же Енисей кыргыздары менен Теңир-Too кыргыздарынын теги бир экендиги археологиялык изилдөөлөрдүн негизинде

Археологиялык казууда табылган маалыматтарды талдаган соң гана кошумча тарыхый булактар аркылуу текшерип, этногенез маселелерин чечүүгө багыт алууга мүмкүн. Тажрыйба көргөзгөндөй, этникалык маселе көп тараптуу адистердин максаттуу изилдөөлөрүн талап кылат. Жалпы топтолгон жыйынтыктар боюнча алганда, азыркы учурдагы Борбор Азиядагы ар бир калктын этникалык тарыхы байыркы жана орто кылымдарда ушул аймактарды мекендеген калктар менен байланыштуу. Бул маселенин ушул мезгилге чейин Кыргызстанда жай изилденип келишинин себептеринин бири – орто кылымдарга чейинки археологиялык табылгалардын этникалык тиешелүүлүгүн аныктоонун татаалдыгы болуп саналат. Кыргыз элинин жана маданиятынын калыптануу учурларын археологиялык маалыматтар аркылуу талдоону улантуу келечектүү.

Археологиялык изилдөөлөрдүн тарыхына кайрылсак, бул маселени белгилүү археолог, профессор А.Н.Бернштам алгачкылардан болуп талдаганга аракеттенген1. Талдоо үчүн Кочкор жергесинен кокусунан табылган күмүштөн жасалган торчолуу-оймо бастырмаларын пайдаланып, алардын Енисейдеги Кепен чаатасындагы алтын кумуралардагы торчолуу оюулар менен салыштырган. Оюулардын сюжет-композициялары, мүнөзү, жасалыш ыкмалары енисейлик уздарга жакын деп эсептеп, алардын келип чыгышын Чыгыш Түркстан аркылуу IX-X кылымдарда Теңир-Тоого келген кыргыздар менен байланыштырган. Табылгаларда Чыгыш Түркстан, Кытай таасири бар, ошол эле учурда барстын келбетине карап, жергиликтүү сак маданиятынын, жергиликтүү элдердин маданиятынын ширелишкен үлгүлөрүн көргөн.

Ушул эле эмгегинде окумуштуу Нарын шаарынын батыш тарабындагы Аламышык көрүстөнүнөн казылган жылкы менен бирге көмүлгөн көрүстөндү (№69) жана үч адам бирге көмүлгөн көрүстөндү енисейлик кыргыздар менен байланышы бар деп эсептеген2. Орто кылымдагы кыргыздардан тышкары А.Н.Бернштам байыркы кыргыздар тарыхый жактан гунндар менен байланыштуу болгон соң, гунндардын учурундагы Кеңкол тибиндеги катакомба эстеликтерине көңүл бурушубуз керек, байланыш бар. Теңир-Тоо кыргыздары ушул гунн-түрк алкагында калыптанган, алардын жерине келүү менен этникалык массивин ичине сиңирген деп эскертет3.

А.Н.Бернштам кыргыз археологиясынын пайдубалын түзгөн окумуштуу. Жазган эмгектери бүгүнкү күнгө дейре маанисин жоготпой келе жатат. Бир да кийинки окумуштуу А.Н.Бернштамдын кошкон салымын четке кага албайт. Бирок мезгилдин өтүшү, жаңы илимий маалыматтардын кошулушу айрым тактоолорго алып келди. Аламышыктагы №69 жылкысы менен бирге көмүлгөн көрүстөн енисейлик кыргыздарга таандык эместиги далилденген. Окумуштуу таянган мындай көмүү Енисей кыргыздарынын маркумду көмүү салтынын төртүнчү тиби деген Л.А.Евтюхованын пикири далилдүү четке кагылган. Ушул эле Аламышыктагы №102 көрүстөндүн Енисейден келген кыргыздарга таандык деген үстүртөн пикири ошол бойдон кошумча далилдер менен бекемделбей келе жатат.

Кочкордо 1891-жылы кокусунан табылган торчолуу күмүш кооздуктарынын Енисей кыргыздары менен салыштыруусу тууралуу пикири окумуштуулар тарабынан четке кагылган жок. Бирок ал табылгалар комплексте (казуудагы орду, коштолгон буюмдары, объект мүнөзү аныкталбаган соң) табылбаган соң, археологдор тарабынан ишенимдүү колдоого ээ болбой келе жатат. А.Н.Бернштам көз жумгандан кийин эле шакирттеринин бири С.С.Сорокин кеңкол эстеликтеринин гунндар менен байланышы жоктугун далилдеген4. Кийинки учурда алардын кангюй, юэдж, чыгыш-иран уруулары менен байланыштары тууралуу пикирлер бар5.

Окумуштуунун гунн-түрк мезгилине таандык эстеликтерге көңүл буруу керектиги тууралуу керээзи азыр да баалуу. Чындыгында, б.э.ч. 201-жылдан тартып, б.э. 48-жылдарга чейинки окуялардагы хунну шанюйлары Маодун, Чжичжи учурун дагы окуяларда кыргыздардын жери хуннулардын алкагына киргени эскерилет. Кеп, окуянын кайсы аймакта өткөнүнө. Кытай жазма булактарын изилдеген Л.А.Боровкованын эмгегинде окуя Теңир-Тоонун чыгышындагы Дзосотын-Элисун чөлүнүн батышындагы Боро-Хоро тоо кыркасы тарапта өткөнү тууралуу пикири көп окумуштууларды ынандырып келе жатат6. Натыйжада А.Н.Бернштамдын Чжичжи шаньюйдун ордосу Талас суусунун башкы агымдарындагы кеңкол эстеликтери менен байланыштыра каралган пикири четке кагылат.

Л.А.Боровкованын пикирине ылайык, башта В.В.Бартольд болжогон кыргыздардын байыркы мекени деп эсептелген Монголиянын түндүк-чыгыш тарабындагы Кыргыз-Нур көлүнүн аймагы тууралуу пикири колдоого алынбай калат, бирок автордун Кытайдагы Түркстандын чыгыш тарабы (Турфан тарап) деген алгачкы болжоо пикирине жакындайт7.

Эгерде кыргыз тарыхынын эрте темир доорундагы тарыхын Л.А.Боровкованын пикирине ылайык талдасак, биз б.э.ч. цзянькунь (кыргыз) издерин Боро-Хоро тоо кыркасынын аймактарынан издешибиз керек. Кол жеткен Чыгыш Түркстандагы археологиялык казуулардын натыйжаларына көз чаптырсак, Чыгыш Теңир-Тоо аймактарында деле бизде изилденген сакусун маданиятына жакын көчмөн калктар эстеликтери арбын көрүнөт. Мисалы, чопо идиштери, маркум көмүлгөн жайлар, колодон жасалган буюмдар, аскер куралдары боюнча алганда Теңир-Тоонун байыркы көчмөндөрүнө мүнөздүү белгилер баамдалып турат. Ушундай гана үзгүлтүктүү маалыматтарга таянып, цзянькунь (гяньгунь ээлиги, байыркы кыргыздар) эстеликтери курчаган чөйрөсүнө жакын болгонун гана болжолдойбуз. Таза этникалык тиешелүүлүгүн аныктоо үчүн туруктуу археологиялык казуулар талап кылынат. Байыркы кыргыз маданиятын изилдөөнүн бир булагы Боро-Хоро аймагында табууга мүмкүн.

Ар бир маданият сырткы таасир аркасында, диний ишенимдин алмашуусу менен өнүгөт, өсөт же өзгөрөт. V-VI кылымдар аралыгында кыргыздар Енисейге келишет. Енисейдеги тагар маданиятынын тесин этабы жана таштык маданияты менен удаалаш жашап калышат. Ошентип, кыргыздардын Енисейдеги жаңы, орто кылымдардагы тарыхы башталат.

Енисейдеги кыргыз маданияты археологиялык жактан жана тарыхый жазма булактар аркылуу жакшы тастыкталган. Алардын салты маркумду өрттөп көмүү болгондуктан, этникалык жактан так аныкталып, VI кылымдан тартып, XIV кылымдарга чейинки маданияты XVIII кылымдан бери далилдүү изилденип келе жатат. Өрттөө учурунда маркумга тиешелүү темирден, жезден жасалган кемер кур тоголору, кооздук буюмдары, жебе учтары кошо өрттөлгөн. Өрттөгөндө сырты жашып бир катмар менен капталган соң, дат албай, күнү-бүгүнкүдөй сакталганына карап, чындыгында кыргыздардан учурунда мыкты темир усталар, зергерлер чыкканына суктанса болот.

Археологиялык изилдөөлөрдөгү кийинки проблема Енисей кыргыздары менен теңир-тоолук кыргыздардын генетикалык байланышы болуп калды. Енисей кыргыздары менен азыркы теңир-тоолук (ала-тоолук) кыргыздар теги жагынан бирдиктүүбү же эч байланышсыз тили гана тектеш — түрк тилдүү калктар болгонбу деген пикир көп жылдары илимий талкууда болуп келди. Айрыкча, 1988-жылы Фрунзеде өткөн түркологиялык конференциядан кийин, 1989-жылы жарык көргөн кыргыздардын этникалык тарыхына байланыштуу жыйнактын чыгышынан тартып, енисейлик жана тяньшандык кыргыздардын маселеси туруктуу кабыл алына баштады8. Кыргыздар Енисейде: «…маркумду койгондо беттерин тытышпай, жөн гана үч каттап ороп, жоктоп ыйлап, өрттөп, өрттөгөндөн калган күлүн бир жылдан кийин көмүшкөн»9. Эгерде, кыргыздар Енисейден келсе, анда эмне үчүн Теңир-Тоодо али да болсо кыргыз дардын өрттөлгөн маркум сөөктөрү кездешкен көрүстөн ачыла элек?

Бул маселеге А.Н.Бернштамдан кийин окумуштуулар Л.Р.Кызласов, Д.Г.Савинов кеңири, туруктуу токтолуп келишти. Эки окумуштуу тең кыргыздардын келип чыгышын таштык маданияты менен байланыштырышат10, бирок Енисей—Теңир-Тоо кыргыздары боюнча пикирлери айры.

Д.Г.Савинов түрк легендаларына кайрылып, байыркы түрк мамлекетинин жана Енисей кыргыздарынын башкаруучу чөйрөлөрүнүн башта түштүктө теги бир калк болгонун болжогон. Д.Г.Савиновдун болжоосунда енисейдеги «цигулардын ээлиги» биринчи түрк каганаты орногондон 552-жылдан жүз жыл мурун пайда болгон. Енисейге кыргыздардын келиши менен таштык маданиятынын калыптанышы шайкеш келет. Ошондуктан, таштык маданиятынын эстеликтери Енисейге келген «Цигу» деген фонетикалык вариант менен ысмы белгилүү кыргыздар менен байланыштуу. Тарыхый көз карашта алганда, «Таштык маданияты» жана «Цигу ээлиги» деген түшүнүктөр тең салмактуу деп табылышы туура көрүнөт. Тарыхый жазма булакта эскерилген Цигу ээлиги таштык маданиятынын тепсей учуруна туура келет11.

Л.Р.Кызласов өмүрүнүн акырына чейин Енисей — Теңир-Тоо кыргыздарынын ортосундагы генетикалык байланышты четке кагып келди — «кыргыз» саясый термин, аны менен аристократиялык куруу гана аталган, элдин аты «хакас»; «енисей кыргыздары» жана «тяньшань кыргыздары» этнотарыхый эмес географиялык түшүнүккө негизделген; «байыркы хакастар» менен байланышы жок азыркы кыргыздардын түздөн-түз бабалары катары каралып келген «байыркы кыргыздар» деген түшүнүктү токтотуу керек12.

Д.Г.Савинов кыргыздардын «улуу держава» учурундагы Борбордук Азияга тараган маданияттарынын бир канча «минусин», «тува», «алтай», «чыгыш-казахстан», «прибайкалье», «Красноярск» варианттарын бөлүп караган. Ошол учурда Теңир-Тоо аймактарына (көчүп келген айрым бөлүктөрүнүн) көчүп келишин археологиялык табылгалардын негизинде изилдеп, Енисейден улам алыстаган сайын кыргыз маданияты жергиликтүү калктардын таасири аркасында өзгөрүп жүрүп отурганын тизмектешкен ар бир кыргыз маданиятынын изи аныктап турат деген жыйынтыкка келет13.

Бул маселенин үстүндө окумуштуу кыйла жылдары иштеген. Археологиялык табылгалардын ролу жогору экендигин баса белгилеп, Кыргызстанда Кочкордо, Ысык-Көлдө (Боз-Бешик, Чүйдө Ак-Бешим) табылган буюмдарды жана Чүйдө табылып, Ленинграддагы археология институтунда, Москвадагы СССР элдеринин этнографиясы музейинде сакталып турган буюмдардын кыргыз маданиятынын Енисей тамыры менен байланыштуу эстеликтери экендигин далилдеген14.

Окумуштуунун улам илгерилеп пикирин бекемдөөгө далил болуп бере турган маркумду көмүү эстелигине маалыматтары жетпей келди. Акыркы жылдары көп жылдык илимий ишинин кезектеги эмгектеринде ушул темага кайра кайрылып, өз пикирин ишенимдүү жарыялады. Пикиринин бекемделишине биздин археологиялык казууларда табылган далилдерибиз себепчи болду15. Изилдөөлөрүбүздүн натыйжасы Д.Г.Савиновдун Енисейден узап, улам бир жергиликтүү чөйрө таасири аркасында маданиятында өзгөрүү болгонун далилдеди. Окумуштуу күткөн маркумду көмүүдөгү жаңы маалыматтар тууралуу биздин пикирлер туурасында кеп козгойлу.

Эрте орто кылым учурундагы археологиялык маалыматтардын бир өзгөчөлүгү болуп, алардын кошумча тарыхый булактар аркылуу талдоого жарамдуулугу болуп саналат.

Кытай жазма булагындагы түрк урууларынын келип чыгышы боюнча легенданын түпкүрүндө түрк жана кыргыз элдеринин, б.а., Ашина түрктөрү менен Цигулардын (кыргыздардын) бир өзөктөн — карышкыр тукумунан келип чыгышы баяндалат16. Ошол эле жазма булактагы кыргыздар менен түрктөрдүн маркумду өрттөп көмүү салтындагы окшоштуктун белгилениши салттын бир өзөктүүлүгүн көргөзүп турат17. Жазма булакка Караганда, 634 жылга чейин, каган Хйелини өрттөп көмгөнгө чейин түрктөр бул салтты кармап келип, кийин жылкысы менен көмүү адатына өтүшкөн18. Калк чөйрөсүндөгү каада-салт, үрп-адат көп мезгил ичинде ар кыл таасирлер аркасында өзгөрүүгө дуушар болуп турат. Алардын ичинде сөөктү көмүү адаты көпкө чейин негизги белгилерин сактап калат. Ошондуктан, сөөктү көмүү адатынын окшоштуктарына Караганда, түрктөрдүн алгачкы тарыхын баяндаган генеалогиялык легендада бекеринен ашина түрктөрү (тукюе) менен Афу жана Гянь (Абакан жана Енисей) дайраларынын аралыгында жашаган кыргыздардын (Цигунун) теги бир экендиги эскерилбесе керек.

Енисей кыргыздары маркумду көмүү адатын орто кылымдарга чейин кармап келишет. Бул маалыматтардын археологиялык далилдери мол.

Көп жылдар бою Енисей жана Теңир-Тоо кыргыздарынын ортосундагы байланышын аталган өрттөп кемүү адаттары аркылуу талдоого алышты. Бирок бири-бирине төп келген өрттөлүп көмүлгөн көрүстөн табылбады. Ошондон улам Л. Р.Кызласовдун «эгерде кыргыздардын Енисейден Тянь-Шанга (Теңир-Тоону) карай жылышы анык болсо, анда маркумду өрттөп көмүү адаты табылмак… Мындай көрүстөн Тянь-Шанда жок»19 деген пикири басым жасап келди. Д.Г.Савинов тарабынан жогоруда эскергендей, көбүнчө кокусунан табылган эки аймактагы окшош кемер кур тоголору, жебе учтары, ат-жабдыктар аркылуу байланышы аныкталган. Азыр кыргыздардын «Улуу держава» мезгилинен кийинки эстеликтери Алтайда, Казакстанда, Чыгыш Түркстанда белгилүү20.

Архив материалдарын талдоодо өрттөп көмүү адатынын белгилери бар эстелик 1953-жылы археолог Ахмат Кибиров тарабынан Кочкордогу Ичке-Жылга көрүстөн тобунан табылганы аныкталды. Ал өрттөлгөн издери бар курганды казып, орто кылымга таандык өрттөлгөндөн кемер бастырма-тоголору, калган чий, кур тоголорун тапкан21.

