АҢГЕМЕ

Ошондо мен канча жашта болдум экен? Тогуз же сегиз. Жок, тогуз болуу керек. Анткени ошол кышта, сандалда булбул деген жин чырактын жарыгында ийик ийрип олтуруп, кандайдыр бир сөздөн улам таэнемдин: «Сен ушул келе жаткан баарда тогузга чыгасың» дегени жадымда калыптыр. А баар, таэнемдин сөзүнөн кийин бат эле келгендей болгон. Адегенде түндөлөрү тоңуп калуучу, мени мектепке чейин дадил көтөрүп баруучу катуу кар эриген, кийин кеч күздөн бери биздин бакта жашап жүрүшкөн таандар учуп кетишкен, тал боткоктоп, өрүктөр гүлдөгөн, айылдагы иттер өткөн жылдан калган, кыш ичи кар астында жатып көктөп кеткен данектерди карс-курс чагышып, керели-кечке өрүктөрдүн астында шимшип жүрүшчү; тооктор күнөстүү дубалдардын чымын тутуп жешип, же алыскы-алыскы аңыздарга оттоп кетишчү; биздин таргыл мышык, эртеден-кечке эски буудай кырмандагы чычкандардын ийинин аңдып олтуруп, а анын үйдө калган жалгыз баласы чоң энемдин чимирилген ийиги менен ойноочу; кошунабыз картаң абышка эле — күн сайын эртең менен «чаң-чуң» эткирип кетменин миздөөчү адатка калган. Анан, ошол жаздын дагы бир белгиси катары, так эле биздин үйдүн үстүнөн каркыра-турналардын өткөнүн билем. Али да көз алдымда: таэнем күл дөбөгө күл төгүп атып, кокусунан, бир колун маңдайына тутуп, асманга типтик карап туруп калды. Анын мунусу кызыктырып, мен да карадым. Карап, ошол замат аппак булуттардын астында сүзүп бараткан, ыраматылык Кундуз жеңемдин туташкан коюу каштары сымак, ортолору ийиле тизилишкен, чоң-чоң кара куштарды көрдүм.

— Турналар… — деди таэнем ойлуу, — тайыз учуп баратышат. Бул жакшьлыктын белгиси. Буюрса, быйыл токчулук болот, пронт да бүтөт…

Ушинтти да, таэнем басып кетти. А мен ушул учурда, турналардын жерде жылып баратышкан көлөкөлөрүн көрүп калдым. Бала экенмин да, аларды кубалап жөнөсөм болобу. Чуркап баратам, чуркап баратам, чуркап баратам. Кана, жетсемчи. Жол да жок: арыктардан секирип, аңдарга түшөм, чөнөрлөргө буттарымды тилдирем. Эски ыштанымдын пайчаларын тилик-тилик кылып айрытам. Дале чуркайм. Акырында «эй!» деген үндү угуп, аргасыз бурулдум. Карасам, колхоздун райиси. Чакырды. Бардым.

— Не дейсиз?

— Эртеңден баштап Кундуз жеңеңдин кош башын жетелейсиң. Мугалимдериң бошотту. Жалгыз сени эмес, албетте. Көп балдар, кыздарды. Эмне аңыраясың? Абалды түшүнүш керек: киши жетишпей жатат…

Ушинтти да, анан негедир менин көзүмдөн көздөрүн качырып, бурулуп кетти. Мен болсом оозумду ачтым да, калдым.

Эртеси күнү саарлап үйгө Кундуз жеңем келиптир. Бир атты минген, бирин жетелеген. Колуңдан не келет, кеттим…

