АҢГЕМЕ

Аны «тоголок» аял дешет. Бою жапалдаш, өзү толмоч, бир моюн,  колу-буту быртыйып кыска болгондуктан, майда-майда кадам таштап көчөдө кетип баратса тоголонуп бараткандай көрүнөт. Ошон үчүн эл аны сыртынан  “тоголок”  аял деп коюшат.

“Тоголок” аял башкалардын эмне дегени менен иши болбойт.  Эртеден-кечке үй бүлөсүнүн тиричилигин жасап  “тоголонуп” жүрө берет. Көчөдө жүрсө эки колунан эки баштык түшпөйт. Базардан картөшкө, ун, кант-чай дегенди үйүнө кумурскадай ташый берет. Ал жашоого көроокат  үчүн гана  жаралгандай.

Анын күйөөсү кайсы бир мекемеде жооптуу кызматта иштейт. Келбеттүү,  зыңгыраган бир сырдуу киши. Көйнөгү дайыма апакай, таптаза.  Эрте кетип,  кеч келет. Кээде дем алышта да иштеп калат. Жаркыраган кымбат машинесине негедир аялын салбайт, ал баштыктарын көтөрүнүп өзүнчө  жөө жүрө берет.  Күйөөсү үй тиричиликте жардам бералбаганы менен акча-тыйынды түзүк эле табат. Оокат-ашка үзбөй берип турат. Ошонусуна шүгүр. А тоголок аялга ошол эле керек.

Төрт баласы бар.  Алды студент,  арты мектепте окушат.  Бул үй бүлөнүн  бүт түйшүгү толугу менен  “тоголок” аялдын мойнунда. Балдарынын да энесине кол кабыш  кылганга убактылары жок. Сабакка барышат, сабак даярдашат, анан кол телефондорунун бетин сөөмөй менен өйдө-төмөн жылдырышып, үнсүз тиктеп  олтура беришет.

Аялдын телефону сүйлөшкөнгө гана жарай турган жөнөкөй, жазуулары өчүп калган эски телефон. «Мага ушул эле болот» дейт өзү. Аны менен балдарына, күйөөсүнө чалып кабар алып турат.  Кимиси канчада келсе да чай-пайы даяр турушу керек.

Өмүрү күн чыкканча уктап көргөн эмес. Таң эрте күйөөсүн ишине, балдарын окууга жөнөтүүгө даярданат. Баарын убагында ойготуу керек.  Күн сайын сары май салып,  таттуу ботко бышырат. Каймак-сүтүн, жумшак нанын  үстөлгө коет.

Баары жуунуп-таранып, ичип-жеп, туш-тушка чыгып кетишет. Аял жалгыз  калып, үй ичинде тоголонуп басып, баарын тазалап, жыйнай берет. Манжалары  мыртыйып кыска болгону менен  эркектикиндей күчтүү колдору бар.  Ушул москоол колдору менен бир үй бүлөнүн кир-когун арылтып, оокатын алга  сүйрөп келатат. Чарчадым деген сөз оозунан чыкпайт. Үй жыйнап жүрүп базарга барып  эмне алып келүүнү,  кечкиге кандай тамак жасоону,  күйөөсү эртең касыл кийимин кийээрин  ойлоно берет.

“Тоголок”   аял мындан башка эч нерсени деле ойлонбойт. Күзгүгө каранып, өңү-башын  сылап-сыйпап алууга  каалоосу да, убактысы да жок.  Анын бар  максаты – үйү таза, тамак-ашы даяр, кийим-кечелер  жуулуу болушу керек.

Күндөрдүн биринде “тоголок”  аялдын кан басымы көтөрүлүп, дене табы от болуп күйүп, буттары калчылдап баса албай, алы куруп  ооруканага жатып калды.

Ага дары-дармек,  тамак-аш алып барууга  эч кимисинин колу бошобой, бири бирине шылтап,  үйдөгүлөр кыжылдаша башташты.  Күйөөсү ойлонуп көрүп, кошуна келин менен сүйлөштү. Акчасын төлөп, аны ооруканага каттатып турду.Өзүнүн  убактысы болбой, аялынын ахыбалын телефон аркылуу гана сурап жатты. Кошуна келин керектүү дарыларын алып, тамак-аш  жасап жеткирип турууну  мойнуна алды.  Акысын төлөп жатса, ага кайра жакшы эмеспи.

Бул арада тоголок аялдын үйү кыйсыпыр түшүп чачылды. Тамак  жасалбай, чай ичээрге  таза чыны  калбады. Ал тургай ашканадагы таштанды да төгүлбөй, бөлмөнүн ичи жыттана баштады.  Үйдүн куту кача түштү. Ал тургай эртең менен ойготкон киши жок уктап калышып, сабактарына кечигип, ачка кетип жүрүштү.

Догдурлардын:

— Эч нерсеге кыжаалат болбой,  тынч абалда жатыңыз, —  дегенин эске албаган “тоголок”  аял үй-жайын  ойлоп кыйналды. Оюна койсо палатадан бүгүн эле чыга качып, тирилигин жасагысы келип турду.

А күйөөсү болсо бул учурда кызматынан чыгып,  шаар четиндеги бир ажайып  ресторандын жеке бөлмөсүндө  көптөн бери жолугуша албай жүрүшкөн  Нази  деген сулуу менен багалаң  козунун шишкебегин жеп, шарап ичип,  бирин-бири кумарлуу тиктеп олтурушту.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.