ЭССЕ

«Биздин замандын парадоксу ушунда экен; бизде имараттар бийик бирок сабырлуулугубуз төмөн, жолдор кенен бирок көз карашыбыз тар. Көп коротобуз, бирок аз карманабыз, көп нерсе сатып алабыз, бирок аз кубанабыз. Чоң үйлөрдө жашайбыз, бирок үй-бүлөбүз чакан, жакшы шарттарыбыз бар, бирок убактыбыз эч нерсеге жетпейт. Жакшы окуу жайларыбыз бар, бирок акылыбыз аз, жакшы билимибиз бар бирок кырдаалды баалаганды билбейбиз, эксперттерибиз көп, бирок ошого жараша проблемабыз да көп, саламаттыкты сактоо деле бар, бирок ден соолук жок. Көп ичебиз, көп чегебиз, көп эле ысырапкорчулук кылабыз, бирок өтө аз күлөбүз. Авто-унааны өтө тез айдайбыз, өтө тез жинибиз келет, өтө кеч уктайбыз, өтө чарчоо менен ойгонобуз, өтө аз окуйбуз, өтө көп телевизор көрөбүз, өтө аз Кудайдан тилейбиз.

Керектөөлөрүбүздү көбөйттүк, бирок баалуулуктарыбызды кыскарттык. Өтө көп сүйлөйбүз, өтө аз сүйөбүз, өтө тез жек көрөбүз. Кантип өлбөй калууну билебиз, кантип жашоону билбейбиз, адамдын жашоосуна жылдарды кошконду билебиз, бирок жылдарга жашоо берүүнү билбейбиз. Айга барып кайра келдик, бирок жолдон өтүп жаңы кошуна менен тааныша албайбыз. Аалам боштугун багындырдык, бирок көңүл боштугу кала берди. Чоң иштерди кылабыз, бирок жакшы иштерди кылбайбыз. Абаны тазалайбыз, бирок жан дүйнөнү булгайбыз. Атомду өзүбүзгө баш ийдирдик, бирок ичтеги жаман ойлорду башкара албайбыз. Көп жазабыз, бирок аз үйрөнөбүз. Көп нерсени пландаштырабыз, бирок аз эле нерсеге жетишебиз. Шашылганды үйрөндүк, күткөндү унуттук. Жаңы, акылы күчтүү, нуска көчүрүүчү компьютерлер чыкты, бирок баарлашуу азайды.

Азыр тез тамактануунун жана начар иштеген ашказандардын заманы, чоң адамдар менен майда жан дүйнөлөрдүн заманы, бат кирешелердин жана татаал мамилелердин заманы. Үй-бүлөлүк кирешелердин жана ажырашуулардын өсүп турган заманы. Кооз үйлөр менен бузулган коломтолордун заманы. Кыскарган жолдордун, тар көөдөндүн, бир түндүк мамилелердин заманы. Ашыкча салмактын жана бизди толкундатчуу, эс алдырчуу, өлтүрчүү жана баарын кылып берчү дарылардын заманы.

Ушул катты сизге жеткизүүчү технологиялардын, жана сиз бөлүшүп койосузбу же «Delete» деп басып койосузбу дегендин заманы.

Эсиңиздерде болсун, сүйгөндөрүңүзгө, жакындарыңызга көбүрөк көңүл бөлүңүздөр, анткени алар ар дайым жаныңыздарда калбайт. Эстеп калыңыз, жакын адамыңызды бекем кучактап алыңыз, анткени сүйүү деген жападан жалгыз сиз чын жүрөктөн бере алчуу, бирок бир да тыйын турбаган чоң байлык.

Эсиңизде болсун, сүйгөнүңүзгө «сени сүйөм» деп айтып жүрүңүз, бирок оболу ал нерсени чын жүрөктөн сезе билиңиз. Эгерде сүйүү менен көөдөнгө кысып бекем кучактоо чын дилден болсо, ал ар кандай мүчүлүштүктү оңдоп кете алат. Эстеп калыңыз, кол кармашып жүрүңүз жана бирге жүргөн убакытты баалап билиңиз, анткени жаныңыздагы адам бир күнү жок болушу мүмкүн.

Сүйүүгө убакыт табыңыз, маектешүүгө убакыт табыңыз, айткыңыз келгендин баарын бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк табыңыз. Анткени өмүр дем алуу жана демди чыгаруу менен эмес, жандүйнөнү толкуткан учурлар менен өлчөнөт.»

Белгилүү сөзмөр, сатирик Жорж Карлиндин жубайы каза болгондо, ушул, азыркы учурда да актуалдуу жана өз ордун тапкан макаланы, 80-жылдары жазган экен.

Которгон Данияр ӨСКӨНБАЕВ

One Reply to “Жорж КАРЛИН: Сүйүүгө убакыт табыңыз…”

  1. Таамай, так салыштыруулар. Чындыктын дал өзү. Биз адамдар не болуп баратабыз чын эле?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *