Тарыхтын актай барактары качандыр бир толбой, жазылбай койбойт экен. Мен буга алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жээни, эс алуудагы дарыгер, өмүр бою Кыргызстанда жашап-иштеген Ринат Абдулвалиев менен жазуучунун өмүрүндөгү али калың элге белгисиз ой-кырлары, өкүнүч менен кубанычтары тууралуу баарлашып отуруп терең ынандым.

— Ринат аба, улуу жазуучубуз менен кандай туугандык байланышыңыз бар?

— Өзүм эс алуудамын, эки кызым бар. Аялым дагы деле иштейт. Жаштыгымда аскер врачы болуп түрмөлөрдө, Караколдо иштеп жүрдүм. Чыңгыз Төрөкуловичтин апасы Нагима Хамзаевнанын атасы менен менин атам Шариф Хамзаевичтер бир тууган болушат жана биздин чоң атабыз Хамза Хасанович болгон. Демек, мен Чыңгызга таяке боломун. Каракол өз убагында чоң шаар болгон. Эркек туугандарыбыздын сүрөттөрү сакталып калса, кыз-келиндерибиз ал убакта уят деп сүрөткө көп түшө берген эмес экен. Ошентсе да эски сүрөттөр арасынан таенебиздин да сүрөтүн таптым. Таенебиз жашыл көздүү, шайыр мүнөз аялзаты болуптур. Биздин тарыхый мекен – Татарстан Республикасынын Кукмар районунун Мачкара кыштагы болгон. Ал жактан Хамза Хасанович бул жакка келип калган. Аны менен бирге агасы Ахмадгали жана карындашы Галия апа кошо келген. Андан мурун Верный шаарында Исхак Абдулвалиев деген агабыз болуп, ал Семипалатинскиде дүкөн ачып, отурукташып, Орусиядагы туугандарына айткан экен: «Кыйналбай быякка – Караколго келгиле, ал жакта ылай, баткак, климат да катаал, бул жактын табигаты жылуу, өмүр сүргөнгө абдан ыңгайлуу» деп. Ошентип акырындык менен туугандарын чакырып, алар да бул жакта жайланышып, сегиз баланы өстүрүшөт.

Адегенде Ак-Сууга келип, соодагердин жардамчысы болуп, жашоолорун улантышкан туугандарыбыз акырындык менен жаңы жерге ыңгайлашып, Караколго көчүп барып, бара-бара беш дүкөн ачышат. Каракол шаарында тери заводун уюштурат, 1905-жылы дүкөнү бар үй курат. 1909-жылы баасы 3800 рубль болгон (алтын түрүндө) эки кабаттуу жыгач үй сатып алат. Өзүнүн короосунда кыргыз балдар үчүн баштапкы мектеп уюштурат. Хамза-бабанын бүт кыймылсыз мүлкү 1910-жылга 5000 рублден ашыгыраак турган (алтын түрүндө). 1925-жылдары сегиз баланы чоңойткон баба Караколдогу Базар көчөсүнүн №9/133 үй ээлигинен ажырайт. Тагдырдын буйругу менен бул көчө азыр Нагима Айтматованын атын алып жүрөт. Кыргызстандын көрүнүктүү агартуучусу жана окумуштуусу Кусеин Карасаевдин эскерүүлөрүндө мындай дейт: “Хамза Хасановичтин мейманкана бөлмөсүнө кирүү чоң сый эле, ага жакшы, боорукер, эмгекчил, арам ою жок ар улуттун адамдары келишер эле”. Кусаин Карасаевдин үй-бүлөсү, башкача айтканда, анын ата-энеси Пржевальский шаарына жакын Михайловка айылында жашаган.

— Өзүңүз Кыргызстандын кай жеринде жашадыңыз?

— Өзүм өмүр бою Кыргызстанда жашадым. Жаш убакытта Караколдо болдум. Өзбекстанда туулуп, бирок апам каза болуп бизди Караколго алып кетишти. Атабыз Шариф Хамзаевич согушка кетип, 1944-жылы Эстония жакта каза болду. Атамдын Абдулла деген кичүү иниси Фарид, Рустам, Ринат деген балдарын алып Караколго келди. Мен Ташкенде Суворов атындагы аскер-музыкалык мектебин бүтүрүп, кайра Фрунзеге келип, мединститутту бүтүрдүм. Кесибим – тери оорулары боюнча дарыгермин, балдар айткандай, “таз доктурмун” (күлүп).

Адегенде Нарынга иштегени жиберишти. Биз келатканда айылдын балдары “таз догдур келатат, кулагыңарды кесет” деп качышар эле. Ошентип жүрүп, бош болгон убагымда Нагима ападан сурай баштадым, «сиз кайдан келдиңиз, кандай турмуш болду, кайсы жактан» деп. Нагима апа болсо: “Ай, балам, жай турмушуңду кечирип, тынч тамагыңды же, башка нерсенин кереги жок, оозуңду ачсаң башыңа балээ табасың”, — деп коёр эле. Мен болбойм, апа, тиги заман бүтүп калды, “ежовщина” бүткөнү качан, эмнеден коркосуз дейм. Атам өлгөн, энем жок, жаш бала болсом да эч кимден, эч качан бир тыйын сураган жокмун. Ошентип жүрүп окууну бүтүрдүм. Бир убактарда дагы козголо баштадым. Караколго архивге келсем, баары туура эмес жазылыптыр. Ошол жактан чоң атабыздын катын таап алдым. Ал жерден чоң атамдын «менин сегиз балам бар, эмне үчүн үйүмдү тартып алып жатасыңар» деген маанидеги өкмөткө жазган катын таптым. Согушта аталарыбыз каза таап, үйсүз калган жетимдер бир бөлмөдө жети киши жашадык. Мамлекетке өткөрүлгөн үй 1921-жылдан баштап, бир башкаруу бийлигинен экинчисине өтүп турган: Ломоносов орто мектеби, Киров орто мектеби болду, акыркы мектептин директору Молдалиева Салкын 1983-жылдан бери толук ремонт кылууга аракет жасаган, бирок шаардык билим берүү бөлүмү каражат таба албай, 1988-жылы “Уруу уясы” буздурулган. Бул жерге жаңы мектеп курулуп, Лениндин аты коюлган. Булардын ичинен эң өкүнүчтүүсү — шаар сыртындагы биздин чоң атабыз балдары менен өстүргөн чоң жемиш багы, кооз аңгемелешүү орду жана көлөкөлүү аллеяларынын азыр жоктугу…

— Эмне үчүн өкмөт 1922-жылы алардын үйүн, дүкөндөрүн тартып алды?

— Өзүң билгендей, ошол жылдары бир аз эле колунда бар адамдарды кулакка тартып, мал-жанын өкмөткө тартып алып турушкан. 1932-жылы чоң атабыз Хамзабай каза болот. Ал кезде мен али жокмун. Ал убакта НКВД деген жүрөктүн үшүн алып турган. Ошол жылдары чоң атамдын улуу баласы Садиржан эл душманы деп камалып кетет. Ал Кордайда мал өстүрүп, аны Жалал-Абадга жиберип турган, ал жакта чоң совхоз ачкан. Ошондо кышында кыш катуу келип, жуут болуп, малдары кырылат. Сен совхоздун койлорун кырдың деп Наманганга түрмөгө камашат. Сотсуз эле атылып кетет. Анын кызы Асия апай да эл душманынын кызы деп куугунтукталат.

Ал кезде Нагима апа Таласта, ал тууралуу биз али эч нерсе уга элекпиз. Нагима апа өзүңөр билгендей, төрт баласын алып, куржунун көтөрүп Таластын Шекерине кетет. Адегенде кичинекей сарайда жашашат. Нагима апанын жанында сиңдиси Гулша апа кошо жашаган. Мен атамды да, апамды да такыр эстей албайм. Биздин атабыз Шариф Хамзаевич 1919-жылдан 1921-жылга чейин Ташкент шаарында командирлик курстарда окуган, Кызыл командир наамын Ата Мекендик согуштун болочок баш командачысы, армиянын генералы И.Е.Петров менен чогуу алган.

— Нагима апа менен кайсы жылдардан тартып кайрадан жакын мамиле кура баштадыңыздар?

— 1950-жылдардан баштап Нагима апа менен катташа баштадык. Ага чейин Нагима апа жадагалса, ата-энеси каза болгондо да бара алган эмес. Барган болсо, чоң балээге калмак. Чыңгыз да менин апам татар болгон деп айткан эмес, замандын түрү ошондой болгон. Бир чети, күйөөсү чоң мамлекеттик кызматта иштеген, ал кезде андай кызматкерлер аялдарын жарыя кылып айтышкан эмес. Ал убакта катташуу деген болгон эмес. Кийинчерээк биз Роза Айтматова менен Караколго барып, губернаторго кирдик да, ата-бабаларыбыздын үйүн бизге бергиле, аны Хамза Абдулвалиев атындагы Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине айландырыш керек деп да көрдүк. Совет өкмөтү көптөгөн ишмерлерди жок кылган. Биздин чоң атабыз ак эмгеги менен салган үйүн алдырса да, кандайча кулакка тартылбай, жазаланбай калды деген суроо туулбай койбойт.

Менин оюмча, мында анын күйөө баласы, Төрөкул Айтматовдун орду бар. Ал мамлекеттик жооптуу кызматта иштеп турган үчүн албетте, колунан келип турганда аялынын туугандарына жардам берген болуш керек. Нагима апай 1925-жылы Төрөкулга турмушка чыгат. Россиядан келген тарыхчы менден алардын үйлөнүү тою болду беле, нике окулган беле деген суроо берди. А мен ага: «Ай, башың иштейби? 25-жылы мен али туулган эмесмин, той болсо да элге жарыя кылынбагандыр» деп жооп бердим. Ал заманда элге дүңгүрөтүп той берүү деген болгон эмес.

Чыңгыз агай сиздин эмгектерге кандай карачу эле?

— Чыңгыз эми чоң киши болгон, тириликтеги майда-чүйдөлөргө кирише берчү эмес. Чыңгыздын “Кылым карыткан бир күн” романына кино тартам деген ою болгон. Менин эмгектериме кубануу менен карап, жаза бер, бирок менин башымды оорутпа деп коёр эле.

Кайсы жылдан баштап сиздердин уруунун таржымалын изилдөөгө чындап кириштиңиз?

— Ошол убакта кызматы бар эркектердин баары татардан аял алган. Анын себеби жөнөкөй: татар аялдары билимдүү болушкан, балдарга кандай тарбия бериш керек, күйөөнү кандай караш керек, баарын билишкен. Чоң атабыз абдан бай киши болгон. Кыздарынын баарына жакшы сеп берген, тери заводдору да болгон. Жакын туугандарынын айтуусу боюнча, бардык туугандар Хамза атанын үйүнө чогулушат да, отунсуз, керосинсиз самоор кайнатмак болушат. Ошондо Хамза атабыз отко бир сомдуктарды акырын таштап отуруп, самоорду кайнаткан экен. Калгандары биз утулдук деп ага байгесин беришет. Атабызда бирөөнү алдоо деген болгон эмес, маңдай тери менен дүнүйө кураган. Караколдо кыргыз мектеп ачкан. Өз акчасына мугалим жалдап, балдарды окута баштаган. Совет бийлиги келгенде мектебин жаап койгон. Мына ушуларды 1993-жылдан баштап изилдеп, гезиттерге чыгара баштадым. Бир күнү карасам, гезитте “Хамза – Чыңгыздын таятасы” деп гезиттин бир бетин ээлеген материал жүрөт. Туугандарым күлүшөт: “Хамза сенин чоң атаң эле, эми Чыңгыздыкы болду” деп.

— Улуу жазуучубуз тууралуу биз билбеген маалыматтар дагы чыгат деп ойлойсузбу?

— Так кесе айта албайм. Балким, дагы биз билбеген маалыматтар чыгат. Ким бирөө, Нагима апа армияда “политработник” болуп иштеген деп жазыптыр. Мындай жалган нерсени кайдан табышат, билбеймин. Нагима апа ал убакта иштемек турсун, Таласка кетпесе, камап коюшмак. Ал Таласка кетүү менен балдарынын, анын ичинде кыргыз адабиятынын генийи Чыңгыздын өмүрүн сактап калып отурат.

Маектешкен Назгүл ОСМОНОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.