1-2-бөлүгү жана 3-4-бөлүгү 

5-БӨЛҮК

Адам өркүндөө бийиктигине жана ийгиликке ой толгоо дарамети, ички туюм жана кыялдын күчү менен гана жете алат

“Жараткан баардыгыбыздын муктаждыгыбызды канааттандыруу үчүн ар түрдүү ресурстарга энчи берип жараткан. Ал ресурстар бизди курчап турган аалам мейкиндигинде, кол алдыбызда эле турат” деп урматтуу Чарз Филмор үйрөтүп келет.

Бул ааламда жаратуучунун болбогон жери жок, андыктан береке да, ырыскы да ааламдын баардык жерине тегиз чачылган. Береке асмандан атайын жаап түшпөйт. Берекени атайын издеп чыгуунун да кажети жок.  Береке ар бирибиздин алдыбызда жайылып, биздин гана жыйнап алуубузду күтүп жатат. Эгерде алдыга койгон максатың болбосо, демек, аалам сенин оордуңа  максат кылып берээр күчү жокко эсе.

Сиздин  бул сырды туюп, көзкарашыңызды өзгөртүү менен ийгиликке багыт алууңуздун себеби, жараткан сиздин суранычыңызды угуп, аны канааттандыруусу деп эсептелбейт. Ал өзүңүзгө болгон ишенимдин күч алып, адамзаттын өзүнө өзү коюп алган чектөөсүнөн тышкары аң-сезимдин күчү деп эсептелет. Элестин гана жардамы менен! Мейкиндиктин назик түп негизин биз канткенде  өркүндөөгө айландыра алабыз?

Баардыгыбызда өзүбүзгө таандык сезимдин булагы бар

Элес бул – сезимдердин борбору. Чексиз акыл-эс бул – элестердин сакталуучу жайы. Сиздин мамилеңиз, ден соолугуңуз, акылыңыз, финансылык абалыңыз элесиңизге көз каранды. Келечекти кандай элестетсеңиз, натыйжасы так ошол элестеткениңиздей болот.

Кудайбы же жаратканбы, жакшылыктарын ал эч убакта  катып албайт.

Өркүндөө ийгилигин жүзөгө ашыруучу күч ар бирибиздин колубузда. Ал күчтү сырттан издеп убара болуунун кажети жок. Анын негизи руханий жандүйнөбүздүн тээ түпкүрүндө. Анын күчү биздин каалаган ой тилегибизди, алдыга койгон максатыбызды орундатуучу куч. Демек, ийгиликти, өркүндөөнү, орундатуучу жалгыз өзүбүз экен.

Келишимге вайпер авто-унаа кошулушу — бул элестетүүнүн жыйынтык убайы. Азыр менин колумда ферарри авто-унаасынын башка бир келишими турат.  Сиздин ийгилигиңиздин чеги да алдыга койгон максат кыялыңыздын жыйынтыгы. Демек, ой менен элестетүү кыял, максатыңыз канчалык кенен болсо, сиздин жетишкендигиңиз, ийгиликтериңиздин жыйынтыгынын деңгээли да бийик болот.

Бир күнү бийиктик жөнүндө өтүп жаткан сабактарымдын биринен бир жаш жигит өзүнө ишенип ишенбеген олку-солку абалда кол көтөрдү.  Жей аттуу мырза кесиби боюнча  врач экен. Анын азыркы абалы туруктуу, белгилүү бир бейтапканада башкы врач. Алган маянасы да эң жогорку деңгээлге эчак жеткендиктен, дагы кандайча мен багындырбаган ийгилик болушу мүмкүн деген суроону берип калды. Ал өзүн андан жогорку деңгээлде көрө да, элестете да албайт эле.

Анын берген суроосуна бир аз ойлонуп, берген суроом бул болду: “Сизге жеке өзүңүз негиздеген чакан, үй бүлөлүк медицина борборун ачууга эмне тоскоол болду? «Аракет кылсаң  — берекет» дегендей, көптөгөн артыкчылыгы бар медицина борборун ачууга эмне үчүн болбосун? Акысынан баштап тейлөөсүнө чейин жогорку деңгээлдеги бейтапкананы көздөгөн бай кардарлардын медициналык борборун негиздеп сал.

