Талаада Көк мурун, Кызыл мурун деген эки аяз бир тууган сейилдеп жүрүштү. Ал экөө ойноп-күлүп да, бири-бирин мактай берип да тажашты. Ал эми түн болсо узун, а дүйнө кенен, аяздар болсо эркин. Айлана тынч, дүйнөдө эки аяздан башка эч ким калбагандай. Зериккен аяздар талаадан токойго келишип, бактан-бакка секиришти, коёндорду коркутушту. Токойдон кыштакка келип, терезелерге сайма сайышты, үйлөрдүн жыртыктарынан үйлөштү, чатырларда оюн салып, көчөлөргө муз тоңдурушту.

— Эхе, карачы бизден баары коркушат! — деп улуй кыйкырды Көк мурун аяз.

— Чыгып эле көрүшсүн, көк муштум кылып тоңдурабыз! — деп жооп берди Кызыл мурун аяз.

Таң ата баштады. Морлордон түтүн булады. Эшиктер чыйкылдап ачылды. Кишилер көчөгө чыгышты. Ар ким өз иши менен алектеништи.

— Жүрү, бир тууганым, буларды биз талаада күтүп туралы,- деди Кызыл мурун аяз.

Экөө талаага куушуп жетип, жолоочуларды күтө башташты.

Аңгыча кош ат чегилип, коңгуроосу шыңгыраган, чанасын арабакеч малайына айдаткан байбача карышкыр ичик кийип сөөлөттөнө көрүндү.

Эки аяз анын артынан кубалап, далайда жетип, байбачанын карышкыр ичигинин алдына кирип, ал жактан жылуулукту кубалап чыгышты. Байбача титирей баштады, аяздардын алдында бийлеп кирди, ээги-ээгине тийбей шакылдады, мурду кызарып кетти. Бир тууган аяздардын моокуму канды, текебер немени калчылдатып, өлтүрө үшүткөндөрүнө мактанышты, каткырышты…

Аңгыча кыштактан дагы бир караан көрүндү. Байбачадан кызыгы тарай түшкөн эки аяз учкан бойдон ага жетишти. Ал караан жалгыз атына чана чегип отунга бараткан мужук экен. Кийими да, өзү да жука көрүндү аяздарга. Аяздар аны тоңдуруп ойной башташты.

— Ээ аяз акелер, тамашаңарды койгула! — деген мужук чанасынан секирип түшүп, жөө басты. Жарым чакырым барган соң чекеси нымшып, кайрадан чанасына отуруп алды, кыңылдап обон салды, эч бир кайгыны билбей калды. Эки аяздын жиндери келип, токойго жеткиче далбастап жүрүшүп араңдан зорго мужукту чыйрыктыра алышты. Токойго киргенде мужук балтаны колго алды, үстүнкү кийимдерин чечип салды. Эки аяз ооздоруна жел толтуруп, мужукту музга айландыра тоңдуруш үчүн үйлөп киришти.

Бирок мужук мулжуңдап иштей берди, иштей берди. Бир кезде үшүмөк тургай тердеп чыкты. Үйлөй берип үшүтө албаган Кызыл мурун аяздын мурду ого бетер кызарды, Көк мурундуку ого бетер көгөрдү. Ага алы жетпестерин түшүнгөн аяздар эми мужуктун тонунун алдына жашынып, отун алып бүтүүсүн күтүштү. Үйгө бараткан жолдо тоңдурууну ойлошту. Бирок мужук отун алып бүткөн соң тонун чана толо отундун үстүнө ыргытып, өзү атын жөө жетелеп жолго түштү. Аяздар болсо эмгек деген куралы бар бул мужукту жеңе албастарына көздөрү жетип, жалкоолорду издеп жөнөштү…

Орусчадан оодарган Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.