Ажобуз айтчу ажыдаар жөнүндө жомок

Aдамзатты акыл менен абийир гана куткарат 1. Түшүнгөн түшүнсүн, түшүнбөгөн… Төмөндө мeн сиздeргe өз сөзүм мeнeн aйтып бeрeйин дeп жaткaн элдик жөө жoмoктун нeгизин түзгөн oкуя – уккaн сaйын уккуң кeлe бeргeн, кooз, кызыктуу aдисалардын тизмeги эмeс, жөп-жөнөкөй, жупжупуну бир бaян. Бирoк, ой-кoрутунду чыгaрa билгeн aдaм үчүн түгөнбөгөн руxий мүлк, учу-түбү билинбeгeн улуу идeя. Aнын aр бир бөлүкчөсү өз aлдынчa, өтө терең мaaнигe ээ. Кaтaрдaгы oкурмaн, эң бoлбoду дeгeндe, бийлик ээлeри aдeгeндe кaйдaн, кaнтип чыгaт, aнaн кaндaй бoлуп өзгөрөт, aкырындa […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Латын арибине өтүү зарылбы?

Редакцияда: Белгилүү зиялыбыз Абдыкерим Муратовдун бул демилгесин коомчулуктун талкуусуна салабыз. Себеби, автор жүйөөлүү маселени кабыргасынан коюп туру… Эртеби, кечпи – интеллигенция катмарынан бул маселени көтөрөр бирөө-жарымы чыгыш керек эле. Демилге көтөрүлдү… Тек, пикир жараталы, үн каталы… Агер биз алдыга өсүүнү кааласак, «талаштан тактык жараларын» эске алалы… Бул маселенин тегерегинде үн кошобузбу же четке кагабызбы – арийне, коомчулукка салынган бул демилге улутту ойлондурар олуттуу маселе экенин унутпайлы. Алдыда уланаар талкуулар илим-билимге жол издөөнүн аракети болууга тийиш. Андыктан «РухЭш» сайты бул темада […]

«РухЭш» сайтынын бир жылдык аземи маданий иш-чара менен белгиленет!

Урматтуу биздин туруктуу окурмандар жана күйөрмандар! «РухЭш» сайтынын тушоо кесүү аземине баарыңыздарды чакырабыз! Адабий-музыкалык аземибиз ушул жылдын 1-октябры күнү (жекшемби), саат 11.00дө борбор шаарыбыздын «Манас» кинотеатрынын чоң залында белгиленет. Рухий коом агартуу багытында канат жайып келаткан сайтыбыздын бир жылдык аземин куттуктоого төкмө акындар жана жазма акындар, ошондой эле эл аздегине айланган ырчылар катышат. Сайттын бир жылдыгы менен катар белгилүү адабиятчы, сынчы, окумуштуу Салижан Жигитов менен мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков атындагы сыйлыктар эки адамга гана ыйгарылат. Бул наамдар ар […]

Альбер КАМЮ: Революционерлердин бардыгы эң акырында баш кесер же сандырак болуп тынат

Адамдар бири-бири менен кармашып, бири-бирин тытышкан мезгил да акыры токтойт. Ошондо бири-бирин түшүнгөнгө макулдашып, ким кандай болсо дал ошондой кабыл алууга көнөт. Теңирдин теңдиги ушул. * * * Ийгиликке татыктуу жеткенге караганда артынан түшүп жеткен оңой. * * * Сүйдүңбү? – демек, ошол адам менен бирге картаюуга макул бол. * * * Кудайсыз деле такыба жашаса болот. * * * Биз Кудайга эмнеге жалынабыз? Жетүүгө эч мүмкүн эмес тилегибиз орундалсын үчүн. * * * Адамдар алкоголдук ичимдикти эмнеге жакшы көрөт? […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Кара кыз

АҢГЕМЕ Байчечекей гүлдөп, 1983-жылдын жазы келди. Биз дагы байчечектей термелип тестиер курак кезибиз. Капталкы кошунабыз Маамытбек атамдын эжеси бар, Батыш эже дейбиз. Ал киши Маамытбек атамдын улуу кызынын бир кызын, ортончу кызынын бир кызын багып алган. Бири биз менен окуган Майрамкүл деген кара кыз. Майрамкүлдүн атасы оорулуу болуп калган Кожобек деген жездебиз эле. Ал болсо өйдө-төмөн сүйлөп, “Макуну издеп келдим” деп келип калат. Макуну катып көрсөтүшпөйт. Кечки автобус келгенче чыгарбай турушат. Анан мурду бучуйган сары автобус онтогон уйдай бышылдап келип […]

Кубатбек ТАБАЛДИЕВ: Енисей Ысык-Көлгө куят

же Енисей кыргыздары менен Теңир-Too кыргыздарынын теги бир экендиги археологиялык изилдөөлөрдүн негизинде Археологиялык казууда табылган маалыматтарды талдаган соң гана кошумча тарыхый булактар аркылуу текшерип, этногенез маселелерин чечүүгө багыт алууга мүмкүн. Тажрыйба көргөзгөндөй, этникалык маселе көп тараптуу адистердин максаттуу изилдөөлөрүн талап кылат. Жалпы топтолгон жыйынтыктар боюнча алганда, азыркы учурдагы Борбор Азиядагы ар бир калктын этникалык тарыхы байыркы жана орто кылымдарда ушул аймактарды мекендеген калктар менен байланыштуу. Бул маселенин ушул мезгилге чейин Кыргызстанда жай изилденип келишинин себептеринин бири – орто кылымдарга чейинки […]