1-2-бөлүгү ушул шилтемеде

3.Бөлүк. Айланпа мыйзамы.

Өркүүндөөнү шар агып турган агын сыяктуу элестетүүбүз керек. Ал эч убакта бир жерде токтоп турбайт.  Бир буумда туруп калган суу акырындык менен балыр басып кирдеп калат эмеспи. Өркүндөөнүн айлампа мыйзамы дал ошол суу сымал. Үмүт үзүлүп, көңүл калуу бизди ошол туруп калган сазга бат эле айладырат. Эгерде биз тосмолорго жол бербей, айлампаны ар дайым айландырып турсак, өркүндөөнүн дайрасы кенен агат.

Мисал үчүн, мен эч убакта бар болгон байлыгымдын тизмесин, атым жазылып турса да, ачыкка көтөрүп чыкпайм. Жада калса авто-унаа, үй да, мен үчүн убакылуу нерселер болуп эсептелет. Өз кызыкчылыгым үчүн алдыга умтулуп, керек болсо аларды таштап да кете алам.

Бул дүйнөдө баардык нерсе айлампа сындуу. Качандыр бир убакта сиз жалгыз жашаган үй канчалык ыңгайлуу болбосун, сиз эки же үч балалуу болгондон кийин ал үйүңүз таптакыр тар сезилип калышы мүмкүн. Так эле ушул сыяктуу балдарыңыз чоңоюп, өз алдынча кеткенден кийин сиздин үй өтө эле кенен болуп, кичирээгине алмашууңуз толук мүмкүн.  Колуңузда болгон менчигиңизди сактап жана каалаганыңыздай пайдалана аласыз. Ал менчиктериңиздин сиз үчүн кылган кызматы бүткөн соң,  аларды ошол менчигиңизге башка муктаж бирөөлөргө өткөрүп бересиз. Эгерде өз көңүлүмдү көтөрүп каалай турган болсом, спорттук авто-унаамды да ар дайым сатып, жаңы чыккан үлгүсүн алам. Ар бир жарым жыл сайын колдонгон компьютеримди жаңысына алмаштырып турам, анткени жаңысында жаңы үлгүлөр бар, жаңысы ылдамыраак иш аткарат. Мен эски компьютеримди  компьютери жок ага муктаж болуп турган досума сатып, жаңысын алышым мүмкүн. Мындай жол менен биринчи боштондук мыйзамын колдонуп, эски буюмдан арылган болсом, дароо экинчи мыйзам айлампаны колдонуп, жаңысы менен оордун толуктаган болом.

Ал эми акчанын айлампасы мындан да күчтүү натыйжаларга алып келет

Келгиле, биз сиздин финансы каражатынан кыйналып отурган убакытты мисалга алып көрөлү. Сиздин 1500 доллар карызыңыз бар дейли, ал эми колуңузда 100 доллар гана бар. Ал карыз акчаны берүү үчүн калган 1400 долларды күтүп, колуңузда турган 100 долларды мыжыга тырышып кармап отура бербестен, бул жерден айлампанын мыйзамын дароо колдонууңуз абзел.

Билесизби, сар санаанын жандүйнөңүздөгү жыйындысы алдыга койгон максаттан адаштырат. Сиз ал тосмону жарып өткөндө гана жандүйнөңүздү бууп калган тыгындан арылтасыз. Колуңузда калган 100 долларды жан дилиңиз менен, толугу менен коротосуз, сиз аны ааламга ыраазычылык менен жөнөтөсүз. Сиз ал 100 доллардын 10% үлүшүн кайрымдуулук иштерине бересиз, калган 20 долларын дагы бир керегиңизге калган 15 дагы башкасына, 25 дагы… Мына ушундай жол менен сиз туруп калган энергияны жарып, сиздин акчаңыздын кеңир айланышына  шарт түзөсүз. Ушул жол сиздин акчаңыздын айлануусуна жана сизге кайра эки эселенип кайрылып келүүсүнө шарт түзөт.

Келгиле, практика жүзүндө да бул мыйзамды аткарып көрөлү. Колуңузда турган баардык чек кагаздарына ыраазычылыгыңызды бериңиз.

Баардык чек кагаздарынын көчүрмөсүнө ыраазычылык сөзүңүздү жазып, ар бирин өткөрчү жагыңызга өткөрүп бериңиз. Муну менен сиз өзүңүзгө негизги болуп көрбөгөндөй күчтүү энергияны топтой аласыз.  Эгерде сиз боштондуктун абалында турсаңыз, анда сиз так эле өркүндөө жолунда турасыз. Эми сиздин милдетиңиз, руханий жыргалынын үрөнүн себүү. Руханий жыргалчылыктын үрөнүн кандайча себебиз?

Балким  көңүлүңүз тарткан,  туура деп эсептеген жерлерге кайрымдуулук иш чарасын көрүүдөн баштаарсыз.  Ар кылдагы муктаж болгон уюмдарга баш багып, аларды колдоп, колдон келген жардамыңызды берүү, сизге келүүчү туруксуз өркүндөө энергиясы күч алып жүз эсе көтөрүлтөт.

Өзүмдү мисалга алсам, мен кээ бир жаш артисттерге колдоо көрсөтүп келем. Операларды колдойм. Мен берген финансылык каражаттар студенттердин каражат табууга алагды болбой, окуган  окуусуна толук ынтызарын койуусуна жардам берет. Алар берилген каражатты окуусуна, жашаган жатаканасына төлөөгө жумшашат.

Ал акча каражатын ар кыл жакка жумшап, батир ээлеринен ыраазычылык алышат же жумуш берүүчүлөр, же жардам берген ошол эле спонсорлоруна ыразычылыктарын беришет, аны менен катар ал ыраазычылыктардын эпкини сизге да кайрылып келет. Албетте, алар ал каражаттарды убактылуу пайдаланып, кийин максаттарына жеткен соң, алар да кайрымдуулук жолу менен ааламга кайтарып беришет. Бул кайталанма жолу чексиз  кайталана берет.

Артисттер искуствону окуп, тажрыйбаларын жогорулатып, мыкты артистке айланышатт. Ар кыл концерттерди элге тартуулап, биздин күндөргө көркөм кошот. Мен дагы ал концерттерге барып, ал жерден болуп көрбөгөндөй ырахат алып, моокумумду кандырам. Өзүм колдоо көрсөткөн ырчылардын эмгегин көрүп, ички сезимимде алар менен сыймыктанам.

Дагы бир кадам алдыга таштап көрөлү

Студенттер алган жөлөкпул өтө аз. Туурабы? Түштөнүүгө чыгып жатып алардын бирин түштөнүү тамагыма кошуп алсам эмне болот? Кайра кайткан жолдон аны дүкөндөрдүн бирине алып кирип концертке кийип чыгуу үчүн саркеч кийим алып берсемчи? Балким ал кийим 1000 доллар турушу мүмкүн. 1000 доллар сарптоо мен үчүн эч кандай оорчулук жаратпайт дечи, анткени окуумду алда качан бүтүп, ирденген чагым. Ал эми ошол студент үчүн кыйын болмок, жалгыз ошол кийимди алуу үчүн бир канча айлар бою күнүмдүк сарпталган каржысын кыстартууга туура келмек.

Сарпталган 1000 доллар операга барбайт, мен дагы ал 1000 доллардан пайыз албайм. Келечектеги артист ал акчаны мага эч убакта кайрып бербейт, ошондой эле мен да ал акчаны кайра күтпөйм. Ал жөн гана менин жыргалчылык үчүн ар дайым эгип турган үрөнүм.

Жаңы баштаган ораторлорго канчалаган кийимдерди  сатып бердим. Компьютер устаттарына компьютерлерди, жаш спотрчуларды муктаж болгон каражаттар менен каржыладым. Бул сарптоолор эч убакта менин кайрымдуулук тизмемдин тизмесине жазылып чыкпайт. Бул жөн гана менин эгип  турган  жакшылыктарымдын  үрөндөрү деп эсептелинет.

Бул жакшылыктар качан, кайсы убакта жана кандай жол менен  кайрылып келээрин билбейм. Бирок бир гана нерсени так билем, алар сөзсүз түрдө кайрылып келет.

