«Манас» эпосунун баардык варианттарында Кыргыл чал кырк чоронун башчысы катарында айтылган туруктуу каарман. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Кыргыл чалдын өз аты Айнакул делет. Эпосто Кыргыл чал баатырлыгы, эрдиги менен катар эле куйту, бузукулук кылып, адамдарды чабыштырганга маш кейипкер катары сүрөттөлөт. Мисалы, \ Кырктын башы Кыргыл чал, \ Кыркында көпкөн жинди чал. \ Келген чоро улугу, \ Кеби тентек, чорт кыял. \ Кырк чоронун бузугу, \ Бузукчулук ойлогон \ Буттайын бузуп ийсе да, \ Буудан Манас кабылан, \Бузду экен деп койбогон (Саякбай Каралаев. Манас. 1-китеп. 195-бет).

Эпосто Кыргыл чал «Манас мага караганда Алмамбет менен Чубакка көп көңүл бөлүп, мени киши ордуна көрбөйт» деп болор-болбос нерсеге таарынып, душмандардын башчысы Коңурбайга кат жазат. Катта «Манастын жылкысы жоого аттанууга жараксыз болгон семиз кезинде келип, күтүүсүз кол сал!» деп кеңеш берип, өз элине чыккынчылык кылат.

ЭПОСТОГУ КАРЛЫГАЧ

Эпостун белгилүү варианттарынын көбүндө Карлыгач Манас баатырдын карачечекей карындашы болуп айтылат. Саякбай Каралаевдин вариантында Карлыгач «найза сунуп, топ бузган» баатыр кыз катары сүрөтөлөт: Эпсиз энең Чыйырды, \ Уулдан бирди шер тууган, \ Кыздан бирди шер тууган. (Саякбай Каралаев. Семетей. 1-китеп. 262-бет).

Кыргыл чал куйтуланып Коңурбайга жогорудагы катты жазганда, Коңурбайдын жер жайнаган аскери кыргыз жерин басып кирип, Карлыгач кыз өзү жалгыз эле 7 түмөн аскерге жекеме жеке чыгып, душмандын 70 миң (бир түмөндө 10 миң, жети түмөндө 70 миң аскер болот) аскеринин алы Карлыгачка жетпей койгон: Каарына бу кыздын \ Калайык чыдап турбаган. \ Кан Коңурбай баш болуп, \ Чымачындын, Бээжиндин \ Чын кандары ыйлаган. (Саякбай Каралаев. Семетей. 1-китеп. 262-бет).

ЭПОСТОГУ ЗУЛПУКОР

Зулпукор — Манас баатырдын кылычы. Мусулман уламышы боюнча Мухаммед пайгамбар өзүнүн күйөө баласы, ошол эле учурда иниси Азирет Аалыга берген укмуштуу кылычтын аты да Зулпукор (Зулфакар) болгон. Зулпукор кылыч эки миздүү, учу эки ача, кылычтын жеңил жана бекем болушу үчүн ортосуна жаныбардын кыр аркасын элестеткен быдырлар салынып, өзгөчө ыкма менен жасалган. «Манас» эпосунда Зулпукор кылыч таптаза кыргыз сөздөрү менен да аталат. Мисалы, Ачалбарс, Жойболот, Акболот (Акалбарс) ж.б.

Эреже катары Манас баатыр өз душмандарына каршы күрөштү Зулпукор кылычты шилтөөдөн баштаган. БҮГҮНКҮ КҮНДҮН ЗУЛПУКОРУ СССР кулагандан кийин идеологиялык вакуумду ээлеп алган радикалдуу жана экстремисттик маанайдагы исламчыларга каршы шилтенген Зулпукор кылыч катары журналист Зулпукаар Сапанов менен ал жазган «Кыдыр санжырасы» деген китеп кыргыз элинин тарыхында эле эмес, дүйнөлүк тарыхта да өзүнүн татыктуу ордун ээлейт деп ишенебиз. «Баш кесмей бар, тил кесмей жок» деп коет кыргызда. Кыргыз элинде Адилеттик, Калыстык жок болуп калганына көзүбүз жетти. Кыргыз элинде өкмөттүн күчү төмөнкү деңгээлде экенин байкадык.