Бул жөнүндө ал эч качан ойлонбогонун, ал эмес бул кеңеш  ал үчүн бир чоң жаңылык экенин айтты. “Бай адамдар” деген сөздүн өзү ал үчүн жаңылык эле. Мен ага өркүндөөнүн мыйзамдарын, сырын ачып, жолун көрсөтүп  бердим.

“Өркүндөө жана ийгилик” аттуу аудио жыйнагымда чыгармачылык мыйзамына ыктаган тастыктоолору менен бир нече мисалдар бар. Анда кантип күнүмдүк ишибизге каражат табуу, чыгашаларды оорду менен төйлөө, жаңы пайда алып келүүчү булактарды ойлоп табууда ар бир кылган ишибизге, чыгармачылык менен аяр мамиле жасоо жолдору кеңири маалымдалат.

Он жыл мурун менин да ишканам эң чоң кыйынчылыкты башынан кечирген. Ошол күндөрдү эске салып, баяндап кетпесем болбос. Ар күн сайын Шерри ишке  чыгаша кагазы толгон таңгакты көтөрүп келчү эле. Акыры мен ойлонуп отуруп, ар бир келген чыгаша кагазын биздин мүмкүнчүлүгүбүзгө, ишибиздин ыңгайлуулугуна гана болгон жакшылыктардын төлөө акысы деген жыйынтыка келдим. Ооба, ал чыгаша кагазын жөнөтүп жаткан ар кыл тейлөө мекемелери эле. Биздин мекемелер суукта жылуу,  ысыкта салкын отуруп иштөөбүзгө шарт түзүп берген. Биз аны ыраазычылык менен гана төлөөгө акылуубуз. Андыктан дароо эски таңгакты ыргытып, жаңы атайын жасалган чыгаша таңгак ачып, анын тышына “Жакшылыктар үчүн ыраазычылык таңгагы” деп жазып койдук.

Биздин ошондогу көйгөйлөргө батып калган абалыбызды элестетип көрүңүзчү. Ар күнү чыгаша кагаздарын сөзсүз түрдө төлөөнү эскерткен, ар кыл мекемелердин каттары толуп кеткен. Керек болсо насыя берүүчүлөрдү көргөндө, жин шайтанды көргөндөй жинденээр элек.  Акырындап иш жүргүзүү шарттарын өзгөртүп, насыя берүүчүлөргө болгон мамилебизди  да өзгөрттүк. Аларга өнөктөштөрүбүз катары, ал эми чыгаша кагаздарына ыраазычылык билдирүүдөн баштадык. Жаңжал чыгарып, кызуу кандуулукка алдырып, карыз сазына баткандын оордуна, жай отуруп сүйлөшүп, кеңешип иш алпара баштадык. Мына, так ошол күндөн тарта ишибиз илгериледи. Бир ай арасында баягы чубаса аягы, көтөрсө төбөсү көрүнбөй басып калган карыз көйгөйүнөн опоңой чыгып кеттик.

Сиз жаман көрүп, көргөндө куйка куруштурган касыңыздын да жакшынакай адамгерчил актай тарабы бар. Жек көрүү сезимин жеңип чыгалы. Жылуу сөз жылаанды да ийинден чыгаргандай, келгиле, мындан ары жакшыны гана көрө билгенди үйрөнөлү. Ал адамдар менен болгон жылуу мамилени алдын ала кыялыңарда элестетип, андан соң тажрыйба жүзүндө ишке ашыра аласыз. Аягы сизге кубаныч гана алып келет.

Бул ыкма чындыгында күчтүү иштейт, ишенип коюңуз, окурманым!