Кээде  жакшылыктарды жазап жаткан учурда эле күтүлбөгөн жерден бир чоң пайда алып калууңуз мүмкүн, алда  качан унутуп койгон  кимдир-бирөө карыз акчасын көтөрүп келүүсү мүмкүн.  А балким таптакыр эле акчага байланышы жок башка эле бир нерсе болушу ыктымал…

Балким сизге врачтардын койгон рак шишиги айыгып кетүүчү шишик болуп чыгышы мүмкүн. Балким сизди түшүнбөй кер мур айтышып жаткан жашы жете элек кызыңыздын жакшы жагына өзгөрүүсү же жалгызсыраган кимдир бирөөлөр түгөйүн жолуктуруусу мүмкүн.

Эч убакта карыздарыман кутулайын, анан баштайм деп күтпөңүз. Же болбосо мулти миллионер болойун  деп. Ал эми чын дилиңизден бул иштерди жасоо керектигин айтуунун кажети жок ко дейм? Айтпасам да түшүнүктүү чыгар.

Сүйүүнү да дал ушул айлампага салып айлантыңыз, ал кайра сөзсүз кайрылып келет

Бул бөлүмдүн соңунда: Колдонулбай, пайдасы жок жаткан баардык нерседен арылыңыз! Жашооңуздун дарбазасын жакшылыктарга кенен ачыңыз демекчимин.

4.БӨЛҮК. КЫЯЛДЫН МЫЙЗАМЫ. КЫЯЛДЫН ТАКТАСЫ

Өркүндөөбүздү  биринчиден куру кыялыбыздан так көрө билүүбүз керек

Өркүндөп,  бийиктикке жеткен учур эң биринчиден биздин кыялыбызда, аң-сезимибизде пайда болушу абзел. Көз алдыбызга элестетүү менен так көрө билүүбүз керек. Ал аң-сезимибизде  пайда болгон элестердин жыйындысы көз алыбызга тартылган сайын  эргүү жаралып, бизди өркүндөө жолуна жетелейт.

Ошондой эле кай бир чоң бизнести жетектеген инсандардын колдонуп келген ыкмасы – Кыялдын тактасында да чындык бар. Кыялдын тактасы алдыга койгон позитивдүү максаттарды жаза турган жандептер. Ошондой эле кай бирде биз жолуктуруучу муздаткычта, авто-унаалардын рулдарында, каалоо, максаттар жазылып жабыштырылган баракчаларга толугу менен ишенем. Ар күнү ал каалоо-тилектерди окуган сайын, тээ аң-сезимибиздин тупкүрүндө: “Милдеттүү түрдө ал максатка жетүү керек” деген сезим орноп, бекитилип турат.

Ал сезимдер келечекте биздин курган кыялдарды карай алган багыт ылдамдыгын дагы эки эсеге жогорулатат

Досум  Ричард Бруктун сабактарында катышуучуларына “Менин идеалдуу күнүм” деген тапшырмасы бар. Катышуучулар өздөрүнүн кыялындагы эң идеалдуу күндү сүрөттөп айтып берүүсү керек.  Ал тема“Ар дайым өзүңөрдү ийгиликтүү инсан катары кабыл алгыла” аттуу китебимде да эскертилген.

Ар бир эле адам биринчи  жолу ишканасын ачып жатканда, эң биринчи миллионун иштеп тапкан учур болсун, эң биринчи ресторанын ачкан күн дейли. Баардыгыбыз ошол саат, мөөнөттө келечекти карайбыз. Бирок ошол кезде биз дагы бир нерсени унутта калтырбообуз керек.  Дагы да ишке аша элек жаңы там-туң баскан ишибиздин басып өтүүчү жолдорун, баштан өткөрүүчү тажрыйбасын, жетүүчү жеңиштерин, ички туюм жандүйнөбүздө, эргүү менен кеңири жана позитивдүү элестетүүбүз керек.  Бул сезимден соң биз чын эле ал кыялдардын ишке ашуусун жана реалдуу жашоодо колубуз менен кармап, угуп көргүбүз келет эмеспи. Мына ошондогу биздин каалобуздун күчү  бизди  ийгиликке жетелейт.

Максатын так-таасын көрө билген гана инсан ийгилике жетет

Дагы бир эскертүүчү нерсе бар.  Эч убакта эч качан ал тилегиңиз, максатыңыз ишке ашмайын аны эч кимге көрсөтүп же ооз эки баяндап бербөөңүз керек. Албетте, жакын санаалашты эсепке албаганда.

Ал кыялдар жазылган китепчени оңой-олтоң жерге сактап, бош убактыңызда ар дайым  кайталап окуп туруңуз. Кээде маанай чөгүп, кыжыр кайнаткан учурлар болот. Дал ошол мезгилде баардык байланыш каражаттарын өчүрүңүз. Жалгыздап ал кыял дептерин барактап окуп, ошол сиз багыт алган кыялга дагы бир жолу сүңгүп кирип, эс алууңузду сунуштайм.

Кыялдын тактасы

Тамаша оюн катары көрүнгөн, бирок чындыгында күчтүү курал болуп колдонулган, ийгилик өнүгүүсүн кээ бир ыкмалары бар. Алардын бири Катерин Пондердин “Өнүгүүнүн динамикалык мыйзамы” аттуу китебинде баяндалган.

Алар Төмөнкүлөр:

Колуңузга чоң актай кагаз  аласыз.  Ал кагаздын бетин толугу менен кыялыңызды, ой-максат тилектериңизди тартып чыгасыз. Ар кандай сүрөттөр балким жандаган түшүндүрмө сөздөрү менен. Менин оюмча, ал кагазды адегенде бөлүкчөлөргө бөлүп алсаңыз, андан сонун болот. Ал бөлүкчөлөр жумуш, руханий, мамиле сыяктуу бөлүкчөлөр.

Ар бир бөлүкчөгө каалаган же аткара  турган нерсеңизди  же иш аракеттерди тагасыз. Бул кагаздын бетин толтуруу үчүн сизге бир же эки апта жумшалат.

Мисалга алсак, сиз гитар аспабында ойноону үйрөнгүңүз келет дейли. Ага ылайыктуу бөлүкчөгө музыкалык журналдардан кесилип алынган гитар аспабынын сүрөтүн тагасыз. Ар бир эле сүрөт жарай бербейт. Так, даана сиз өзүңүз ушунда ойносом деген гана гитар аспабынын сүрөтү болушу абзел.

Балким сиз ар дайым кудайга сыйынып жүрүүнү, адатка айлантуу максатыңыз бардыр. Анда ал жерде сиздин ишенип тутунган диниңиздин  белгиси керектелет.

А балким сиз криминалдык романын жазууну кыялданаарсыз. Анда эң көп тираж менен кеткен  биринчиликти алган романдын сүрөтүн кыркып  алыңыз. Андан соң башкы бет  оордуна келечекте жаза турган романдыңыздын атын жазып коюңуз.

Бул тактага ар кыл кыялыңыздагы нерселерди жабыштыруунун эч кандай эрежеси, жол жобосу жок. Кайсы бир нерсе жактыбы? Кааладыңызбы? Аң-сезимиңизде так көрдүңүзбү? Ал нерсеге ээ болгондогу ички толкундоону алдыртан сездиңизби? Демек, мындан артык эч нерсе талап кылынбайт. Ал тактаны көрүп калгандардын ар бирине түшүндүрүп  баяндоонун да кажети жок. Бир гана эскертүүчү нерсе ал тактага көзгө урунган эле нерсени жабыштыруу адатынан сак болуңуз!!!

Менин ишканамдын башкаруучусу Шерри бир убактарда үйбүлөө куруу максатын көздөп жүргөн эле.  Өздүк кыял тактасына бир келишкен жигиттин сүрөтүн журналдан кыркып алып, ал тактага илип койду. Арадан убакыт өтүп, жаңы бир жигит менен таанышкандыгын, бирок мүнөздөрү төп келбегендигин айтып калды. А бирок ал жигит анын тактасында илинген жигиттин эле көчүрмөсү эле. Шерринин көз жаздымында калтырганы мүнөздөмөсү жок эле куру сүрөттү илип койгондугунда эле. Көп өтпөй ал тактасындагы сүрөттү алып салды. Бирок анын оордуна белгисиз эки жаш жубайлардын артты карап кол кармашып түшкөн сүрөтү пайда болду. Кызыгуум менен көз салып жүрдүм. Чынында эле Жон атту жигитти жолуктуруп, арадан үч ай өтпөй баш кошушту. Мына караңызчы, канчалык күчтүү жана эң эле  оңой ыкма.

Өткөн жылдары ал мезгилде менин финансылык абалым азыркыдай туруктуу эмес эле. Ошол жылдары доджа вайпер аттуу кыпкызыл авто-унааны кайсы бир сүрөттөрдөн көрүп калдым. Ал авто-унаанын кооздугуна аябай суктандым жана аябай сатып алгым келди.  Бир жыл өтпөй баягы кыялдын тактасы жөнүндө окуп калдым. Дароо ал тактаны жазадым да, журналдардын биринен доджа вайпер авто-унааасынын сүрөтүн кыркып илип койдум. Тилеке каршы, ал журналдарда кызыл өңү жок болгондуктан карасын илүүгө туура келди.

Бир нече айлар өтүп өтпөй кайсы бир  ири ишкана менен келишим түздүм. Ал келишимде эгерде мен алардын кирешесин эки миллиондон ашыра алсам, алар мага жаңы вайпер авто-унаасын сатып берүү убадасы каралды.

Андан соң кызык бир окуя болду

Кирешеси келишимде көрсөтүлгөн убакытка жетип-жетпей ал ишкананын кожоюну мага телефон чалды. Аз убакыт ичинде ишканасы ушунчалык ылдамдык менен ийгиликке жеткендигине ыраазычылык сөзүн айтты. Ошо менен бирге өзү убада кылган вайпер автоо -унаасын мөөнөттөн эртелетип алып бермей болду. Ал вайперин жөнөтүүчү ири ишкананын кожоюнун досу экен көрсө. Ошол эле убакытта Лас Вегас шаарындагы кумаркананын кожоюну жубайы менен ажырашып жаткан экен. Финансы жактан шашылыш муктаж болгодугуна байланыштуу баардык шарттары бар акыркы үлгүдөгү, ал эмес кошумча жүк салуучу жайы бар, вайпер авто-унаасын сатыкка чыгарган экен. Ал бир өзгөчө вайпер экен.

Бирок бир гана көйгөй бар эле

Ал кара түстөгү вайпер эле.  Убада берген адамым карасын ала берээримди же кызылын күтөөрүмдү сурап калды. Ага  ойлонуум үчүн бир аз убакыт берүүсүн өтүндүм.

Оушн Драйвка чейин кезип келүү үчүн вело кезүүсүнө чыктым. Кайтып келатып,  ресторандардын биринин алдында катар токтотулган эки вайперди байкап калдым. Мына кызык, бири кара түстө, бири кызыл түстө экен. Жөн эле дал келүүбү бул?  Мен веломду токтотуп, алардын жанына келип айланып, төрт бурчунан cынап көргөндөн соң, карасын жактырып тандадым.

Ал эми азыркы учурда эшигимдин алдында төрт вайпер токтоп турат. Бирок алардын ичинен жаныма жакын, көзгө жылуу учураганы кара түстөгүсү. Анткени так эле ошол вайпер биринчи менин кыял тактамда жаркырап туруп, андан соң колума тийген эле.

Акыркы эки жыл аралыгында  кыял тактамда илинген дээрлик баардык кыялдарым орундалды. Ошондуктан сиздерге да кыял тактасын сунуштаар элем. Ал кыял тактаны көздөн далдоо карооңуздү да айтып өтөр элем (акылы тайкы кай бир адамдардын шылдындоосуна кабылбоо үчүн). Бирок ал тактаны сиз ар күн сайын көрүп турууңуз керек. Сиз тактанын жанынан өтүп баратып окуп, кай бирде көздүн кыйыгына учураган убакта да ал тактадан ар дайым позитивдүү үгүт эмоциясын ар күн сайын алып турасыз. Анын үстүнө кыялыңыз  адегенде көкүрөктө каалообузда гана болсо, ал тактага кенен жазылып түшүрүлөт.  Ал эмес көз алдыңызда ар дайым жаркылдап тургандыктан, тезирээк орундатуу сезими күч алат. Андан соң тартып турган магнит ташы сыяктуу сизди кыялыңызга ал эми кыялыңызды сизге карай тартуу энергиясы ишке кирет.

Кыялды биринчи көз алдыбызга тунук элестетип туруп, андан соң иш жүзүнө ашыруу керек!

Бактыгүл ИМАНБЕК кызы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.