Айткандарыбызга «кыргыздын каада-салтты, үрп-адаты, жол жоболору, маданияты өссө экен» деп кыргыздын келечегин ойлонгон кишилерибиздин тилин бууп, торго салгандары буга себеп болду. Кыргыздын таламын талашкан адамдын канатын сындырууга кандайдыр бир сырткы күчтөрдүн буйругу барбы? Түшүнгөн жокпуз буга! Зулпукаар Сапановду, менин оюмча, эч күнөөсү жок жерден камап жатышат. Мисалы, ар бир кишинин дүйнөнү изилдөөгө, ааламды изилдөөгө, китептерди окуп, ошондон түшүнүгүн айтып жазууга, изилдөөгө акысы бар! Ал жерде өзүнүн оюнан чыгарып, бурмалап жазса да бир жөн!

Ошол китептен кандай жазылса, ошону кана жазган «бул кандай?» деп суроо берип. Өз оюнан тыянак чыгара берген эмес. Жок жомокту жазып, өз оюнан корутунду чыгарган эмес. Болгону чындыкты ачып чыккан. Чындыкка чыдай албай, молдолор өздөрү арабчадан кыргызчага которгон китебине өздөрү каршы болуп, сотко бергени, «оосурган кыз оосурбаган кыздын бетин тытыптыр» болду! Эгер ошолор чындап Аллахка ишенсе, Аллахка койбойт беле? Куранды ыйык дешет. Чындап эле бузган болсо Куранды, анда Зулпукаар Сапанов оңбой калат эле го…

Ошондуктан, илим, билим өскөн сайын дагы көпдөгөн ачылыштар болот. Өткөн доордун да ошол учурга жараша жазылган түшүнүктөрү бар, кемчиликтери да бар. Ар бир кишинин ой пикири болот, өткөн тарыхты изилдеп оюн айтууга! «Эми ошол еврейлердин китептериндеги жазылган жоболор кыргыздын каада салтына туура келеби?» деп суроо бердик. Бирок буга жооп бере алышпайт. Анткени, карама-каршылыкты жаратат.

Биз – кыргыздар, өз каада-салтыбызды, маданиятыбызды, ишенимибизди жерий берсек, анда кыргыздар өспөйбүз эч качан! Бизге чет элдин, жөөттөрдүн аң-сезими орноп, ошолордун маданияты сиңип, кыргыз «хиргиз» болуп калыш кеп эмес! Кыргыздын келечегин ойлогондорду четтен камакка сала берсе, анда кайда барып жоголобуз? Жол жок! Келечек жок! Адилеттик жок! Калыстык жок!

УЛУТУМ КЫРГЫЗ, УРААНЫМ МАНАС!

Тема манасчы Шайлоо Рашов, «Манас» эпосун талдоочу Атамкул Садыров жана жаш акын Алманбет Каап Теги тарабынан даярдалды

One Reply to “Кыргыз интеллигенциясына чакырык же бүгүнкү күндүн Кыргыл чалы, Карлыгачы жана Зулпукору кимдер?”

  1. Карачы, кандай таамай сүрөттөөлөр. Күнү бүгүнкүдөй актуалдуу. Кыргыл чал, Абыке, Көбөштөр эл ичинде сур жыландай сойлоп жүрүшөт. Кыргызды талкалоо үчүн бизге согуш ачып кереги жок. «Манас» дастаны — бабалардан калган тарыхий эскертүү. Биз аны эсепке албай, дилибизден бөлүндүк. Талуу жерибиз — дин мазхабдары болуп чыкты. Ислам тутканыбыз дагы, тутпаганыбыз дагы Кудайды унутуп салып эле, пендечилик агымдарга кирип кеттик да, бири-бирибизге кас болдук. Мунун арты — өзүбүздү өзүбүз жок кылуу коркунучу. Жаман окуялар башталып кетчү болсо, өкүнгөн менен кеч болуп калат. Жээрге нан, ичээрге суу таппай калабыз үч күндүн ичинде. Адамдагы терс инстинкттер ойгонот. Тозок ошондо башталат. Эсибизди жыйбайлыбы, муназага келбейлиби? «Кыргыз деген эл жок болуп кетсе экен!» деп күсөгөндөрдүн кыбаасы канып жүрбөсүн?!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *