Жаз келээри билинип,
Дарак жатты бүлүнүп.
Түнү-күнү тынымсыз
Түрдөп көйнөк тигилип.

Жаз даракка гүл сунду,
Дарак карап турсунбу?
Чарт жарылып чанактар,
Шайы кийип кулпунду.

Бүрчүктөрүн бүр кылып,
Бүткөн боюн гүл кылып,
Жарашыктуу кийинди,
Жалбырактан түр кылып.

Жайнап дарак кулпунду,
Жаз ансайын умтулду.
Дилдиретип жел желпип,
Дил кубанаар ыр сунду.

Жаз мезгили ташынып,
Жайга айланды шашылып.
Мөмө дарак мойнуна,
Мончок тагып асылып.

Жай артынан күз келди,
Жалын сымал түс берди.
Жалбырттаган өңүнөн,
Жалбырактар өзгөрдү.

Дарак кызыл кийинип,
Мөмө бутак ийилип,
«Жегиле» дейт балдарга,
Жерге башы чийилип.

Анан келип салкын күз,
Кийгизди ага күрөң түс.
Көндү дарак ага да,
Көңүлдөнбөй араң суз.

Антип турса оволу,
Анткенине болобу?
Кымкар киймин көтөрүп,
Кыш даракты тороду.

Алмаз сөйкө илгизип,
Ак шөкүлө кийгизип,
Кристалл ак көйнөгү
Көргөн көздү сүйгүзүп,

Дарак кийми табылды,
Далай мончок тагылды.
… Жактырбастан баары бир,
Жашыл жазды сагынды.

Этюд
Маң кылып атыр абасы
Магдырайт бактын арасы.
Кыз-жигит айткан шыбырды
Калгансып укпай чаласы.

Желпинтип чөптү жел келет,
Жалбырак жумшак термелет.
Жарыгын чачып ай чыгып,
Жаштарды карап телмирет.

Ашыктар жылдыз санашып,
Ай менен Күндөй жанашып,
Ысыган эки жаш жүрөк,
Ыракат менен жанашып,

Аңгыча чолпон чачырап,
Ашыктар үйгө шашылат.
«Сүйөм деп ачык айтсаң» деп,
Селкиге жигит асылат.

Сүрөтү карек талыткан
Сүйкүмдүү сонун жарык таң
Сүртүлүп миң-сан боекко
Сүрүлүп келет алыстан.

Кызарып булут арасы,
Күн нуру келет, карачы.
Тарта албайт таңкы сүрөттү,
Таланттын жетип дабаасы.

Аккан суу
Таштан ташка боюн уруп таштаган,
Өмүрүндө өйдө карай акпаган,
Агыныңдан айланайын аккан суу,
Жан бар бекен сенин даамың татпаган?

Аска-зоонун мөңгүсүндө керилген,
Агып түшкөн булак болуп жеримден,
Абалтадан табышмагың ачылбайт,
Ар бир жанга белек болуп берилген.

Тармал булут тамчыларын тең бөлөт,
Тамган сайын жердин кутун эл көрөт.
Тийген жерин тим койбостон гүлдөткөн
Тирүүлүктүн сыры сенде өңдөнөт.

Нөшөр күүсү
Түндүктүн жылчыгы жок, түрүлүү эшик.
Тамчыга жол көргөзүп, жылдыз – тешик.
Жамгырдын дабышы жай дыбыр-дыбыр,
Кыбырайт эпчи жакта балтыр бешик.

Өпкүлөйт жерди тамчы чопулдатып,
Өмүрү быркыранып, күкүм чачып.
Ал кудум өтүп жаткан күндөргө окшоп,
Аны ойлоп бүт айлана турду жашып.

Тоо койнун туман ээлей жуурат уюп,
Теребел жамгыр күүсүн тыңшайт муюп.
Оордукту оттуу кылыч жара тилип,
Оркестр күү баштады, нөшөр куюп.

Күтүүсүз керинейин бапылдатып,
Күрсүндү «замбирегин» тоодон атып.
Эр Манас «Чоң Казатка» аралашты,
Кылычтан кыян жүрүп, үйөр ташып.

Жер бетин жоокерлердин сели каптап,
Дүбүртү, добул кагып, кулак таптап,
Үзүктү сабап жатты жамгыр колу,
Бүткөнчө чагылгандын ырын жаттап.

Гүл токой
Керемет кеңирсиген жашыл дүйнө,
Жаңгактуу дүйүм токой, жемиш мүлдө.
Кыдырып угуп жүрдүм куштар үнүн,
Кубаныч күүсү ойноп көңүлүмдө.

Тоо суусу толкуп акса, күүсү деңиз,
Таажысы желбиреген гүлдөр эгиз.
Азгырып сезимдерди гүлдүү бакча,
Арзууга, назик дилим аркак-эриш.

Жадырап алма жыгач гүлүн ачты,
Жыргатып жийде болсо жыпар чачты.
Алынын келишинче булбул безейт,
Аздектеп махабатка келген жазды.

Күн бүгүн кубанычтуу күлүп өттү,
Коштошуп, батаарында жүзүмдү өптү.
Ойноктоп мени кыйбай жал-жал карап
Оң көзүн кысып коюп анан кетти.

Ошол күн дилден өчпөс сүрөт болуп,
Ободо он бешинин айы толуп,
Тогоду Алтын казык жылдыз менен,
Толукшуп тоо-таш бүтүн кутман болуп.

Ар дайым андан бери сактык менен,
Ал кечти келечектен күтүп келем.
А бирок арзуулардын ай-чолпону
Өмүрдө бир гана ирет тогойт белем.

Гүл токой, кереметтүү жашыл дүйнө,
Көңүлдөн өчүрө албай койдум мүлдө.
Көөнөрбөс элесиңди касиеттеп,
Көөдөндө сактай берем өмүрүмдө.

Кызгалдак
Алыстыктан көркөмүңө көздү алдап,
Албырасың, алоолонгон кызгалдак.
Аныңа мен чын пейилден суктанып,
Албайм көзүм, шашып келдим ыкчамдап.

Кооздугуңа таазим кылып жүгүнө,
Карап турдум көпкө чейин үңүлө,
Тартып бери искээримде жытыңдан,
Таажыларың жерге түштү күбүлө.

Бул кандайсың, туругу жок сулуудай?
Бир топ ойго чөмүлдүрдүң курулай.
Капалуу кез, сага окшогон алдоолор
Карегимден өтүп жатты шурудай.

Күн жана Ашым
Издесин деп Ашымды,
Күн далдага жашынды.
Тартып кара көшөгө,
Такыр изин жашырды.

Сезип Ашым анысын,
Издейт жердин баарысын.
Алтын күндү жашырып,
Ай тосконсуйт далысын.

Көп издетип Ашымды,
Күн чын эле жашынды.
Түшүндө да таба албай,
Ашым көзү ачылды.

Таноо демин буу кылып,
Таппай жүрсө чуу кылып,
Толкуп күлүп күн чыкты,
Тоо койнунан суурулуп.

Күн табылды, табылды,
Күмүш нуру агылды.
Көзөп тоонун кулагын,
Күбөк болуп тагылды.

Жаз жели
Суу боюнда көгөрүп арча, кайың,
Суктандырып каратат, мени дайым.
Көргөн сайын көңүлдү тарта берген,
Көркөмү артык жаз айы кагылайын.

Чытырмандуу токойлор чырмалышкан,
Аба жүрсө акырын ыргалышкан,
Бугум чыгып арасын араласам,
Булбул, күкүк үндөрү ырдалышкан.

Өкүм сүрүп өзөн-суу күрпүлдөгөн,
Жаз айындай жадырап, жылдыз күлгөн,
Аяк жаккы агымы элге пайда,
Ар тамчысын адамга үзүрлөгөн.

Жанга жагым, жуп-жумшак жаздын жели,
Толкундатат көргөндүн чыгып чери.
Баарыдан да башкача таң атканда,
Бооруна имерет дайым сени.

Мыймыйым
Алгырлыкка машыккан
Ала моюн мыймыйым,
Айланкөчөк кубалайт
Аламын деп куйругун.

Апам түрүп отурган
Жипти көрүп лып этип,
Аңдып келип чын эле
Жата калат тып этип.

Арстан кийик алгансып
Баса калат шып этип,
«Жипти үздүң» деп качырса
Житип кетет жып этип.

Шаркыратма
Шаркыратма, аскадан атырылган
Ыргагына түркүн күч батырылган,
Ээликтирген салкын жел жүрүп турса
Эпкинине кызыл гүл жапырылган,
Таңкы булбул доошуна бийге түшүп
Таажысына тамчы суу жашырылган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.