Ысык-Көлдөн табылган Енисей кыргыздарына мүнөздүү жоокер курунун кооздугу. 1990-жылы Кыргыз тарыхчылар жамаатынын экспедициясы учурунда профессор Ю.С.Худяков менен бирге жүргүзгөн казуубузда Нарын шаарынын батышындагы Аламышык көрүстөнүнөн Енисей кыргыздарына мүнөздүү атайын топтоп көмүлгөн темир буюмдарын жана өрттөлгөн көргө көмүлгөн адам сөөгүн тапканбыз22. Темирден жасалган ат жабдыктар анча терең эмес 40 см тереңдикте топтошкон абалда табылды. Бул сыяктуу маркумдун буюмдарын топтоп, көрүстөндүн бир жерине жашыруун көмүү («тайник») Енисей кыргыздарында кездешет. Теңир-Тоо аймактарындагы калктарда көрүстөн аянтына буюм жашыруу адаты болгон эмес23. Ал эми Енисей кыргыздарында бул туруктуу көрүнүш. Казууда жыгачтын күлдөрү арбын табылды. Көрүстөн ортосунда көр маркум денеси коюлардан мурун өрттөлүп — ырым аткарылган. Маркум сөөгү өрттөлгөн эмес. Эстелик буюмдардын мүнөзүнө Караганда XI-XIII кылымдарга таандык. Ошондой эле өрттөө адатынын белгилери бар кургандар Кочкордун Бел-Саз, Алайдын Кирпи-Сай эстеликтеринде табылды. Бел-Саз эстелигинде көрүстөндүн сырткы катмарын тазалап жатканда, ооздук жана колодон жасалган оймолуу бастырма табылган. Алар дагы атайын жашырылган белгилери бар. Эстелик XIII—XIV кылымдарга таандык. Алайдагы Кирпи-Сай эстелигинде көрдүн жанындагы чакан чуңкурчада от жагылып, «маркумду тазартуу» адаты аткарылган. Эстелик ХIII-XIV кылымдарга таандык. Маркумду өрттөбөгөн менен баштагы салтынын от менен байланыштуу белгилеринин сакталып калышын аталган Бел-Саз, Кирпи-Сай, Ичке-Жылга, Аламышык эстеликтери далилдеп турат. Табылгалардын артыкчылыгы казуу учурунда белгилүү объекттен табылышында. Алардан сырткары кокусунан табылган Енисей кыргыздарына мүнөздүү күмүш кемер бастырмалары Кочкордун Алкым жеринен табылып, басмага жарыяланган24.

Баамдалгандай, мисал келтирилген эстеликтерде маркум өрттөлгөн эмес, бирок көмүү алдында жана кийин от менен байланыштуу адаттын аткарылышы, көрүстөндүн бир жерине атайын буюмдардын жашырылышы Енисейдеги кыргыздардын адатын элестетет. Аль-Марвазинин маалыматы аркылуу талдасак, мусулмандар арасына келген кыргыздардын баштагы маркумду өрттөө адатынан баш тартышынан кийинки кыргыздардын адатына жакындыгы бардай. «Маркумду өрттөө хирхиздердин салтына туура келет; от аларды тазартат деп ишенишет. Бул алардын баштатан бери келе жаткан салты, бирок мусулмандарга коңшу болгондон тартып, маркумдарды көмө башташты» — деп эскерилет25.

Ушул археологиялык далилдерди 840-жылдардан кийинки учурларда Енисей кыргыздарынын далилдүү издери деген бүтүмгө келип отурабыз. Бирок алардын канча сандуу көчүп келиши тууралуу кеп козгоо азырынча эрте. XIII—XIV кылымдарга чейинки көрүстөн топторунда саны 15ке чейинки гана көрүстөндөр болот.

Усулдук жагынан алганда, Аль-Марвази жазма булагы аркылуу талдасак, маркумду өрттөп көмгөн көрүстөндү гана издөө натура көрүнөт. Мусулман калкына чоочун адатты келген кыргыздар баштагыдай сактап калууга чамасы болгон эмес. Мусулманчылыкты туткан калк үчүн бул адат ойдо жок көрүнүш катары кабыл алынып, салтты алмаштырууну сунуш кылып же талап кылышы мүмкүн эле. Бирок маркумду кемүү адатынан оңой оолакташ мүмкүн эмес. Дүйнөлүк практикада ал салттын консервативдүүлүгү дайым эскерилет. Археологиялык далилге караганда, маркумду өрттөбөгөн менен от аркылуу маркумду тазартуу каадаларын уланта беришкен.

Жылкысы менен бирге көмүлгөн аял көрүстөнү

Маркумду көмүү адаты аркылуу кыргыз элинин маданиятынын келип чыгышын талдасак, кыргыз маданиятында жылкысы менен көмүү адатын алып жүргөн түрк элдеринин таасири болгонун эсибизден чыгарбашыбыз зарыл. Азыркы учурга чейин маркумдун кара ашына жылкы баласын курмандыкка чалуунун орто кылымдагы түрк элдеринен бери келе жаткан салт экенин өз учурунда Токтобүбү Баялиева баса белгилеп кеткен26. Жылкысы менен бирге көмүү адаты ислам дини келгенден баштап жоюлган. Жоюлуп гана тим болбостон, маанисин сактап, башка көрүнүштө сакталып калат. Жылкынын башын күмбөзгө жайгаштыруу, куйругун мүрзөгө илүү, жаназа, доорон үчүн молдого жылкы берүү сыяктуу каадаларга айланган. «Манас» эпосунда молдого жабдыгы менен кошо берилүүчү ат бурак-ат деген ат менен белгилүү: «Эки жүз миң кой айдап, \ Токсон миң кара мал айдап, \ Бурак атын токутуп, \ Жаназасын окутуп, \ Табытка салып которуп, \ Сежидесиз намаз окутуп, \ Чоңтору деген күлүгүн, \ Бурак атка токушуп, \ Бай Көкөтөй бабаңдын Коюлганы шо болду, \ Дубалап салган топурак \ Бир дөбөдөй тоо болду»27.

Түрк жоокеринин айкели

Кытайдын династиялык Тан-шу хроникасында төмөндөгүдөй баяндалат: «Маркумдун денеси чатырга (боз үйге — Т.К.) жайгаштырылат. Уулдары, неберелери жана жакын туугандары аял-эркек дебей (кара ашына — Т.К.) жылкы, койлорду курмандыкка чалып союшат; Ат минип, чатырды (боз үйдү -Т.К.) жети жолу айланышат. Боз үйдүн алдында беттерин кесип, ыйлашат (өкүрүп, үн чыгарашат — Т.К.); кан, жаш бирдей агат. Ушинтип жети жолу кайталап токтотушат. Кийин белгиленген күнү маркумдун минген атын, колдонгон буюмдарын маркум менен бирге өрттөшөт»28. Жогоруда ушул эле хроникада Енисей кыргыздары беттерин тытпайт деп эскерет. Ал эми кыргыздардын айрым аймактарында жесир аялдын бетин тытышы кечээ жакынга чейин сакталып келген. Жесирдин бети канчалык көп тытылып, кан чыкса, маркум күйөөсүнө болгон урматы болгон, эгерде кан чыкпаса, сөөк менен зордоп тилип бергени XIX кылымдан берки этнографиялык изилдөөлөрдө эскерилет29.

Ошону менен бирге эле аял кишинин эри же баласы каза болгондо, бетин тытуусу дал ушул орто кылымдагы түрк адатынын келип жетиши. Жогорудагы далилдүү мисалдар эрте орто кылым учурунда Кыргызстанда жана коңшу аймактарда жашаган түрк тилдүү калктардын да бүгүнкү күнгө дейре сакталып келген кыргыз маданиятынын калыптанышына тийгизген зор таасири болгонун кабыл алышыбыз керек. Алар батыш түрк каганаты, түргөш каганаты учурундагы он ок элинин өкүлдөрү болгон. Он ок элинин учурундагы эстеликтер Кыргызстанда кыйла изилденген.

Ошондуктан, Теңир-Тоону эрте орто кылымдарда мекендеген байыркы түрк калктарынын эстеликтери маркум көмүлгөн көрүстөндөрү, маркумга арнап орнотулган коргончолорго улай тургузулган балбал таштары, көрүстөндөн табылган ат жабдыктары, согуштук куралдары, кооздук тиричилик буюмдарын, каада-салттарын изилдөөнүн кыргыз элинин этникалык тарыхын, маданиятын изилдөөдө зор мааниси бар. Материалдык маданиятынын айрым элементтери, айрыкча ат жабдыктарда баамдалып турат. Ээрдин капталындагы канаттарынын жасалышы, ооздуктун теңөлүктөрү бүгүнкү күндө кездешет.

Теги жакын уруулардын бири-бирине жуурулушу тууралуу тарыхта мисалдар көп. 711-жылы кышында Барсбек элине кол салган өз тектештери — чыгыш көк түрктөрү келип, сүңгүлөшкөндөн кийин кыргыздар арасында калган түрктөр болгон. Алардын тукумдары хакастардын ичинде көк-кыргыз деген уруулар экени болжонот30.

Он ок эли жана башка түрк тилдүү калк да азыркы кыргыз элинин канында, алардын руханий, материалдык маданиятынын мураскорлору элдин канында. Алардын кыргыздарга тиешеси жок деп өгөйлөткөн пикирлер болгон менен көрсөтүлгөн археологиялык, этнографиялык далилдерди танууга болбойт. Эң башкысы, алардын абалкы келип чыгыш тарыхы, тамыры бир. Ошондуктан, Енисей кыргыздары кайра байыркы Теңир-Тоо мекенине кайтканда Теңир-Тоодогу байыркы кандаш туугандары менен тез жуурулушкан.

Тик-Булактагы рундук жазуу менен коштолгон калпакчан жоокердин таштагы сүрөтү

Кытай жазма булагында эки элдин кийими, эркектеринин чачты өрүшү сыяктуу окшоштуктары баса айтылат. Эскерилген кытай жазма булагында түпкү теги бир кыргыз-түрк элдеринин кийими бирдей болгону эскерилет жана элестүү сүрөттөлөт. Н.В.Кюнердин котормосунда «ал өлкөде (падышачылыкта, кыргыздарда — Т.К.) бардыгы чачтарын кырдырышат, чачтарын өрүшөт. Кийим-кечеги туцюэ (никине) (түрктөрдүкүнө) окшош. Кышында киш терисинен жасалган баш кийим кийишет; жайында калпактарын алтын менен кооздошуп, төбөсүн шуштуйтуп, курбусун кайрып коюшат. Алар, хуйгулардын (уйгурлардын) айтымында, азыр да ушундай баш кийим кийишет. Букаралары ак кийизден калпак жасашат, калган бычымы жалпы жонунан бирдей»31. Кочкор жергесиндеги Көк-Сай эстеликтериндеги таш бетине чегилген сүрөттөрдө төбөсү шоңшогой баш кийим кийип, куш кармап турган Он ок элинин жоокерлеринин айрым сүрөттөрү тарыхый жазма булакты тастыктап турат. Ал баш кийим бүгүнкү күнүбүзгө чейин келип жетпедиби. Демек, кыргыз-түрк маданиятынын беделдүү мураскору кыргыз эли.

Кыргызстандын булуң-бурчтарында кездешүүчү балбалдардагы жоокер аркылуу орто кылымдардагы бабалардын элесин көз алдыга элестетүү мүмкүн. Бүгүнкү күндө элестетүү менен гана эмес, аларды сактоо, аздектөө талап кылынып турат. Алардын эч маанисин түшүнбөй, байыркы эл-жер коргогон жоокер элесине арналган маркум жоокер эстелигин үй, дүкөн, ресторан алдына декорация катары пайдалануу агымы башталып отурат.

Эгерде шоңшогой баш кийим тарыхына кайрылсак, тарыхы б.э. чейинки I миң жылдыктан баштап уланат. Ал учурдун шоңшогой баш кийим түрлөрү көп. Кийген өкүлдөрү сактар жана аларга удаа, мезгилдеш жашаган калктардын ичинен Алтайдагы пазырык маданиятындагы музда күнү бүгүнкүдөй сакталып калган баш кийим кадимки калпактын бычымына окшош. Эки тарабында чачысы, оймолору бар32, өз учурунда көчмөндөр маданиятынын жогорку деңгээлдеги маданиятынын үлгүлөрүн алып жүргөн пазырык тургундарынын урпактары болууну өтө эңсеген калктар көп. Бирок маданий мураскорлук жагынан алганда шырдактары, аталган калпактары кыргыз элинин маданиятында жашап келет. Бул кеп аркылуу мындан 2500-2200 жыл мурда жашап кеткен маданияттуу көчмөн калктын урпагы болууга негизсиз умтулуу эмес. Материалдык маданияттын изи ушул пикирди жаратып жатат. Алар менен мезгилдеш чыгышыраак жашаган хуннулардын шырылган шырдактарын карап33, бүгүнкү күндө кыргыз уздары жасаган шырдак менен болгон байланышын кантип танууга болот.

Аталган маданий байланыштын канчалык деңгээлде этникалык тиешеси бар экени келечекте генетикалык изилдөөлөрдө такталары талаш туудурбайт. Теңир-Тоо аймактарында хуннулардын классикалык эстеликтери табылбаган менен, хуннуларга мунөздүү каада-салттарынын издери кездешкен учурлар бар. Мисалы, Ат-Башыдагы Арпа, Алайдагы Туюк эстеликтеринде маркумдун жанына коюлган малдын баштарын жайгаштыруу хуннулардын чөйрөсү аркылуу келген салт. Хуннулардын усундар менен болгон б.э. 71-жылы болгон согушунда гуньмо Унгуйми 40 000 колго түшкөн хунну аскерин усундардын курамына алган34. Өз учурунда алар Теңир-Тоо аймактарында жашаган калктардын, анын ичинде түрк калктарынын ичинде калып калышы толук мүмкүн эле. Кетмен-Төбөдөгү чыгыштан чыккан улуу көч доорундагы эстеликтерде хуннуларга мүнөздүү борбордук азиялык монголоиддик антропологиялык типтер кездешкен. Мына ушул сыяктуу маалыматтар хуннулардын да ушул аймактарга тийгизген чакан ролун көргөзүп турат.

Аталган эле кытай жазма булагында түрк жоокерлери ооруп жатып өлүүнү уят деп эсептеп, согушта өлгөндү даңкка теңешет. Алардын турпаты хуннулардан эч айырмаланбайт деп аларды хуннуларга жакындаштырат. Археологиялык табылгалар жагынан алганда, түрк маданиятынын башатын хуннулар, пазырык маданияты түзөт. Түрктөрдүн аскер куралдары, аскер өнөрү хуннулардан мурасталган, жылкысы менен бирге көмүү салты пазырык маданиятынан келип жаралат. Маданиятынын калыптанышы менен катар элдин калыптанышында эки маданияттын ролун да эсепке алуу абзел.

Кызыгууну туудурган дагы бир археологиялык табылга бар. Усундар жашаган доорго мезгилдеш көрүстөндөрдү Кочкор өрөөнүндө казуу учурунда аялдардын жанынан тиги дүйнөдөгү тамак азыгы катарында коюлган эт жана суюктук тууралуу маалымат улам кайталанып чыга баштады. Суюктугу сорпо же сүт азыгы болушу мүмкүн, эти койдун куймулчагы аркылуу билинип эле турат. Куймулчактын туруктуу коюлганына Караганда, ошол учурда эле сыйлуу устукан болуусу керек. Бул катардагы букара эстеликтериндеги маалымат. Ал эми көлөмдүү, диаметри 20 метрден ашып барган беделдүү адамдар көрүстөндөрүн казуу учурунда алардын көркоолор тарабынан казылып, чачылганына карабастан, дагы бир кызыктуу маалымат алдык35. Алардын айрым көрлөрүнөн жылкынын учасы табылып жатты. Маркум жанына коюлуучу куймулчак кийин Соң-Көл, Ат-Башы жергелеринен табылып, ошол учурдагы калктардын туруктуу салттарынын бири болгону далилденди. Бүгүнкү күндө урматтаган, сыйлуу, сакалдуу табакка отургузуудагы устукан узатуу тартибинин башаты ушул усундар мезгилинде болгонун негизсиз четке кагуу мүмкүн эмес деген пикирдебиз. Ошондуктан, археологиялык казууну дайыма эски баалуу буюм топтоо эмес, баалуу, маалымдуу далил топтоо иши деп таануу абзел.

Дагы бир мал сөөгүнүн маркумду көмүүдө пайдаланылышы тууралуу маалымат алынды. Бир караганда кеңүл бөлүүгө татыксыз табылга болгону менен жаңы маалымат кыргыз жана ага тектеш калктардын каада-салттарын изилдөөдө мааниси бар деген пикирдебиз36. Ат-Башы жергесиндеги Чет-Келтебик, Сөң-Көл жергесиндеги Чоң-Дөбө эстеликтерин казууда б.з. III-V кылымдарына таандык айрым көрүстөндөрдө койдун жамбаш сөөгүнүн керте чабылган жарымы (оюк тарабы) учурап калып жатты. Айрым дегенибиз — алар чарчап калган жаш балдардын жанынан табылган. Экинчилери бир учурда эки же үч адам бир коюлган көрүстөндөрдөн учурады. Бул адат азыркы мезгилге чейин уланып келбеген соң, анын маанисин ачуу үчүн этнографиялык маалыматтардан кездештире алган жокпуз. Бирок ортосунан бөлө чабылып, туюк тарабы коюлган маркум көмүү салтынын азыркы учурда кездеше калуучу маркум жанына кулпу коюу адаты менен жакындыгы бардай. Кулпу бир үйдөн бир-эки же андан ашык адам биринин артынан бири дүйнө менен кош айтышкан учурда, кээде жаш балдардын жанына — мындан кийин жаманчылык болбосун деген ниет менен байланыштырыла коюлуп келе жатат.

Калк арасында сурамжылоодо, Нарын жана Ысык-Көлдө айрым гана карылар жамбаш сөөк эти желгенден кийин туюк тарабын ажыратып коюу керек деген кепти укканын айтып, анын мааниси эмне менен байланыштуу экенин түшүндүрө алышкан жок. Көпчүлүк жерде далынын башын кесип коюш керек деген учурлар көп кездешет. Балким, маркум жамбаштын туюк тарабы жаманчылыкты туюктоо, жолун бөгөөнү түшүндөргөн, символдоштурган. Ошондуктан, удаа кеткен маркум жанына же жаш чарчап калган бала жанына туруктуу коюлган сөөк кийин жаманчылык менен байланыштырылып, кооптондурган үчүн туюк тарабын ажыратып коюп жүрүшкөн. Жарты сөөктүн табылышы факт, ага карата биздин алдын ала болжообуздун натыйжасы ушундай.

Көчмөндөр маданиятынын цивилизациясынын бир белгиси рун сымал жазылган жазма маданияты. Түштүк Сибирдин Енисейдеги, Монголиянын Орхонундагы, Талас, Кочкор жазууларынын тили бири-биринен айырмаланбайт. Ошондуктан, Борбор Азиянын кең талаалуу, токойлуу, тоолуу аймактарын орто кылымдарда мекендеген түрк тилдүү элдеринин мурастарын бири-биринен бөлүп-жарбай, азыркы чегараларга ыктабай изилдөө талап кылынат. Кочкордогу уруулук тамга менен коштолгон жаңы жазуулар гана эмес, аларды коштоп турган тамгалар изилдөө алкагын чектебей изилдөөнү талап кылып отурат37.

Кыргыз элинин маданиятынын учугун уласак, Борбор Азиядагы байыркы белсемдүү элдер маданияттарына барып такалат. Ар кыл элдин кошулушунан жаралган эл эмес, кыргыз кыргыздан жаралган деп жер тепкен менен маданиятынын калыптануу изи байыркы мезгилдеги теги бир көчмөн калктар маданияттарына байланышат. Бүгүнкү күндөргө чейин мурас болуп жеткен байыркы маданияттар менен түз байланышы бар үлгүлөрдөн баш тартуу мүмкүн эмес, баш тартуунун зарылчылыгы жок. Мисалы, пазырык маданиятындагы алды кайрылган калпак, усундар эстелигинде маркум аял кишилердин жанына коюлуучу куймулчак, маркум эркек адам жанындагы учанын коюлушу алардын кадырлуу устукан болгонунун далили. Кыргыз маданиятында али сакталып келген ушул сыяктуу археологиялык далили бар табылгалар аталган маданияттардын мураскорлорунун бири экендигин ачык көргөзүп турат. Хуннулардын шырылган шырдактары, боз үйдү эр жана эпчи тарабына бөлүү тартиби өңдүү салттарынын биздин турмушубузга келип жетиши бекеринен эмес.

Дагы бир жагдай Теңир-Тоо аймактарын мекендеген кыргыз элинин жана маданиятынын калыптанышына тиешеси бар калктардын чарбасы менен байланыштуу. Дайыма кеп көчмөндөр маданияты тууралуу жүрөт. Эгерде А.Н.Бернштамдын 40-жылдардагы изилдөөлөрүнөн бери келсек, андан кийинки археолог А.К.Абетековдун, В.П.Мокрыниндин38 эмгектеринде б.э.ч. миң жылдык ичинде көчмөн калктар алкагында, ошол эле эл ичинде отурукташып жер иштеткен бөлүгү болгонун археологиялык маалыматтардын негизинде аз болсо да далилдеп келишкен. Кийинки жылдары Кочкор өрөөнүнүн түштүк-чыгыш тарабындагы Чап жергесинде байыркы турак-жай ордунун табылышы башта аталган окумуштуулардын пикирин кошумча далилдеди. Адырдын батыш тарабындагы сырты көлөмдүү таштар менен курчалган чапта турак-жай орду ачылды. Казууда таштан жасалган ороктун сыныгы, жаргылчактар жана чопо идиштердин калдыктары табылды. Турак жайлары тууралуу айтсак, алгачкы казуу маалыматтары боюнча жарым үй формасында жантайыңкы жерге курушкан. Үй дубалдары көлөмдүү бышырылбаган кирпичтен, сокмо дубалдан курулган. Табылган чопо идиш калдыктары археологиялык казууларда сак-усундар жашаган мезгилдеги көрүстөндөрдө табылуучу чопо идиштерге окшош39.

Көчмөн калктарга мүнөздүү кемер кур тоголору, тиричилик буюмдары, аскердик куралдар ар бир Кыргызстанда жана коңшу аймактарда казылган орто кылымдардагы шаарчаларда табылат. Невакет шаарчасынын некрополунда жылкысы, аялы менен бирге көмүлгөн жоокер көрүстөнү ачылган40. Көпчүлүк адабиятта бул аймактарда шаар маданиятынын согдулуктар тарабынан негизделишине басым жасалып, согдулуктар келгенге чейинки усундар турак жайлары, орто кылымдарда отурукташкан түрк калктарынын ролу эсепке алынбай келе жатат. Ушундан улам кыргыз жана ага тектеш калктардын этногенезинин, маданиятынын калыптануу, өнүгүү учурларын шаар маданиятынан да иликтениши талапка ылайык. Байыркы мезгилдерде, орто кылымдарда калктын көчмөн бөлүгүн дан азыктары менен камсыз кылып келген бөлүгү кийинки жүз жылдыктарда уланып, XIX кылымдарга чейин жер иштетүү мурасын улантып келишкен, сугатты мыкты өздөштүрүшкөн. Алар кыргыздарда жатакчылар деген ат менен белгилүү.

Кыргызстан жерин мекендеген байыркы бабалардын мураскерчилик маселелерин физикалык антропология далилдеп отурат. Азыркы кыргыз, казак элдери антропологиялык классификация боюнча Түштүк Сибирь кичи расасына кирет. Раса европеоиддик жана монголоиддик физикалык типтердин аралашуусунан жаралган. Түштүк Сибирь кичи расасынын калыптануу жолу Түштүк Сибирь, Алтай, Монголия, Теңир-Тоо аймактарында өткөн. 1987-жылы кандидаттык диссертациясын сак-усун урууларынын жана кенкол маданиятынын антропологиясы боюнча жактаган окумуштуу антрополог С.С.Турдун эмгеги натыйжалуу жаңы жыйынтыктарды берди41. Мисалы, дайыма сактар учурундагы калктардын андрон маданиятынан келип чыкканына басым жасалып келген. Физикалык антропология боюнча сактар учурундагы калктардын популяцияларынын көп сандуулугу далилденди. Алардын бирикмелеринин айрымдары Түштүк Сибирь аймактарында расалык жактан калыптанып, Теңир-Тоого келиши айкын көрүнгөн. Ошондуктан, сак маданиятынын негизин андрончулардан гана эмес, коло доорунун акырында чыгыш аймактарда жашаган калктар менен байланыштырып изилдөө келечектүү болуп калды.

С.С.Турдун пикири кийинки жылдары Теңир-Тоо тараптардан табылган «бугу таштары», «херексурлар», «сегизташ» аттуу археологиялык эстеликтер аркылуу далилденип отурат. Аталган эстеликтер Монголиянын түндүк-чыгышы, Түштүк Сибирь, Алтай, Чыгыш Түркстан жергелеринде кездешкен маданий эстеликтер. Аларды Теңир-Тоого алып келген калктардын сак деп жалпылаштырып айтылчу көчмөн калктардын калыптанышына тикеден-тике тиешеси бар42. Ал маданият кийинки жүз жылдыктардагы Борбор Азия көчмөндөрүнүн маданиятын негиздеген маданият. Орто кылымдагы кыргыз жана түрк тилдүү калктардын маданияттарынын калыптануусу ушул эрте темир доорунун маданияттары менен тыгыз байланыштуулугу шек туудурбайт.

Мына ушундай маалыматтарга карап, биз кыргыз жана ага тектеш калктардын маданиятынын калыптануу жолун талдоого далил топтоону уланта алабыз. Археология илиминин этникалык тарыхты иликтөөдөгү жөндөмү ушунда. Биздин милдет азыркы кыргыз маданияты түз же кыйыр тиешеси бар маданият элементтерин талдоо эмес, келечектеги изилдөө багыттарын аныктоо болуп саналат.

Оор маселелердин бири — казылган эстеликтин этникалык тиешелүүлүгүн аныктоо. Айрым археологиялык табылгалар элге таандык этникалык белгилерди ачык көргөзүп турат. Мисалы, Енисей кыргыздарынын маркумду өрттөп көмүү сыяктуу. Биз иликтегендей, ал маданият сырткы таасир аркасында же себепкер ички фактор таасири менен археологиялык казууда башка формада кездешиши мүмкүн. Материалдык маданият да кээде этникалык көрсөткүчкө ээ болгон менен дайыма өнүгүү-өсүү жолунда болот. Евразиянын талаалуу, тоолуу аймактарында эл жолобос арал катары жашоого эч мүмкүн болгон эмес. Алыскы-жакынкы аймактар менен дайыма дипломатиялык байланышта болуп өнүккөнүн археологиялык булактар ачык-айкын далилдеп турат. Аскер куралы же кооздук буюму болобу, эл рухуна жаккан каада-салт болобу, бири-бирине оошуп турганын казуу материалдарында элестүү көрүнүп турат. Күчтүү көчмөндөр империяларынын мисалдары боюнча алсак, кээде бир күчтүү элдин же мамлекеттин белгилерин анын курамына кирген тили буруу эл да кабыл алган учурлары бар.

Борбордук Азиядагы орто кылымдагы түрк тилдүү калктар маданияты б.э. II миң жылдыкта уланып өнүгүп жүрүп отурат. Кийинки он жылдыктарда айрыкча XIII —XV кылымдарга тиешелүү археологиялык маалыматтардын ролу жогорулоодо. Себеби ушул археологиялык маалыматтар кыргыз маданиятынын орто кылымдагы маданияты менен кошуп турган көпүрө иретинде кабылданууда.

XIII —XV кылымдарда Борборк Азияны түрк-монгол элдерин өзүнчө окшош маданият каптайт. Маркумду көмүүчү жайлар таштан курулуп, басымдуу бөлүгү сүйрү формада. Маркумду көмүү адатында баштагы жылкы ордуна ат-жабдык жайгаштыруу тарайт43. Кийинки он жылдыктарда алардын табылышы жана изилдениши аркылуу кыргыз элинин, ага тектеш элдердин маданияты тууралуу көз карашыбызды калыптандыра алдык. XIII —XV кылымдардагы кургандардан табылган ат-жабдык элементтери, айрым кийим түрлөрү, аялдардын кооздук буюмдары IX-XX кылымдарга чейин келип жетет. Ушул далилдерге таянып, кыргыз маданиятынын кеч орто кылымдар учурундагы өнүгүү, калыптануу жолун көрсөтмөлүү талдай алабыз. Мына ушул учурдагы маркумду көмүү жайынын бардык белгилери XVIII—XIX кылымга чейин келип жетип, муундан-муунга өтүү жолунун көрсөткүчү катары кызмат кыла баштады. Кийинкилерде маркум жанында мусулманчылык тартибине ылайык буюмдар, тамак-аш коюлган эмес.

Алгач изилдөө учурунда ар бир табылган эстелик монгол тилдүү калк менен байланышы бардай туюлду. Көрсө, Борбор Азиянын чыгыш аймактарында, атап айтканда, Забайкалье, Монголия аймактарында ушул сыяктуу эстеликтерди изилдеген окумуштуулардын пикири аркылуу чектелип каралып жаткан экен. Окумуштуулар аталган аймактардагы казууларында бир туруктуу салтты баамдашат. Ал белги дале болсо маркум жанына тамак азыгы иретинде коюлуучу мал сөөгү менен байланыштуу болуп чыгат. Ар бир маркум жанынан туруктуу белги катары койдун жото жилиги чыгат. Изилдөө маалыматтарын талдап келип, окумуштуулар ошол X-XIII кылымдарда ал аймактарды ээлеген монголдор менен байланыштырылат. Ошону менен катар ритуалдык сөөк Батыш Забайкальеде VIII -Х кылымдардагы түрк кейиптүү эстеликтерде кездешээрин эскертишет44. Ошондон улам Борбор Азиянын кайсы аймагында ритуал менен байланыштуу койдун жото жилиги жанына коюлган көрүстөндөр монгол көрүстөндөрү деп атала баштайт.

Бирок Теңир-Тоодогу андан мурдакы Vl-Х кылымдар арасына таандык түрк эстеликтеринде ушул ритуалдык сөөктүн коюлушу түрк калктарына мүнөздүү экенин археологиялык далил көргөзүп турат45. Кийин бул салт чыгыш түрктөрүнүн жерине келген монгол тилдүү калкка тараган. Ошондуктан түрк-монгол калктарынын маданиятын изилдөөдө, ушул сыяктуу табылгаларды талдоодо монгол империясы орногонго чейинки маданияттарды так иликтөө талап кылынат. Монгол империясы негизделгенге чейин, империясы күчөп турган учурда чарбалык-маданий тиби окшош түрк-монгол калктарынын ортосунда маданий алака күч алган. Дагы бир мисал. Монголияда мезгили так аныкталган, руникалык жазуу менен коштолгон эстелиги бар (Ихе-Асхет)46. Анда малдаш урунуп отурган түрк жоокеринин эки тарабында бийик баш кийимдүү эки аял тартылган. Баш кийим Борбор Азия көчмөндөрүнүн баш кийимине жакын. Ошол эле учурда баш кийимдин алды тарабы кыргыздардын такыясына түспөлдөш. Мына ушул баш кийим XIII—XIV кылымдарда Борбор Азиядагы түрк-монгол калктарында кеңири тараган баш кийимге айланат. Монгол империясына барып кайткан Кытай, Европа саякатчылары, маалыматчылары монгол аялдарынын баш кийими катары сүрөттөп жазышат.

Мына ушул баш кийим, кой сөөгүнүн коюлушу сыяктуу мисалдарды талдабай туруп, бир этностун салты, белгиси катары кароо туура эмес болорун изилдөө көргөзүп отурат. Ошого карабастан Борбор Азиядан Чыгыш Европага чейинки аймакта жото жилик кездешкен, аялдардын бийик баш кийими (бокка) кездешкен эстеликтер бирде монголдорго, бирде кыпчактарга тиешелүү деп аталып келе жатат. Тарыхый булактардын бири Аль-Омари эмгегинде татар-монголдордун келиши менен кыпчактар алардын колу алдында калганы, кийин алар кыпчактар менен аралашып, алар кыпчак жерине отурукташып, кудум кыпчактар сыяктуу болуп калышты деп эскерет. Маалыматчы билген бир жердеги элдин аралашуусун кеп кылууда. Мына ушул сыяктуу жазма тарыхта айтылбай калган жер канча. Ал эми археологиялык табылгалар ушул сыяктуу элдердин аралашуусу, жуурулушу сыяктуу далилдерди табууга жөндөмдүү.

Теңир-Тоодогу XIII —XV кылымдардагы эстеликтери ушул сыяктуу маалыматтарды тартуулап, ичинен кыргыздарга жакын эстеликтерин иргөөнү талап кылып отурат. Себеби жогоруда эскерткендей, монгол империясы учурунда Борбор Азия көчмөндөрүнүн ортосунда түрк-монгол калктары терең маданий интеграцияны башынан кечирген. Натыйжада, алардын каада-салтында көп окшош белгилер пайда болот. Айрым туруктуу белгилер аркылуу ажыратып талдоо мүмкүн. Алардын бир бөлүгү жогоруда эскертилген Енисей кыргыздарынын өрттөп көмүү салты менен жакын Кочкордон, Алайдан казылган керустендер тузет. Башка бир бөлүгү Д.Г.Савинов бөлүп караган Енисейдеги кыргыздардын «часовенногорский» тибиндегилерине үндөшкөнү көрүнүп турат47.

XV-XVII кылымдардагы кыргыз жоокерлеринин туулгасы

Бүгүнкү күндөгү археологиядагы бир проблема XV-XVII кылымдар арасын изилдөө менен байланыштуу. Ал учурдун эстелиги жок дебей, изилдөө багытын туура аныктаса маселе өз жолун табат. Максаттуу изилдөөлөр аркылуу ушул доорлорго таандык эстеликтер табылат, изилденет. Материалдар таптакыр жок эмес. Акыркы табылгалардын бири темирден жасалган туулга48. Кыргыздардын ушул кеч орто кылым учурундагы маданияты илимдеги жаңыча усулдуктар менен куралданган этноархеологиялык изилдөөлөр аркылуу чечилиши талашсыз. Изилдөөчү объекттер катары кыргыздардын чарбалык турмушу менен тыгыз байланыштуу объекттер — таш короолор, таштан, топурактан салынган турак жай ордулары, ырым-жырым аткарган жерлери, аска бетине тартылган кыргыз петроглифтери чыга алат. Алдын ала жүргүзүлүп жаткан алгачкы баамдоолорго караганда ушул объекттердин орто кылымдардагы, байыркы мезгилдердеги традициялар менен байланышы бардай. Мисалы, ыйык жерлер иретинде пайдаланылган айрым мазарларда байыркы диний ишенимдер изин табуу келечектүү көрүнөт.

Байыркы мезгилдеги мергенчилик сценасы тартылган таштагы сүрөттөр кийин шыйрактуу мылтыктар менен анчылык кылуу сымал сүрөттөр менен маанилеш өңдүү49. Тематикалуу бир окуяны, мисалы, көчтү, той сымал сценаны ташка чагылдырган элдик сүрөттөр табылып, изилдене баштады. Кеч орто кылым учурунунда байыркы мезгил сыяктуу туруктуу канондору болгонун жаңы табылгалар аныктайт. Арасында баштагы сүрөттөрдү туурап же болбосо үстүнөн жаңылатып койгондору да кездешет. Изилдөө объекттери болгон соң, бул багытта жаңыдан дилгир адистерди тартуу, даярдоо иши башталды. Алар изилденип, учурунда кыргыз маданиятын жана этникалык тарыхын изилдөө үчүн жаңы ой-пикир жаратары эч шек туудурбайт.

Мына ошентип, кыргыз маданиятынын калыптанышынын узак жолу баяндалгандай археологиялык табылгаларда айкын көрүнүп турат. Археология жалпылаштырган куру маалыматтар эмес, зат түрүндөгү маалыматтуу булак экендигин танууга болбос. Археологиялык маалымат менен талыкпай иштегенде окумуштуу элдин тарыхын курулай узакташтыруу менен алек болууга чамасы жок. Изилдөө иштери улам жаңы пикирлер менен толукталат. Археологиялык булактар аркылуу элдин маданий өнүгүүсүн доор-доору боюнча тизмектеп чыгуу мүмкүн. Изилдөөдө бир кездешкен маалымат эмес, улам кайталанган туруктуу маалыматтар аркылуу жыйынтык чыгаруу ар бир окумуштуулук изилдөөнүн талабы. Табылганын өздүк касиеттери изилденгенден кийин ал тарыхый булактагы маалыматтар, эл ичинен алынган этнографиялык маалыматтар аркылуу көз чаптырып талданат. Ошондо гана ал маалымдуу, ишенимдүү булак даражасына жетиши мүмкүн.

Кыргыз элинин материалдык маданиятынын, руханий маданиятынын узак жолу элдин этникалык тарыхы менен тыгыз байланыштуу. Элдин маданиятынын жана элдин эл катары калыптанышын археологиялык булактар аркылуу талдаганда байыркы мезгилден тартып улам бир аймакта, ар кыл этникалык чөйрөдө калыптанышын эске алуу керек. Себеби ар бир салттын, буюмдун тарыхына көз чаптырганда сырткы чөйрөнүн таасири жана кадимки өнүгүү мыйзамына ылайык жаңыланууучурлары бар. Айрыкча этникалык процесстер менен иштегенде тактык талап кылынат. Ар бир элдин этникалык тарыхын талдоо бир окумуштуунун колунан келе бербейт. Этникалык тарыхты жазган окумуштуу ал тарыхка тиешелүү түрдүү булактар менен иштеген окумуштуулардын пикирин жалпылаштыруу менен алек болот. Көп булактарды туура талдоодо болушу абзел.

Тарыхый изилдөөгө кызыккан адистер учурда арбып жаткан учур. Кээде бир изилдөөчү өз пикирин жандандыруу үчүн өзүнө жаккан гана булактарды иргеп пайдаланып, авторлук пикирине «ыңгайлуу» маалыматтар менен иштеген учурлар кездешет. Байыркы көчмөн калктарынын маданияттарындагы айбанаттар стили, аскер куралдары, ат-жабдыктарындагы окшоштуктарды жана кыймылдуу көчмөн маданиятынын ар бир учурундагы өнүгүү өзгөчөлүктөрүн эске албай туруп, бирин-экин гана белгилер аркылуу бүгүнкү этностор менен түздөн-түз байланыштыруу көп учурда терс натыйжаларга алып келет. Жөн гана карапайым калкка жаккан, жакшы кооздолгон, бирок далилсиз, ишенимдүү булаксыз жазылган эмгек тарых болуп бербейт. Көп элдин тарыхын жасалмалап, көкөлөтө жазуу эмес, далилдүү чындыкты алып чыгууда. Учурубузда ар бир тарыхка тиешеси бар адис өз тармагындагы эл тарыхына, маданиятына тиешеси бар изилдөөлөрүнүн өтөөсүнө чыгара талдап, жалпы этникалык тарых жазуу казанына жаңы, ишенимдүү, маалымдуу пикирлерди топтоо болуп саналат.

Биз бул эмгегибизде кийинки он жылдыктарда археологиялык казууларда алынган маалыматтар негизинде кыргыз элинин жана маданиятынын калыптанышына тиешеси бар маалыматтардын талданган натыйжалары менен тааныштырдык. Археологиялык маалыматтарга караганда, кыргыздарга тиешелүү материалдык калдыктар кыргыз элинин маданий өнүгүүсү Борбор Азиядагы байыркы жана орто кылымдардагы маданий жана этногенетикалык процесстердин ажырагыс бөлүгү болгон. Кыргыз маданиятынын, тарыхынын өз жүзү айрыкча эрте өнүккөн орто кылымдар учурунда археологиялык маалыматтар аркылуу даректүү көрүнүп турат. Ошону менен бирге кыргыз маданияты байыркы учурдан бери өзү менен тектеш маданияттар менен байланышта болуп, аларга таасирин тийгизип, же таасирленип турган.

Кыргыздардын этногенезин изилдөөдө байыркы жана орто кылымдардагы миграциялык процесстердин ролу баса белгиленип, ошол аймактардагы маданияттын өзгөчөлүктөрүн талдоо абдан маанилүү. Изилдөө ишинде ар бир пикирдин археологиялык далилдери зат түрүндөгү буюмдар жана руханий маданият тармагында акырындап топтолуп келе жатат. Ошондуктан келечектеги кыргыз этногенезине байланыштуу талдоолор, жыйынтыктар кыргыз маданиятынын генезиси менен (культурогенез) байланыштуу жүргүзүлөт.

«Жаңы Ала-Тоо» журналы, 2009, №1

Колдонулган адабияттар:

Бернштам А.Н. Историко-археологические очерки Центрального Тянь-Шаня и Памиро-Алая. — М.,Л.; 1952. 89-94-беттер.

2Аталган эмгек: 83, 88.

3Аталган эмгек: 88-89.

«Сорокин С.С. Среднеазиатские подбойные и катакомбные захоронения как памятники местной культуры. Советская археология. XXVI. — М., 1956. с. 116-117.

Никаноров В.П., Худяков Ю.С. Изображения воинов из орлатского могильника // Евразия: культурное наследие древних цивилизаций. — Новосибирск, 1999. с. 141-148.

Боровкова Л.А. Запад Центральной Азии во II в. до н.э. — VII в. н.э. — М., 1989. 62-6.

Бартольд В.В. Киргизы. Исторический очерк. // Избранные произведения по истории кыргызов и Кыргызстана: — Б.: Шам, 1996. 179-6.

«Тюркология — 88. — Ф., 1988; Вопросы этнической истории киргизского народа. — Ф., 1989.

Бичурин Н.Я. Собрание сведений о народах обитавших в Средней Азии в древние времена. -М., Л., 1950. с. 353.

10Бутанаев В.Я., Худяков Ю.С. История енисейских кыргызов. — Абакан, 2000. 61-62-беттер. Эскертүү: Липский А.Н., Вадецкая Э.Б., Худяков Ю.С. Енисеидеги кыргыздардын келип чыгышы менен байланыштырышпайт.

«Савинов Д.Г. Антропоморфные изваяния и вопрос о ранних тюрко-кыргызских связях. Тюркологический сборник. 1977. — М., 1981. 248-6.; Савинов Д.Г. Население Среднего Енисея // Jornal of Turkic civilization stadies №1 (2004). 131-132-беттер.

Кызласов Л.Р. Очерки по истории Сибири и Центральной Азии (раздел этнонимы «хакас» и «кыргыз» в конкретно-историческом освещении). — Красноярск, 1992. 195-207-беттер.

Кляшторный С.Г., Савинов Д.Г. Степные империи древней Евразии. — С-Пб.: Филологичес кий факультет. СпбГУ, 2005. 263-274-беттер.

4Савинов Д.Г. Народы Южной Сибири в древнетюркскую эпоху. — Л., 1984. Аталган автор. Археологические данные о связи енисейских и тянь-шаньских киргизов в конце I начале II тысячелетия н.э. // Вопросы этнической истории киргизского народа. — Ф., Илим, 1989. 77-91-беттер.

|5Табалдиев К.Ш. Курганы средневековых кочевников Тянь-Шаня. — Бишкек, 1996.

16Бичурин Н.Я. Собрание сведений о народах обитавших в Средней Азии в древние времена. -М., Л., 1950.    с. 221-222.

17Аталган эмгек: 230-6.

18Аталган эмгек: 256.

