же Ж.Эдигеевдин «Дайралар артка агышпайт» деген китебине баш сөз

Абдыкерим МУРАТОВ, педагогика илимдеринин доктору, профессор, жазуучу, публицист

Кагылайын кыргызымдын миңдеген элдердин түмөндөгөн салт, ырасымынын арасынан кашкайта таанытып турган, улуу журт экенинин урпактарга ибараттап турган бир жөрөлгөсү бар: маркумду акыркы сапарга узатып, бул дүйнөсү менен коштоштуруп жатканда артында калган баласы калайыкка катуу үн чыгарап «Атам кандай киши эле?» деп үч жолу кайрылат. Муну муун-жүүнү бошоп, жетимиштеги абышка жүздөгү атасына айтат, төрттөгү бала отуздан оой электе оопа болгон атасына айтат, муну эчен бир уруштарда жоонун алдында ийилбеген баатыр жигит атасына топурак салганы келген элге тизе бүгүп айтат. Миң адам катышкан коштошуу зыйнатында да, төрт гана адам келген коштошуу зыйнатында да ушул сөз айтылып, ушул суроо коюлат, ансыз сөөк коюлбайт.

Мына ушул бир суроо айтылганда арабыздан бөлүнүп жаткан асыл адамдын не бир асыл сапаттары көз алдыбызга келип, «жакшы», «жакшы эле», «жакшы киши эле» деп, Асман менен Жердин ортосунда кибиреген айры бут жаныбар болуп жашап жатып өлүм алдында алсыз экенибизди сезебиз, бизге да балабыз бир күнү ушинтип айтып, элге кайрыларын эстеп, өмүрүбүздү жакшылык кылуу, кайрымдуу болуу менен өткөргүбүз келет.

Бул китеп да Жеңишбек мырзанын атасынын сөөгүн жерге жашырып, түбөлүк жайына берердеги элге карап айткан «атам кандай киши эле» деп кайрылып, кайра «атам мындай киши эле…» деп айткан жообу сыяктанат. Ата тууралуу эскерүү гана эмес, кара сөздөгү реквием-поэма экен, ата тууралуу кошок-жоктоо экен, ата жана аталар тууралуу мемуар экен.

Ырас, кыргыз адабиятында мемуаристикалык адабият деген чоң бир өзөн бар, ал өзөндү «Баскан жолу» менен Калык Акы уулу, «Узак жолу» менен Мукай Элебай уулу толтуруп, окурманды тартып келсе, эгемендүүлүк жылдары Шайлообек Дүйшеевдин «Агындылары», Түгөлбай Казаковдун «Эсимдеси», Бексултан Жакиевдин «Өмүр өтөт билинбейи» талашып окуган китептердин көч башына айланды. Эми минтип Жеңишбек Эдигеевдин «Аталардын бел-белеси» каз-каз туруп, «тушоомду кесип койгула» деп жумурткадан баш баккан балапандай алдыга келип атат.

Башканы билбейм, мени, студенттерге этнопедагогикадан дарс окуп, этнопедагогика деген илим салаасынан окуу китептерин жазып жүргөн адис катары, бул кол жазмада аталарыбыздын өмүр-тагдыры менен кошо кыргыз эл педагогикасынын салттары эң мыкты көрсөтүлгөндүгү, чет элдиктер «кыргызың кандай эле» десе, «мындай эле» деп көрсөтө койчу балдарды адам катары тарбиялоочу, турмушка ыктуу жаран катары көнүктүрүп, жатыктыруучу керемет этникалык маданияты, не бир байыркы учурдан кристаллдашып тазалаган жырымдары, жөрөлгөлөрү суктанарлык жана сыймыктанарлык көрсөтүлгөндүгү ыраазы кылды. Азыр эми бир кыйласын жоготуп алып, кайсалактап таппай калган XX кылымдын II жарымындагы калк ичинде колдонулган салттар, болгондо да этнопедагогикалык салттар сансыз көп темир-тезектен арасындагы жалтыраган алтындай бул китептин ичинде жатат. Ал үчүн да авторду «балли» дебешке акыбыз жок. Жүз жылдан кийин да, миң жылдан кийин да өткөн кылымдын аягындагы кыргыз турмушун изилдөөчүлөр Жеңишбек Эдигеевдин ушул китебинен баалуу материалдары таба аларына ишенемин.

Мен бул баш сөзбү, бата сөзбү, бет ачар сөзбү, иши кылып, жазып жатканымды, ушул жерден токтотуп, «калганын китептен өзүңөр окуйсуңар» деп коюшум керек эле, баш сөздүн табияты ошондой, бирок башка бир нерсени айтпасам жарылып кеткидеймин. Айтайын дегеним – бул китеп кыргыз маданий турмушундагы эмиграциялык адабияттын көрүнүктүү чыгармасы катары тарыхка киргени калды. Буйруса.

Ал автордук жеке жашоосу менен байланышкан өзүнчө тарых, өзүнчө биографиялык барактар.

Жеңишбек Эдигеев жубайы Чолпон Орозобекова менен бирге оппозициялык гезиттерде иштеп, бийликке каршы макалаларды жазып жүрүп, өздөрү «De-fakto» деген басылманы негиздеп, ал баласы конкор башкаруунун тизгинин тартуу үчүн катуу күрөшүп жатканда куугунтук, соттук айыптар, коркутуу-үркүтүүлөр менен өмүрлөрүнө коркунуч келгенде өлкөдөн чыгып кетишти. Бул трагедиянын не бир азап-тозогун башынан өткөрүп, зымырык кушчасынан күлдөн кайра куш болуп, көккө көтөрүлүп, Чолпон кызыбыз Булан институтун негиздеп өлкөбүздүн көйгөйлүү маселелерин эл аралык деңгээлге чыгарып жатса, Жеңиш уулубуз минтип ойго карк, көзгө жана колго толумдуу китеп жазып таштады. Женева жашап туруп, Жеңиш мырза эмиграциялык адабияттын желегин желбиретти.

«Эмиграциялык адабият» деген түшүнүк дүйнөлүк адабият таанууда кеңири кездешет, бирөө саясый, бирөө расалык, бирөө улуттук, дагы бири диндик ж.б. ар кандай кодулоолордон улам мекенин таштап экспатрацияланууга, же эмиграцияланууга дуушар болот. Мисалы, биз жакшы билген орус эмигрант-жазуучулары XX кылымда үч агым менен жер оодарган: биринчилери – революциядан кийин большевиктердин бул кылыгын жактырбай кетип калышкандар; экинчилери – Улуу Ата мекендик согушта жүрүп, көбү немистерге туткун болуп кетип, И.В.Сталиндин каарынан коркуп келбей калгандар; үчүнчүлөрү – постсоветтик мезгилдегилер, кайра куруу, менчиктештирүү, мүлктөрдү кайра бөлүштүрүү дегендерди жактырбагандар, же бийлик менен келише албай кеткендер. Адамзаттын тарыхын буруп кетүүгө салым кошкон Моисей менен Христос, Ленин менен Троцкий да, адабият менен көркөм өнөрдүн дөө-шаалары Герцен менен Огарев, Байрон менен Бунин, Шопен менен Мицкевич, Леонардо да Винчи менен Данте, Рахманинов менен Шаляпин, Набоков менен Синявский ж.б. толгон-токой инсандар эмигранттар болгон. Ага бизден «Кайран элди» кошкон Ысак Шайбек уулу менен түрмө ырларын чыгарган Казыбек казалчыны кошуп койсок да жарашчуудан. Айрымдары, мисалы, орустардын В.Набокову, кыргыздардын М.Мураталиеви кош тилдүү болуп, бикультурага жетишсе, көбү биздин Ж.Эдигеевге окшоп өз тили, өз маданияты менен эле калды.

Орус ойчулу жана эстетиги Ю.Борев эмигранттардын үч модель менен жашап жүрөрүн белгилейт: биринчиси, носталгиялык, б.а. таштап кеткен Ата Журтун сагынып, анын салттарын сактап жүргөндөр; экинчиси, космополиттик, б.а., алар өз мекенин, салтын унутуп, өздөрүн жалпы адамзаттыкпыз деп кайсыл гана цивилизация болбосун кошулуп кете берүүчүлөр; үчүнчүсү, адаптацияланган, б.а., кайсыл жер-эл болсо да аларга ыңгайлашып, эл болуп, журт болуп кеткендер. Мына ушул бөлүштүрүүгө караганда эдигеевчилер Европанын толтоосунда туруп, носталгиялык ойлор жана сезимдер менен жашап жатыптыр, ага бул китеп толуп күбө, андыктан да китепти кыргыз адабиятындагы эмиграциялык-носталгиялык багыттагы чыгарма деп атоого да болот. Дал ошол носталгияда – ата турат, атанын ар тараптуу жүрүш-турушу, кылык-жоругу өзү кандай болсо ошол бойдон көрүнөт. Эмигарант катары ал бир кезде көргөн-билгендерине ичтен жана сырттан карайт, туулган жерди сагынуу, кусалануу сезимдери менен карайт…

Атасынын жаназасында баласы калкка кайрылып «Атам кандай киши эле» деп айтканда, «жакшы эле» деген сөздү уккан соң «Атам кимге бересе болсо – менден алгыла», «Атамдын кимде аласасы болсо – кечтим» деп айтканы баа жеткис маданиятыбыз.

Жеңишбек Эдигеев да бул китеби менен карт Европанын киндигинде туруп алып  «Атам кандай киши эле» деп бизге кайрылып турат, демек, ал балалык парызын аткарып турат, бардык эле атанын баласы ушундай болсо кана атаганат…

Анда келеңиз, Жеңишбек Эдигеевдин атасы кандай киши экен, китепти окуй баштаңыз…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *