АҢГЕМЕ

Сабак өтүп жаткам. Бир маалда кимдир бирөө эшикти тыкылдатып калды. Ачсам – методист кыз экен. Алактап шашып алыптыр.

– Кечирип коюңуз, – деди ал коомайсыздана. – Сизди бир аял издеп жүрөт. Сөзсүз жолугушум керек дейт. Өтө зарыл эле дейт. Азыр жолугушум керек дейт…

– Кандай аял?..

– Кандай десем, кыйлага эле барып калган. Ии баса, Алтынай деген эжейи болом дейт. Чын окшойт, мугалимге окшош экен.

“Алтынай эжей… Бул ким эле?” – дедим мен өзүмчө шыбырап. Анан:

– Кайда кетти? – дедим өз эжейин тааныбай калган тура деп ойлоп калбасын деп.

– Ушу жерде эле турган, эшикти көздөй басты окшойт. Кафедрада эле отуруп, күтө туруңуз десем таптакыр болбой койду.

“Аа… түшүнүктүү…” дегендей мен башымды ийкегилеп, эшикти көздөй бастым. Алды жактан узун бойлуу, боюна ылайык узун пальто кийген, көз айнекчен, “кыйлага эле барып калган” аял жылмайып келатты. Мен аны тигиле бир тиктеп алдым да, шыдыр эле тааныдым… “Улгайып калыптыр…” – деп койдум ойлонуп-ойлонбой. Химиядан берген эжейим эле. Ушинтип ойлогондо эле кандайдыр бир аңкыган жагымдуу жыт мурдума келе түштү. Ал жылмая басып келди да, маңдайыма келип:

– Тааныбай жатасыңбы? – деди.

– Жок!.. Кантип тааныбай калайын. Таанып эле турам, Алтынай эжей. – “Атын угуп алганым ырас болгон тура” – деп ичимден ойлоп койдум. – Саламатсызбы, эжей…

– Саламатчылык… (Ушинтип саламдашчу элек деп ойлом койдум). – Ал санаасы тына сүйүнүп кетти. – Келчи, бетиңден өөп коёюн. Көрбөгөнүмө, ооу, канча жыл болуп кетти…

Ал кучагына аяр кысып, бетимден сүйдү. Кандайдыр бир жагымдуу жыт. Баягы эле жыт. Эжейимдин жыты. Үй тапшырмамды текшерип жанымда турганда, жумшак сүйлөп каталарымды түшүндүрүп жатканда, ушул жытты кадимкидей туяр элем. Ошол жыт, кандайдыр бир аңкыган жыт…

– Ушу жерде иштейт турбайсыңбы?

– Ооба.

– Менин кызым да иштейт. Орус тил мугалими.

– Ушу жердеби?

– Жок, “Манаста”.

– Аа…

– Анан бир-бириңерди таанып жүрсүн деп. Ал өтө жаш, окуусун былтыр эле бүтпөдүбү. Сени көз болуп жүрсүн деп…

– Келсин! – дедим негедир мен чечкиндүү, – мен дайым эле ушу университетте болом.

– Ырас болбодубу, мен азыр барып эле айтам. Кичине уялгансыйт.

– Эмнеге уялат? Кызык…

– Мен да ошону айтам. Уялам дейт. Болбойт ко дейт… Чын эле, мурун-кийин көрбөсө… Билесиң да, биз тээ илгери эле Кочкорго көчүп кетпедик беле, байкеңдин иши боюнча. Андан бери айылга жаман-жакшылыкта эле каттабасак… Анын үстүнө сен бакыйган профессор болсоң…

– Коюңузчу…

– Эсиңдеби, – деди эжей өзгөчө жадырай, менин сөзүмө көңүл бурбагансып, – бир жолу сен “мен башкарма болом!” – дегенсиң…

– Мен минтип качан айтканымды эстегиче болбой, эжей ого бетер жадырай. – Мына эми, ошо айтканың келди, келмек түгүл ашыкча келди… Башкармалыктан оо-о алда канча ашып түштүң, минтип бүт элге таанымал…

– Эми таанымал болгондо… – Мен ыңгайсыздана эжейдин сөзүн үздүм.

– Таанымалсың! – Эжей сыймыктана айтты да, ойлоно түшүп, — баарыбыз сүйүнбөдүкпү, – деди жадырай, – президенттин өзүнөн экзамен алганыңды көргөндө, тим эле… – Эже чын жүрөгүнөн сүйүнүп жатты…

Мен адегенде кайсы президент, кайсы экзаменди айтып жатат деп өзүмө шыбырадым. Анан мындан эки жыл мурун өлкө президентинен эне тил боюнча экзамен алганыбыз эсиме шак дей түштү да:

– Эми ал биздин милдетибиз да, – дедим ыңгайсыздана. – Мен албасам, башка бирөө…

– Көрүнгөн киши эле ала бербейт да!.. – Эже ого бетер сыймыктанды. – Аа, баса, Батма эжейиңдин сүйүнгөнүн айтпа, бул балам ушуга жарамак, бул өртүм ошондо эле жандан бөтөнчө болчу деп эч кимибизге сөз бербей, эки-үч күн жүрдү окшойт…

