14-сентябрда Сочиде Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаевди Орусия президенти Владимир Путин кабыл алды. Атамбаевдин Сочиге бир жагынан капыс, экинчи жагынан шашылыш сапарынын максаты тууралуу түрдүү жоромолдор Кыргызстанда да, Орусияда да айтылып жатты.

Кремль эки президенттин жолугушуусунун башталышында  сүйлөнгөн сөздөрүн жарыялады. Мына ошол тексттин кыргызча которулмасын сунуштайбыз:

В.Путин: Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Кымбаттуу достор! Силерди Орусияда, бул ирет Сочиде көргөнүмө өтө кубанычтамын.

Бизде жолугушуулар регулярдуу түрдө болуп турат. Бул жакшы, анткени бизде ар дайым эмне жөнүндө сүйлөшө турган сөз бар. Биздин мамиле жана өз ара кызматташуунун деңгээли өсүп баратат, ошондуктан оперативдүү түрдө талкууну талап кылган актуалдуу маселелер ар дайым болот.

Бул жолугушуубуздун алдында эле коллегаларым менен биздин байланыштар кандай өнүгүп жатканы боюнча ой бөлүшкөнүбүздү белгилеп коюш мен үчүн жагымдуу. Сооданын өсүп жатышы, бардык тармактар боюнча алдыга жылыштар болуп жатканы -жалпысынан бизди канааттандырат.

Биз дагы белгилеп жатабыз, сиздер да бул жөнүндө айтып жатасыздар, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулгандан кийин биримдиктеги башка өлкөлөр менен экономикалык байланыштар активдешкенин. Кандай болгондо дагы бул позитивдүү тренддер, биз ал үчүн өтө кубанычтабыз.

Албетте, кээ бир маселелерге биз кунт коюураак карашыбыз керектир. Мына ушул бардык маселелер боюнча сүйлөшүүгө келгениңизге өтө кубанычтамын. Кош келдиңиз!

А.Атамбаев: Рахмат!

Албетте, эки тараптуу маселелерди такташууга мүмкүнчүлүк-бул маанилүү.Мен, жашырбай эле айта алам, ар дайым ар кандай маселелер боюнча түшүнүү таап келатканыма кубанычтамын.

Эсимде,буга чейинки  Москвадагы жолугушуубузда бир маселени талкуулаганбыз, мүмкүн ал, кимдир-бирөөлөр үчүн майдадыр- мигранттар үчүн айдоочунун күбөлүгүн жана башка маселелерди. Буларды баары чечилип жатат, албетте, мөөнөтүм аяктаганга чейин мына ушуга окшогон маселелерди көбүрөөгүн чечип калууну каалаймын.

Декабрга чейин дагы бир нече жолугушуубуз болоруна кубанычтамын. Биз, өлкөлөрүбүз мамилесин жеткирген деңгээлден андан ары өнүгүшү үчүн баарын жасашыбыз керек деп ойлоймун.

В.Путин: Рахмат!…

Кремлдеги булактарга шилтеме жасап, РИА Новости агенттиги Путин-Атамбаев жолугушуусунда Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кызматташуудан сырткары регионалдык коопсуздук маселеси да талкууланганын кабарлаган.

Регионалдык коопсуздукка коркунуч Ооганстан тараптан көбүрөөк келүүдө. Орусиянын саясат талдоочусу Семен Багдасаров Алмазбек Атамбаевдин Орусиянын жаңы бир аскерий базасын Ош же Баткенде ачууну сунуштаганын эске салып, Москва Тажикстанга караганда Кыргызстанда аскердик турушун бекемдеш керек деген пикирин билдирген. Демек, Атамбаев жана Путин регионалдык коопсуздукту талкуулаганда, Кыргызстан түштүгүндө  Орусиянын жаңы базасын ачуу маселелеси көтөрүлүшү толук мүмкүн.

Орус басылмалары Атамбаев Сочиге Кыргызстандагы президенттик шайлоо, анда бийлик талапкери Сооронбай Жээнбековду колдоого чакыруу максатында барыш ыктымалдыгын кеңири жазган эле.

ELNEWS

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.