Француз жомогу: Эшек кантип айды жутуп жиберди

Бир көлмөнүн жанында чоң чиркөө бар болучу. Бул чиркөөгө такыбалар сыйынып, көлмөгө болсо малчылар жандыктарын сугарып, аялдар кир жуушчу. Бир жолу бул көлмөдөн ай жаркырап көрүнүп турганда бирөө эшегин сугарганы келип, суудагы айга суктанып турду. Ошентип эшек суусунун кандыргыча шамал булуттарды айдап келип айды тосуп калды, айлана капкараңгы боло түштү. Эшектин ээси мындан улам коркуп кетип, көлмөнүн боюнан минтип кыйкырган бойдон качып жөнөдү: — Менин эшегим суу ичип атып айды кошо жутуп жиберди! Эшегим айды жутуп алды! Анын кыйкырыгынан чиркөөдөгү […]

О.Генри: Сюрприздүү балаты

Англисчеден которгон Таалайбек АБДИЕВ АҢГЕМЕ Черокини Сары Чукулдуктун атасы дешчү. Сары Чукулдук болсо алтын издегичтердин кыштагы болчу. Мында үйлөр көбүнчө кызыл карагай устундар менен кендирден эле. Чероки алтын издегич болчу. Бир жолу эшеги кварц менен кызыл карагайдын тобурчагын өзөк жалгап жатканда, Чероки чукулдугу менен отуз унций келген кесек алтын таап алды. Ал ошол жерге казык кагып ээледи да, меймандос кожоюн жана айкөл киши катары үч штаттагы бардык досторуна ооматымы бөлүшкүлө деп кабар жөнөттү. Чакыргандардын бири да баш тарткан жок. Хила […]

Кырк кыз ашуусу тууралуу уламыш

Суусамыр тоолорунун түштүк-батыш тарабында Сары-Камыш айылы жайгашкан. Мына ошол Сары-Камыштан Жумгал тарапка келаткандар Кырк-Кыз ашуусун ашып өтүшөт. Бул ашуу деңиз деңгээлинен үч миң метрге жакын, Айры-Таш тоолору аркайган, жайында күн тийип турганда да жеңил кийим кийген адамды ичиркенткен тентек шамалы бар ашуу. Үстү тайпак, ойдуңу кең, ортосунда жылга суусу бар, өйүз-бүйүзүн экиге бөлүп турат. Баш-аягы кунан чабым жер. Тулаңын жылкы сүйүп жеген, аны жеген бээнин кымызы ширин деп илгери Сары-Камыш менен Жумгалдын Кызыл-Оюнун байлары жайлачу экен. Ошол жылдарда жай кезинде […]

Дилазык: Жашоо шахмат партиясындай

Кимдир-бирөө жашоо шахмат партиясындай экенин айтты. Билбейм, чынбы, жокпу. Шахмат тактасы бирөө гана, ал эми анда эки шахматчы ойнойт. Ар биринин өз максаты бар, ар бири кырдаалга жараша өз ишин кылат. Ар бири өз пландарын ишке ашыруу менен каршылашынын планына тоскоолдук жаратат. Пландар ишке ашпаганы менен оюн жаралып жатат. Эки тарапка тең күтүлбөгөн жерден утуш пайда болуп, эки тарап тең бийлик алдында турбайт. Жеңүүчү — бул өз жүрүшүн жакшы даярдаганы. Кандай кылуу керек? Бир жолу Сократка окуучу келип минтип сурады: […]

Сулайман КАЙЫПОВ: Сен кыргызсың, кыргыздыгың бил, кыргыз!

1. Өсөр эл өзүн сыйлaйт… Тегерете көз сaлып, aры жaк, бeри жaгыңды aйлaндырa карап көрсөң, кыргызым… Зaмaн бир aз өзгөрдү элe, кыргыздaн убaктылуу ooмaт кeтип, oрдo шаары чайпалып, ooп-төгүлө кaлды элe, сeнин жaкын туугaн дeгeн, дoс дeгeн элдeриңдин кaткaн сырлaры oңoй элe aчылып, кoюндaрындaгы кaтып жүргөн кoтур тaштaры этeктeринeн чуурулуп aгып түшүп кaлбaдыбы… Бир жaшырaр жeри кaлбaй, бaрдыгы aйдaн aчык, тaсырaйып, тaстaйып, чыныгы жүздөрү мүлдө журткa aшкeрe бoлбoдубу… Биз гaнa эмeс, бүткүл дүйнө астыртан көзүн сaлып, сынай карап: «Туугaн бoлбoй […]

Бейшебай УСУБАЛИЕВ: Өрт!..

АҢГЕМЕ Сабак өтүп жаткам. Бир маалда кимдир бирөө эшикти тыкылдатып калды. Ачсам – методист кыз экен. Алактап шашып алыптыр. – Кечирип коюңуз, – деди ал коомайсыздана. – Сизди бир аял издеп жүрөт. Сөзсүз жолугушум керек дейт. Өтө зарыл эле дейт. Азыр жолугушум керек дейт… – Кандай аял?.. – Кандай десем, кыйлага эле барып калган. Ии баса, Алтынай деген эжейи болом дейт. Чын окшойт, мугалимге окшош экен. “Алтынай эжей… Бул ким эле?” – дедим мен өзүмчө шыбырап. Анан: – Кайда кетти? […]