Бүгүнкү маектешибиз философ, коомдук-саясый окуяларга сергек сереп салып келаткан мыкты аналитик Карыбек Байбосунов учурдагы диний абал жана саясый кырдаалга өз баасын берди…

– Учурда кыргыз ичинде бөлүнүп-жарылуучулук оголе оркоюп көрүнүп келаткандай, өзгөчө: исламчылар менен теңирчилер деген эки жааттын жаакташууларын интернеттеги социалдык желелерден туюп аткандырсыз. Кокус, диний караңгылыкты ашкерелеген бирөө-жарым пикир жаза турган болсо деле исламдын түрдүү агымын ээрчигендин көбү ошол пикир жазган адамды «сен мээсинен айныган теңирчисиң» деген таризде, теңирчиликти бир баш үйүртмө коркунуч катары каралагандар күндөн күнгө арбып бараткан жокпу?

– Кыргызстанда дин саясатка айланып кетти. Атүгүл коомду жаатташтырып, бөлүп-жаргыч курал болуп кыргыз элинин душмандарына кызмат өтөп баштады (бул тенденция акыркы 10 жылда абдан күчөдү). Адамдардын ички дүйнөсүн байытып, рухун көтөрүп, маданиятын байыткандын ордуна, инсанатты басынткан одоно куралга айланып баратат. Дин бул Адамзатка Жараткандан берилген ыйык дөөлөт эмей эле, элди Ыйманга чакыргандын ордуна, адамдарды ыймандан алыстаткан, коомду кайраштырган агрессивдүү каражат болуп баратат. Ошол себептүү, мисалы, “Теңирчи” деген агым исламды туура эмес колдонуп, чагымчылдыктын куралына айландырган саудиттердин жана айрым диний мазхабдардын терс жактарына каршылык катары чыккан көз караштардан пайда болду. “Теңирчи – демек, каапыр” деген сөз, кыргыздын илгертен берки тарыхын, салттарын, адаттарын, табиятка көзкараштарын билдирип, мистикалык жана илимий эмтектерди таратып жиберишин – мусулмандардын бир даары терс кабыл алды жана коомдо жакшы эмес ойлорду түзүүдө.

Ошол эле убакта, “ашынган исламчылар”, “арабкулдар”, “хиджапгүлдөр” деген жарлык берки өйүздөгү Теңир философиясын жана агностиктерди (баарын тангандарды) колдогондор тараптан жайылтылып, ортодо карама-каршылыктын эки уюлу пайда болду. Экөөнү тең угуп турсаң, аныкы да, мунуку да туура сезилет. А чындык кайда? Чындыкты эки тарап тең тапкан жок! “Керкисинде да, кемигинде да бар”. Эки жаалы катуулап бараткан тарап тең адашууга кирептер болуп алышты. Бул эмнени билдирет? Бул – түркөйлүктү, чала сабаттуулукту жана ээн ооздукту… Ар ким өзү билген намазын окуп жатыр. Бир дагы диний же илимий булактан алынган далили жок эле бирин-бири “сен акмак”, сен айбан” деп сөгүп-согуп жатат. Же диний аалымдарыбыз өзүнүн капкаяктагы диний багыттагы университеттерден алган теологиялык, дин таануу илимдеринин далилин бере алышпайт, же “теңир жалгагырлар” расмий илимдин тастыктоолорун бере алышпайт да, эки ортодо элдин башын маң кылышты.

Мындайда шумпайлар менен чагымчылдардын гана күнү тууйт! Чет өлкөдөн (өзгөчө Сауд аравиясынан жана Батыштан) келген миссионерлер менен куу аферисттер акча аркылуу биздин диний институттарыбызга тикелей таасир көрсөтүшүп, көп зыяндуу иштерди жасоого үлгүрүштү.

Малайзияны баштан аяк көтөрүп, даңазалуу өсүшкө жеткирген Ли Куан Ю деген адамдын бир сөзү эске түшөт: “Биздин реформалар башталган учурда вахабий саудиттер убап-чубап келе башташты. Алар айтышты: “Акча беребиз, мечит курабыз, жыргатабыз” деп. Ошондо биз чечкиндүү түрдө алардын сунуштарын четке кагып, аларды айдап кетиргенбиз”. Натыйжада, мусулмандар буддисттер жана башка диндерди туткан жарандар менен чогуу, тынчтыкта гүлдөп жашап жатышат деген таризде айтканы бар.

