ЭССЕ

Маңдайга бүткөн ырыскыбы, шорбу, жыргалбы, кууралбы же жөн эле маймыл түйшүкпү, айтор, тамга тааныгандан тирмеңдеп, Кубат аке жазгандай бир жата калып, бир тура калып, бир асманга чыгып, бир жерге түшүп китеп окудук. Колго эмне тийсе, ошону окудук. Оо, китеп дегенди, Кожожашча кубалап окудук. (Экое фантастическое существо, человек!) Жазгандан окуган кыйын деп ким айтты эле? Айтса, туура айткан. Окуган сайын кимдин ким экени ажырап, суу кошпогон нагы жогору калкып, «күлдөн, кумдан куралганы» урап, маңызы сүйүү элесиндей эс-акылыңда уюп, жандүйнө кенчине, айрылгыс досуңа айлана берди…

Насип экен, Ат-Башыдан капилет барып, Ош пединститутунан билим алдым. Андан кийин айылдык мектеп, облусттук гезитте жүрүп, Бишкекке келгениме он жылдай болуптур. Ал ортодо, борбордон четте жүрүп, баягы китептер аркылуу достошкон, бир көрсөм деп дегдеген кумирлердин көбүнө жолуккан экенмин, азбы- көппү, чер жаза таанышкан экенмин. Кыска айтканда, карлар эрип, бариктер дагы күбүлдү дегендей…

Бир гана Кубатбек Жусубалиев — бала курактан тажабай, күндө окусаң, күндө бир сыры ачылган, айда окусаң, айда бир кыры  чачылган ажайып «Күн автопортретин бүтө элек» повестинин, «Толубай сынчы», «Муздак дубалдар» китептеринин автору менен кездеше элек элем. Жолугуунун сааты мынабу күз башында чыкты. Сайдагы суулар көк кашка тунуп, күн толукшуп, жер бышып турган берекелүү маалда Кердегей жана Кубат аке кайдасың деп, касиеттүү Алайдын өндүрүнө барып калдык. Барганча Кубат акенин жан үкөсү, китептин да, биздин дагы досубуз, Оштогу “Интурист” мейманканасынын директору Шайлоо Назаралиев: «Тоодон көптөн бери түшө элек. Жарыктык, кээде киши менен анча сүйлөшпөй койчу эле…» — деп кабатырланып баратты эле,  акебиз бизди көргөндө айрыкча кубанып, кучагын жая тосуп алды.

Жазуучунун там-ташы ушундай бир ажайып жерде шаңкайып, чарбагын дагы гүлдөтүптүр. Паркеттелген таптаза бөлмөлөрдө түрдүү кургатылган чөптөрдүн, гүлдөрдүн жыты аңкыйт. Окуймун дегендин эле тиши өтө койбос китептер. Жерде малдаш урунаар төшөк, жанында машинка, ачылган китептер, жазылган кагаздар… Кубат аке туулуп-өскөн эски үйдүн түркүгү чоң бөлмөнүн чок ортосунда орнотулган. Нака эстелик! Кыскасы, ал өзүнүн Парижин, Токиосун, Бишкегин да береги киндик кан тамган, талантынын гүлазыгы — Кердегейинин колтугуна көчүрүп келип алгандай.

Кубат акеге көп суроо бердик. Анда-санда «кембагалдарым, эй!» — деп күлүп коюп, сүйлөп отурду. Баарын келтирсек узак. Тамшанып уктук, өзү дагы эргип айтып берди…

«Булар илгери-илгери эле айтылган. Дүйнө астын-үстүн болот деген. Муну ким кылат деген. Муну полководецтер кылбайт деген, баягы Чыңгызхан, Аксак Темир, Сталинге окшогондор кылбайт, башкалар кылалбайт, муну көзү ачыктар кылат деген. Себеби, ошол кезде эки кишинин бирөө көзү ачык болуп калат деген… Кишилер дүрбөп эле калат, баягы короого карышкыр тийгендей, каягынан тийибатат билбейт. Бир биягына, бир тиягына сүрүлөт, чаң-тополоң түшөт, бирок билбейт деген. Мен күлөм да, мисалы, былтыр коңшумдун улагы жоголду. Бир убакта кетибатат. Каякка, десем: «көзү ачыкка» дейт. Көзү ачыктан сурайт экен. Издебейт экен. Это живой пример… Дүйнө экиге бөлүнүп калды: көзү ачыктар жана …өтү ачыктар. Менин көзүм ачык, а силер…”   (каткыра күлдү).

Эми дагы бир акылман минтип айткан экен: дүйнөдөгү адамдардагы эң чоң зло — бул кудайды тааныбагандык. Это величайшее зло!

Эй, кембагалдар, ушул Истинаны билели деп бир аракет кылдыңарбы? Ал үчүн өзүңөрдү байлашыңар керек. Кандай байлаш керек? Баягы түлөөгө алып келип союла турган койдой байлаш керек. Ошондо болот. Эми менден покту дагы укпайсыңар. Өзүңөр түшүнгүлө же болбосо минтип «Волга» менен эмес, жөө келгиле. Жаткыла, жүргүлө, ошондо айтып берем. Эй палван, (Султан Раевге айтып атат) Дүйшөн экөөң мындай торсойбой, корсойбой, сойлоп келсеңер андан жакшы, анан баардыгын айтып берем…

Мао Цзе Дун өлөрүнө аз калганда, бир америкалык белгилүү журналист келип, аңгеме арасында: «Дүйнө мындан ары эмне болот?» — деп сураганда, ал минтип айткан экен: «Чем дальше, тем хуже» деп…

Кыргыздар эмне үчүн ушуга чейин сакталып келди? Силер, маселен, «Манас» дейсиңер, тиги, бу дейсиңер. Билесиңерби, алар «укпайт деп ушак айтпа, калп айтпа, көрбөйт деп ууру кылба» — деген эле эки сөздү закон кылып, так аткарып келишкен. Аткарган. Силер аткара аласыңарбы? А мен бир күнү да аткара албай койгом… Карасам эле бирөөнү кеп кылып атам, китепканадан китеп, гезит кармап кетип атам. Аткарганды кой, мен көп эле киши менен сүйлөштүм, муну эч ким түшүнбөйт. Ошон үчүн калк катары касиети жок болуп баратат…

Султан, Шайлоо, Дүйшөн… үчөөң тең торсойбой арыктагыла, акылмандар каксоо жүрүшкөн. Мына, мынабу Адилет (менин уулумду айтып атат) буюрса жакшы жигит болот… Силер келип тургула эй! Мен буюрса ушул жерде болом. Дүйнөнү ушинтип үйүмдө калпийип карап отурам…”

Бул маек узак. Буюрса аны толук берербиз, баарын айтыш мүмкүн да эмес. «Бири кетти Алтайга, бири кетти Каңгайга…» деп улуу эпосто айтылмакчы, кыргыздын далайы Ата Журттан алыстап кетишкен эгемендик делген соңку мезгилде улуу жазуучубуздун кайрадан башат конушуна барып, чыгармачылыгы менен алпурушуп атканын ким андайт да, ким коштойт?..

«Шаарда жүрүп сенин үнүңдү сагындык, баскан жериңди басабыз, көргөн жериңди көрөбүз, турган жериңе турабыз, сийген жериңе сийебиз, бирок деги эле үнүңдү укпайбыз. Анан үнүңү баягы чоң түп дарактын түбүндө уктум, «мени эстейт, мени билет» дегениң чын экен. Эмен-Дарак турбайбы. Шаарды шаар кылганы эле ошол сенин дарагың экен, шуулдап-куулдап, күүлдөп, ырдап турат жаныбар!..

Алда немедей жай ошону менен бүттү… Алайдан биз да кеттик. Бирок жолубуздун бир учу Кердегейде — Кубат акенин же башкача айтканда, тайсалдабай айтканда, кыргыздын классик жазуучусунун үйүндө калды. Дайыма куштай сергек, сак саламат жүрө бериңиз, Кубат аке. Ал эми сизге «Сүйүүм менин чымчык болуп сага учат» романыңыздагы Мактумкулунун ырынан өткөн белек азырынча таппай турам…

«Көңүл айтар элден калып, кезсем жүрүп тоо-таш менен. Жазыгымды эске салып, жүзүм жуусам көз жаш менен. Кимди көрсөм бир иш менен, менин көөнүм кейиш менен. Бир аскада, бурчта кенен, мен отурсам өзүм менен. Карт дүйнөнүн жалганы ашты, адамзатты санаа басты. Бүткүл аалам коогалашты. Ар кимдер жүр талаш менен… Көп ойлонуп ойго түштүм, билалбадым не иш бүттүм. Кызып адаш жолго түштүм. Мен отурдум бейбаш менен. Бекер койбо өмүр тагын, ойготолу адам багын, тилек тилеп таңкы убагын. Мактумкулу көмөк алсам, бир эр тапсам, кулдук урсам. Жүрөк айтат: жолдош болсом, улутунган дербиш менен…»

2000-жыл.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.