Атамбаев менен Путиндин жолугушуусундагы сөздөр (стенограмма)

14-сентябрда Сочиде Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаевди Орусия президенти Владимир Путин кабыл алды. Атамбаевдин Сочиге бир жагынан капыс, экинчи жагынан шашылыш сапарынын максаты тууралуу түрдүү жоромолдор Кыргызстанда да, Орусияда да айтылып жатты. Кремль эки президенттин жолугушуусунун башталышында  сүйлөнгөн сөздөрүн жарыялады. Мына ошол тексттин кыргызча которулмасын сунуштайбыз: В.Путин: Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Кымбаттуу достор! Силерди Орусияда, бул ирет Сочиде көргөнүмө өтө кубанычтамын. Бизде жолугушуулар регулярдуу түрдө болуп турат. Бул жакшы, анткени бизде ар дайым эмне жөнүндө сүйлөшө турган сөз бар. Биздин мамиле жана […]

Беларус жомогу: Баардыгынын өз учуру бар

Биздин кыштакта ушунчалык сараң поп-атакебиз бар эле. Ал пайда табуу менен чыгым болбоону гана ойлончу. Күз келип, эгин чабык менен түшүм жыйноо учуру келип, жери көп поп-атакебиз үч батракты жалдады. Таң атары менен поп батрактарды ойготуп, тамактандыра баштады. Батрактар апылдата тамак жегенин көргөн поп ыйык санаган башын чайкап ойго батты: “Булар азыр тамак көрбөгөндөй жеп атышат, түштө да ушундай сукулдашат, ал эми булар түштөнүш үчүн талаадан келгиче канча убакыт өтөт? Эгер талаага тамак алып барсак, аттар  чарчайт. Андан көрө түшкү […]

Орозбек МОЛДАЛИЕВ: Атамбаев ажыдаарды жеңе алган жок

Белгилүү саясат таануучу жана Борбор Азиядагы Эларалык университеттин профессору Орозбек Молдалиев менен учурдагы саясый кырдаал туурасында маектешүү… – Эл арасында быйылкы президенттик шайлоо таза жол менен өтпөйт деген шектенүүлөр оголе арбын. Президент Алмазбек Атамбаев алты жыл бою артымда мураскер калбайт деп канча кайталап келбесин, бирок иш жүзүндө андай болбоду: эми минтип өзү баш болуп Сооронбай Жээнбековду ачыктан ачык үгүттөп келет. Буга эл шайлоо күнү кандай жооп берет деп болжойсуз? – Алты жыл мурун Алмазбек Атамбаев президенттикке ат салышып жатканда “Эгерде […]

Аялдар – баласындай балдардын, эркектер – апасындай аялдардын коюнунда жуурулушуп…

Жашоошун шары, элдин агымы менен Москвага келип, кой дээр кожосу жок, күнүгө дискотекадан чыкпай мас болуп жүргөн улан-кыздардын тагдырынан корком. Жалган жашоого бир жаралып, жашоонун даамын татпай, эненин ууз сүтүн бир оозанбай таштандыга ташталып, ит мышыкка жем болуп, никесиз төрөлгөн наристелердин көз жашы, убалынан корком. Ичкиликке берилип, метролордун айланасында таштанды пиволорду чогултуп ичип жүргөн кыргыз жигиттерибиздин өң-алеттен кеткен абалынан корком. Булар менен жандүйнөмдү оорутуп келишет. Ооба, биздин балалык кез тизмекке тизгендей бир нукта өтпөдүбү. Барды да, жокту да билчүү эмеспиз. […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Кара дөбөт

ЭССЕ Мени мектепке жетелеп апам узатып барат. Узатканынын жалгыз себеби, жолдо Асан атамдын чоң кара дөбөтү бар. Таш менен урсаң, ташыңды чуркап барып тиштеп алып кайра өзүңө чабуулга өтөт! Апам байкуштун өзү эле калтырап турган башын ого бетер кара дөбөт калтыратып аяба-ай жанын кашайттыбы же мени күнүгө жетелеп мектепке узаткандан тажадыбы, билбейм, атама “кара дөбөттөн кантип кутулабыз…” деп күбүрөнүп алды. Атамдын ойлонуп отуруп тапкан ачылышы — Магелландын ачылышындай эле болду. Зерикпестен отуруп, териден чо-оң кол кап тиктиртти апама, алаканына кийизден […]

Кыргыз интеллигенциясына чакырык же бүгүнкү күндүн Кыргыл чалы, Карлыгачы жана Зулпукору кимдер?

«Манас» эпосунун баардык варианттарында Кыргыл чал кырк чоронун башчысы катарында айтылган туруктуу каарман. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Кыргыл чалдын өз аты Айнакул делет. Эпосто Кыргыл чал баатырлыгы, эрдиги менен катар эле куйту, бузукулук кылып, адамдарды чабыштырганга маш кейипкер катары сүрөттөлөт. Мисалы, \ Кырктын башы Кыргыл чал, \ Кыркында көпкөн жинди чал. \ Келген чоро улугу, \ Кеби тентек, чорт кыял. \ Кырк чоронун бузугу, \ Бузукчулук ойлогон \ Буттайын бузуп ийсе да, \ Буудан Манас кабылан, \Бузду экен деп койбогон (Саякбай […]

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: Эл ичиндеги тектоникалык жылыштар жетчү жерине жетип калды

Акын, публицист, котормочу жана конфликтолог Жыргалбек Касаболотов менен учурдагы саясый кырдаал жана президенттик шайлоо өнөктүгү туурасында маектешүү. – Жыргалбек мырза, президенттикке ат салышкандын баары азыр элге чопулдатып упчу эмизип аткан кезеңде жамы журтка саясаттын күңгөй-тескейине сереп салган адам катары сени түйшөлткөн маселе кайсы? – Чындыгында коркунучтуу жагдайлар көбөйүп баратканын моюнга алыш керек. Элибиз туу туткан баалуулуктары жагынан улутчул, исламист, орусчул, батышчыл болуп бөлүнүп турат.  Бул бөлүнүү айрым учурларда шарттуу болгону менен көп жагынан кыйла реалдуу. Ал күчтөрдүн ортосундагы күрөш улам […]

Мурза ГАПАРОВ: Газала[1]

АҢГЕМЕ Ошондо мен канча жашта болдум экен? Тогуз же сегиз. Жок, тогуз болуу керек. Анткени ошол кышта, сандалда булбул деген жин чырактын жарыгында ийик ийрип олтуруп, кандайдыр бир сөздөн улам таэнемдин: «Сен ушул келе жаткан баарда тогузга чыгасың» дегени жадымда калыптыр. А баар, таэнемдин сөзүнөн кийин бат эле келгендей болгон. Адегенде түндөлөрү тоңуп калуучу, мени мектепке чейин дадил көтөрүп баруучу катуу кар эриген, кийин кеч күздөн бери биздин бакта жашап жүрүшкөн таандар учуп кетишкен, тал боткоктоп, өрүктөр гүлдөгөн, айылдагы иттер […]