Англисчеден которгон Таалайбек АБДИЕВ

АҢГЕМЕ

Силер, адамдар, жаныбардын көркөм чыгармасын окуп, таӊ калбайт деле болушуӊар керек. Мистер Киплинг жана башка көптөгөн жазуучулар айбанаттар англисче жакшы сүйлөшөрүн далилдеп беришкен соӊ, азыр бир да сүрөттүү журнал айбанаттын аӊгемеси жок чыкпай калды. Албетте, окурмандарына мурункудай эле Брайандын сүрөттөрү менен Пело тоосундагы үрөй учурган окуяларды шыкап берип жаткан айына бир чыкчу эски журналдар буга кирбейт.

Бирок мен эми жаӊгел китептериндеги аюу Беару, жолборс Тамману жана жылан Шеку сыяктуу тил безеп сүйлөй албайм, андайды менин баяныман издебей эле коюӊуз. Өмүрүнүн көбүн Нью-Йорктун арзан баа квартирасында өткөрүп, бурчтагы эски сатин ич юбкада (ага биздин айым леди Лоӊшоремендин банкетинде портвейн төгүп алган) жатчу сары иттен чечендикти күткөнгө болобу.

Мен бир сары күчүк болуп туулупмун: качан, кайсы жерде туулганым, ошондой эле ата-тегим менен салмагым да белгисиз. Эсимде калганы: Бродвей менен Жыйырма үчүнчү көчөнүн бурчунда бир кемпир мени себетке салып алып, бир семиз айымга сатып аткан. Ал желмогуз кемпир мени жерге-сууга тийгизбей мактап, бул деген таза кандуу померан-гамбльтондук кызыл ирланд кохинхин фокстерьери деп жаткан. Тиги семиз айым сумкасын аӊтарып жатып, чүпөрөк-чапырактарынын арасынан беш доллар таап чыгып берген. Ошондон баштап мен сүйүктүү ит – айымдын сүймөнчүк күчүгү болуп калдым. Айтыӊызчы, урматтуу окурман, дайыма сыр менен «Эспан» атыры жыттанып, салмагы эки жүз фунт келген көлкүлдөгөн семиз аял сизди көтөрүп алып, өөп-жыттап: «Ананайын быйтыгыйым, бойтогоюм, тойтогоюм, кенедейим»,- деп жалынып эркелетти беле?

Анан баягы асыл тукум сары күчүк чоӊойгондо эле ангор мышыгы менен бир баштык лимонду кошо койгондой сапсары ит болуп калса болобу. Бирок биздин айым буга капа болгон деле жок. Анткени Нух пайгамбар кемесине салган байыркы эки күчүк менин кыйыр бабаларым экенине абдан ишенчү. Бир жолу Мэдисон-сквер-гардендеги Сибирь лайкаларынын көргөзмөсүнө мени киргизип жибере жаздап, эки полиция араӊ алып алып калган.

Эми жанагы квартира тууралуу айтып берейин. Үй кире беришине мрамор, экинчи кабаттан баштап таш плита төшөлгөн Нью-Йорктогу кадимки үйлөрдүн бири болчу. Биздин квартирага жетиш үчүн үчүнчү кабатка чыгыш… жок, жөрмөлөп чыгыш керек эле. Биздин айым аны эмерексиз киреге алып, ага эл катары эски, миӊ тогуз жүз үчүнчү жылкы жумшак гарнитур, Гарлем чайканасында чай ичип отурган гейшалар тартылган олеография, каучук жыгачын жана күйөөсү менен жасалгалап алган.

Кудай урсун, ага абдан боорум ооручу! Ал сары чачтуу, кулагы меникине окшоп кеткен, кичинекей киши болчу. Дүйнө жүзүндөгү тукандар, фламинголор менен биргазандар чокуп кеткендей болуп турчу. Ал идиш-аякты сүртүп жатып, тыйын чычкан манто кийип керилген экинчи кабаттагы аял эскирип тамтыгы чыккан ич кийимдерин кантип кермеге жайганын саймедиреген айымдын сөзүн тыӊдачу. Мындан тышкары, айым кечки тамак жасап жатканда, мени көчөгө жетелеп алып ойнотуп келгенге мажбур эле.

Аялдар жалгыз калганда эмне кылышарын билишсе, эркектер өлүп баратса да үйлөнүшмөк эмес. Лаура Лин Жиббинин романдары, жаӊгак чагып жеш, мойнуна миндаль кремин сыйпоо (идиш-аяк жуулбаган бойдон тура берет), муз алып келген неме менен жарым саат баарлашуу, таӊгакталган эски каттарды окуп чыгуу, эки пикуль жеп, артынан эки бөтөлкө мальц-экстракт ичүү, анан бозортулган айнектеги атайын жасалган тешиктен маӊдайкы квартирада эмне болуп атканын бир сааттай аӊдып отуруу – мына алардын кылган иши. Күйөөсү жумуштан келерине жыйырма мүнөт калганда, чачтарын оӊдоп-түздөй калышат да, он мүнөттүк комедия ойной коюш үчүн чүпөрөк-чапырагын алып чыгып, бир нерсе тигимиш болуп калышат.

Мен болсо квартирада итчилик жашоому өткөрчүмүн. Көбүнчө өз бурчумда семиз аялдын убакытты кантип өткөргөнүн карап жатчумун. Кээде көзүм илинип кетип, түш көрөм да, мышыктарды кууп жүргөн болом, алар болсо жертөлөгө кире качышат, же болбосо кара мээлейчен кемпирлерге үрөм – кыскасы, өзүмүн иттик милдетими аткарам. Мындайда тиги мени ичи элжиреп кетип баса калат да, мурдуман өпкүлөп кирет. А мен эмне кылмак элем? Ит сарымсак жеп коё албайт да.

Анын күйөөсүнө боорум ооруй турган болду (калп айтсам, мышык болуп калайын). Экөөбүздүн кебетебиз ушунчалык окшошуп калгандыктан, муну көчөдөгү эл да байкап калды. Ушундан улам Морган өтчү көчөлөрдү коюп, кедейлер жашаган көчөлөрдөгү былтыркы декабрдан калган кар дөбөлөргө чыкканды артык көрүп калдык.

Бир күнү кечинде сейилге чыгып, мен атактуу сенбернардай түр көрсөтүп, чал болсо Мендельсондун «Үйлөнүү маршын» ойногон шарманщикти муунтуп өлтүрбөй тургандай айкөл болумуш болуп келатканда, жогору карап, өз тилимде мындай дедим:

— Эмне эле ачыбаган камырдай болуп келатасыӊ? Ал сени өпкөн жок го. Анын тизесинде отуруп, келжирегенин да укпайсыӊ. Ага салыштырганда операдагы либретто маӊызы жагынан Эпиктеттин учкул сөздөрүндөй эле болуп калат. Сен ит болуп калбаганыӊа сүйүнүшүӊ керек. Өзүӊө кел да, көп эле капа боло бербе.

Ал мени жогортон аӊдай албай калган иттей болуп карады.

— Эмне болду, күчүк?- деди ал. – Сен жакшы күчүксүӊ. Сүйлөп жаткандай карайсыӊ да. Эмне болду сага? Мышыкпы?

Мышык дейт тура, ооба, мышык!

Албетте, бул мени түшүнгөн жок. Адамдар айбандардай болуп сүйлөшө албайт. Алар көркөм чыгарма аркылуу гана баарлаша алышат.

Маӊдайкы квартирада карала терьери бар бир аял турчу. Күн сайын кечинде күйөөсү итин жетелеп алып чыгат да, үйүнө көӊүлү куунак, ышкырып кайтат. Бир күнү кечинде карала экөөбүз тепкичтен жытташа түштүк да, сурап калдым.

— Кулак салчы, Тентек,- дедим ага,- бир да эркек элдин көзүнчө ит багар болгусу келбейт, муну сен билесиӊ. Ит жетелеп баратып, өзүн карагандарды жутуп жибергиси келбеген бир да кишини көрө элекмин. Бирок сенин ээӊ күн сайын жумуртка оюну оӊунан чыккан үйрөнчүк фокусчудай куунак кайтат. Ал кайдан жүрүп мындай болуп калган? Ит жетелеген ага жагат деп мени алдабай эле кой.

— Албы?- деди карала. – Ал табият берген нерсени кылат. Ышкырат! Башында көчөгө чыкканда уялчу. Бирок сегиз барга кирип чыккандан кийин, ит жетелеп баратабы, мышык жетелеп баратабы, баары бир болуп калат. Барлардагы айланма эшиктерден өтүп кетем деп жүрүп, куйругумун эки дюймдайынан кол жуудум.

Терьердин айтканын угуп, ойлонуп калдым.

Бир күнү кечинде саат алтыларда айым күйөөсүн Сүйгүнчүктү эшикке алып чыгып кел деп калды. Буга чейин айтпай жашырып атпадымбы: ал мени ушинтип чакырчу да! А тиги караланы болсо Чаӊкылдак дешчү. Бул жагынан андан бир куйрук өйдөмүн деп эсептейм. Бирок тоодой-таштай болгон итке «Сүйгүнчүк» деп күчүктүн атын коюш анын куйругуна бош банке байлагандай эле кеп да.

Бир күнү бир бейкут көчөнүн ыктоо жеринде жайгашкан азгырма барга жеткенде, жипти тартып, баспай туруп алдым. Анан эшигине чуркап барып, кичинекей Алиса гүл терем деп барып сазга тыгылып калганын үйүндөгүлөргө түшүндүрсөм деген иттен бетер тырмалап, кыӊшылап ийдим.

— Көргөн көзүмө ишенбей турам!- деп жалжайды чал. – Бул лимон кептенген сары неме кирип ичип чыкса деп турат. Токточу, деги менин ичпегениме канча болду? Эми болбостур…

Эми мени таштап кетпей турганына көзүм жетти. Ал үстөлгө отурду да, ысык шотланд вискисин иче баштады. Вискилер бир саат бою биринин артынан бири келе берди. Мен болсо жанына отуруп алып, түгөнгөн сайын куйругум менен жер чапкылап, официантты чакырып коюп, кымбат ысылыктарды жей бердим. Буларды күйөөсү келерге сегиз мүнөт калганда дүкөндөн алып келе койгон биздин айымдын арзан тамагы менен салыштырып болобу.

Кара нандан башка шотланд тамактарынын баары түгөнгөн соӊ, чал мени үстөлдүн бутунан чечип, балык кармап алган немедей жипти алдына салып, мени алга коё берди. Көчөгө чыкканда, каргымы чечти да, ыргытып жиберди.

— Байкушум,- деди ал, — сен жакшы итсиӊ. Болду эми, ал сени өппөйт. Уят да ушул! Бар эми, чуркап барып трамвайга боюӊду таштап жибер да, бактылуу бол.

Бирок мен кетпей койдум. Каминди бойлото салынган килемдеги күчүктөй болуп, аны тегерене чуркап, секирип ойной баштадым.

— Эх, чымчык уулаган осурак мергенчи,- дедим ага,- сен айды карап улуп, коён кууп, жумуртка уурдаганга гана жарайсыӊ, а менин сени таштап кетким келбей турганымы көрбөйсүӊ. Биз экөөбүз токойдо адашкан күчүкпүз, ал эми айым – өгөй эне; ал сени идиш-аяк сүрттүрүп, мени болсо бүргө дары сүйкөп, куйругума кызгылт бантик тагып кууратат. Ушуну кантип түшүнбөйсүӊ? Баарын таштап, акыреттик дос болуп, жер кезип кеткенге неге болбосун?

Сиз, балким, ал муну кайдан түшүнмөк эле дешиӊиз мүмкүн. Талашпайм, балким, ошондойдур. Бирок ысык шотланд вискиси кылгылыкты кылды: тиги ойлонуп туруп калды.

— Күчүк,- деди ал акыры,- биз бул дүйнөгө бир келет экенбиз, анан калса үч жүзгө чыккан кишини да көрө элекмин. Эми ошол тозокко кайра барсам, мени кудай уруп кетсин, кайра барсаӊ, сени кудай уруп кетсин. Бүгүн Батыш Чыгышты жеӊет деп мелдеше алам.

Мен жиби жок эле ээмди ээрчип, ойноктогон бойдон Жыйырма үчүнчү көчө менен паромго бардым. Жолдо кездешкен мышыктар курч тырмактарын мураска калтырган ата-бабаларына бир ыраазы болушту окшойт.

Паром менен аркы өйүзгө өткөн соӊ, чал вокзалда мейиздүү токоч жеп турган турган бир бейтааныш кишиге:

— Биз итим экөөбүз Аскалуу-Тоолорго кетип баратабыз,- деп койду.

Бирок баарынан да ал мени кулагыман кыӊшылап ийгенче чоюп туруп, мындай дегенде жарылып кете жаздадым:

— Эх, маймыл баш, келемиш куйрук, сары ит десе, эми мен сенин атыӊы эмне деп коём, билесиӊби?

Баягы атымы эстеп, муӊканып кыӊшылап ийдим.

— Сенин атыӊ эми Бөрүбасар болот,- деди ал. Атаганат, беш куйругум болсо, жакшы бир чимирилте булгалап белгилебейт белем.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.