Бул дүйнөдө  адамдар арасында болгон тартылуу да, түртүлүү күч бирдиги да өтө тез өзгөрүлөт. Билип коюңуз, периштелер араңарга аралашабы же чын эле ар бир адамдын периштеси барбы, жокпу? Анысына кепилдик бералбайм дечи. Бирок сиздин  кайсы бир жек көрүп турган адамыңыз оюңуз жакшы жагына өзгөрөр замат анын да мамилеси калыбына келет, бул үчүн эч кандай аракет талап кылынбайт. Жөн гана ойлорду оңдоп-түзөө керек.

Ушул жазганымды окугандан соң, дароо иш жүзүндө да тажрыйба жүргүзүп, тастыктап алсаңыздар болот. Толук кепилдигимди бере алам. Анткени мен азыркы учурда ар бир адамга,ар бир учурга жана ар бир иш чарасына, чыгармачылык мыйзамын колдонуп келем. Жыйынтыгы жаман болгон жок.

Жамандыктын да, жаңжалдын да, жакшылыктын да, жылуу-жумшак ымаланын да, бул дүйнөдө ар бирине таандык сезип туруучу күчү бар. Алардын арасынан  биз баалаган, ишенген гана күч бизди айланып турат.

6-БӨЛҮК

Кайра кайрылып келүү жана аны алуу мыйзамы

Сен жаратканга моюн бербей, андан ашып кете албайсың.

Өз иш аракеттерим, ойлорум менен бекем курчанып кийип алган бечаранын тулубунан арылуу, мен үчүн ушунчалык кыйынга турду. Бир нече жыл өзүмдү  көйгөйлөрдүн курмандыгы сезип жашадым. Ал курмандык тулубун чечип бошонгондон соң, ал убакта эң соонун мүмкүнчүлүктөрдүн ээси болом деген түшүнүк оюма да келген эмес. Төмөкү айта тургандарым ушул мыйзамда баяндалмакчы.

Сиздер байкагандай, алардын арасынан баардык жети мыйзам бири бирине байланыш. Кайра кайрылып келүү жана кайра аны алуу мыйзамы, бул мыйзамдардын түп тамыры десем жаңылышпайм.

Ийгилик өркүндөөсүнө жетүүнүн негизги сыры бул: алмашуу же болбосо айлампа. Ал эми эң эле кубанычтуусу сенин бергениң, кайра он эсеси менен кайрылып келип жатканында. Канчалык көп берсең, ошончолук кайрып аласың. Качандыр бир убакта бул мыйзамды четке кагып, ааламдын бул мыйзамынан буйтап качып, он жыл жашадым. Тилекке каршы, менин да жашоомдо кубанычтуу эч өзгөрүү болгон жок. Ал эми азыр баардыгы тескерисинче: ошончолук көп берем, бергеним он эсеси менен кайрылып келип турат.

Бул мыйзамды ойлонуп көрсөң “Жазда эмнени эксең, күздө ошону аласың” деген макалга дал келет. Ал эми ошол жакшылыктын түшүмүн жыйнап алып атып, бөлүшкөндү унутта калтыра көрбөңүз. Эгерде сиздин жараткандан берилген шыгыңыз болсо (балким бул фортепианодо ойноо, сүрөт тартуу, чыгарма жазуу жана башка айрымасы жок) аны сиз колдонбой койгон болсоңуз, бул сиздин жаратуучуга жана жашооңуздүн маңызына болгон чыккынчылык деп эсептелет.

Талантыңызды, шыгыңызды кадырлап туруу, сиздин гана колуңузда, аны ар дайым адамдар менен бөлүшүп, тартуулап турууңуз абзел.  Эгерде талантты туура пайдалансаңыз, сизге ийгилик да, жакшылыктар да ар дайым жылмайып турат.

Адилеттүү мамиле ушул мыйзам менен гана айкындалат. Жөн эле дал келүү деген болбойт.  Жолу болуу же жолу ачык деген түшүнүк чындыгында жок. Бул жолу болуу же болбосо дал келүү деген биздин жасаган иш аракеттерибиздин үзүрү.

