ЭССЕ

Атамдын сөөгүн үйдөн чыгарып, мүрзөгө алып жөнөгөндө көкүрөк тушумда илинип-илешпеген, түшүнүксүз бирдеме үзүлүп кеткенсиди… Кармап кала тургансып, эңкейе калдым. Көзүм караңгылап, кулагым эч нерсе укпайт. Жанымбы-оюмбу, туңгуюкта жандалбастаган бирдемеге кармангансыйм…
Жарыкчылыктын акыркы нурлары табытты жабалактап баратты…
“Атам кандай киши эле?”- деп парз суроо беришти. Сурадым. «Жакшы эле» дешти. Атамды менчелик, биз, балдары билгенчелик ким билет?
Ураим бир ата, бир энеден жалгыз уул. Чоң атам Исмайыл жашы кыйла улгайганда кийинки энебизден эки уул, бир кыз көргөн. Алар биз курактуу. Атамдын балалыгы согуш мезгилинде бейтынч өтүптүр. «Өзүңдө жок, ааламда жок» дешет.
Ачарчылык тиш салып турган маал. Атасы фронтко кетип, өз бир тууган иниси менен өгөй эненин колунда калышат. Астанада жөрмөлөп, кез-кез тамак суранып, көзү-башын чымынга талатып, ачкачылыктан мукураган соолуп-түгөгөн, ачкачылыктан периште болуп учуп кеткен бир боорун эстеп, каңырыгы түтөп кетчү курган атам… Эне мээримин көрбөгөн эки жетим ошентип бири-биринен айрылышкан экен. Жалгыздыгын айтып кейип, өмүр бою ошол бөксөлүктү толтурганга далбастап, туугандарын, балдарын ынтымакка чакырып жүрдү. Кара баштын жалгыздыгы тиричиликтин өйдө-ылдыйында, адамзааданын нашкүр пендечилигинде билинбей коймокпу?
Үч-төрт өгөй энеден көргөн кордуктары, жалгыздык жаш жанына батып, жети класс билимин уланта албай, жалаңаяк-жалаңбаш адырма-адыр машак терип, тестиер кезин узатыптыр. Теңтуш балдар башка мектепке окууга кеткенде, энеси эми өлгөнсүп, өңгүрөп ыйлап, эшиктин туткасына жармашып кала берет…
Окубай калганын атамчалык эч ким арман кылбаса керек. Билим алуу ал үчүн мүрөктүн суусу сыяктуу кол жеткис бийик болуп чаңкатып, умсундуруп өттү. Билимдүү адамдарга мамилеси бир башкача кымындай ичи тарып күдүңдөбөй, жаш баладай суктанып, тамшанып кала турган. Айылыбыздын илимдүү инсандарынын турмуш жолун таш жолдон кантип чоң жолго чыкканын мисалдатып көп айтчу.
Кендирин кескен жокчулук, жетимчиликтин айынан бели ката электе көргөн-билгени, мээр салган, мээр тапкан сырдашаары-таянаары, жалгыз эрмеги эмгек, талаа болду. Жерди атамчалык сүйүү, жерге атамдай жакын болуу үчүн башкача жаралыш керек беле дейм. “Касакка жатып, бир уктап алсам чарчаганым жазылып, өзүмө келип калам” дечү. Көрсө, күндүн аптабынан, топурактын табынан, жердин мээриминен, эмгектин деминен ырахат алчу экен, жарыктыгым! Жер жөнүндө атамдын айткандары, өзүнүн фразалары бар. Турушу менен эле философия. Жердин баласынын философиясы дейм өзүмчө. Буюрса, эртеби-кечпи кагазга түшүрөм деген ниеттемин.
Атам жер үстүнөн кеткенде, тырмактайынан тырмышып, жер тытмалаган пендесин жоктоп, жердин киндиги түйүлүп, боор эти буралып, эбедейи эзилгендир… Көз жумаардан эки күн мурда Султан-Абаддагы касыйда окуган чоң молдого араба чектирип, барып келет. Көңүлү шат, чери жазылып, бүт тегеректи карай берди дейт апам. Эх, жарыкчылык көз тойбогон эмнең бар?…
Өткөндө “адырдагы бактар кыйылып жатат” дегенде тызылдай түштүм. Муундар алмашканда ушул экен да. Кампир-Абадка жакын “Коммунизм” (азыркы аты кандай экенин билбейм) Кан-Коргондогу гектар-гектар керилген бакты тигип, көгөртүп, мөмөсүн кийинкилерге энчилеп кетишкен ыраматылыктардын катарында чоң атам, Ашим авам жана өзүмдүн атамдын салымы бар. Муну бала кезден жакшы билем.
Мектепке бара элекмин. Чоң атам “Коммунизм” багынын бир тилкесин коруп, дыйканчылык кылат. Ара-чолодо өөнгө түшүп, чөлдөгүлөргө коон-дарбыз таштап кетет. Ал келгенде, “атка мен учкашам, сен учкашпайсың” деп энемдин кызы Насипа экөөбүз талашып-тартышып ызылдайбыз. Бизден бир үй наркысы чоң атамдыкы. “Ким биринчи турса, коондун палагинан кантип үзүлгөнүн көрөт” дечү атам экөөбүздү жарыштырып. Көбүнчө үрөң-бараңда мен биринчи туруп кетем. Чоң атам кыңылдап ырдаса, таңкы шоокумдун жүрөк жибиткен бейкуттугун алдейлеп жаткансып туюлчу. Адырдан атыраңдап соккон Савайдын эртең мененки шамалына ичиркене бүрүшүп, бирде үргүлөп, бирде көзүм умачтай ачылып, дирилдеп кетчүмүн. Адыр менен Савайды бөлүп турган дарыя Жаңы-Арыктагы солкулдак көпүрө ана-мына сынып кетчүдөй кыйчылдап-кычырап, жүрөктүн үшүн канча алды. Качан көпүрөдөн өткөндө, элейген коркунучту биринен өтүп, бири көздү азгырган алма, өрүк, жүзүм багы, төштөгү күнгө жонун агартып, челкейген дарбыз аңыздары айдап кетчү. О-о, ошондогу дарбыз, коон эгилген аңыздардын абалкы тумсак жытын азыр да кез-кезде искеп, ырахаттанам. Биз жеткенче, таң агарат.
Коондун палагин биринен сала бирин тирмийип карайм. Ал качан эле “бант” берип үзүлүп калган. “Дагы көрбөй калдым, эртең сөзсүз көрөм” деп өзүмдү жооткотом. Бар ишим атамдарга чай кайнатыш. Ата-баланын сөзү дыйканчылыктын өйдө-ылдыйы, бышыкчылыктын, мал-салдын убайым камы менен бүтөт. А менин көзүм кепедеги сапсары тордолгон, жыты аңкыган коондон өтөт… Мени шимшилетпей, чоң атам кайсы маалда алып келгенин билбей калам.
Үй-бүлөдө ата менен энеге баланын бирөөсү жакыныраак болот. Өзүм эне болгонум үчүн муну байкайм. Атам менен ички руханий жан дүйнөбүз окшош эле. Атамдын мүнөзүндөгү дээрлик жакшы сапаттар, терс кыялдар менде да бар. Бала кезден ынактык, жакындык, санаалаштык, эң башкысы өз ара түшүнүүчүлүк өмүр көчүн коштоп келди. Балалык парзымды эми кайтарууга киришкенде, айылдагылар айтмакчы “ашка оозу тийгенде” аттанып кетти кутманым…
Эсимде, кичинемде үйдө көбүрөк таяк жеген мен элем. Ага көктүгүм, айтканымды жасаган өзүмчүлдүгүм, тар чөйрөдөгү “адилетсиздикке” каршы күрөшүүм себеп эле. Балалыгымдан ак-караны ажыратып, турмуштун жазылбаган суроолоруна жоопту атамдан алдым. Өзүмдүн чындыгым үчүн күрөшүүнү атамдан үйрөндүм.