Раматылык Кундуз жеңем кандай зирек эле! Мен анын жаш кеткенине алиге боорум ооруйт. Ошондо он жети жашта экен, ойлоп көрсөм. Андан алты ай мурда тою түшкөн. А тойдон үч күн өтпөй жатып күйөөсүн фронтко алышкан. Ойноп оюну кана элек, күлүп күлкүсү кана элек… Ох, жеңем бечара! Дайыма ой-кыялдуу, муңайым жүрчү эле. Кээде гана менин көңүлүмдү улаппы, айтор, кокусунан көңүлү ачыла түшүп, мага теңтуш кызымдай мамиле кылып, ойноп, азилдешип, же болбосо мени кадыресе киши санап, мен анчалык түшүнө бербей турган маанилүү сөздөрдөн сүйлөчү. А аттар чарчаган кезде, аларды токтотуп коюп, айдала элек тилкеден кызгалдак же башка бир гүлдөрдү, чөптөрдү термелеп, өзүнчө кыялданып, кээде күңкүлдөп ырдап коюп, башы ооган жакка басып кетчү да, анан бир оокумда менин унутулуп, алыста, алыста калып кеткенимди байкай коюп, аттарыбызды таштоого болбой тургандыгын билсе да мени дароо өзүнө чакыруучу. А качан жанына келгенимден кийин: «Уул, келиң, аттарыбызга чейин чуркашабыз?», же «Уул, келиң, палан жерден палан жерге чейин аксаң кулак атып барабыз?» деген сыяктуу сунуштарды кийире салчу. Ке, ат үстүндө сүйлөбөй, ойлуу, ал турмак капалуу баратып, кокусунан: «Уул, зериктиңби? Келиң, чабышабыз?» дечү.

Бир жолу аттарыбызды бизге караштуу өрүкзарда багып калдык. Өрүкзар кең, калың эле. Өрүктөрдүн тегиз гүлдөгөн мезгили. Асман туптунук, айдың. Мурдуңа жаш чөптүн, өрүк гүлдөрүнүн жыты буруксуйт. Бактын өзү кандайдыр сырдуу, жазгы тынчтыкта үргүлөйт.

Биз күндөгүдөй эле аттарыбыздын жанында түнөө үчүн төшөнчүлөрүбүздү ала келгенбиз.

Жеңем адатынча, экөөбүздүн тең төшөгүбүздү салды. Кийин ар кимибиз өз төшөгүбүздүн үстүнө чечинбей эле жата кеттик. Бири-бирибизге сүйлөбөй, кыялга баттык. Ошентип көпкө жаттык. Бир оокумда жеңем:

— Уул? А, уул? — деп калды.

— А?

— Жүрүң, жашынмак ойнойбуз.

Мен көптөн бери ойнобогондуктан, жашынмакты сагынып калган элем. Кубанып кетип, ордуман ыргып турдум. Биз көпкө ойнодук. Экөөбүздүн тең абдан көңүлүбүз көтөрүлдү. Бирок бир жолу мен жашынсам, жеңем негедир издебей койду. Күтөм — жок. Чарчаган болуу керек деп, күдөмүк ойлодум да, жашынган жеримден чыгып, бир өрүктөн бир өрүккө далдаланып, бактын башка бир төрүнө, мөрөй кылган жоон өрүгүбүзгө жакындай баштадым. Бир топ жакын келгенимден кийин, өрүктүн бооруна жөлөнгөн, агарган нерсе турат. Адегенде, өрүктүн ийилген гүлдүү шагыбы деп ойлодум. Жакшыраак карасам, жеңем. Алыстан айланып келдим да: «Тф-ү-ү!» — деп кыйкырып жатып, өрүккө түкүрүп койдум. Кийин, жеңемдин маңдайына өтүп: «Ах-а, жеңе, кармалдыңызбы, а? Кармалдыңызбы, а?» — деп аны табалай баштадым. Бирок жеңем кыймылдабайт да, унчукпайт.

Карасам, анын айга чагылышкан купкуу жүзүнөн ылдый туптунук жаш куюлуп жатыптыр. Мен не кыларымды билбей, эсейип туруп калдым. Жеңем да калыбын бузбай, өрүктүн гүлдөгөн шактарынын арасынан жылып бараткан айды карап, мелтиреп тура берди. Анын эки көзүнөн, түпкүрү караңгы кош булактан, туптунук суулар жылжып чыгып, жайык жылгалар ылдый үнсүз агып жатты. Ал сууларда өрүктүн гүлдөгөн шактары, бир чеңгел ак булут, жылып бараткан ай, сүт түспөлдөнгөн салкын асман чагылышып жаткансыды…

Бир маалда жеңем акырын менин колумдан алды да, төшөнчүлөрүбүз жаткан жакка жетеледи.

Биз келип жаттык, бирок уктабадык. Кайрадан ар кимибиз өзүбүздүн жашыруун дүйнөбүзгө кеттик. Мен өрүктүн чаарала шактарынын арасынан асманды карап, жакын жерде оттоп жүргөн, тушалуу аттарыбыздын дүк-дүк секиргенин, шырп-шырп этип от жулгандарын, кез-кез бышкыргандарын, кайсы бир өрүктө сайрап жаткан булбулдун эрте жазгы, кумарлуу үндөрүн тыңшап, жеңем болсо эки колун башына жазданып, мен сыяктуу эле асманды карап, кез-кез энтиге дем алып жатты.

Бир кезде бактын алыскы бир бурчунан сүтак сайрай баштады. Ушундан улам жеңем, бир аздан кийин мага кайрылды:

— Уул? А, уул? — деди ал.

— Не, жеңе?

— Билесиңби, сүтак, бир кезде пайгамбарыбыздын келини болгон имиш. Кийин каргыш тийип, ушинтип калыптыр…

Мен аны таэнемден укканмын. Сүтак түнү бою: «Сүт ак! Сүт ак?!» — деп чыгат. Бирок сүт акпайт. Таңга жуук гана анын какшыган таңдайына асмандан бир тамчы сүт тамат. Муну да укканмын. Бирок пайгамбар деген киши ким болуп өткөнүн билбеймин. Таэнемден сурасам: «Шүк бол, ээ, бейбаш!» — деп койгон.

«Пайгамбарлары өтө бай киши болсо керек» — деп ойлодум мен ошондо, жеңемдин жанында жатып, — менимче, ушу келинин — сүтакты үйүнө киргизгенде чоң той бергендир. Оюн-күлкүсү менен… А мүмкүн, жеңем менен Жакып акемдин тоюна жетпеген чыгар. Эх, булардын тою! Андагы оюн-күлкү, ай! Жигиттердин күрөшү… Кыз-келиндердин селкинчеги… Айдыңда, кардын үстүндөгү тоготмөк, ак чөлмөк… Келин келгендиги көңүлдүү тополоң… Келиндин жолун тосуу… Көшөгөнүн артындагы жеңемдин миң бир ирет жүгүнгөнү, ар бир жүгүнгөндө, анын кулак сөйкөлөрүнүн айга чагылыша түшүп, кушка тагылган коңгуроо сымак назик зыңгыраганы…

— Уул? — деди жеңем. — А, уул? Уктай элексиңби?

— Угу.

— Менимче, быйыл пронт, сөзсүз бүтөт. Жатпаса да баары бир, Жакып келет. Мени айтты дээрсиң. Келет. Жеңем айткан эле дээрсиң. Бир жеринен жеңил-желпи жарадар болот да, келет…

Мен унчукпадым. Ошондон кийин өзүм да уктап кетиптирмин.

Эртеси күнү, кадимкибиздей эле таң сүргөндө турдук. Түн ичинде шүүдүрүм басып, оорлошуп калган төшөнчүлөрүбүздү кагып-силкип, алыска оттоп кетишкен аттарыбызды тутуп, сугарып, кийин үйлөрүбүзгө барып, кечке жей турган азык-оокатыбызды алып, ишке кеттик. Иштеген жерибизге келип, көп аялдабай аттарды кошко коштук. А дебей, эки таба жер да айдап койдук. Мына ушул саат, минутта алиги жүзү кара кырсык болбоспу…

Газала көктө күтпөгөн жерден пайда болду. Биздин так үстүбүздөн. Анын ал жакка качан көтөрүлүп алганын дайымкыдай эле көрбөй калдым. Ал сайрап кирди. Көпкө-көпкө сайрады. О, кандай гана берилчү элем мен анда, өзүмдүн али күнөөсүз, жоготууну билелек курагымда, жараткандын бул кичинекей боз кушунун, чыгыштын эски акындарынын турмуштун карт виносу жыттанган ырлары сыяктуу лаззаттуу тилине…

Тезек терип, талаада жүргөнүмдөбү, козу карын терип, тоо этегинде жүргөнүмдөбү, уй кайтарып, булактын жээгинде жатканымдабы — иши кылып, кай жерде анын үнүн укпайын, күндүзгү жылдызды издегенсип, аны да бийик көктөн издеп калчумун. Бирок күндүзгү жылдызды көрүү кандай кыйын болсо, газаланын сайрап жаткан мезгилин көрүү да, мен үчүн ошондой эле кыйын болучу.