Бир нерсенин себебин билбей турганда баардыгыбыз тайсалдап шектенип турабыз. Бирок ар бир нерсенин себеби бар. Бизге капыстан келген  “Кереметтин укмуштун”  да бизге белгисиз себеби бар. Андыктан жашоо шартыңызды өзгөрткүңүз келсе, ар дайым жаратуучуга кайрылыңыз.  Бирок ар дайым эсиңизде болсун, ар бир жасаган он пайыз  иш аракетиңиздин акыбетин жүз пайыз кайра алаарыңызды. Бул мыйзам жакшылыкка да, жамандык да иш аракетине бирдей каралат. Эсиңиздерде болсо буга чейин мен жакшылыктын үрөнүн эгүү баянымда айтып өткөн элем.

Демек, жасаган  жакшылыктардын ар бир он пайызына жүз пайыз, ал эми жамандыктардын да ар бир он пайызына жүз пайыз экен. Маселен сиз чогуу иштешкен кесиптешиңиз жөнүндө жаман ушак тараттыңыз, аны менен бирге курчап турган чөйрөңүзгө негативдүү энергияны топтоп алдыңыз. Бирок ал топтолуп эле тим калбай, кайра сизге жүз пайыз менен аз эле убакытта кайрылып келет.

Биз кээде билип, билбей башкалардын аркасы менен байыган учурлар да болот. Алдыңызда түшүнүктүү болсун үчүн кененирээк маалымат.

Качандыр бир убакта “Копы” (тартип сактоо кызматчыларынын англисче аталышы) аттуу шоу программасын көрчү элем. Кандайдыр бир себептерден улам кийин көрбөй калдым. Бир күнү чогулуштун мөөнөтүн күтүп мейманканада, сыналгыны эрмектеп; каналдан каналга көчүрүп отурдум.  Алардын арасынан күтүлбөгөн жерден баягы өзүм сүйгөн “Копы” программасын көрүп калдым. Бир аз тыным алып байкап отуруп, беш мүнөткө жетпей өчүрүп салдым.  Ал жерде кыскача баян  МАИ кызматкерлерине жардам чакырыгы келип түштү. Нашааны чектен аша колдонуп, эсине келалбай күйөөсүнүн ур-токмогуна түшкөн аялдын чакырыгы экен. МАИ кызматкерлери күйөөсүнүн аркасынан куугунтук салганда, баякы аял аны коргомокко сөзүн кайра алып, ага болушуп кирди… Бул беш мүнөттүк окуяны көрүп, төбө чачым тик турду.

Дагы бир ЭСКЕРТҮҮ! Буга окшогон сыналгыдан берилген теле шоу программалары кайдан алынат? Албетте, бечаралардын жашоо шарттарынан. Ал эми анын негиздөөчүлөрү ар дайым аңкоолордун жашоосун аңдып келишет. Мына ошондо мен эмнеге сыналгыны тиктеп отууруну токтоткондугумду түшүндүм. Сыналгыдагы программалар китептерге алмашып, менин деңгээлим ал сыналгыдагы тыйынга арзыбас программалардан жогорулаган экен. Азыркы учурда китеп менен тыгыз байланыштамын жана эс алуу учурумда көбүн эсе китеп окуйм.

Акылсыз адамдар сыналгыдан көрүнүү үчүн, баардыгына даяр болушарын теле кызматкерлери жакшы билишет эмеспи. Андыктан сыналгыдагы берилип жаткан шоу программалар, ушак-айың чагымдардан башка пайдалуу иш тартуулабайт. Сыналгы бизди ийгиликткен алыстатып,  жолубуздан толук адаштырып коюшу мүмкүн. Бул бөлүктү жыйынтыктоочу кеңешим.

“Адамдарга көп жакшылык жасаңыз, кайра жакшылык гана кайрылып келет!!!”

«Бийиктик жана байлыкты багындыруучу жолдун жети руханий мыйзамы» китебинен

Орусчадан оодарган Бактыгүл ИМАНБЕК кызы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.