УЛУТУМ КЫРГЫЗ, УРААНЫМ МАНАС!

2017-жылдын 4-августунда Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын муфтийи Максатбек Токтомушев күч органдарына «Ислам дининен алыс адамдар «Уюткулуу Улуу Журт» деген коомдук кыймылды ачып алып, аалымдарыбызга одоно асылып жатат. Ушул коомдук кыймылды көзөмөлдүккө алыңыздар» деп Кайрылуу жазыптыр.

Калыстык кайда? «Мен мусулманмын!» деп төш каккандардын оозунан туалет куюлуп, «Манас» дастанын «жалган жомок, миф» деп атап, кыргыз элинин касиети болгон Манасты порнографиялык мазмунда сөгүп, Манас атабызды «аферист», комузду «ширк», Ноорузду «арам» атаган аалымдарды кечээ жакында эле «Даңк» орденин алган муфтий кантип көрбөй, билбей калды экен? Манас атабыз болбосо, ошол аалымдар болот беле?! Кыргызстан деген мамлекет болот беле?!

Эпосту «жалган жомок, миф» деп шылдыңдап, Манасты ашата сөгүп жатса, Манас атаны кара күчкө салып мусулман кылганы үчүн «Манас» орденин алган Омор Сооронов эмне унчукпайт? Мамлекет сыйлык ээлери болгон тарыхчылардан, тилчилерден, Манас таануучулардан эмне үн чыкпайт?

Замандашыбыз Максат Жумабаев жазгандай, «Ооба, Манасты апыртып жатабыз. Ырчы уул, Токтогул, Балык, Чоңбаш, Келдибек, Акылбек, Тыныбек, Дыйканбай, Чоюке, Доңузбай, Тоголок Молдо, Сагымбай, Мамбет, Жаныбай, Алмабек, Шапак, Саякбай, Шаабай аталарыбыз жалганчылар. Азыркы Назаркул, Рыспай, Дөөлөт, Улан, Камил ж.б. манасчылардын баары жалганчылар. Жада калса, бешиктен бели чыкпай жатып, 4 жашынан «Манас» айтып баштаган Үмөт да жалганчы. Кылымдар бою «Манасты» кастарлап, туу тутуп келген ата-бабаларыбыз, жалпы кыргыз эли жалганчы. Исламчылардын сөздөрүнөн кийин уялып калдым, кечирип койгула. Ашкере ыплас сөгүнүүлөр, жыртактаган мыскылдоолор аркылуу катабызды оңдогон силердин айтканыңар менен болуп туралы. Биздей «адашкандарды» оозунан даараткана куюлган силер туура жолго салып тургула» деп «уялбагандан өзүң уял» болуп турабыз.

Кыдыр даарыган кыргыз элинин улуулугун, бийиктигин, аруулугун даңазалап, еврейлердин (жөөттөрдүн, семит элдеринин) «Мен сени өзүм сүйгөн эл катары тандадым. Ошондуктан, менин урматым үчүн башка элдерди өлтүр!» деп элдерди бөлүп-жарган, мыкаачылыкка, адамкерчиликсиздикке, эки жүздүүлүккө, теңсиздикке чакырган Кудайы менен пайгамбарларын сынга алган Зулпукаар Сапанов эркиндигинен ажырады. «Элдик акын» деген наамын өзүнүн аксакалдык, калыстык сөзү менен таланттуу акын Шайлообек Дүйшеев агай гана актады. Башка «элдик» деген наамдарды алып, элдик сыймыкка бөлөнгөндөр эмне унчукпайсыңар?! Элдик акындар, төкмөлөр барсыңарбы?

1) Манасты сөккөн бок ооз исламисттер менен 2) «көрөгөч, акылы тунук кыргыздарды баш көтөртпөө» үчүн Зулпукаардын белин буйрутма жолу аркылуу сындыруу максатын көздөгөн, кыргызга эзелки өчү бардай тиш кайрап, ызырынган куйтку Турсунбай Бакир уулу менен 8 класста окуган оорулуу кызга «дем салам» демиш болуп, аны зордуктап салып, педофилия кылганы үчүн соттолуп чыккан молдо Дүйшөн Абдылдаев сыяктуу бузукунун кара ниетине Кыргызстандын «элдик депутаттары» эмне үчүн реакция кылбайт?

Урматтуу улутташтар! «Элдик» деген улуу наамды жана «Манас» орденин алып коюп, эми башын кумга тыгып олтургандарды эмне деп атоого болот?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.