Бир падышанын аябай сулуу жана абдан акылдуу кызы бар экен. Ага көп эле жерден куда түшүп келишип, далай ханзадалар колун сурашып, кыздын акылына акылдары жетпегендиктен атасы бербей койот, алар кыздын да купулуна толбойт. Анткен менен падыша кызынын турмушка чыкпай калышынан чочулап: “Кызым кимдин үч табышмагын таппай калса, ошого турмушка чыгат”, — деп жарыя айттырат.

Муну уккандын баары эле үч табышмак айтып, ханбийкеге бара беришет, бирок акылдуу кыз баардык табышмактарды ойлонбой таба берет.

Муну уккан койчу дагы: “Балким багымдан болуп ханбийкени алдап кетермин, алдабасам да ханбийкени көрүп койсом деле мендей кембагал койчуга сыймык эмеспи”, — деп өз бактысын сынап көрмөккө аттанат. Жолдо келатып суу ичкиси келет. Кудукка токтоп, суусунун кандыргыча аты канжыгадагы нанын жеп салат. Буга койчу кайгырбастан кайра: “Бир табышмак бар”, — деп сүйүнүп кетет. Андан нары баратып чер токойго киргенде адашып кетип, дарактардын кайсыл жагына эңилчек өссө, жол ошол жакта деп бактарды карап жүрүп: «Экинчи табышмак бар”, — деп дагы сүйүнөт.

Андан нары баратса, мергенчи коёнду мээлеп туруптур. Муну көргөндө койчу: “Үчүнчү табышмак да бар”, — деп дагы компойду…

Көп күн жол жүрүп, акыры хансарайга келип жетти.

— Ак көңүл падышам, мен сенин кызыңдын колун сурап келдим! — дейт саламдан соң эле тартынып турбастан.

— Менин кызымдынбы? — дейт койчунун тайманбастыгына таңгала түшкөн падыша. -Кызымдын акылына акылың жетсе берейин,- ушул койчуда кайсы акыл дегенсип кебелбейт.

— Ушул сиздин падышалык сөзүңүзбү?! — деп дагы да падышанын сөзүн бышыктап алган койчу ханбийкеге табышмактарын айта баштайт.

— Нан атты жеп койду, бул биринчи табышмагым.

Ханбийке канчалык башын шишитип ойлонбосун, муну жандыра албай:

— Таппадым,- дейт акыры.

— Менин көп жыл минген атым бар болучу, бир күнү жол жүрүп келатсам, ал жолго деген нанымды жеп алып өлүп калды. Көрсө, нанды уулап коюшуптур. Демек, ат нанды жебей эле нан атты жеп койгон болобу?  Экинчи табышмагым болсо мындай: Дүлөй дагы, сокур дагы, бирок жолду көргөзө алышат.

Ханбийке ары ойлонду, бери ойлонду, бирок оңчулуктуу жооп таба албай, жеңилгенин моюнга алды.

— Булар токойдогу дарактар, ханбийкем,- деди койчу. — Биз жол каякта экенин, түндүк, түштүк кай жакта экенин токойдогу дарактардан билебиз. Ал эми үчүнчү табышмагым болсо мындай: Темир ордунда калды, эт качып кетти.

Ханбийке канчалык ойлонбосун бул табышмакты да таба албады.

— Мергенчи коёнду темир мылтык менен атты, коён-эт качып кетти, мына үчүнчү табышмагымдын жандырмагы. Кызыңыз таба албады падыша ата, сөзүңүз сөзбү? — деп падышанын айласын кетирген суроосун берди койчу.

Айла жок “адамдын сөзү өлгөнчө өзү өлсүн” деген сөз бар үчүн тирүүлөй өлгүсү келбеген падыша кызын жөнөкөй койчуга берген экен. Буга ишенбесеңер менин чоң атамдын чоң атасы ошол тойдо болуптур, сурасаңар күбө катары айтып берет.

Орусчадан оодарган Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.