ЭССЕ

Бала кезимдеги бир оюнчугумду узак жылдардан бери издеп жүргөм. Ал оюнчугум ошондо эле жоголуп кеткен. Үлүлдүн (чүлүлүйдүн) формасына окшош – тегерек, ортосунда карандаштай сабы бар, аны басып койсом тегерек оюнчугум тегеренип көпкө турчу. Сары, кызыл, көк сызыктары бар эле.

Башка оюнчуктарымдай куурчак, топторду көп жолу балдардын колунан көргөндүктөн го… издегеним, сагынганым жок. Ал эми, тигил “тегеренген” оюнчугумду оюнчук ойнобой калган мезгилден баштап издей берчүмүн. Оюнчук саткан жерлерге кирсем көзүм издечү, балалыгымды эстесем оюм менен издечүмүн. Ал оюнчугум табылчу эмес. Дүйнө жүзүн кыдырсам да таппайм го деп, ичимден өзүмдү-өзүм тамашалап калчумун.

Бир күнү эле канчалаган жылдардан бери издеп жүргөн оюнчугум табылды! Оңой эле, так жаныман табылды! Балким, мен курактуу кыздын же баланын оюнчугудур. Балким, менин оюнчугумдур! Абдан эле эскирип калыптыр, мен эскиргендей…

Жашы улуу, бирок бою да, салмагы да менден кичине Надир аттуу кошунам бар болчу. Ал эртең менен өзүнөн чоң кара чемоданынын “курсагын” кабырылтып көтөрүп кетип, кечинде чемоданынын “курсагын” толтуруп келчү. Жез, темир чогултуп келип, эртеси бир жерге алып барып өткөрүп, андан түшкөн акчага жалгыз жанын бакчу.

Бир күнү кечинде, адаттагыдай, ошол кара чемоданындагы темир-тезектерди шалдыратып төгүп жатканын уккам. Эртеси эртең менен турганымда ошол темирлеринин арасынан канчалаган жылдардан бери издеп жүргөн оюнчугумду көрүп калдым! Абдан кубансам каткырып күлүп жатып калат экенмин… Күлкүлүү деле эч нерсе жок болчу. Таштандылардан чогултуп келген кошунамдын буюмдарынын арасынан оюнчугум оңой эле табылып калганына күлсөм керек…

Надир кошунамды темир-тезектеринин жанына ээрчитип келип, ал оюнчугумду көргөзүп, издеп жүргөнүмдү айтып, эски оюнчукту сурадым. Надир мырза барктана, баалана жооп берди. Заматта ал мага бою узун, салмактуу болуп, далдайып көрүнүп кетти.

— Муну тигил жакка өткөрсөм кыйраткан деле акча болбойт. Ушунчалык сонун бекен? Анда ала бер оюнчугуңду, берейин… Сен да менин айтканымды аткар! Аял затынын атайын мага гана арналып жасалган тамагын жегим келип турат бүгүн… — деди.

Мен дароо эле кошунамдын айтканын аткарууга кириштим. Кубанганымдан “өзгөчө” жасайм деп, бака жалбырак чөбүн, бакчада өсүп турган ромашка гүлүнүн таажыларынан анан бир алманы да кошуп “кооздоп” жибердим. Өтө “кооздоп ийген” тамагым Надир кошунама жакпай:

— Мен сага кой, ат же уй белем?.. Же эмне, аскаларда жашаган аркар белем жалаң чөп жегидей? Өзүң жей бер! — деп көзүнүн төбөсү менен жаңы жасалган тамагымды анан мени бир карап коюп басып кеткен, таарынып…

Издеп жүргөн оюнчугум азыр да жанымда. Бирок жүрөгүмдө не бир кызык-кызык жоруктары менен Надир кошунам да жашап жүрөт…

Ошондой романтикалуу күндөр болгон үчүн Күн күлүп, көпөлөктөр көкөлөп учууга жаралып, жаз, жай деген мезгил болуп, асман чексиздикке айланып, жер үстүндө түркүн-түстүү гүлдөр өсүп турса керек…

3-Сентябрь. 2003-жыл.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.