ПРИТЧА-АҢГЕМЕ

— Сиз, темир устасызбы?

Артынан чыккан үн ушунчалык күтүүсүз жерден угулду эле, Уста селт эте түштү. Нары, устакананын эшиги ачылып, бирөө ичкери кирип келгенин ал укпаган эле.

— Такылдатканды үйрөнгөн эмессизби? — деп өзүнө да, шамдагай кардарына да бираз кыжыры келип, ал орой жооп берди.

— Такылдатканды? Хм… Үйрөнгөн эмес экенмин, — деп үн жооп берди.

Уста, эски сүлгүнү алып, оор колдорун аарчып, бейтааныштын бетине айтып салуу үчүн, кекеткен сөздөрдү ичинен даярдап, акырын артын карады. Бирок даярдаган сөздөрү, ичинде, бир жеринде ошол бойдон калып кетти, анткени анын кашында бир өзгөчө кардар турду.

— Менин чалгымды түздөп, чыңап берип кое аласызбы? — Конок, бираз кырылдаган, аялдын үнү менен сурады.

— Болдубу? Аягы ушубу? — колундагы сүлгүнү бир бурчка таштаган Уста, терең дем алып алды.

— Болду, ал эле эмес, бирок мурункудан да начарлап калды, — деп Өлүм жооп берди.

— Ооба, албетте, — Уста макул болду, — талашмак белем. Эми мен эмне кылышым керек?

— Чалгыны түздөш керек, — Өлүм токтоолук менен кайталады.

— Андан кийинчи?

— Кийин курчутуп берсеңиз, мүмкүн болсо.

Уста чалгыга көз таштады. Чынында эле чалгынын мизи бир-эки жеринен кертилип калыптыр, ийрейе да түшүптүр.

— Муну го түшүндүм, — Уста башын ийкеди, — а мен эмне кылайын? Келме келтирейинби? Кантсе да, мен биринчи жолу …

— А-а-а… сиз ал жөнүндө дебейсизби, — Өлүмдүн желкеси үнсүз күлкүдөн титиреп кетти, — жоок, мен сизди алганы келген жокмун. Мен чалгымды гана түздөтөм деп келдим. Кыла аласызбы?

— Демек, мен өлгөн жокмунбу? — Уста өзүн өзү акырын сыйпалап көрүп сурады.

— Билбейм, сиз өзүңүз жакшыраак билет болушуңуз керек. Өзүңүздү кандай сезип жатасыз?

— Ооба, жакшыдай эле.

— Көнүлүңүз айланып, башыңыз тегеренип, эч жериңиз ооруган жокпу?

—Ж-ж-ок, — өзүнүн ички сезимдерине кулак салып туруп, Уста өзүнө көп ишене албай жооп берди.

— Андай болсо, кадырыңыз жам болсун, кыжаалатчылыкка орун жок — деп, Өлүм чалгысын сунду.

Бир заматта таштай катып калган колдоруна чалгыны алды да, аны ар жагынан карай баштады. Ал жарым сааттык иш болчу, бирок артында олтуруп, иштин аягын күткөн ким экенин сезүү, жумушту автоматтык түрдө бир-эки саатка узартып турду. Шыбыр үн чыгарбай, Уста дөшүгө акырын басып келди да, колуна балканы алды.

— Сиз, олтуруп туруңуз. Тура бербейсиз да акыры?! — өзүндө болгон ак-көңүлдүүлүктү жана меймандостукту үнүнөн чыгарып, Уста сунуш кылды.

Өлүм башын ийкеп олтургучка отуруп, дубалга жөлөндү.

* * *

Жумуш аягына келип калды. Уста колдон келишинче чалгынын мизин түздөп, колуна кайракты алып, өзүнүн коногу жакка карады.

— Менин ачык сүйлөп жатканым үчүн кечириңиз. Бирок мен канчалаган жандардын башын жуткан нерсени колумда кармап турганыма өзүм ишенбей турам! Дүйнөдө бир дагы курал буга тең келе албайт болушу керек. Чынында эле укмуштуудай.

Олтургучта ээн-эркин отуруп, устакананын ичин тегерете караган Өлүм бир заматта чыйрала түштү.

Капюшондун караңгы, сүйрү бети Уста жакка бурулду.

— Эмне дедиңиз? — ал акырын сурады.

— Мен, колумда ушундаай курал турганына ишене албай турам деп…

— Курал? Сиз курал дедиңизби?

— Балким мен башкача айтып алгандырмын, жөн гана …

Уста сөзүн бүтүрө албай калды. Өлүм чагылгандай кыймыл менен ордунан секирип, бир заматта устанын бет маңдайына жетип келди. Капюшондун чекелери бираз титиреп турду.

— Кантип ойлойсуң, мен канча адамды өлтүргөнмүн? — тиштеринин арасынан сүйлөдү.

— Мен … Мен билбейм, — Уста жерди тиктеп араң сүйлөдү.

— Жооп бер! — өлүм аны ээгинен алды да, анын башын көтөрдү, — Канча?

— Би-билбейм …

— Канча? — деп Өлүм Устанын бетине кыйкырып жиберди.

— Мен кайдан билейин алар канча болгонун? — көзүн ала качып, үнү бузулуп, уста араңдан-зорго сүйлөдү.