Атам намыс үчүн жаралган жан эле. Үй-бүлөнү багуу, бала өстүрүү парзында жана башка милдеттерди өтөөдө намыстуулук көп нерсенин башын бириктирет. Өз арабаңды тартыш үчүн, бирөөгө көз каранды болбоо үчүн, бирөөнүн акын жебеш, бирөөлөр үчүн аз да болсо пайда келтириш, эмгегиңдин акыбетин көрүш үчүн да намыс керек. Намыс болсо баш-оту менен эмгекке бой салып турат. Атам беш-алты гектардай Орто-Арыктын чөбүн бир түндүн ичинде оруп таштап, савайлыктарды таң калтырган. Көрсө, кара жумуш аны каржалтып кактап, жаны кыйналганда мен кыйналгандай, балдарым кыйналбасын деп бизди, “окугула”, “оку” дей бериптир. Китепке жакындыгым атамдын үндөөсүнөн болду. Китеп окуганды жакшы көргөнүм менен үйдөгү көр тирилик койбойт. Китептин кызыгына түшүп, дайындаган ишти унутуп калам. Апамдын таягын жеп, жаным ачышканда коркутуп, там башындагы самандын ичине бекинип алчумун. Үйдөгүлөр аяк-быякты издеп чарчайт. Түндүн бир оокумунда колхоздун пахтасын сугарып же косек чубаган машинаны токтотуп, кеч кайткан атам керосин чырак көтөрүп, издеп жөнөйт.
— Мударис боло тургансып, качан карасаң эшикти ичинен бекитип, окутуп отурат. -Бири эки болсун деген апам чырылдайт.
— Арбак ургур, тиричилигиң бүтпөсө койсун. Уруп, мүйүз чыктыбы сага? Окуй берсин, оюна койбойсуңбу,- атам мага болушат.
Демимди ичиме катып, коргогучум бар экендигине эреркейм. Мындай сцена тез-тез кайталанат. Ызаага толгон ошондогу балалык дүйнөмдүн духун көтөрүп, көшөрлөнө эмгектенүүгө, китеп аркылуу дүйнө таанууга жол салдырган адам атам болду.
Экөөбүз түндүн бир маалына чейин кобурашабыз. Атам мени баласынтпай, ойлорун бөлүшкөнүнө жетине албайм. Ой келди суроолорума жооп берет, сөзүбүз бүтпөйт. Пахта теримде, айрыкча түнкү сугаттан кеч кайтканда, атамдын келишин күтүп, керосин чырактын жарыгында китепке үңүлүп отурчу адатты ошентип тапкам.
Алтынчы классымда чоң атам ааламдан өттү. Эсимде, “өлгөндөн кийин эмне болобуз?” деп, эки-үч күн ушул ойду көкүрөгүмө батыра албай ыйлап, уйкум келбей кыйналгам. Бу дүйнөгө түркүк боло тургансып, бу дүйнөдөн ушу бойдон өтө тургансып, бу дүйнөң кептеркана экенин сезбегенсип коркконумчу, бала экем… Тирүүлүктүн өйдө-төмөнүн көрүп, жамандык-жакшылыкка бышыкпай, жүрөк катый электе балалык сезимиң ушунчалык таза, ымыркай үлдүрөк болот турбайбы.
* * *
Кайсы бир жылы атам катуу ооруду. Азыркы эң кичүү иним отурган чоң үйдү курам деп түн уйкусунан безип кетти. Балдары жаш, жардамдашар эч кимиси жок. Мээнет кыйнадыбы, ой кыйнадыбы, айтор, ооруканада үч-төрт айча жатты. Апам күндө айран-сүтүн көтөрүп, Кара-Сууга жөнөйт. “Актан башка оозуна эч наар алалбайт” деп ыйлап келет. Апама кошулуп, биз ыйлайбыз. Атамдын сакайып кетишин суранып, күнүгө кудайга жалынам. Жер-суу, таш-топурактан деле суранам.
