кийин ал жердеги даңазалуу музыканттар: Гайдндан, опера боюнча А.Сальериден, музыка теориясы боюнча И.Шенктен, И.Альбрехтебергерден, скрипка боюнча Шолдон, кларнет боюнча Фридловскийден ж.б. сабак алат Князь Лихновский ага демөөрчүлүк кылып, колдогон.

Анын атагы улам артып баратса да башка улуу адамдар сыяктуу эле начар турмушта жашаган.

1797-жылдан баштап кулагы катуулай баштаган. Ошол кезге чейин жараткан ийгиликтерине канааттанбай, манчыркабай, тынымсыз издене берген. Уламдан улам эргүүнүн чексиз дүйнөсүнө сүңгүп, бири биринен мазмуну жана формасы жагынан айырмаланган улам жаңы керемет чыгармаларды жарата берген. Ал өз учурундагы адамдардын жалпы деңгээлинен улам барган сайын өйдөлөп, замандаштарынын алдыңкы идеяларын чыгармаларында чагылдырууга аракеттенген. Кулагы такыр укпай калгандыктан Бетховен чүнчүп 1813-17-жылдары чыгармачылыгы басаңдап калган, бирок 1818-жылдан баштап кайрадан эргүү менен иштеген.

Аба ырайынын кандай экенине карабастан күн сайын сейилге чыккан. Чымчыктардын сайраганын, бак-дарактын шуулдаганын укпаса да айланага куштарлана карап ырахат алган, чыгармачылыгына дем,  күч топтогон. Ошентип тагдыр башка салган оор кеселге мөгдүрөп калбастан, бала кезинен көнгөн эрки жеңип чыккан. Кубулжуган түркүн үндөрдү укпай туруп, керемет чыгармаларды жараткан. Анын музыкасынан мөлтүр булактын шылдыраганын, чагылгандуу жаандын шатыраганын, түркүн куштардын кубулжутуп сайраганын, малчынын чоорунун сыбызгыганын ж.б. угууга болот. Укпай туруп жалаң үн менен иштеген, болгондо да уккандын сезимин козгогон улуу чыгармаларды жаратканы эмне деген гана эрдик болгон. Ошентсе да ал жакырчылыкта жашаган. Жалгыздыктан жапа чеккен. Оорудан чүнчүгөн. Бүт өмүрүн жалаң чыгармачылыкка гана арнап, күч-кубатынан ажыраган Бетховен 57 жаш курагында 1827-жылы 26-мартта Венада каза болгон.

Ал 1792-1802-жылдары Биринчи жана Экинчи симфониясын, 6 квартет, фортепьяно үчүн соната, 1804-жылы «Баатырдык» деп аталган 3-симфониясын, 1806-жылы төртүнчү, 1808-жылы дүйнөгө даңкы чыккан бешинчи жана алтынчы симфонияларын,  фортепьяно үчүн айтылуу №21 («Аврора») жана патетикалык №23 («Аппассионата») сонаталарын, «Фиделио» операсын, 1810-жылы Гётенин «Эгмонт» трагедиясына музыка, жетинчи жана сегизинчи симфониясын, 1816-22-жылдары фортепьяно үчүн 5-сонатасын. 5-струналык квартетин, 1824-жылы дүйнөгө даңкы чыккан залкар 9-симфониясын жазган.

Ал 3-симфониясын Наполеонго арнаган. Бирок Наполеондун император болгонун уккандан кийин «эми ал бүткүл адамзаттын укугун, ар-намысын тебелейт..» деп ачууланып, Наполеонго арнаган барагын айрып таштайт да, чыгармасына «Баатырдык» деп жаңы ат коет. 9-симфониясында Франциядагы улуу революциянын алдыңкы идеялары чагылдырылган. Мындан сырткары ал ондой увертюра, «Прометейдин керемети» аттуу балет, фортепьяно  менен оркестр үчүн жазылган концерт, камералык ансамбль, фортепьяно  жана хор үчүн чыгармаларды ж.б. жазган.

Италия, Ирландия, Шотлондия ж.б. элдердин ондогон элдик ырларын да иштеп чыккан. Ошентип Бетховен өлбөс-өчпөс музыкаларды жаратып, дүйнөлүк музыканын тарыхына өзүнчө бир доор ачкан. Анын чыгармалары ушул кезге чейин дүйнөлүк музыканын өсүшүнө зор таасир тийгизип келет.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *