Сары-Камыш айылында Тержайлак деген ажайып жайлоо бар. Ошол жайлоону жарып өткөн Көк-Чолок жана Керайгырдын суусу деген суулар бар. Алардын ар биринин өзүнчө тарыхы бар. Бул ирет Керайгыр суусу тууралуу айтылып келаткан  бир  керемет баянды кеп кылайын.

Бул жерде кайсы замандан бери эл жашап келатканын албетте, так айта албайм. Ошентсе да, кайсы бир заманда ушул айылда бир чоң той болгон экен. Тойго түштүк тарабынан Тогуз-Тородон, чыгыш тарабы Жумгалдан, түндүк чыгыш – Суусамырдан бери эл чакырылып, күлүктөр узактан чабылган экен. Айтымда Жумгалдын Кызыл-Оюнан бери алтымыш чакырымдан күлүктөр кое берилген имиш деп айтылат.

Күлүктөн күлүк өтүп, далайлары жолдо калып, далайы түтөктөп өлүп, акырында бир Керайгыр күлүк баарынан алдыга узап келет. Келгенде да,  Көк-Чолок менен биз айтып жаткан Керайгыр суусунун ортосундагы дөбөдөн өтө берип, чукул бурулуштан сууга кире бергенде дагы деле күүлөнүп келаткан күлүк сууга кирип келип, ташка урунуп жан берген имиш.

Баарынан кызыгы эми башталат. Аттын үстүндөгү чабандес бала атты таштап, башындагы жүгөнүн шыпырып алып, марага көздөй жөө чуркап жөнөгөн экен. Көрсө, Керайгыр ушунчалык алыс алдыга озуп келгендиктен, эки чакырымдан ашык аралыкка жөө чабандес чуркап жеткиче арттан келген аттар караандабаптыр.

Аттын байгесин берерде талаш-тартыш болот. Бирок баланын эрдигин баалаган билармандар калыска келип, байгени өлсө да Керайгырга ыйгарышыптыр. Ошентип, чыгаан күлүк Керайгыр өлгөн аймак бүтүндөй  анын аты менен аталып, ал өлгөн суунун кечүүсүн Керайгыр кечүүсү, а сууну Керайгыр суусу деп атап калышыптыр.

Эл оозунан жыйнаган Сулайман РЫСБАЕВ
4-апр.2016-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.