Көзүм көчөдө калды. “Ана келет, мына келет” деп күнүгө жол карайм. Шайтан калач (кепич) токуйм. Коюу чөптүн арасына койсоң, шайтан кийип кетип, ырахмат айтат, тилегиңди аткарат дешчү мен курактуу секелек кыздар. Кырк күн токудум. Кыялымда шайтанды ыраазы кылдым дедим. Тилегимди берди деп Кудайга кубандым. Азыркы орто мектептин орду колхоздун багы эле. Өрүктөр тегиз гүлдөп, жер көгөрүп, жаз жайнап турган күндөрдүн бир күнүндө бак аралап, өңү бопбоз, арык болуп, жылмая күлүп атам келатат… Чуркадым… Тушалгансыйм… Жетпейм… Ошондо атамдын буттарын бекем кучактап, ичимдеги зилдеген муңум агарганча, көзүм карайганча ыйладым. Ошондогу оорунун залы сөөк чучугун соруп койгонбу, атам такыр толуп семирип кетпеди. Арык, тарамыштуу, кыймылы чапчаң, ишке жан отун берген кыялдары менен калды.
Атам мээнетке жаралган экен. Ага жараша үзүрүн көргөн, ырыскылуу, ооматтуу жан эле. Өмүр бою колхоздун талаасында тер төктү. Чигит эгилгенден тартып, гозопая орулгуча дүйнө өмүрүн талаага байлап өттү.
Биз бала кезде эле атам бир жылда эки ирет түшүм алчу. Эрте жаздагы чамгыр, бадыраңы бүткөндө, жүгөрү же сабиз айдап, жерди өксүтчү эмес. Өр-Дөбөгө дарбыз эксе, бышканда үч-төрт күн ташый албай, мүрүбүз жооруп, суй жыгылабыз. Машине-машине тонналаган “антонду” өзбек ашыналары соодагерлер палагинде баалап, жыйырма-отуз килограммды чаап түшкөн дарбыздарды көргөндө кымыңдап кубанышканын көргөм. Көрсө, дыйканчылыкта да кол берекелүү, эптүү, көздүү болуш керек экен.
Биз бала кездеги Савай азыркыларга жомок сыяктуу туюлушу мүмкүн. Колхоздун пахта аянтынын Кескен-Жар аймагы Өзбекстандын Султан-Абады менен чектешкен тарабы бүтүндөй жар, жарлардын мекени боло турган. Жазында, айрыкча май айы жүрөк толкуткан сулуулугу, кызгалдактары менен мактанып жатып калчу. Жардын башын алыстан карасаң, бири-бирине туташкан өрт сыяктуу жалындап, кыпкызыл кызгалдактар жер бетин бербей салтанатташат. Азыр жарлардын орду жок. Аны сүрдүрүп, тегиздегенден кийинкиси ушу. Жардын бош жаткан кычык-төрүн, төш-белин кетмендеп, пал салдырып, күрүч эгип, огород айдап, бала-чакасын баккандар атамдын мээнеткеч мууну, замандаштары болду.
Бир-эки жыл мурдараак, эмгек ардагери деген төш белгини алганда:
— Шүгүр, өкмөт эмгегимди баалады, — деп жаш баладай сүйүнгөнүн айтсаң.
