Бир жолу бөрү токойдо келатып үлүлдү басып алды. Ал убакта жаныбарлар адам сыяктуу сүйлөшө алышчу экен. Үлүл карышкырга мындай дейт:

— Сен кандай гана жаман жаныбарсың! Эмне үчүн алсыз, кичинекейлерди тебелейсиң? Кайсыныңа мактанасың? Мени кыбыр дебе! Кааласам сенден тез чуркай алам. Жарышчу болсок сени досторуңа кошуп күйүктүрүп койом, билип ал…

— Ушу сенби?! Хе-хе-хе! Жаман күлүксүң го, кыбырап…

— Ооба, мен күлүкмүн! Ишенбесең эртең күн чыкканда досторуңду ээрчитип алып дал ушул жерге кел. Жарышабыз! Ким биринчи деңиз жээгине жетсе – мөөрөй ошонуку.

— Болуптур. Келебиз! — дейт карышкыр.

Карышкыр андан ары баратып, жыйырма кадам да өтпөй аарылардын уюгун тебелеп кетет. Аарылар ызылдашат:

— Калдаңдабай алдыңды карап баспайсыңбы?! Же кичинекей байкуш деп эле тебелей бересиңби? Эгер биз жинденчү болсок, сени досторуңа кошуп деңизге чөктүрүп салабыз.

— Хе-хе-хе! Ушул силерби?! Ызылдаган байкуштарым, жөн эле жашай берсеңерчи…

— Ишенбесең эртең таң ата ушул жерге досторуң менен кел. Анан көрөсүң, деңизге барып чөгөрүңдү!

— Келсе келебиз! Силердей кичинекей ызылдактардан да корколубу?! — карышкыр муну өз досторуна айтканы жөнөйт.

Бул сүйлөшүүнү угуп турган үлүл аарыга кайрылат:

— Аары дос, силер эртең баарыңар чогулуп деңиз жээгиндеги бадалдарга жашынып тургула, мен токойдогу баардык үлүлдөрдү чогултуп, карышкырларды ал жакка айдап барганга аракет кылайын. Силер баарылап аларды чагып, талап, деңизге кире качканга мажбурлагыла.

— Жакшы болот, үлүл дос, айтканыңдай кылабыз,- аары өз элине бул тууралуу кабарлоого учуп кетти. Үлүл болсо дароо эле ишке киришип, токойдогу бүт үлүлдөрдү чогултуп, иштин жагдайын түшүндүрүп, түнү бою деңизге кеткен жолдун ар бир беш кадамы сайын бирден үлүл коюп чыкты.

Эртеси карышкыр өз достору менен болжошкон убакта келди. Эки жакты карап алган карышкыр кыйынсына кыйкырды:

— Эй кыбыраган үлүлдөрдүн күлүгү, сен бул жердесиңби?

— Ушул жердемин! Жарышты баштадыкпы?

— Баштадык!

Карышкырлар адыраңдап чуркап жөнөштү. Бир топ барышып, жандарынан эч ким көрүнбөгөндө токтой калышып, үлүлдөр артта калган экен деп жай кадам таштаар замат беш кадам алды жактагы үлүл кыйкырды:

— Аа кашабаларым, чарчадыңарбы?!

Бөрүлөр кайра салып-уруп жөнөштү.

Бир топ барып дагы токтой калгандарында, алды жакка коюлган үлүл кыйкырды:

— Аа бөрүлөрүм, жеңилдиңерби?!

Карышкырлар кайрадан чуркап токтогондо, алды жактан баягыдай эле үлүлдүн үнү чыгып, улам ошентип жүрүп отуруп, деңиз жээгине жетишкендеринде – бадалдарга жашынган аарылар аларды кара тумандай каптап, талап киришти. Жаны ачышкан карышкырлар деңизге кире качышып, акырында суудан дем ала турган мурундарынын тешиги гана калганда, аарылар ага баткак тыгып жиберишти. Ошентип карышкырлар бүт деңизге чөгүп кетишкен экен…

Ошон үчүн балдарым, күчтүүмүн деп кичинекей менен алсыздарды таарынта бербеш керек тура…

Орусчадан оодарган Кубаныч АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.