Канчалык делгирип карабайын, ошол эле: эртең мененки жазгы асман… Өчүп бараткан акыркы жылдыз… Батууга үлгүрбөй калган ай, айга каршы сүзгөн тайлакка окшош ак булут… А газала көрүнбөйт. Сайрап жатат, көрүнбөйт. Бардык нерсени унутуп, асманга телмире басып, канчалык убакытты өткөргөнүмдү билбеймин, бир оокумда аттардын бирөө жылаңайлак бутумдун терисин сыйра тебелеп, өзүмдү жыга түртүп кетти. Дароо эсиме келип, тизгиндерге асылып, аттарды токтоттум. Жеңем да чуркап өттү. Ал менин кучактап олтурган, каны куюлган бутумду күнөөкөрчө тиктеген көздөрүмдү унчукпай карап, анан өзү күтпөгөн жерден жаныма олтуруп, шолоктоп ыйлай баштады.

Мен анын мунусуна түшүнбөй, жалдырап олтуруп калдым. Ал бир топко ыйлады. Басылып, башын көтөрдү.

— Аны көрө албайсың, — деди ал, газала жакка ишарат кылып, негедир жылмаюуга аракеттенип:

— Анын бар болгону — ыры. Ырларын уксаң жетишет. А билесиңби, ал эмнелер жөнүндө ырдайт?

— Жок, — дедим кызыга түшүп.

— Көп нерселер жөнүндө, — деди жеңем ээгин тизесине коюп, алыска-алыска кыялдуу карап, көкмөк асман, көчмөн булуттар, күндүзгү ай, күндүн нурлары, топурагы эшилген талаалар, мүрзөлөрдүн үстүнө чыккан кызгалдактар, кубалашып ойногон көпөлөктөр, шыбактын түбүндө жумуртка басып жаткан башка бир газала жөнүндө ырдайт.

«Ах, мына кандай бул газала…» — дедим ичимден, жеңемден көзүмдү албай.

Ушул учурда жакын жерден «парт-парт» деген дабыш чыкты. Карасак, аттардын ары жагынан курт тиштеген бир ак куш учуп баратыптыр. Аңгыча аттар үркүп жөнөдү. Артыма кетенчиктөөгө араң үлгүрдүм. Жеңем эки аттын ортосунда калып, жанталпезге түшүп, алардын тизгиндерине асылды. Бирок аттар аны сүйрөп кетти. Бат эле жеңем жыгылып, колдору тизгинден чыкпай калды көрүнөт, жерге сүйрөлүп калды. Аттар бир паста, жакын жердеги терең сайга типтик түшкөн, чоң-чоң жарлары бар эңкейишке жетип барды. Мен чаңырып жиберип, колдорум менен бетимди басып калдым. Көпкө өзүмдү унутуп коюп, анан көзүмдү ачсам: кош айдап жүргөн катын-балдардын бардыгы сайга карай чуркап баратышыптыр. Сенделе басып, мен да бардым.

Жеңем сайдын наркы өйүзүнө тырмышып барып, калып калыптыр. Аттар жок. Чогулгандар жеңемди ороп алышыптыр. Киргизишпеди. «Сага эмне жок? Бар, аттарды тап!» — деди бирөө. Аттарга баратып, бир аялдын: «Мээсин чача тээптир» дегенин гана угуп калдым…

Эртеси күнү Кундуз жеңемди жайга коюшту. Мен башка бир аял менен иштеп калдым.

