НОВЕЛЛА

Башкы редактор өзүнө өзү ачууланып, телефон аппаратына асыла кетти. Мына, эки сааттан бери өзү кирген партиянын кандидаты жөнүндө макала жазам деп убараланууда. Бирок эч нерсе жазалчу туру жок. Ал он нече бет бирдемелерди чиймелемиш болгон, бирок жакшы чыкпаганы үчүн аларды тытып ыргытты. Эркинирээк отуруп, ишке киришүүгө шарт жок! Мынабул каргыш тийген телефон кем эсептегенде жыйырма жолу шынгырады. Чындыгында, өкүнүчтүү эле, эгер колума телефон трубкасы эмес таш тийип калган болсо, оюмду бузуп, тынчтык бербегендердин чокусуна коюп калар элем,- деп ойлоду ал.

Ал басмакананын жетекчисинин үнүн укканда бир аз тынчтанды.

— Ыя, бул сен белең? Эмне болуп кетти? Басманда бирдеме болгон жокпу?

— Жо-ок, эч нерсе болгон жок.

— Жумушчулар кыймылга келген жокпу?

— Жок, кудай сактасын. Бирок…

— Эмне болду, айтсаңчы батыраак! Ишим чачымдан да көп, сүйлөшүүгө да убакыт жок…

— Мында бир кемпир келиптир… желимдей жабышкан неме экен. Сизге кирмейинче кетпейт өңдөндү…

— Ким ал, менде эмне акысы бар экен?

— Аты — Фитнэ. Сиз гана чече турган зарыл иши бар экен.

— Фитнэ дейсиңби? Экөөбүздүн кыз-келиндерге кызыга турган убактыбыз өтпөдүбү. Ал-жайды түшүндүрүп, жалынып жалбарсаң да, бакырып катуу айтсаң да, эптеп кууп чыккын да! Тозоктун түбүнө жиберсең да көздөн тазала!

— Эмне кылайын, колдон келгенин аяганым жок. Бекем жабышып алды. Редактор мырза, бечаранын өзү да өлөйүн деп турат, азыр басмаканада отурат, жумушчуларды сөзгө кармап, убакытты текке кетирип жатат…

— Көчөгө сүйрөп ташта, ар канча Фитнэ болсо да. Кайдагы бир кемпирди кабыл алууга убактым жок!

— Ой, бо-ой, күч колдонгуча өлдү дей бериңиз, мырзам, араң эле турат, киши эмес эле арбакка окшойт…

— Андай болсо, ага айткын, башка күнү келсин.

— Ал сизди бүгүн, дал азыр көрүшүм керек дейт…

— Болуптур, макул, кудайдын ишине эмне чара болсун,- деди редактор бир аз тынчып, — батыраак ээрчитип кел. Бирок ага беш минуттан артык убакыт бералбасымды кемпирдин кулагына куюп кой…

Редактор отурган бөлүмдүн эшиги ачылды да, басманын жетекчиси менен бир кемпир кирип келди. Кемпирдин колундагы таягы да өзү өңдүү бүкүрөйүп турат. Кийгендери жөнөкөй, эски болгону менен таза экен. Бул анын кедей экендигинен кабар берип турду.

Кемпир редакторго урмат көрсөтө орундукка олтурду. Анан башындагы кара жоолугун оңдоп, сөзүн баштады. Оозунда бир да тиши жок болгону үчүн анын сөздөрүнө да түшүнүү кыйын эле.

— Мен Фитнэмин.

— Келгениңиз биз үчүн зор урмат, Фитнэ бизди эмне кылыктары менен кызыктырар экен?

— Мени кечирип кой, кулагым оорураак, катуураак айтыңыз…

— Келгениңиз мен үчүн зор урмат! — деди редактор бакырып, — кызматыңызга даярмын.

— Мен Фитнэ эмесминби, Жакыптын аялы…

— Алейкума ассалам… Жакыптын аялы Фитнэ бизге — «Аннур» гезитинин редакторуна кандай иш менен келди болду экен?

— Жакып… Жакып… сен аны билбейсиңби?

— Билбейт экенмин.

— Маркум атаң аны жакшы көрүүчү…

— Ал экөөнө тең Алланын ракымы түшсүн. Дагы эмне айтмакчысыз?

— Жо-ок, Алланын ракымы сенин атаңа түшсүн. Кудайга шүгүр, менин эрим али тирүү.

— Андай болсо, Алла Таалам ага ракым назарын салбай эле койсун. Дагы айтаарыңыз барбы?

— Жакып быйыл жүз беш жашка чыкты, мен болсом токсон беш жаштамын. Бүгүн ал экөөбүздүн «Алмаз» тоюбуз болот.

— Демек, кадырлуум, мени тойго чакырганы келген окшобойсузбу?

— Биздин турмуш курганыбызга быйыл жетимиш беш жыл толот, — кемпир редактордун сөзүн укпай дагы буларды кошту, — дүйнөдө муну биле турган үч эле жан бар. Алар — мен, Жакып жана Алла Таалам. Азыртан баштап, аны билген төртүнчү киши сен болдуң.

— Я, Бүбүм, кудурети күчтүү кудайдын өзү үчүнчү орунду ээлеген топко төртүнчү болуп кирүү, мен үчүн зор бакыт! Ошондой болсо да, Фитнэ менен Жакыптын тоюнда менин эмне ишим бар?

— Укканым жок, кечир мени, куруп кетсин карылык!

— И-и, сиз жагымдуу сөздөрдү гана угуп, жагымсыз сөздөрдү укпайт турбайсызбы…

— Күлбө мырзам, карыларга күлүү деген күнөө, бейбаштык болот.

— Сиздин алмаздан да асыл тоюңузда менин эмне ишим бар деп сурап жатам…

— Кептин баары сенде болуп жатпайбы.

— Мендеби?

— Ооба, сенде. Эрим Жакып болбосо сен бул жерде отуралбайт болчусуң.

— Демек, менин ушул кызматым үчүн эриң Жакыпка милдеттүү турбаймбы, ошондойбу?

— Туура. Гезит курулган күндөн тартып, Жакып сенин атаңдын оң колу болгон. Алды менен бул жерде эки эле киши иштеген. Жакып баарын иштөөчү — арип терүүчү, басуучу, жүк ташуучу, дагы гезитти сатуучу. Сенин атаң болсо баарын башкарып, гезитти редакциялачу…

— Жакып гезитте канча жыл иштеди?

— Элүү жыл. Сени билет депмин, бул эмне кылганың? Маркум атаң Жакып жөнүндө эч нерсе айткан эмеспи?

— О-ой, эне, мен бул гезиттин кожайыны эмесмин да. Мен анын алгачкы куруучусунун баласы эмесмин. Мен редактормун. Түшүндүңүзбү? Мен да Жакып өңдүү эле бир кызматчымын. Гезиттин алгачкы кожоюну өлгөн соң, гезит колдон колго өтүптүр. Азыркы кожоюну Жакыпты билбейт. Бүткүл редакцияда сиздин күйөөңүз Жакыпты биле турган киши жок. Эми түшүндүңүзбү?

— Аны билбейт дегени эмнеси… Жакыпты көрбөгөн, укпаган дейби? Ал бечара бардык күч-кубатын сарптаган элүү жылды билбейт экен! О-хо-о, пани дүйнө! Заман өзгөргөндөн кийин, кишилер да өзгөргөн тура. Кантейин…

Кемпир чөнтөгүнөн айрыгы бар, бирок таза кол жоолугун чыгарып, салмактуу гана көз жашын аарчыды да, унчукпай ойлуу отуруп калды. Редактордун көздөрү заматта ойноктоп чыга келди. Чырайы ачылып, чекесиндеги бырыштары көрүнбөй калды. Ал ордунан туруп кемпирдин алдына келди да, эңкейип үзүр айта баштады:

— Эне, сизди эми түшүндүм. Сиз менен Жакыпка кандай жакшылык кылсам болор экен? Гезитти өз колу менен курган алгачкы кожоюнунун мураскери эмес редактору болсом да, өтүнүчүңүздү кабыл алайын. Эми, эмне кылаарымды айтыңыз…

— Тойду, тойду эле мырзам…Башка эч кандай өтүнүчүм жок.

— Жакып экөөңөрдүн тоюңарды шаңдуураак өткөрүү үчүн аздыр-көптүр акча жыйып, бирдеме кылсаңар демекчисизби?

— Жок. Андай кылбагыла. Ыракмат мырзам. Менин оюм башка. Жакыптын аркы дүйнөгө сапар чегиши мени катуу кайгыртат, жакынкы күндөрдүн биринде жан үзүп, унутулуп да калар. Менин өтүнүчүм, Жакып өзүнүн күч-кубатын сарптаган гезит ага бир жакшылык кылса дейм. Биздин алмаз тоюбузга байланыштуу анын сүрөтүн гезитке чыгарып, бир аз жакшы сөз арнасаңар дейм. Бизге мындан артык урмат-сый болмок эмес. Андан кийин Жакып да өзүнө ыраазы болуп көз жумар. Ал атагын түбөлүккө калтырууга арзыган адам.

— Энекебай, дүйнөдө улуу иштерди кылган кишилердин гана аты түбөлүккө сакталат. Сиздин күйөөңүз эмне кылды анчалык?

— Бир жүз беш жашка чыкты, сага бул азбы? Мындай адамдар кем учурайт. Ал сенин гезитиңде жанын аябай элүү жыл иштеди, жетимиш беш жыл менин эң жакшы күйөөм болду, Жакып кудай жараткан бир да жандыкка зыян келтирген жок, эч кимге да кек сактаган жок. Булар азбы сага? Ырас, Алла Таала бизге перзент берген жок. Бирок башкалардын бактына көз артканыбыз да жок. Эркектер силердин араңарда Жакыпка окшогон кишилер өтө эле аз…

— Аялдар арасында да сизге окшогон жакшылар аз эмеспи.

— Күлбө, токсон беш жаштагы кишиге да күлөбү?

— Сизге күлүп жатканым жок, энекебай, максатыңызга ачык түшүндүм!

— Сен чыны менен түшүндүңбү?

— Абыдан түшүндүм.

— Алдап жатпагын?

— Кудай сактасын, андай иш жок бизде. Сиз менен Жакыпка колдон келгендин баарын аябайын.

— Алла ыраазы болсун. Кемпирди кечир. Киши карыганда урушчаак, кежир да келет. Алардын түрү көрксүз болгонунун тышында үндөрү да кулакка жагымсыз. Амал жок, бирок…

— Кемпирлердин баары Фитнэдей болсо ыраазы болор элек.

— Ым-м, Алла жар болсун, уулум. Артык сүйлөгөн болсом кечир.

— Сак-саламат болуңуз, энекебай.

— Сенден дагы бир нерсени суранайын, биз жөнүндөгү кабар беш саптан кем болбосун жана бүгүнкү санга чыксын. Бул белекти мен алмаз тоюбуз болуп жатканда Жакыпка көрсөтмөкчүмүн…

— Кудай буюрса, айтканыңыздын баары орундалат.

Кемпир редактордун бөлмөсүнөн акырын чыгып кетти.

Ошол күнкү «Аннур» гезитинде шайлоо жөнүндө бир ооз да сөз болгон жок. Анын ордуна редактордун Фитнэ кемпир менен кандай кезигишкени, кандай маектешкени жөнүндө чоң макала басылды. Автор эркин отуруп, басмакананын жумушчуларынын кыялына да келбеген жана көзгө түшпөгөн оор эмгекти жалындаган илхам менен жазып чыккан болучу. Макалада Жакыптын бир кылымдан артык жашаганы, анча этибарга алынбаса да мазмуну терең, жан аябаган эмгек менен өткөн өмүрү кеңири сүрөттөлгөн эле.

Макала жакшы жана жолдуу болду. Ал тереңден чыккан кыял менен кызгын сезимден жаралган эле. Эл гезиттин бир санын да калтырбай талап кетти.

Эртеси, «Аннур» гезитинин бир бети гезит кызматчыларынын Фитнэ менен Жакыптын урматына, карттардын жапыз тамында өткөрүлгөн салтанаттуу той мурасымына багышталды. Буларга кошумча толгон-токой сүрөттөр да басылды. Жакыптын кызыктуу окуясынан кийин бул бетте дагы көңүлгө алаарлык бир нерсе — үстүнө жетимиш беш шам коюлган чоң самса жөнүндөгү сүрөттөмө болду. Бул шамдарды бир кылым жашаган абышка өзү күйгүзүп жана өзү өчүргөн.

Той жөнүндөгү жакшы жазылган макаланын аягы мындай кызгыл сөздөр менен аякталыптыр: «…андан кийин Жакып абышка жетимиш бешинчи шамды үйлөдү. Шам өчтү, ошону менен бирге эле анын өз тиричилиги да өчтү…»

Орусчадан оодарган Аман САСПАЕВ

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.