Жашоошун шары, элдин агымы менен Москвага келип, кой дээр кожосу жок, күнүгө дискотекадан чыкпай мас болуп жүргөн улан-кыздардын тагдырынан корком. Жалган жашоого бир жаралып, жашоонун даамын татпай, эненин ууз сүтүн бир оозанбай таштандыга ташталып, ит мышыкка жем болуп, никесиз төрөлгөн наристелердин көз жашы, убалынан корком. Ичкиликке берилип, метролордун айланасында таштанды пиволорду чогултуп ичип жүргөн кыргыз жигиттерибиздин өң-алеттен кеткен абалынан корком. Булар менен жандүйнөмдү оорутуп келишет.

Ооба, биздин балалык кез тизмекке тизгендей бир нукта өтпөдүбү. Барды да, жокту да билчүү эмеспиз. «Уят өлүмдөн катуу» дегенди ар бирибиз жүрөгүбүзгө бекем сактап, ата-энелерибиздин жүзүн жер каратыштан уялып, коркчу элек.

Турмушуң түшкүр «Бирине бар заман, бирине тар заман» дегендей заман өзгөрдү, жашоо өзгөрдү. Антейин десең ошол союз мезгилинде тарбия алган чоң эле аялдар, эркектер заман ушул деп күнөөнү заманга коюп, тири укмуштуудай жоруктарды жасап жатышпайбы, тообо! Аялдар – баласындай балдардын, эркектер – апасындай аялдардын коюнунда жуурулушуп жатканын көрсөң, төбө чачың тик турат!

Азыркы эле көргөн жагымсыз «сюжет» көз алдыңан кетпей, көөнүң азып, көпкө чейин өзүңдү жаман сезесиң. Байкуш баштары айланган жаш балдар… Ата-энелери кандай гана жакшы тилек, жакшы үмүт менен күтүшөт. А булар, жашоо ушул экен деп, жалган жашоодо күнөөгө батып, арам жолдо шайтан аялдарга азгырылып, алданып жүрүшсө бушайман жебегенде кантесиң. Дээринде жок кыздарыбыз чылымды чычайта кармап азербайжан, өзбек, тажиктин эркектерин ээрчип жаманатты болгондору аз келгенсип, кыргыздын канчалаган таза, абийрдүү кыздарынын жүзүнө көө сүртүп жатышпайбы.

Кара тамактын айынан мусулман экенин унуткандар дилин, тилин сатышып, башка динге кирип кеткен көрпенделер жүрүшөт. Раматылык «союз» менен кошо абийр, ар-намыс, уят-сый кошо кеткенби?

Кимге айтып даттанып ыйлайм?! Баары эле өз көздөрү менен көрүп, туюп турбайбы. Жандүйнөм жанчылып ыйлагым келет…

Көтөр башты, мигрант!

Көтөр башты, көңүлүңдү түшүрбө,
Көз жашыңы көлдөтпөчү, үшкүрбө.
Аска зоодой атаң күтөт жол карап,
Ата Журтка керексиң сен бул күндө.

Он гүлүңүн бири гүлдөп ачылбай,
Бөтөн элде санааң турат басылбай.
Темир тордо жаш өмүрүң кор болуп,
Турса дагы көтөр башты басынбай!

Керексиң сен, үй-бүлөңө, апаңа,
Кендириңи кесип салба садага.
Ансыз деле өрттө калып он төрт кыз,
Арман толгон көз жаш калды талаада.

Он төрт кызды жол карашып күтүшкөн,
Он төрт табыт, дене бойду үшүткөн.
Жакшысынан жаман кабар көп болуп,
Жүк эки жүз, арылтпады мүшкүлдөн.

Кыргыз кыздар көп улутка кордолду,
Бакыт издеп, башка улутка жар болду.
Эл жерине кызмат кылар кезинде,
Эр азамат жүрөт шыпырып жолдорду.

Көчмөн элди татаал тагдыр матоодо,
Көндү кыргыз мигранттык жашоого,
Канкорлордун бычагынан жан берип,
Канча жигит кош айтышты жашоодо.

Барган жерге гастарбайтер аталып,
Баркы кетти өз өлкөңүн канчалык.
Балдарыбыз мээрим көрбөй энеден,
Болгон күчтү, бөтөн элге сарптадык.

Тагдыр бизги салса дагы сыноосун,
Турмуштун биз башкарабыз буроосун.
Өлкөлкөбүзгө салым кошуп чет жактан,
Өкмөттүн биз толтурабыз мүдөөсүн.

Күдөр үзбөй, басаар жолуң байкагын.
Көкүрөктөн кайгы, ызааны айдагын.
Кыргыз элиң, тоодой жөлөк артында,
Көтөр башты, муңга чөгүп калбагын,

Кубанычтан күлкүң чыгып таш жарган,
Күнүң келет, бешенеңе шам жаңган.
Келээр күнгө үмүт менен жашап тур,
КЫРГЫЗ деген намыс сенде сакталган.

Көкөй кескен темир тордон кутулуп,
Күндүн көзүн көрөсүң сен ак таңдан.

Айсалкын СООРОНБАЕВА, Россияда эмгектенген кыргыз мигранты

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.