Каз-өрдөгү болбосо,
айдың чалкар көл карып.
(Эл ырынан).

Ысык-Көл – бейиштин эшиги,
Ыйык-Көл – кыргыздын бешиги.
Мактанып ага жер жетээрби?
Ыйык-Көлдү, Ысык-Көлдү
Сактагыла, балдарым!..
(Калыгул олуя).

Пролог

Көйкөлтүп көк көйнөгүн,
Жыгылат аягыма.
Оштонуп оодарылат,
Окшошуп аялыма.

* * *
Аруузат ашыгымдай,
Азгырат неге мени?..
Кылгырып ал ансайын,
Кызытат делебеми.

* * *
Шарпылдак толкундары
“Шалп” этип өөп алат.
Ысык-Көл – Ыйык-Көлүм,
Кыздардай кылыктанат.

* * *
Жээлигип жетине албай,
Шайкелең жоругуна.
Турам да, боюму урам
Жыпжылуу коюнуна…

Көл жээги
Кажыгуж кымгуут көл жээги…
“Ким алат чатыр, балык бар.
Ашлямфу, самса, жүгөрү
Аз калды, алсаң алып кал!”

Ушинтип соода кылгандар,
Кыдырат көлдүн кылаасын.
Көр оокат үчүн не чара?
Аргаң жок, баарын кыласың.

“Калян бар менде, калян бар!”
Аңгыча бирөө кыйкырат.
… Чыт курсак балдар кумайда[1],
Чурулдап кумдан үй курат…

Керсейген дагы бирөөсү,
Кер жорго минип опулдайт.
Жоргосу чычып баратса,
Кумайдын үстү топулдайт.

Ысык-Көл сырдуу муңайып,
Муң-зарын катат ичине.
Унутуп мунун баарысын,
Ыйык-Көл кирет түшүнө…

Кумайга толуп кары-жаш,
Кактанат күнгө кызыган.
Кутуруп кумар отунан,
Куушат кумда кыз-улан.

Болор иш дайым болорун,
Ургаачы-эркек бар жерде.
Далилдеп көзгө дапдайын,
Гандондор жайнайт ар жерде.

Куйругу кучак катындар,
Куйругун чайпап басышат.
Ысыган кумду кучактап,
Ышынып уктап жатышат.

Арзыган кары-картаңдар,
Жүз чайып көлгө шапшынат.
А жаштар дуулап куунашат,
Кусалуу көлгө шап кулап…

Алагүү болуп бир даары,
Дардаят бышкан дарбыздай.
Көчүккө тээп бакылдайт,
Балдарын көлгө баргызбай.

Аңкылдап анда аялдар,
Эрлерин тыйып басышат.
Аптаптуу күндүн табынан
Денелер күйүп ачышат.

А көлгө эмне, баары бир,
“Тажатты адам аттуулар”.
Ага эми керек бир гана:
Өрдөк-каз, чардак, ак куулар…

Көл кечи
Күн нуру өчүп үлбүрөп,
Күүгүмдөп көлгө түн кирет.
Түндө да көлдү тим койбой,
Билбеймин көлгө ким кирет…

Салкындап көлдүн абасы,
Жаңырып муза авазы.
Салтанат менен башталат,
Жаштардын түңкү “шабашы”…

Барабан үнү даңкылдайт,
Каргалар үркүп каркылдайт.
Диртилдеп диско-бийчилер,
Ырчылар ырдап заңкылдайт.

Көрүп ал анан “шабашты”,
Дүпө-дүп жерди сабашты.
Эркеги-кызы билинбей,
Бирине-бири жанашты.

Эриккен элди күн бою,
Эриктирбей түн бою,
Тама-шоу…, какафония,
Таң атканча оргия…

Көл жана каргалар
Таң атпай таттуу уйкуңдан,
“Каарк” этип карга ойготот.
Каркылдап анан каапырлар,
Эртеден кечке жойлошот.

Килейген семиз каргалар
Калдаңдап араң басышат.
Көрүнгөн акыр-чикирди
Көрүнгөн жерге чачышат.

Каргалар менен жарыша,
Жаш балдар ойнойт кубанып.
Көл болсо мөлмөл сулуудай,
Мөлтүрөйт көзгө суналып.

Таандар талап жан жагын,
Чыгарды тарпын-талпагын.
Оо кудай, Көлдү сактай гөр,
Мен айтпайм андан ар жагын…

Жалгыз чардак жана “бардак”
Ысык-Көл ыйламсырайт, чабалактайт,
Жээгинде карга-кузгун жабалактайт.
Ал азыр аягы ачык аялзаттай,
Койнунда кимдер гана чабак атпайт…

Үстүндө үстөмөндөп жаткандар көп,
Үйгүшүп ырахатка баткандар көп.
Кирдетип кирсиз боюн кирингендер,
Үйүлгөн таштандылар таштан да көп.

Баары аны кучакташат-жулмалашат…
Бакырат куткаруучу: “Назад, назад!”
А бирок каргып алган кайрандардын
Жылмышып көл үстүнөн жылмагы азап.

Мен дагы элди туурап чардап көрдүм,
Тобу жок жалгыз учкан чардак көрдүм.
Көрбөдүм көл үстүнөн бир да ак кууну,
Көзүмдү улам ирмеп пардап көрдүм.

Көгөрүп өзүмдү өзүм алдап көрдүм,
Көп ойлоп көргөнүмдү аңдап көрдүм.
Көргөнүм ушу болду Көлгө барып:
Көл бою баардык жерден “бардак” көрдүм.

Тунжурап кош айтыштым
Тунжурап көл бойлодум,
Коштошоор убак келип.
Койнуна кирип жатты,
Туристтер чубап келип.

Мен дагы токтоно албай,
Шуңгудум кучагына.
Ким эмне, кандай дешсин,
Кайылмын ушагына.

Ал дагы аягандай,
Козутту коюнуна.
Канчалык кааласам да,
Канбадым оюнуна.

Көл мени коё бербей,
Көлкүдү коргошундай.
Кыйылып кош айтыштым,
Кыйышпас жолдошумдай.

Эпилог
Ушундай азыр Ыйык-Көл,
Уңулдап уңшуйт түн бою…
Урганы барбы, көр пендең
Зордуктайт аны күн бою…

[1] Кумайда – пляжда

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *