Эптеп күн өткөргөн абышка болуптур. Анын өзүндөй болуп карыган ити бар экен. Карыган иттен пайда болбой калганда чал аны көчөгө кубалап чыгыптыр. Ит токойдо каңгып баратып карышкырга жолугуп калат. Карышкыр ага мындай дейт:

— Мага кошул, экөөбүз ынтымакташып жашайлы.

Ит макул болот. Алардын үңкүрдө жата берип курсактары ачат.

— Баргын,- дейт бөрү.- Балким талаада жегидей бирдемелер жүргөндүр карап кел.

Ит сыртка чыгып, талаага көз жүгүртүп айтат:

— Каздар жүрөт!

— Түйшүгү көп, эти аз! — дейт карышкыр.

Ал эми иттин эт жегиси келет. Ага каздын аз эти деле боло бермек. Дагы бир топ убакыт өтүп, бөрү итти кайра жумшайт:

— Кана чыгып карачы, талаага дагы бирөөлөр чыгып калгандыр.

Ит сыртка чыгып караса, талаада чочколор жүрөт.

— Чочколор жүрөт! — дейт ит кубанычтуу үндө.

— Койчу, ошолорду! Эти аз, түйшүгү көп.

Итке чочко деле боло бермек, жаланып тим болду.

Дагы бир сааттай өткөндөн кийин бөрү итти кайра жиберет:

— Чуркап чыгып карачы, талаада бир нерсе барбы?

Ит бөрү айткандай чуркап чыгып кыйкырат:

— Ат жүрөт!

— Эми барсак болот!

Карышкыр сууга чөмүлүп, кайра кумга оонап иттен сурайт:

— Таанылбай калдымбы?

— Жерге окшоп калдың.

Карышкыр жер менен жер болуп жатканында ат аны көрбөй жанына оттоп келип калат. Карышкыр бир секирип, атты алкымдан алып өлтүрөт. Экөө аттын этине жакшылап тоюнушат. Ит бөрүгө мындай дейт:

— Эми мен аңчылыкты үйрөнүп алдым, жалгыз кетсем болот.

Ошентип ит кетип баратса алдынан мышык чыгат.

— Жүрү, мени менен, мен сага мал жегенди үйрөтөм.

Мышык макул болуп, экөө ээрчишип токойго келишет.

Ит мышыкка буйрук берет:

— Кана, карап кел. Талаада бирөөлөр жүрөбү?

Сыртка чыккан мышык кыйкырат:

— Каздар жүрөт!

— Алардын эти аз, түйшүгү көп,- дейт ит. Ал эми мышыктын эт жегиси келип чыдамы кетет. Бир топтон кийин ит айтат:

— Бар, талааны карап кел!

Мышык чыгып кыйкырат:

— Чочколор жүрөт!

— Ээ, түйшүгү көп, эти аз,- деп күңкүлдөйт ит.

Бир сааттан кийин ит мышыкты кайра жумшайт:

— Чуркап чыгып карачы, талаага бирөөлөр келгендир?

Мышык чындап эле чуркап чыгып кыйкырат:

— Талаада ат жүрөт!

— Эми барсак болот!

Ит жүгүрүп барып сууга түшүп, чыга калып кумга оонап, мышыктан сурайт:

— Жакшы эле таанылбай калдымбы?

— Жок,- деп жооп берет мышык.

— Антпе, жакшы эле таанылбай калдың деп айт!

— Болуптур… Жакшы эле таанылбай калдың!

Ит темселей басып аттын артына барат. Чочуп кеткен ат кош аяктай калып тепкенде, иттин тумшугу асманды, ээги жерди карап, кулап түшөт.

— Мына эми таанылбай калдың десем болот, — деди мышык жаңы кандын жытынан улам жалана берип…

Орусчадан оодарган Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.