Бизде эмне болду? ФАНО түзөбүз, Орто Азия Эмиратын курабыз, жапырт исламдаштырабыз дешип, диний жана материалий жактан ачка олтурган пенделерге акча ыргыта башташты, жер-жерлерде мечиттерди курушту, аларга демөөрлөшүп, өзүбүздүн азыноолак байыган мекендештерибиз да мектептен мурда мечит курууга каражаттарын аяшкан жок. Вахабизм өз тамырын каалашынча жайылтты. Салафиттер менен ханафиттер өз билгениндей карама-каршы мазхабдарын таңуулап киришти. Акыр заман белгиси катары 73 агымга бөлүнгөн дин элди нестейтти. Натыйжада, учурдагы карама-каршылыктар келип чыкты. Мунун арты жакшы болбойт. Эч ким жеңишке ээ болбойт: баарыбыз талкаланабыз. Бул кимге керек? Биздин элибизди кедей кылып, кул-күң кылууга кызыкдар саудиттер менен Американын сионисттик саясатын жайылткандар үчүн май-талкан нерсе!

– Дегеле теңирчиликти диний агым катары көрсөткөн күчтөр эмне себептен арбып баратат деп ойлойсуз? Мында сырткы күчтөрдүн козуткан ойну жүрүп жаткан жокпу?

– Буга жооп бердим. Бир аз толуктоо катары айтарым, теңирчиликти дин катары каттатабыз деген да идеялар болгон. Бул – жеткен наадандык! Ислам дининен кийин бизге башка диндин кереги жок болчу. Исламды диний ишеним катары чанасыңбы, жакпайбы, – анда “светский” (жарык) көзкараш менен жашай бер: сени эч ким мажбурлабайт.

– Дегеле кыргызды бөлүп-жаруу үчүн исламга жамынган күчтөрдүн аракети эмне мынча катуу активдешүүдө? Же аларга олчойгон акча каражаттары келип, бул бир атайы долбоор катары иштеп атабы?

– Бул маселеге жогоруда да учкай токтолгонсудум, ошентсе да дагы бир толуктоо: алиги “Халал” деген жасалма бренд аркылуу вахабий саудиттердин саясаты бизнес чөйрөсү аркылуу таратылып жатат. Бул бизнес тармагы сыртынан сонун көрүнгөнү менен, ичинде кытмырлык жатат. Элди “халалчы” жана “халал эместер” деген эки жаатка бөлүү аракетин көрбөй коюу мүмкүн эмес. Халал дейсиңби, адал дейсиңби, азык-түлүктүн тазалыгын, элдин ден соолугуна зыяны тийбеген программа боюнча мамлекеттик органдар базарларды, эт-сүт багыттарын көзөмөлгө алып, баарын системага салып койсо, саудиттердин “стандарттарынын” бизге эмне кажети бар эле?! Ошол эле чочконун этин жебей калган эл тазарып кетеби же чочконун этин жеген грузиндер, орустар, молдовандар, япондор “булганып” калыптырбы? Кыргыз ансыз деле чочко жеген эмес, чочко баккан эмес, малды бата менен мууздап, кылдаттык менен союп, таза тамак жешкен. “Халяль” ишарааты аркылуу чет элдик диний агымдарды таратуу идеясы жатканын баарыбыз көрүп жатабыз. Бул экономикалык же рухий тарбиялык каражат эмес, Кыргызстанга коюлган саясый доомат десек болот. “Халяль” түзүмү таптакыр эле таптаза, кынтыксыз калыпка түштү дегенге ишенип болбойт. “Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр” деген лакап бекер чыккан эмес. Айталык, Германия менен Жапонияда адамдын оозуна кирген нерселерден санитардык жана сапаттык кемтиктер кетип калса, ошол азыктарды даярдаган фирмалар штраф тартат, соттолот, атүгүл атылып кетет! Ал эми аларга “Халяль” стандартын эч ким таңуулаган эмес да.

Башмыйзамда мамлекет жана дин биринен бири ажыратылып көрсөтүлгөнү менен бирок иш жүзүндө азыркы бийлик менен диний чөйрөнүн көрүнүктүү аалымдары мамыр-жумур жуурулушуп, ал тургай президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду Чубак Жалилов шайлоочулар алдында ачыктан ачык үгүттөгөнү коомчулукта кызуу талуу жаратууда. Бул боюнча сиз кандай пикирдесиз?

– Диний кызматтагы инсандар мамлекеттик саясатка киришпеши керек. Буга биздин Конституция жол бербейт. Алар кайсыл бир саясый фигуралар үчүн үгүт иштерин жүргүзүүгө, коомдогу окуяларга саясый баа беришке такыр укугу жок. Чубак Жалилов акыркы кезде куудул-шоуменге, №1-чи моралдык-этикалык насаатчыга айланганы таң калтырбай деле калды. Уламдан-улам маашырланып, ары жагы теологиялык мугалимдикке багыт алып, бери жагы – төшөк маданиятына кайрылып, Жаныбек Жанузактын ордун басканы калды. Анысы аз келгенсип, шайлоо кампаниясында да үн чыгарып жатканы – анын чектен ашкере чыгып, эл кол чаап койсо, элирип кеткендиги деп баалоого болот. Ушунчасында Чубак молдо “тормозду теппесе” болбойт ко. Мен бул адамдын билимин, акыл-эстүү жан экендигин сыйлап, ушуну айтып жатам. Улуктуктан пастыкка түшүп кетиш опоңой.

Президенттик шайлоонун жыйынтыгы ызы-чуусуз өтөт деп ойлойсузбу?

– Ал – өзүбүздөн. Баарыбыз шайлоонун чыр-чатаксыз өтүп кетишин кааласак, тынч өтөт. А эгер ар кандай авантюристтердин артынан ээрчип, бири-бирибизге кыжынып, таймашка түшүп алсак, аягы чыр менен бүтөт. Элибиздин даанышмандыгы мындайга жол бербес.

Дегеле бийлик тарабынан жеке бир талапкерге (С.Жээнбековго) өзгөчө артыкчылык берилип аткан жокпу?

– Суроого суроо менен жооп: кайсы өлкөдө, кайсы коомдо бийлик кландары өз талапкерине артыкчылык шарттарды камсыздаган жок эле? Ушундай мисал болсо айтыңызчы? Бизде азыркы тапта кландар күрөшү жүрүп жатканын билесизби? Саясый процесстер бийликке келген жана бийликте эмес кландардын кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат, буга кантип жок дейсиз?

Акыркы убактарда интернетте жайылып кеткен видеолор туурасында не дээр элеңиз? Алардын биринде Юридикалык академиянын мугалими студенттерге Сооронбай Жээнбековго добуш салбаганыңар окуудан чыгарыласыңар деген көрсөтмө берсе, кайсы бир мектеп деректири да атайы жыйын өткөрүп, бир гана Жээнбековго добуш берүү милдетин таңуулаганы элдин кыжырын кайнатууда. Бийликтин мындай ыплас аракеттеринин арты эмне менен аяктайт деп ойлойсуз?

– Бул суроого менде комментарий жок. Ар бир жамаат кандай кааласа, ошондой иш жүргүзүп келатат. Бирок Шайлоо боюнча мыйзам одоно бузулса, ачыктан-ачык мажбурлоо жүргүзүлгөнү тастыкталчу болсо, тийиштүү жетекчи сот алдында жооп бериш керек. Бул уят нерсе.

– Абыдан жүйөөлүү жана калыс жоопторуңуз үчүн терең ыраазычылык билдирем! Маек үчүн алтындай убактыңызды бөлгөнүңүзгө ракмат.

Олжобай ШАКИР

3 Replies to “Карыбек БАЙБОСУНОВ: Теңирчиликти дин катары каттатабыз деген бул – жеткен наадандык!”

  1. Кичинекей оңдоо: Ли Куан Ю Малайзияны эмес, Сингапурду өнүктүргөн. Сингапур менен Малайзия коңшу, бирок эки башка мамлекет. Жана ошондой эле, «Ханафит» жана «Салафит» терминдерин колдонуптур. Динден кабары жок адам бул эки сөздү окуп, экөөсүн тең туура эмес деп түшүнүп алуусу мүмкүн. Ата-бабаларыбыз ханафий болуп келген. Ал эми салафиттер кечээ эле чыккан, аркасына саудияны алган агым. Ошондуктан ушул жерди да так айырмалап койсо болмок деп ойлойм. Рахмат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.