Өлүм анын ээгин койо берди да, бираз убакытка унчукпай калды, анан, үңкүйүп барып олтургучка кайтты да, оор үшкүрүнүп отура калды.

— Демек, сен билбейт экенсиң да, алар канча экенин? — ал акырын айтты да, жоопту күтпөй туруп сөзүн улады— А эгерде мен сага эч качан, уктуңбу? Эч качан бир дагы адамды өлтүргөн эмесмин десемчи. Буга эмне демексиң?

— Бирок кандайча … анан тиги ?…

— Мен эч качан адамдарды өлтүргөн эмесмин. Мага анын эмне кереги бар, ал тапшырманы силер өзүңөр эң сонун аткарып атасыңар го. Силер өзүңөр бири-бириңерди өлтүрүп атасыңар. Силер! Кайдагы бир кагаз үчүн, жек көрүү үчүн өлтүрүп койо бересиңер. Силер керек болсо, жөн деле, ойноп өлтүрүп сала беришиңер мүмкүн. Ал да аз келгенсип, согуштарды тутантасыңар, бири-бириңерди жүздөп, миңдеп өлтүрөсүңөр. Анткени, жөн гана силерге ушундай кылуу жагат. Силер бирөөнүн канын төккөнгө кумарыңар бар. Анан билесиңби, ушунун ичинде эң жийиркеничтүүсү? Силер муну моюнуңарга албайсыңар! Силер үчүн андан көрө, мени күнөөлөп койуу оңой, — ал бираз унчукпай турду да, — Сен билесиңби, мен мурда кандай элем? Мен сулуу кыз болчумун, мен адамдарды гүлдөр менен тосуп алып, аларды бара турган жерине чейин коштоп барчумун. Мен аларга жылмайуу менен карап, эмне болгонун унутууга жардам берчүмүн. Мурда ошондой эле… Кара эми мен кандай болуп калдым!

Ал акыркы сөзүн кыйкырып айтты да, олтургучтан ыргып туруп, башындагы капюшонду чечип салды.

Устанын көз алдында бетин бырыш баскан, улгайган кемпирдин жүзү пайда болду. Ар жеринде сейрек, аппак чачтары, чатышып өрүлүп, салаңдап турду, жарылган илептеринин бурчтары ылдый түшүп, кыйшайган, ийрейген астыңкы тиштерин көрсөтүп турду. Бирок баарынан да коркунучтуусу — көздөрү болчу. Толугу менен нуру өчкөн, эч бир белгини түшүндүрбөгөн көздөр Устаны тиктеп калышты.

— Кара, мен эмнеге айландым! А билесиңби эмне үчүн? — ал Уста жакка кадам таштады.

— Жок, — анын тике карап тиктегенинен бүрүшө түшкөн Уста, башын кыймылдатты.

— Албетте, билбейсиң да, — ичинен күлдү, — Силер мени ушундай кылдыңар! Мен, энеси кантип өз балдарын өлтүрүп жатканын көрдүм, агасы кантип инисин өлтүрүп жатканын көрдүм, мен, бир адам, кантип бир күндө жүз, эки жүз, үч жүз кишини өлтүрүп койгонун көрдүм!.. Мен шолоктоп ыйладым, мунун баарын көрүп, түшүнө албаганымдан өксүп-күйүп улудум, чыдабай кыйкырдым…

Өлүмдүн көзү жаркырай түштү.

— Мен өзүмдүн ак көйнөгүмдү , ушул кара кийимдерге алмаштырдым, анткени мен узаткан адамдардын каны көрүнүп калбасын дедим. Мен, адамдар менин көз жашымды көрбөсүн деп капюшон кийдим. Мен эми аларга гүл бербей калганмын. Силер мени желмогузга айлантырдыңар. Андан кийин, бүт күнөөлөрүңөр үчүн мени кайра айыптадыңар. Ооба да, ушинтип койуу оңой эмеспи… — ал, Устаны ирмелбеген көзкараш менен тиктеди, — мен силерди коштойм, узатам, жол көрсөтөм, мен адамдарды өлтүрбөйм … Келе бери менин чалгымды, келесоо!

Устанын колунан чалгыны сууруп алып, Өлүм устакананын эшигин көздөй басты.

— Бир суроо берсем болобу? — артынан угулду.

— Сен, анда мага эмнеге чалгы керек деп сурагың келип турат да? — Өлүм улагага келип токтоп, артын карабай туруп сурады.

— Ооба.

— Бейиштин жолу … көптөн бери эч ким өтпөй, чөп басып жатат …

(Автору белгисиз)

Орусчадан оодарган Данияр ӨСКӨНБАЕВ

One Reply to “Өлүм жана темир уста”

  1. «…Бейишке баруучу жолду чоп басып жатат…» Баракелде, чыныгы чындык соз экен… Бейишке азыркы дин соройлор менен баруу акылсыздык экендигин ушул макала айкындап турат… Азыркы диндердин 90% шайтандашып кеткендиктен бейишке баруучу жолго алып барбай эле тозокту коздой алып барат… Бейишке барууну каалагандар, махабхаратты, тайная доктринаны, Бахауланын китептерин, Секлитованын китептерин, Нилованын китептерин, «Манас» жана «Айкол Манасты» окугула… Чаламолдолордон алысыраак болгула…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.