Кыргыз жомогу: Алтын шакек

Илгери, илгери бир чалдын жалгыз баласы бар экен. Бир күнү чал «баламды бир сынайынчы» деп, жыйырма тыйын берип базарга жиберет. Ал барып беш тыйынга күчүк, беш тыйынга мышык, беш тыйынга короз жана беш тыйынга жыландын баласын сатып алып үйүнө келет. – Балам тыйынын бир оокатка жаратат экен десем, капкайдагы жарабаган нерселерди алыптыр, – чал ачуусу келип, үйүнөн кууп жиберет. Бала корозду, мышыкты, жыланды көтөрүп алып, бет алган жагына кете берет. Күндөрдүн биринде жыландын баласына тил кирип: – Досум, мен жыландын […]

Сулайман КАЙЫПОВ: Кыргыз болуу оңой эмес…

Бүгүн минтип, ooжaлa aлбaй oчoрулуп турушуң, aлбeттe, өкүндүрөт, өксүтөт. Oшeнтсe дa, күндүк эмeс кылымдыгын, бүгүнкү эмeс түбөлүгүн эскe aлсaк, сeн эч кимгe oкшoбoйсуң, бaшкaсың. Сeн эч кимгe, эч бир элгe, эч бир жaнгa oкшoбoйсуң, кыргызым. Сeнин кaндaй сырттaн эл экeниңди, кандай убакта кaйсы, кaндaй эрдиккe жaрaрыңды, күнү-күнү кeлгeндe кaнчa кaлкты жeтeлeп, кaй бaгыткa бaрaрыңды aдaм уулу aли сeзип-туя элeк. Нaмыскa бeк экeниңди, жaмгыр сындуу жaaп тургaн oккo кaршы көз ирмeбeй бeт aлып, aжaл мeнeн aрбaшa кeтериңди; жeңeм дeп мaксaт кoйсoң, […]

Немис тилинен кыргызчаланган Генрих Гейне

Генрих Гейне – немис элинин Гёте менен бир катарда турган улуу акындарынын бири. Анын ырлары лирикалуулугу менен айырмалангандыктан Шуберт, Шуман, Вагнер, Брамс, Чайковский сыяктуу композиторлор Гейненин ырларына музыка жазышкан. Еврей улутунан болгонуна карабай жөнөкөй, жеңил, баарына түшүнүктүү тил менен жазылган ырлары аркылуу немис тилин жогорку деңгээлге көтөргөн. Фельетон, сын жазууда да ага теңдеш болбогон дешет. Улуу акын 1797-жылдын 13-декабрында Дюссельдорфто еврей көпөс Самсон Гейненин үй-бүлөсүндө туулган. Энеси Бетти (Пейра) билимдүү жана акылдуу аял болгондуктан уулу Генрихтин жакшы билим алуусуна шарт […]

«Атам кандай киши эле?»

же Ж.Эдигеевдин «Дайралар артка агышпайт» деген китебине баш сөз Абдыкерим МУРАТОВ, педагогика илимдеринин доктору, профессор, жазуучу, публицист Кагылайын кыргызымдын миңдеген элдердин түмөндөгөн салт, ырасымынын арасынан кашкайта таанытып турган, улуу журт экенинин урпактарга ибараттап турган бир жөрөлгөсү бар: маркумду акыркы сапарга узатып, бул дүйнөсү менен коштоштуруп жатканда артында калган баласы калайыкка катуу үн чыгарап «Атам кандай киши эле?» деп үч жолу кайрылат. Муну муун-жүүнү бошоп, жетимиштеги абышка жүздөгү атасына айтат, төрттөгү бала отуздан оой электе оопа болгон атасына айтат, муну эчен […]

Ренди ГЕЙДЖ: Бийиктик жана байлыкты багындыруучу жолдун жети руханий мыйзамы (3-4-бөлүк)

1-2-бөлүгү ушул шилтемеде 3.Бөлүк. Айланпа мыйзамы. Өркүүндөөнү шар агып турган агын сыяктуу элестетүүбүз керек. Ал эч убакта бир жерде токтоп турбайт.  Бир буумда туруп калган суу акырындык менен балыр басып кирдеп калат эмеспи. Өркүндөөнүн айлампа мыйзамы дал ошол суу сымал. Үмүт үзүлүп, көңүл калуу бизди ошол туруп калган сазга бат эле айладырат. Эгерде биз тосмолорго жол бербей, айлампаны ар дайым айландырып турсак, өркүндөөнүн дайрасы кенен агат. Мисал үчүн, мен эч убакта бар болгон байлыгымдын тизмесин, атым жазылып турса да, ачыкка […]

Ризван ИСМАИЛОВА: Атам

ЭССЕ Атамдын сөөгүн үйдөн чыгарып, мүрзөгө алып жөнөгөндө көкүрөк тушумда илинип-илешпеген, түшүнүксүз бирдеме үзүлүп кеткенсиди… Кармап кала тургансып, эңкейе калдым. Көзүм караңгылап, кулагым эч нерсе укпайт. Жанымбы-оюмбу, туңгуюкта жандалбастаган бирдемеге кармангансыйм… Жарыкчылыктын акыркы нурлары табытты жабалактап баратты… “Атам кандай киши эле?”- деп парз суроо беришти. Сурадым. «Жакшы эле» дешти. Атамды менчелик, биз, балдары билгенчелик ким билет? Ураим бир ата, бир энеден жалгыз уул. Чоң атам Исмайыл жашы кыйла улгайганда кийинки энебизден эки уул, бир кыз көргөн. Алар биз курактуу. Атамдын […]