Белгилүү саясат таануучу жана Борбор Азиядагы Эларалык университеттин профессору Орозбек Молдалиев менен учурдагы саясый кырдаал туурасында маектешүү…

– Эл арасында быйылкы президенттик шайлоо таза жол менен өтпөйт деген шектенүүлөр оголе арбын. Президент Алмазбек Атамбаев алты жыл бою артымда мураскер калбайт деп канча кайталап келбесин, бирок иш жүзүндө андай болбоду: эми минтип өзү баш болуп Сооронбай Жээнбековду ачыктан ачык үгүттөп келет. Буга эл шайлоо күнү кандай жооп берет деп болжойсуз?

– Алты жыл мурун Алмазбек Атамбаев президенттикке ат салышып жатканда “Эгерде бийликке келсем, ажыдаар болбойм”,- деп Чыгыш Азия элдеринин мифологиясындагы “өлбөс ажыдаар менен кенч” жөнүндөгү уламышты эске салып, убада берген. Бирок ал бийликке кумар болуп, ажыдаарды жеңе алган жок; президенттик шайлоо боюнча мамлекет башчысы катары калыс, бейтарап позицияда тура албады. Башкасын айтпаганда да кечээки КСДПга үзөңгүлөш “ата мекенчилер” кыргый тийген чилдей акыбалга кабылды. Өткөөл мезгилдеги президент Р.Отунбаева белгилегендей, бүгүнкүгө чейинки өлкөдөгү бардык жетишкендиктердин бир эле автору бар болуп чыга келди.

ММКларда азыркы акыбалда Кыргызстанда КСДПдан башка прогрессивдүү күчтөр жок болуп, жалаң эле реваншисттер бийликке умтулуп жаткандай сүрөттөлө баштады Демек, А.Атамбаев реформаларды улантууну көздөй ишенимдүү колго берип, өзү да саясаттан кетпей, кошо бапестебесе, башкаларга ишенүүгө болбойт экен.

А.Атамбаев алты жылда кыйла жакшы иштердин жасалышына өбөлгө болду, ошого жараша кийинки президентти шайлоону да жакшы деңгээлде, калыс уюштурушу керек эле. Мына, Р.Отунбаева бул жагынан кынтыксыз иш кылып, бийликти тынч өткөрүүнү Борбордук Азияда биринчи жасады; азыр кайда барса эл алдында жүзү жарык жүрөт.

Бийлик менен байлыктын азгырыгына туруштук берип, ажыдаарга айланбай калуу чанда гана адамдын колунан келет. Ошондуктан Алла таала “бийлик берип сынаймын, байлык берип сынаймын”,- деп айткан; пайгамбарлар үмөттөрүнө “бийликке барбагыла” деген насаат айтышкан. Бизде болсо Д.Истон: “Саясат – бул баалуулуктарды өкүмчүлдүк менен бөлүштүрүү” деп айткандай болуп калды. Айкындык жок болсо, шектенүү келип чыгат, ошондуктан элде күмөн саноо бар.

Ооздорунан кудайды түшүрбөгөн адамдар жөнүндө сөз болуп жаткандыктан исламдын чыгаан аалымы Абу Хамид Аль Газалинин (1059-1111) айтканын келтире кетели: “Чындыгында бийликке ээ болуу – бул тартуу жана ким аны туура, толук өлчөмдө пайдаланса, ага чексиз бакыт белек кылынат, андан өткөн бакыт болбойт; эгерде ким андай кыла албаса, ал балаага душар болот, андан ашкан коркунучтуу балакет болбойт”.  

Шайлоочулардын өз акылы өзүндө жана “биз президент айткан талапкерди шайлайбыз” деп милдеттенме алышкан эмес. Анын үстүнө бийлик тарабынан ыгы жок эле үгүттөй берүү жадатып, көп учурда тескери натыйжа берет. Үстүбүздө 2011-чи эмес, 2017-жыл. Былтыркы Эгемендик күнүнөн баштап электораттын бийликке баа берүүсү абдан өзгөргөнүн силер жакшы бидесиңер.

– Агер бийликтин көздөгөн адамы шайлоодон утуп чыкты дейли, эл буга макул болобу? Шайлоонун эртеси өлкөдө саясый абал олку-солкулукка апкелбейби?

– Сооронбай Жээнбеков эл алдында өз кадыр-баркы бар жана тиешелүү баасын алат. Эгерде шайлоо таза өтсө, байкоочулар мыйзам бузуулардын болбогондугун далилдеп турса, анда эл макул болот. Добуш берүү так уюштурулбаса, натыйжасы туура эсептелбесе, нааразылыктар дайыма чыгып келген.

Жергиликтүү бийлик жогору жакка жагынам деп “селдесин ал десе, калласын алып салган” учурлар болот. Бийлик мындай мыйзам бузуулардын алдын алышы керек.

– Быйылкы президенттик атсалышка темингендер оголе арбын болду. Муну кыргыздын канындагы мансапкорлук оору деп түшүнүү керекпи же чындап эле бизде өлкөнүн, элдин тагдырын ойлогон мекенчилдик сезим ушунчалык күчтүүбү?

– Бул президенттик шайлоону уюштуруу маселеси бизде дале чийки экендигинин белгиси. Мунун натыйжасында БШК да убара, эл да убара. Талапкерлерге келсек, алардын биринчи тобу бийликтин баскычтарында тажрыйба топтоп, өлкөнү башкаруу тармагында иштегендер, экинчисинде уюштуруучулук жөндөмү жогору, бийликте аздыр-көптүр иштеген, ар кайсы тармакта тажрыйба топтогон адамдар да бар. Ошол эле учурда өз мүмкүнчүлүктөрүн реалдуулуктан оолак, өтө жогору баалаган мансапкорлор да жүрүшөт. Айрымдары эл дарбыса кошо дарбыган жаныбардай илдетке кабылгандар жана шайлоого катышууну өнөкөт кылып алгандар.

Президенттикке талапкерлердин бири элге “беш жылда бир эле күн бийлик тиет колуңарга, ал шайлоо күнү” деп жатат. Бийликтин ээси эл экендигин унутпайлы.

Элдин тагдырын ойлогондордун баары эле сөзсүз президент болушу шарт эмес, тескерисинче, конструктивдүү оппозицияда болуп, өлкөнү өнүктүрүүнүн жолдорун сунуштап, туура жагын колдоп турса, эл таразалайт.

Өзүң, тегерегиң менен мекенчил жаштарсыңар, коомго пайдалуу көптөгөн иштерди жасап жатасыңар, бирок силер бийликке умтулбай эле иштеп жатпайсыңарбы…

– «Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үүлөп ичет» дейт, бирок биздин эл саясатчыларга канча алданбасын, бирок баягыле тил эмизген шылуундардын кайрадан арааны ачылып, ошолордун ити чөп жечүдөй болуп туру… Шайлоочулардын ошол көзбоёмоочуларга алданып калбоосу үчүн кандай кеңешиңиз бар?

– Элге эмне керек? Мамлекеттин туруктуулугу, коопсуздугу, бейпилдиги, бийликтин адилеттүүлүгү. Бизде тартип барбы? Бишкектин көчөлөрү эле айтып турат көп нерсени. Адилеттүлүккө келсек: сот тармагындагы реформа токтоп турат. Айрым министрликтеги ички структураларды биз аз өзгөртүп, кайра түзүүнү реформа деш туура эмес, аны реорганизация деп эле коет.

Коомдун саясый маданияты, аң-сезими акырындык менен өзгөрүлөт, ошондуктан туура тандоо өнүгүүбүзгө өбөлгө экендигин терең баамдай электер деле көп. Муну парламенттик, президенттик, жергиликтүү бийликти шайлоолордон байкасак болот. Дагы бир жагдай – үгүт мезгилиндеги убадалар саясатчылар тарабынан көбүн эсе аткарылбагандыктан, шайлоочуларда “булар айта берет экен, андан көрө кимиси берсе — ала берели, ким шайланса деле эч нерсе өзгөрбөйт экен” деген пикир калыптанып калды.

Биз эң биринчи иретте “адилет хан келип, анан элин жыргатыптыр” деген жомок менен жашабай, бийликтеги үч бутактын ортосундагы көзкарандысыздык, тең салмак жана мыйзам менен тыюу механизмин жолго реалдуу коюлушуна жетишишибиз керек. Ар бир бийлик бутагынын милдеттеринин ортосунда тең салмак болуп, алар бири-биринин ашык-кемин көзөмөлдөп жана текшерип турушу керек.

Дагы бир чоң көйгөй – Кыргызстанда мыйзам алдында баардык эл бирдей укуктабы? Ошондуктан биз өлкө президенттигине эл баш ийе турган жетекчини эмес, элге баш ийе турган акылман адамды шайлашыбыз керек.

Маектешкен Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *