Акын, публицист, котормочу жана конфликтолог Жыргалбек Касаболотов менен учурдагы саясый кырдаал жана президенттик шайлоо өнөктүгү туурасында маектешүү.

– Жыргалбек мырза, президенттикке ат салышкандын баары азыр элге чопулдатып упчу эмизип аткан кезеңде жамы журтка саясаттын күңгөй-тескейине сереп салган адам катары сени түйшөлткөн маселе кайсы?

Чындыгында коркунучтуу жагдайлар көбөйүп баратканын моюнга алыш керек. Элибиз туу туткан баалуулуктары жагынан улутчул, исламист, орусчул, батышчыл болуп бөлүнүп турат.  Бул бөлүнүү айрым учурларда шарттуу болгону менен көп жагынан кыйла реалдуу. Ал күчтөрдүн ортосундагы күрөш улам курчуп, жик өз бетинче да, тышкы күчтөрдүн таасири менен да тереңдеп баратат. Кайсы гана тирешүү болбосун үч башка вариант менен аяктайт – же тараптар сүйлөшүп кепке келишет, орток пикир табылат, же бир тарабы экинчисин биротоло жок кылат, же бири экинчисине баш ийет. Азыркы карама-каршылык фундаменталдуу мүнөздө болгондуктан узак мөөнөткө орток пикир табылышы кыйын, андыктан Кыргызстан акыры же чындап улуттук баалуулуктарына негизделген өлкөгө, же теократиялык мамлекетке, же Орусиянын бир бөлүгүнө айланып кете турган болуп турат. Ушулардын ичинен эң келечектүү варианты – улутчулдардын бийликке келиши. Тилекке каршы, булганбаган, жалпы элди артынан ээрчитип кете ала турган улутчул саясатчылар дээрлик жокко эсе. Бирок кайсы варианты болбосун таптакыр тынч, чатаксыз өтө турган жолун көрбөй турам. Тилекке каршы, жагдай ушундай.

– Бийлик кризиси жарга кептелип турса да куру сүрөөн, куру айбат көрсөткөн адетин калтырбай, ал аз келгенсип Алмазбек Атамбаевдин мураскери экени айдан ачык көрүнүп турган Сооранбай Жээнбеков өз шефинин саясый курсун уланта берерин шардана кылды. А реалдуу турмушта азыркы бийликке болгон эл арасындагы нааразычылык оголе күч. Бирок булардын ага болбой бийлик тизгинин колдон чыгарбоого жасаган аракети эмне менен аяктайт деп болжойсуң?

Бүгүнкү күндө элде бийликке да, саясатчыларга да, бийлик бутактарына да жетиштүү ишенич жок. Формалдуу бийлик бутактарынын, формалдуу саясый күчтөрдүн бирөөнө эл ишенсе, жан тартса коркунуч азыраак болмок. Андай болгон күндө кандайдыр туруктуулук бузулса, эл ошол жакты ээрчип кетмек. Азыр бүт эле саясатчылар дүңүнөн, жалпысынан жаман көрүнүп бүттү. Андыктан эми кандайдыр чатак чыгып кете турган болсо, жалпы хаос ушул азыр эл башында турган жана элге төбөсү көрүнгөн саясый күчтөрдүн эч кимисин аябай, жапырт шыпырып түшөт деп ойлоп турам. Ага азыр жашыруун кармалып жаткан кыргыз-өзбек чек ара келишими өтө күчтүү детонатор болуп бериши мүмкүн. Менимче, шайлоого чейин айтылбай жатканы ошондон. Бирок баары бир чындык эртедир-кечтир ачыкка чыгат да. Эгерде бул келишим кыргыз элинин кызыкчылыгына чоң зыян тийгизген келишим болуп чыкса, президент Атамбаев азыркы утурумдук тынчтык үчүн кийин өз ордуна келе турган президентке өтө коркунучтуу мина калтырып кетип баратат. Аныс аргасыздыкпы же башка да себептери барбы — башка маселе.

Ыраматылык Алым Токтомушевдин жазганы бар эле: “Адамдын бийликке болгон «махабаты» өтө күчтүү болот, а махабаттын ичи өтө тар экени белгилүү” деп. Мүмкүн ошол себептен Алмазбек Атамбаев алты жылдан бери өзүнүн эң жакын санаалаш, тилектештерин өз курчоосунан алыстатып келген жокпу?

Биринчиден, бирде жок болуп кетип, бирде бийлик бутактарынын аппараттарында иштей калып, тымызын карьера жасаган күчтөр эч кайда кеткен эмес. Акаевди кризиске жеткиргендер, Бакиевди чоочун схемаларга азгыргандар, Атамбаев менен анын мурдагы өнөктөштөрүнүн ортосуна чок салгандар деле ошол адамдар. Алар азыр күчүнө кирди, тажрыйба топтошту, эл аралык деңгээлдеги өздөрүн көзөмөлдөгөн чоң күчтөрдүн алдында аброй күтүп, өз квалификациясын далилдешти. Чоң кызматтарга жетишти, чоң ресурстарга ээ болушту. Жок жерден чатак чыгарып, авантюралуу идеяларды сунуш кыла койгон жагынан, керектүү чечимдерди керектүү учурда даярдай койгон жагынан астына киши чыгарбай калышты. Экинчиден, чындап эле пландалбаган окуялар болуп кетти… Дача-СУдагы кулап түшкөн учактагы жүк кимдики деген суроого эмгиче жооп табыла элек. Компромат согушунун коркунучу көп нерселерди тездетип жиберди. Мен айткан бийликтеги тымызын күчтөр болсо аны да пайдаланып жатышат.

– Кокус, Сооронбай Жээнбеков президенттик тактыга жетти дейли, Атамбаевдин мураскерине болгон таасири ушул бойдон калат деп ойлойсуңбу же Жээнбеков өз алдынча саясат жүргүзүп кетет деген ишенимиң барбы?

Бул деле айла кеткендин иши болду. Мен билгенден, бул тууралуу көп сүйлөшүүлөр жүрүп, анын ичинде тышкы өнөктөштөр менен да кеңешип, бир туугандардын ичинен динден алысыраак, лидерге жакыныраак варианты тандалып алынган. Бирок чындап келсе азыр анын утуш-утпашы анчалык деле маанилүү эмес. Анткени Башмыйзамды алмаштыруунун максаты – бийликтин маанилүү бөлүгүн өкмөткө, ал эми өкмөттү ишенимдүү адамга өткөрүп берүү болгон. Жээнбеков кийин өзү каалаган күндө деле анын өз алдынча саясат жүргүзүшүнө эмитен көп чектөөлөр коюлган. Азыр аны кийинки планга калтырып эле өкмөттүк ЖМКлар Сапар Исаковдун иштерин күргуштөтүп пиар кылып жатканы бекеринен эмес. Элдин баары президенттик шайлоо менен алектенип, ошону менен алек болуп жаткан маалда премьер-министрдин колуна ыйгарым укуктарды жана бийлик рычагдарын өткөрүп берүү операциясы унчукпай эле башталып атат. Аны байкаган киши аз эле. Байкасаңар, негизги талапкерлердин дээрлик баары эле бийликтин айтканын кыла турган кишилер. Анысы парламентте өкмөт шайланып жатканда далилденди, кийин шайлоодо болсо бир топтору ачык эле бийлик талапкерин колдоп чыгышты. Парда сыйрылды, эми аны жашырышы да кыйын.

– Азыркы бийлик да элдин мизин күч менен майтаруунун ыгын билип, кыныгын алып бараткан жокпу? “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүнө эмне мынча айдарын тигип, аларды соттон сотко четинен сүйрөп атканында не мандем бар деп ойлойсуң?

“Ата-Мекен” партиясы өз лидеринин негизги жетишкендиги деп эсептелген Башмыйзамдын мурунку вариантын коргоп чыкканы үчүн бийликтин каарына кабылды. Анткени бийликтин негизги планына аң-сезимдүү түрдө жолтоо кылган ушул гана партия болду. Бирок “Ата-Мекендин” мурдагыдай күчкө ээ боло албай жатканына партия лидеринин кетирген каталары себепкер болуп жатат. Идеяга берилген, платформа үчүн милийсадан таяк жеп, митингдерде ысык-суукка тоңуп, баарына чыдап, кайыл болуп жүргөн адамдарды бийликке алып келбей, биротоло көңүлүн калтырып, парламент фракциясында алтын мандаттарга өтө эле чоң басым жасаганы азыр өз башына муш болууда. Болбосо илгеркидей дух болгондо алты түмөн Ак Үйдүн астында айгай салып турмак. Аны азыр өзү да түшүнүп жатса керек. Бийлик болсо чын эле нааразылыктарды басуунун кыныгын алды. Ага бир эсе элдин саясатчылардан көңүлү калганы себеп болсо, экинчи жагынан кайсы режимде болбосун улут мүдөөсүн көздөгөн күчтүү лидердин жоктугу түрткү болууда. Бирок улут кызыкчылыгындагы маселелер оңунан чечилбесе жана күчтүү детонатор пайда болсо, мамлекеттин күчү кеп болбой калат. Колдон келсе, ага жеткирбей орчундуу маселелерди чечиш керек. Болбосо тектоникалык жылыштар байкалбаган менен жетчү жерине жакындап калды. Жеке мага ушундай сезилет.

Маектешкен Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.