Ошол жылы күзүндө, раматылык жеңем айткандай, оң бутунан жеңил жарадар болуп Жакып акем согуштан келди. Келди да, үйүнө бир күн эс албай, анда эс алуу кайда, орокко чыкты. Анын ошондо орокко чыккан биринчи күнү да эсимде калыптыр. Түш чен эле. Ысык. Эскулең буудайдын арасындагы жалгыз аяк жол менен орокчуларга булактан суу алып келатканмын. Кокусунан, кимдир бирөөнүн жакын жерден чыккан: «Эй, суу» деген үнүн уктум. Токтоп, айланамды карадым. Буудайдын өскүлөңдүгүнөн эч ким көрүнбөдү. Турган жериме назар салсам, баягыда Кундуз жеңем экөөбүздүн акыркы жолу айдаган жерибиз. Бул тилкеге ушуга чейин эч бир орокчу түшө элек болучу. Ошондуктан, мени чакырган кайсы орокчу экенин биле албай, кызыгып турганымда, жанагы адам кайра:

— Эй, апкелбейсиңби?! — деп калды. Мен жолдон чыгып, коюу буудайга чалыштап, үн чыккан жакка бет алдым. «Болду, болбоду Жакып акем» — деп ойлодум эми. Ошол экен. Кийингени солдаттын эски галифеси, өңү өчкөн жыртык майка, башында согушка чейинки өзү кийип жүргөн эски калпагы. Маңдайынан, мойнунан, жүн баскан кан колтугунан суу-суу тердеген. Карасам, далай жерди оруп коюптур.

— Өзүм чакырбасам, сен мени эсиңе алгыдай эмессиң,- деди ал жылмайып.

Ал менин колумдагы чаканы эки колдоп алып, тик турган калыбында, суунун бетиндеги чөп-чарды, чегирткенин буттарын чаканын бир четине карай үйлөй баштады. Мен болсо, анын кандай ой менен бул тилкеге түшүп калганын билалбай акырын айланамды карап, баягыда аттарыбыз үрккөн жерди издей баштадым. Болжол менен аны таптым. Биз турган жер экен. Мен Жакып акемди карадым. Карадым да: анын эрдине апарган сууну ичпестен, чаканын четинен уурданып, мени тигиле карап турганын көрүп, дароо артка кетенчиктей түштүм.

— Ушул жерби? — деди ал акырын, биз турган жерге баш ийкеп.

Мен көпкө жалдырап турдум, акырында, болор-болбос башымды ийкедим.

Жакып акемдин колундагы чака уламдан-улам ылдыйлай баштады. Акырында ал, анын көкүрөгүнө чейин келип, анан таптакыр колунан түшүп кетип, суусу төгүлүп жатып калды.

Мен Жакып акемдин селейген колдорун, кубарган эриндерин, мени кыялдуу караган көздөрүн көрүп, башымды башка жакка буруп кеттим.

Жакып акем жерге олтурду. Олтурду да, башын эки тизесине катып алып, өксүп-өксүп ыйлап кирди. Мен, кечээ аялын угузганда ыйлабастан, эми ыйлап жатканына таң калып, селейип тура бердим. Ал көпкө ыйлап, анан басылды.

Ошол учурда, күтпөгөн жерден, бизге жакын жердеги чоң түп шыбактын астынан «пыр», «пыр» этип газала учуп чыкты. Жакып акем мени жалт карап алып, ордунан ыргып турду. Биз шыбакка басып келдик. Келсек, кичинекей уяда кысылышып, темир канат болуп калган үч балапан жатыптыр. Жакып акем колун созсо, саргарган ооздорун ачышат.

Ошентип турганыбызда, кокусунан так төбөбүздөн, зымыраган бийиктикте газала сайрап жиберди. Ал, баягы эле мен ар бир кайрыгына чейин жаттап алган, бирок адамдардын тили менен эч айтып бергис, уксаң, кайырмагыңды балык тарткандагыдай, кандайдыр сүйкүмдүү күч менен жүрөгүңдө бүлк-бүлк тарткан күүлөрүн сайрап кирди…

Жакып акем акырын ордунан турду да, оң колун маңдайына тутуп, газаланы издей баштады. Ал асманды карап көпкө турду.

— Эх! — деп энтиге дем алып, мага бурулду. — Өлгөндөр кандай шордуу! — деди ал.

Мен бул жолу анын жүзүнөн кейигендик эмес, кандайдыр толкунданууну сезип, көңүлүм көтөрүлө түштү.

Ошондон кийин гана кургак чакамды кыйчылдатып алып, буудайдын оор баштарынын беттеримди чапкылаганына карабастан, көкүрөгүмдү кыса баштаган кандайдыр кубаныч менен булакка кеттим.

А газала болсо дале сайрап жатты.

1963

[1] Газала — торгойдун бир туру.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *