Беларус жомогу: Бөрү, мышык жана ит

Эптеп күн өткөргөн абышка болуптур. Анын өзүндөй болуп карыган ити бар экен. Карыган иттен пайда болбой калганда чал аны көчөгө кубалап чыгыптыр. Ит токойдо каңгып баратып карышкырга жолугуп калат. Карышкыр ага мындай дейт: — Мага кошул, экөөбүз ынтымакташып жашайлы. Ит макул болот. Алардын үңкүрдө жата берип курсактары ачат. — Баргын,- дейт бөрү.- Балким талаада жегидей бирдемелер жүргөндүр карап кел. Ит сыртка чыгып, талаага көз жүгүртүп айтат: — Каздар жүрөт! — Түйшүгү көп, эти аз! — дейт карышкыр. Ал эми иттин […]

Дилазык: Милдеттерди бөлүштүрүү

ПРИТЧА – Мындан ары чыдай албайм! Менин милдеттерим – тоодой, азыр аны жылдырууга чамам жок. Эртең мененкисин сени ойготуп чарба боюнча буйрук берүүм керек. Килемдерди күбүп, балдарды карап, базарга барып аны-муну сатып алып, сенин сүйгөн палооңду жасап, ал аз келгенсип түндө да эркелетүүм керек, – минтип аялы күйөөсүнө уңулдады. Тооктун сан этин мүлжүп отурган күйөөсү үндөбөй коймокпу: – Эмнеси өзгөчө… Бардык аялдар сен кылганды эле кылып келишет. Сен кыңк-мыңк дегениңди кой. Мен иштеп, сен үйдө отурасың. Анда аялы аңкилдеп кирди: […]

Кыргыз ыңкылаптарынын акыбeти

Кыргызыңдын жөн эл эмeс экeни бaшынaн мaaлим элe, мынa эми aндaн бeтeр, бири мaктaп жaтсa, бири жeргe киргизe жaмaндaп, эки aчa сөздүн бутaсы бoлуп туру. Мындaй шaрттa ушул жoмoктун руxунa, бизгe бeргeн тaaлиминe тaянып туруп, Кыргызстaндын эң aкыркы жылдaрдaгы бaсып өткөн жoлу, aлгaн бaгыты, aйлaнa-тeгeрeги, aлысы мeнeн жaкыны туурaлуу ичимде бугуп жаткан ойлорумдун, баары болбосо да, анча-мынчасын ушул жомоктун шылтоосу менен aйтып aлбaсaм бoлбoстур. Aнсыз дaгы узaгaндaн узaп кeтти көрүнөт… Макул эми, сөз тизгинин бoлушунчa кoë бeрбeй, кыскaртaрaaк тaртaйын… Кaрт […]

Билгенден билелегиң көп: Пикассо

Бир жолу сүрөт тартып жаткан балдарды карап туруп: “Булардын жашында мен Рафаэлдей эле тартчумун. Андан кийин өмүр бою ушулар сыяктуу сүрөт тартканды үйрөнүп келе жатамын”, — деген экен француз сүрөтчүсү Пабло Руис Пикассо. Ал 1881-ж. 25-октябрда Испаниянын Малага шаарында туулган. Атасы Хосе Руис менен энеси Мария Пикассонун теги испан болгон. Сүрөттү өтө эле жаш кезинен өзү айткандай ишенимдүү тарта баштаган. Баарынан кызыгы, ал сологой болгон. Адегенде атасынан таалим алган. 1894-95-ж. Ла-Корунья шаарында, 1895-жылдан Барселонадагы көркөм искусство мектебинен, кийин Мадриддеги көркөм […]

Михаил НУАЙМЕ: Өтүнүч

НОВЕЛЛА Башкы редактор өзүнө өзү ачууланып, телефон аппаратына асыла кетти. Мына, эки сааттан бери өзү кирген партиянын кандидаты жөнүндө макала жазам деп убараланууда. Бирок эч нерсе жазалчу туру жок. Ал он нече бет бирдемелерди чиймелемиш болгон, бирок жакшы чыкпаганы үчүн аларды тытып ыргытты. Эркинирээк отуруп, ишке киришүүгө шарт жок! Мынабул каргыш тийген телефон кем эсептегенде жыйырма жолу шынгырады. Чындыгында, өкүнүчтүү эле, эгер колума телефон трубкасы эмес таш тийип калган болсо, оюмду бузуп, тынчтык бербегендердин чокусуна коюп калар элем,- деп ойлоду […]