Кызласов Л.Р. История Тувы в средние века. —  М.,   1969. 108-бет.

«Кляшторный С.Г., Савинов Д.Г. Степные империи древней Евразии. — СПб.: Филологичес кий факультет. СпбГУ, 2005. Раздел «кыргызское великодержавие». Локальные варианты культу ры енисейских кыргызов в середине IX-X вв. 263-274;

Худяков Ю.С. Кыргызы в Восточном Туркестане // Кыргызы: этногенетические и этнокультур ные процессы в древности и средневековье в Центральной Азии. Материалы международной научной конференции. — Бишкек, 1995. 180-194-6.

; Кибиров А.К. Погребение из Ичке-Жылга // Кыргызы: этногенетические и этнокультурные процессы в древности и средневековье в Центральной Азии. Тезисы международной научной конференции. — Бишкек, 1995. 43-46-6.

22Худяков Ю.С, Табалдиев К.Ш. Курганы их могильника Аламышык // Этнокультурные про цессы в Южной Сибири и Центральной Азии в I-II тысячелетии н.э. Сборник научных статей. -Кемерово: Кузбассвузиздат, 1994. 112-129-беттер.

23Табалдиев К.Ш. Некоторые вопросы этнокультурной интерпретации средневековых по гребений Кыргызстана // Кыргызы: этногенетические и этнокультурные процессы в древности и средневековье в Центральной Азии. Материалы международной научной конференции. — Бишкек,

  1. с. 75-77.

24Табалдиев К.Ш., Худяков Ю.С. Сбруйный набор из местности Алкым в Кочкорской долине Тянь-Шаня // Проблемы археологии, этнографии, антропологии Сибири и сопредельных террито рий. Том 5. — Новосибирск, 1999. с. 514-520.

; Аль-Марвази. «Табан аль-хайаван». Араб тилинен которгон О.Караев // Восточные авторы о кыргызах: Сб. / Сост., введ. И комм. О.Караева; — Б., Кыргызстан, 1994. 55-6.

26Баялиева Т. Д. Доисламские верования и их пережитки у киргизов. — Ф., Илим, 1972. 85-6.

27«Манас». Киргизский героический эпос. Книга 3. — М., Наука. Главная редакция восточной литературы, 1990,   447^99-беттер.

28Бичурин Н.Я. Собрание сведений о народах обитавших в Средней Азии в древние времена. -М., Л., 1950.  с. 230.

29Кара: Баялиева Т. Д. Доисламские верования и их пережитки у киргизов. — Ф., Илим, 1972. 73-6.

30Худяков Ю.С. Древние тюрки на Енисее. — Новосибирск: Издательство Института археоло гии и этнографии СО РАН, 2004.   96-6.

31 Кара: Кюнер Н.В. Китайские известия о народах Южной Сибири, Центральной Азии и Дальне го Востока. -М., 1961 // Восточные авторы о кыргызах: Сб. / Сост., введ. И комм. О.Караева; — Б. Кыргызстан, 1994. 16-6; Юэ Ши Таипин хуаньюй цзи («Таипин синго бийлиги екум сурген доордогу (976-984-жж.) буткул дуйне баяны»// Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары. (Б.з.ч. II к. -XVIII к. Кытай булактарынан  узундулер)   II т. — Б.: 2003, 42-6.

32Полосьмак Н.В.   Всадники Укока.-Новосибирск:   ИНФОЛИО-пресс, 2001.

33Руденко СИ. Культура хуннов и Ноинулинские курганы. — М., Л., 1962;

мБартольд В.В. Усуни // Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. — Б.: Шам,

  1. 96-6.

35Полевой отчет Шамшинского археологического отряда киргизской историко-археологичес-кого отряда за 1987-1988 гг. Руководитель отряда А.К. Абетеков. — Фрунзе, 1988.

36Табалдиев К.Ш. Обряды и традиции, связанные с животными и костями животных в культу ре кочевников Тянь-Шаня. 2007-жылы май айында Турциянын Измир шаарында еткен Евразия археологиясы боюнча эл аралык илимий конференциядагы доклад.

37Табалдиев К.Ш., Солтобаев О.А. Рунические надписи Кочкорской долины // Известия На циональной академии наук Кыргызской Республики. №1-2. — Бишкек, 2001. с. 68-73;

Табалдиев К., Алимов Р. Байыркы турктердун Талас жергесинде табылган жацы эстеликте-ри // Турк цивилизациясы жана мамлекеттик салты. — Б., 2004. 277-295-6.

38Тереножкин   А.И. Археологические разведки по реке Чу в   1929 г. ПИДО. — М., 1935;

Воеводский М.В.,Грязное М.П. Усунские могильники на территории Киргизской ССР. К истории усуней. — Вестник древней истории. 1938, №3.

Бернштам А.Н. Труды Семиреченской археологической экспедиции «Чуйская долина». — М., Л.; 1950. 71-6.

Абетеков А.К. Новые археологические данные о хозяйстве древних усуней //Краткие сооб щения Института Археологии (КСИА). — Вып.122. — М., 1970. с.67-70; Он же. Культура кочевников древней Киргизии // Сквозь века. — Выпуск 2/Б. с.35-36.

Мокрынин В.П., Плоских В.М. Иссык-Куль: затонувшие города. — Ф., 1989. с. 50-54.

39Табалдиев К.Ш. О поселениях ранних кочевников Тянь-Шаня // Турк цивилизациясынын дуйнелук цивилизациялар ичиндеги орду. II эл аралык турк цивилизациясы конгрессинин матери-алдары. (Second international congress on tukic civilization. Bishkek, Oktober 4-6, 2004). — Бишкек., 2005.   c.305-310.

«»Горячева В.Д. Город золотого верблюда. — Ф., 1988. с. 80-83.

41Тур С.С. Среднеазиатские саки и Центральной Азии (по данным палеоантропологии) // Из истории и архелогии древнего Тянь-Шаня. — Бишкек, 1995. 44-53-6.; Аталган автор: Кочевники Кыргызстана сако-усуньского времени (по материалам палеоантропологических исследования) / / Автореферат дисс. на соискание ученой степени кандидата исторических наук. — Барнаул, 1997.

42Табалдиев К.Ш. «Восьмикаменные» памятники и «оленные камни» Тянь-Шаня // Современ ные проблемы археологии России. Том. II. Материалы Всероссийского археологического съезда (23-28 октября,   2006 г., Новосибирск). — Новосибирск, 2006. 55-57-6;

Табалдиев К. «Оленные камни Кыргызстана»// GLOBALIZATION AND TURKIC CIVILIZATION. INTERNATIONAL SYMPOSIUM ON THE OCCASION OF THE ESTABLISHMENT OF THE KYRGYZ-TURKISH MANAS UNIVERSITY. —   Бишкек, 2006. 145-151-6.

43Табалдиев К.Ш., Жолдошов Ч. Позднесредневековые курганы Тянь-Шаня в свете новых исследований // Средневековая археология евразийских степей. Том. 1. Выпуск 1. Материалы Учредительного съезда Международного конгресса. — Казань, 14-16 февраля, 2007. Казань, 2007. 213-223-6.

44Именохоев Н.В. Средневковый могильник у с. Енхор на р. Джиде // Памятники эпохи палео-металла в Забайкалье. Сб. ст. -Улан-Уде: БФ СО РАН АН СССР, 1988. 126-6.

Асеев И.В. Юго-восточная Сибирь в эпоху камня и металла. — Новосибирск: Изд-во Институа архелогии и этнографии СО РАН, 2003. 158-6.

45Табалдиев К.Ш. Курганы средневековых кочевых племен Тянь-Шаня. — Б., 1996. 111-114-6.

4 Кляшторный С.Г., Савинов Д.Г. Степные империи древней Евразии. — СПб.: Филологичес кий факультет. СпбГУ, 2005. Вклейка 2, фото 3.

47Савинов Д.Г. Археологические памятники завершающего этапа культуры енисейских кыр-гызов // Памятники кыргызской культуры в Северной и Центральной Азии. — Новосибирск, 1990. 114-132-6.

48Худяков Ю.С., Табалдиев К.Ш., Солтобаев О.А. Шлемы найденные на территории Кыргыз стана //Археология, этнография и антропология Евразии. Номер 1(5). — Новосибирск, 2001. с. 101— 106;

Худяков Ю.С., Табалдиев К.Ш., Солтобаев О.А. Железный шлем кыргызского воина эпохи позднего средневековья из Ак-Кёля // «Манас» университети. Коомдук илимдер журналы. — Биш кек, 2004.   235-242-6.

49Табалдиев К.Ш., Жолдошов Ч. Образцы изобразительной деятельности древнетюркских пле мен Тенир-Тоо //   «Манас» университети. Коомдук илимдер журналы. — Бишкек, 2003. 111-136-6.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.