Бир жолу сүрөт тартып жаткан балдарды карап туруп: “Булардын жашында мен Рафаэлдей эле тартчумун. Андан кийин өмүр бою ушулар сыяктуу сүрөт тартканды үйрөнүп келе жатамын”, — деген экен француз сүрөтчүсү Пабло Руис Пикассо.

Ал 1881-ж. 25-октябрда Испаниянын Малага шаарында туулган. Атасы Хосе Руис менен энеси Мария Пикассонун теги испан болгон. Сүрөттү өтө эле жаш кезинен өзү айткандай ишенимдүү тарта баштаган. Баарынан кызыгы, ал сологой болгон. Адегенде атасынан таалим алган.

1894-95-ж. Ла-Корунья шаарында, 1895-жылдан Барселонадагы көркөм искусство мектебинен, кийин Мадриддеги көркөм өнөр академиясынан окуган. 20 жашында эле ал өз алдынча иштеген, кыйла жетилген сүрөтчү катары көрүнө баштаган. 1904-жылдан Парижде жашаган. 1901-04-жылдар Пикассонун чыгармачылыгында “көгүлтүр мезгил” деп аталат. Бул учурда сүрөтчү өзүнүн дүйнөгө болгон көз карашын жакырчылык, кусалык жана өлүм картиналары аркылуу туюнтууга аракеттенген. 1905-06-ж. Пикассонун “апарман мезгили”. Бул учурда ал селсаяк комеданттар темасына көбүрөк кызыккан. Бул учурда Пикассо Парижде биротоло турук алууну чечкен.

Француз салттарына калыптана баштаган. Ушул учурларда ал “Жакыр карыя менен бала”, “Шар үстүндөгү кыз”, “Арлекин жана анын аялы” ж.б. чыгармалары менен элге белгилүү боло баштаган. 1907-ж. Пикассо реалисттик салттан четтеп, авангардизм жана кубизм багытына оогон. Бул багыттагы шедевр чыгармалары: “Желпүүр кармаган аял”, А.Воллардын “портрети”, “Мандолина ойногон кыз” ж.б. 1910-жылдардын ортосунан кубизмден четтеп, неоклассицизм үлгүсүндө тарта баштаган. Ага “Булак боюндагы үч аял”, “Эне жана ымыркай” ж.б. чыгармалары кирет. Ал тынымсыз тартуу манерасын өзгөртүп, чеберчилик ыкмаларын өнүктүргөн. “Балыкчы” сыяктуу карапайым адамдарды, 30-жылдардын 2-жарымында “Ыйлап жаткан аял”, “Мышык менен чымчык” ж.б. көптөгөн буржуазиялык кысымдан запкы чеккендерди тарткан.

Кийин Франциянын Элдик Фронтунун көрүнүктүү ишмери катары “Генерал Франконун тилеги жана калптары” (1837) деген сериясында фашизмдин маңызын ашкерелеген. Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттик немис аскерлери басып алган Францияда калып, Каршылык көрсөтүү кыймылына катышкан. 1947-жылы тарткан “Тынчтык көгүчкөнү” сүрөтүндө, 1952-жылы тарткан “Тынчтык” жана “Согуш” панносунда Пикассонун гумандуу көз караштары даана байкалат.

1940-жылдардын акырынан Пикассонун чыгармачылыгы көп кырдуу өнүккөн. Натюрморт тарта баштаган. Ал станковый живописте, скульптурада (“Козу кармаган адам”, коло, 1944), карапа жасоодо (эки миңдей буюм), өзгөчө графикада (сүрөт, офорт, линогравюра, литография ж.б.) белсемдүү иштеген. Пикассонун чыгармачылыгы 20-кылымдагы искусствонун бардык түрүнө зор таасир тийгизген жана тийгизүүдө. Анын карапа тарелкага тарткан көгүчкөнү тынчтык эмблемасы болуп бүткүл дүйнөгө тараган.

Тынчтыкты коргоочулардын I конгрессинде плакат болуп чыккан. Пикассо 1950-жылы Тынчтыктын Бүткүл дүйнөлүк советине шайланган.

1950-жылы Тынчтыктын Эл аралык сыйлыгынын, 1962-жылы “Элдер ортосундагы тынчтыкты чыңдагандыгы үчүн” эл аралык Лениндик сыйлыктын лауреаты болгон. Пикассо 1973-жылы 8-апрелде Франциянын Мужен шаарында каза болгон.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.