“Өмүр бою төбөң менен жер казсаң да жыгач орден жок. Колхозчунун эмгегин жерден башка билген жан болбойт. Бу кандай? Айрым оозуна аш бышыргандар үчүн атак деле, байлык деле оңой келет” деп калчу. Атам соболун туура койгону менен турмуш туура эмес жооптору менен келишүүгө аргасыз кыларын таназар алгысы келбеди, анткени куулук-шумдук менен иши жок, момун, карапайым эле кымбатым? Куулук-шумдуктун чекесин билгенде өзүнүн момундугуна, ишенчээктигине арданат беле, ардагым?…
* * *
Балалыгым эң эле кызык өттү. Үчүнчү класска чейин чоң атамдын колунда чоңоюп, кийин өз атама келдим. Эки атам тең менин өмүрүмө өчпөс из калтырышты. Экөө тең өжөр, айтканын аткарткан көк, өз дүйнөсүнөн чыга албаган кыздын эрки менен болушту. Эсимде, сабактан же жазуудан беш алган күнү дердеңдеп, мектепке батпай калам. Дөңдөн (эски мектеп айылдын ортосундагы дөбөдө болчу) тызылдап чуркап түшүп, ак жегде, ак дамбалчан күнгө кактанып, уйкусурап отурган чоң атама сүйүнчүлөйм. Уйкусун бузсаң челүүгө камынган букадай өкүргөн бир кызык адаты бар эле. Бирок ченемсиз март болчу. Ар бир беш баам үчүн 20,5, кемде-кем 3 тыйындан берет. Азыр ойлосом, биринчи классымда чоң атамдын тыйынына кызыгып, сулуу жазганга, жакшы окуганга дилгирлениптирмин.
Жер көпкөн маалда шүдүгөрдөгү акыр-чикирлерди өрттөп, эгин-тегин эккенге даярдык көрө баштаган учур болот айылда. Арык боюнан жымырап көктүн кулагы көрүнгөн апрелде Ирап бакшынын жини козуйт. Чачын жазып, кыткылыктап каткырып, оттон нары-бери секирип, айылдагылардын мазесин кетирет. Кууп айдаса ынабай, отту айланчыктайт. Адамдар азар кылып, бала-чакасын жолотпой, чоочуйт деп саксакташат. Апамдын чыбык менен уруп, кубалаганына кайыл Ирапка качам.
Каткырып оттон секирген сайын көзүнөн жалын чачырап, тири укмуш көрүнүшкө арбалып тура берем… Көз байланганга чейин экөөбүздөн башка эч ким калбайт. Соолукканда мени бооруна бекем кысып алып, көпкө солкулдап ыйлап, зээнимди кейитчү. Бирарда чачымды тарап, өрүп атып ырдайт. Коңур, жагымдуу үнүнүн мээримин сезчүмүн.
Чоң атамдын көзү өткөндө, атам анын көөнүн карап, ким эмне десе да үйүнөн кетирген жок. “Кудайдын боору ооруган бир мусапыр да” деп кийим-кечесине каралашып, багып жүрдү. Чоң атама тууганчылык жайынан бизге имерилип, башпаанектеп жүргөн. Күндүзү тентип, көөнү келсе бирөөнүн жибин ийрип, шалчасын токуп, көөнү келбесе ой келди басып-турган кургурга атам бир башкача аео сезими менен мамиле жасаган.
* * *
Чоң атамдын эшигинде өрүктүн кеминде беш-алты сорту боло турган. Эрте бышар ак, кызыл, ачуу данек, шакар, кандек өрүк, дагы-дагы башкасы. Атам өзүнүн багына алма, шабдаалы, айрыкча теректи көп экти. Жыл бою кезектешип быша турган шабдаалынын ар кыл түрүн жеп түгөтө албай, апам кургатып кагы менен убара. Биздин үй пахта талаасына чектеш. Жолго чыга калсаң керилген кең талаа менен бетме-бет келе түшөсүң. Ошол жолдун боюна тептегиз, катар эгилген, али устунга жарай элек теректерди көргөн сайын жүрөгүм толуп кетет… Өзүнүн тереги менен чоң агама заңгыратып үй салган. Кийинкилерин да бир ой менен тиксе керек эле кымбатым, “чакырсам келгис мейманым…”
Өзү Мичуринди идеал тутчу. Орус элинин улуу ботаниги, чебер багбаны өпкө оорулуу экенин кайдан укканын билбейм, анын ошол оорусу менен жыйырма беш жыл жашаганын айтып, өзүн ага салыштырып “буюрса токсонго чыгам” дечү корс-корс күлүп, жашоодон ала турганы али көптөй шымаланып. Ошол деми мененби, алманын сортун башкасына улап, бакты карегиндей кастарлап өстүргөн.
* * *
1990-жылы атам өпкөсүнөн кагынып калды. Кудайдан болдубу же башка себеби барбы, пайгамбарчылык кыла албайм. Ошол жылкы Ош тополоңу элди кыйла дүрбөлөңгө салбадыбы. Атам байкуш эч нерсе оюнда жок, Кара-Суу базарынан Өзбекстандын базарына өтүп, соода кылып жүрсө, топтолушкан беш-алты зөөкүр калпагын жерге тебелеп, бычак такап коркутуп, тепкилеп уруп, жанындагы болгон тыйынын тартып алат. Калпагын сууга ыргытып, шылдыңдашат. “Ошондо катуу чочуп калганбы” деп апам кыйлага дейре чыйылдап жүрдү. Бир жылдан кийин Ысык-Көлгө барып, дарыланып келди. Өпкө оорусуна кийинчерээк “астма” кошулду.
Жылда менин жагымдуу түйшүгүм боло турган. Атам менен апама кайдан болбосун курортко жолдомо таап берем. “Мени курорт эле кармап турат” дечү асылым атам ыраазы болуп. Бир жолу Жалал-Абатка курортко көргөнү барсам “Бактар куурап бүтүптүр, бу кандай карашпайт?” деп кейип, түтүктөгү билектей сууну (багбан коюп, унутуп калса керек) саргайган дарактарга буруп, арыгын тазалап жүрүптүр, мусурманым. “Жөн эле эс алып жатпайсызбы, эмне жаныңызга күч келди?” дедим жаным карайып.
* * *
Былтыр буттары шишип, боордон “гепатит” деп облустук ооруканада көпкө жатты. Баарыбыздан эң кенже сиңдим Дили кесиби медсестра болгондуктан атамдын жанына аралжы болуп, көзүнүн карасы менен тең айланып карады.
Барган сайын сүймөнчүк менен колумдан өөп койчу. Бир жолу колумду кош колдоп жаагына басып, эки мүрүсү солкулдап бошошуп, чачылып кетти… Ооруканада көп жатты, бирок мындайын көргөн эмес элем. Карылыкка жорудум да, өзүм чочуп кеттим. Антейин десем атам али чал боло элек эле. Же сакал коюп, же бүкүрөйүп, же акылы талаалап, же ооруга алдырып төшөк жазданбады. Быйыл жетимишке чыкмак… Жаңы кылымга төрт күн насиби илешкен экен. Дартты да жеңил көтөрүп, бүгүн ооруса эртең туруп кетип, кыймылы чыйрак, ою сергек, эмнегедир өмүрүнүн акыркы күндөрү тиричиликтин камын айрыкча тартты. Быйылкы дыйканчылыкты көбүрөк сүйлөп, балдарына эгин-тегиндин кем-карчын кантип толтурууну дайындай берди. Же өмүр алдырарга келгенде ушинтип алаксытып, көз тойгузбай жагалданып калабызбы?…
Атам баарыбызды окутту. Алдыбыз эки дипломдуу болдук. Үч уул, беш кызбыз. Уулдарын үйлөп-жайлап, кыздарын орун-очок алдырды. Көрсө, тээ көрөңгөдө көзүн жалтыратып, ой дүйнөң менен кошо жашап, эстелип-жоктолуп, орду толбой эңшерилип турган нерсе ата менен баланын ортосундагы түбөлүк ажыралгыс илинчээк экен. Түш сыяктуу туюлуп, көчөдөн атама түспөлдөш, турпатташ бирөөнү ээрчий карайм…
Курандын нуру, ыймандын шамы менен жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун, Ата?…
2000-жылдын 6-февралы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *