АҢГЕМЕ

Жашыргандан пайда жок, биздин үйдө бардык маселени аялым чечет.

Мен муну кемсинүү деп эсептебеймин. Элдин көзүнчө өзүн үйдүн кожоюну катары көрсөтүп, “олуттуу иштерди мен чечемин!” деген эркектер көп эмеспи, ал эми иш жүзүндө чечим чыгарууда алар толугу менен аялдарына көз каранды. Бирок олуттуу иштер — бул табигаттын улам жылуу тартып баратышы, ядерлик куралдын жасалышы, ошондой эле АКШнын президентин шайлоо эмеспи. Мындай иштерди алардын чече албасы турган иш.

Кесиптештерим менин бардык иште аялымдын оюн угарымды жана ага маанилүү жумуштарды чечүүгө уруксат береримди билишет.

Эл арасында айтылгандай, “өгүз менен жылкы буулукканда кошко салгандай эле, аялдарды да өз убагында жүгөндөп туруу керек”. Балким, бул бир аз орой угулаар, бирок анын маңызы тереңде. Эгерде аял бардык жумушту башкарса, демек, ал жаңылыштык кетирбейт дегендик эмес. Мына мен дагы, үй алып жатканда аялымдын айынан жабыр тарттым.

Мен үчүнчү жана төртүнчү кабатта жашаганды дээрлик ыңгайлуу деп санаймын. Бирок аялым төмөнкү кабаттарда жашаганга караманча макул эмес. Ал эгерде асман тиреген кабат үйдөн батир сатып алып жаткан болсок, анда эмнеге жер алдында жашашыбыз керек дейт. Үчүнчү-төртүнчү кабатты “жер алдындагы” кабат деп айтууга болбойт да, туурабы? Ичимден албетте, каршы болдум, бирок эч нерсе айтканга жараган жокмун.

Акырында, жыйырма сегизинчи кабаттан батир алып, ага үчүнчү кабаттагы үй сыяктуу эле эки эселенген бааны төлөдүк.

Бийиктеги жашоо… Жарык жана кенен. Атүгүл, жамгыр жаашын да ылдыйкы кабаттагыларга караганда эртерээк билесиң. Убакытты жана күч-кубатты үнөмдөгөн лифти бар. Ыңгайлуу жана жол-жосунга туура келет. Бирок арадан бир нече күн өтпөй жатып, менин алдымда чоң тынчсыздануу жараткан жаңы абал жаралды.

“Лифтини башкарган” аял дароо эки жумушту алып кетүүнү чечиптир. Ал “Кечки кабарлар” гезитин сатат. Гезиттер лифтинин чакан үстөлүндө жатышат. Ар бир гезиттин баасы бир юань. Менден башка бул үйдүн ар бир жашоочусу күн сайын бирден гезит алып жатышкандай туюлат. Менин бир нече жолку баш тартуума карабай, аял мага гезитин таңуулаганын койбоду. Өз кезегинде мен дагы баш тартуудан тажабадым. Убакыттын өтүшү менен экөөбүз өчөшкөн душмандарга айландык. Бир жолу ал менин лифтиге чуркап баратканымды көрүп, атайылап мени күтпөстөн жөнөп кетти. Менимче, мунун баары гезиттин айынан башталды.

Дагы бир жолу аял мени көрүп, лифтинин эшигин жаап алды, ошентсе да мен лифтиге үлгүрүп кирип барып болот эшиктерге аз жерден кыпчылып кала жаздадым. Менин ийкемдүүлүгүмдү ал мындайча баалады: “Кайда кыпчыласың?! Эмне, сокурсуңбу? Эшик сынса, сен төлөйсүңбү?”. Лифтиде дагы бир киши болгондуктан, буга үндөгөн жокмун. “Гезит сатып алсаңчы!” – деген аял кайрадан корс этти. Анын орой сөздөрү үчүн өч алууну ойлоп, ай сайын үйүмө гезитке буйрутма берем деп калп айттым. Аял нааразы боло терс бурулуп, акырын мындай деди: “Сараңдын сараңы!”. Бул мени катуу ызалантты.

Адатта мен гезитти сейрек окуймун. Интернетте каалаган жаңылыгың бар. Жумуштан келерим менен адегенде эле бардык жаңылыктарды карап чыгам. Үйдө негизинен аялдар отурушат, андыктан алар бардык окуялардан кабардар болууга тийиш. Анын үстүнө, аялым мага бир айга отуз юань гана бөлүп берет. Күнүнө бир юандан гана корото аламын. Аялым акча эркекти бузат дейт. Ушундай жол менен ал мени адеп-ахлактуу эркекке айлантууну чечти. Эгерде күн сайын гезит сатып алчу болсом, менде бир тыйын калбайт деп эсептесем болот. Гезит саткан аял өтүнүчүн аткарбаганымдын башкы себебин билбейт. Ал мурдагыдай эле мурдумдун алдынан эшикти карс жаап, “сараң” деп кыйкырганын токтотподу. Күндөрдүн биринде, анын бул жоруктарын көтөрө албаган жаным, гезитинен бирди сатып алдым.

Ошондон соң жыйырма күн бою гезитин тынымсыз сатып алчу болдум. Аялды кудум алмаштырып коюшкандай болду. Ал баягы ороңдогон корс аялдан сылык-сыпаа, мээримдүү аялга айланды. Бирок менин капчыгымда төрт юань гана калды. Чачымды алдырмакчы болгон акчам лифтичи аялдын колуна түштү. Чачтарым болсо кулагыма чейин өсүп кетти. Эгерде мен аялыма акчамдын көбүн башка аялга коротконумду айтчу болсом, ал сөзсүз жинденет.

Муну болтурбаш үчүн, муундарымдын ооруганына карабастан, күн сайын тепкич менен өйдө көтөрүлүп, түшүүнү чечтим. Жыйырма сегиз кабат мен үчүн чыныгы кыйноо болду. Буттарым чор болуп, салмагым кыйла азайды, ал эми тизелерим ийилүүдөн таптакыр баш тартты. Бирок лифтичи аялдын жүз ыраңы менен анын бардык шылдыңдарын эстегенде, кудум жаңы күч-кубат алгандай болом.

Туура жарым айдан кийин бул азаптарга жаным чыдабай кетти. Чачтарачка жетерлик акчаны топтоп, кайрадан мурунку жай жашоомо кайтып, лифтиден пайдаланууну чечтим.

Лифтиде мени көңүлчөөк, боорукер аял мээримдүү тосуп алды: «Сиз жумуш сапарында болгон окшойсуз. Абдан арыктап кеткениңизди көрүп турам!». Мен башымды ийкеп, жооп ордуна жылмайып гана койдум. Капысынан аял бир боо гезит алып чыгып, мага сунду: «Атайын сиз үчүн гезиттерди сактап койдум. Мына, алышыңызды суранам. Сизден он беш юань!».

Анын жагымдуу сөздөрүн угуп, аз жерден турган жеримде жыгылып кала жаздадым. Бирок эртең кулагыма жеткен чачымды кыскартып алсам болмок да!..

Кыргызчалаган Назгүл ОСМОНОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.