“Батма эже деген ким эле?” – дедим мен өзүмчө. Сурагандан ийменип, үндөбөй калдым. Эже бул абалымды сезгендей:

– Батма эжейиң сени биринчи класстын жарымынан төртүнчү класска чейин окуткам дейт. – Суктана башын чайкай. – Мээсинин тунуктугун, биринчи класстын жарымынан деп…

Батма эжейим көз алдыма тартыла түштү. Ар бирибизге ушунчалык аяр мамиле кылган, жүзүнөн мээрим, нур жанып турган жан эле. Мен бул эжейимди көп эстечүмүн. Өзгөчө бир жолу сабактан кийин атайы алып калып: “Бектен, сен абдан эстүү, акылдуу баласың (оо анда фамилияңдан эмес, атыңдан чакырганда кандай сыймык эле!), анан эмнеге жакшы окубайсың? Сен жакшы окушуң керек, уктуңбу, бул сенин колуңдан келет, бара гой эми” – деп башымдан сылап койгону, ушул бир эле сөз мага канат бүтүрүп, мен да көп өтпөй алдыңкы окуучулардын катарына кошулганымды эстегенде, дайыма эжейимдин ошондогу мээримдүү элеси көз алдыма келе калып, жүрөгүмдө кандайдыр бир жылуулук пайда боло калчу. Анан эжейимдин атын эстей албай эле бушайман боло берчүмүн. Азыр болсо биресе сүйүнүп, биресе таңдана кеттим:

– Оо, Батма эжейби, ал эжейимди кантип унутайын, эмне, азыр да иштеп жатабы?..

– Кайдан? Мектептен кеткенине он жылдан ашып калган. Биз бир үйдөн чогуу көрбөдүкпү экзамен алганыңды!.. – Ойлуу туруп калды да. – Эжейиң азыр жок, өтүп кеткенине бир жыл болуп калды…

– Ыя?! – Мен чочуп да, уялып да кеттим, угуза шыбырадым. – Арты кайрылуу болсун!..

– Эми кетпей эмне болуптур, – деди Алтынай эжей кайрат айтып жаткансып. – Батма эже түгүл, анын баласынан кичүү биз минтип… – Эжей күнөөлүүдөй жылмайып койду.

Сөзүбүз түгөнүп калгансып, үндөшпөй туруп калдык.

– Өртүм ушуга жарамак! – деп бир айтып, бир койбойт, эки айтып, эки койбойт, – деди Алтынай эжей күлүп кайра сөздү улагысы келгендей. – “Эмне үчүн өрт?” – десек, аны өртүм экөөбүз эле билебиз дейт, эч бир айтпай койду. Өртүм жарамак, өртүм ошондо эле баладан башкача болчу дейт да, өрттүн сырын эч бир айтпайт. Деги ал эмне болгон өрт эле?

Мен селт эте түшкөнсүдүм. Эжей мени таңдангандай суроолуу карап калды. Мен суроого жооп кайтармак турсун, кайра ага суроолуу элейдим. Ушул маалда биз сүйлөшүп турган жер кандайдыр бир туманга чулганып кеткенсиди.

… Ооба, анда биздин айылда Хрущевди чоңунан кичинесине чейин жакшы билишчү. Балким, мендей мадырабаштар айылдагылардын баарын тегиз тааныбастыр, бирок Хрущевди билбеген жан жок болчу. Өзгөчө СССРдеги эң чоң адам экендигин (биз, кичинекей балдар, анын сөзүн эч ким эки кыла албаган жомоктогу хан, падышалардай элестетчүбүз), баары ага кыңк этпей жүгүнүп турушу керектигин жакшы билишер эле. Мунун жөнү мындай: анда биздин айылда ондор тобу болор эле: биринчи ондор тобу, экинчи ондор тобу, үчүнчү ондор тобу… болуп кете берчү. Айылдагы кишилер өздөрүнүн жаш курагына ылайык, тигил же бул ондор тобуна кошулчу. Ушул ондор топторунун ар бири өз-өзүнчө жоро уюштурушчу. Эмне экенин билбейм, ондор тобунун жоросу болот дегенди укканда биз ушунчалык сүйүнөр элек, качан болот экен деп зарыгып күтчүбүз. Биз эле эмес, бүт айыл зарыга күтөр эле. Бүгүн баланча ондор тобундагылардын жоросу түкүнчөнүн үйүндө болот экен деп бүт айыл күүлдөп калчу. Биз болсо, бир нерсе үмтөткөнсүп, ошол үйдү имерчиктеп, көпкө кетпей жүрчүбүз. Үйдөгүлөрдүн күүлдөгөндөрү, ырдагандары, бир-бирин тамашалап кажыгандары сыртка да кадимкидей угулуп, биз да өзүбүзчө күүлдөй берчүбүз. Бир маалда: “Токтоткула былжыр сөзүңөрдү, Хрущев ушундай буйрук берип жатат!” – деген өкүм үн чыкчу да, күүлдөк тып басылчу. Бул эрке баланын үнү болчу, Хрущев өз буйруктарын ушул эрке бала аркылуу гана билдирчү. Эрке баланын дегени деген, айтканы айткан эле, анын айтканын аткарбай коюуга эч кимдин акысы жок болчу. Эгер кыйшаңдай турган болсо, оңой менен кутулгус айыпка жыгылчу.

Хрущев деген ким дебейсиңерби, ушул эле ондор тобунун бирөөсү Хрущев, дагы бирөөсү – эрке бала. Муну топтогулар өздөрү эле шайлап алышчу. Ал “мен болбойм!” деп баш тарта алчу эмес, топтор чечтиби – бүттү, кыңк этпей өздөрүнүн хрущевдик вазипасын аткарууга милдеткер болчу. Кимдин Хрущев болгону бүт айылды дүң кылчу, кызыкпаган жан болчу эмес, балким, Гагарин космосту багындырганда да мынчалык кызыгышпагандыр. Анан кечээ эле эч кимдин көзүнө илинбей ымтырап жүргөн бирөөнүн Хрущев болуп жер чапчып турганы кимдин болбосун бүйрүн кызытат да! Кызытмак турсун, бүлкүлдөтүп ичинен күлгүзөт да. Баса, ошол Хрущев болгон киши, таптакыр өзгөрүп кеткендей, биздин көзүбүзгө бир шумдуктай көрүнчү. Ал да мындай куттан кутула албай жаткандай, башкаларды теңсинбегендей, дале болсо хрущевдик тактан ажырагысы келбей жаткандай сезилчү. Дагы бир нерсе, Хрущев менен иш бүтүп калчу эмес, ондор тобундагылардын ичинен дагы бирин Совминдин председатели, Коргоо министри кылып шайлап алышчу, ар бири өз милдеттерин кыңк этпей аткарышар эле. Бирок булардын ичинен Хрущев гана өзгөчө бажырайып жанып турчу.

Жоронун көркү таң азанда алар тарап келатканда чыкчу эле, дал ушул шаң өзүнчө бир жомок болуп айтылып калчу, ал топтун жородон кантип тарашкандары азыркыга чейин аңыз болуп айтылып жүрөт. (Аттиң дүйнө, бу ондор тобунун көбү жок, чым жазданып жатышат). Кандайдыр өзгөчө  тараган, өзгөчө күүлдөп, элди дүрбөлөңгө түшүргөн жоро бөтөнчө бир баркка ээ болуп, элди көпкө чейин суктандырып, шилекейин агызып, ооздон-оозго түшпөй айтылып жүрчү. Айтор, күүлдөк канчалык күчтүү, канчалык өзгөчө болсо, ошол жорону а-аатаңдын көрү, жоро жородой өткөн экен да, жоро деген мына ушундай болушу керек! – дешип чечекейи чеч боло кубанышып жаткандарды биз көп эле көрдүк. Айттым го, айрымдары азыр да аңыз болуп айтылып, уккандардын жарпын бир жазып алат.

Мына, бир окуя: экинчи ондор тобу болсо керек, таңга маал тарашып, чоң көчөдө башкача бир күүлдөп, шаңга бөлөп келатышкан экен, мындай өзгөчө күүлдөк, бөтөнчө шаң көчөнү титиретип, айрымдарын дүрбөлөңгө түшүргөн көрүнөт (Жоронун бир шааниси дал ушунда – дүрбөлөң түшүрө алгандыгында – деп айтпадым беле). Ошол көчөнүн боюнда жашаган Мукан аттуу кишинин аялы көчө титиретип келаткан дүбүрт-күүлдөктү угары менен ордунан бакырып ыргып туруп, эрин, бала-бакыраларын жулкулдата ойготуп, ач кыйкырыкты салыптыр: “Кокуй эле, кокуй, мен ушундай болорун эчак эле билгем, жүрөгүм сезип жүргөн. Бол тургула, качкыла, кытайлар басып келатат!..” (Ошол учурда Кытай менен мамилебиз сууй түшсө керек). Азыр бул үйдүн аялы да, эри да жер жазданып жатышат, атүгүл ошол ондор тобунун көбү да жер алдында, бирок жогорку окуя, жорук бүгүн жомок болуп айтылып келет. Баса, бул окуяны эстешкенде, Хрущевди да бир жолу эскерип алышат. Анткени жоронун Хрущевинин кадыр-баркы да дал ушул күүлдөк-шуулдак, артына калтырган из аркылуу бааланчу экен, ошол күнкү жоронун Хрущеви тиги окуядан кийин көпкө чейин жер баспай дердейип жүргөн дешет. Хрущев, мен чыныгы Хрущевди айтып жатам, бизге ондор тобу аркылуу тааныш болчу. Болбосо, Хрущевин ким көрүптүр, анда айылыбызда телевизор да, радио да жок болчу, атүгүл электр да жок эле, карагайлар жаңыдан орнотулуп, сымдар тартыла баштаган, кара чырак менен отурчубуз. Мен ошол учурда чыныгы Хрущевди, Хрущевдин сүрөтүн десем туура болор, бир жолу эле көрдүм окшойт.

Атам гезит окуп отуруптур, негедир мени жанына атайы чакыргандай болду. Барсам, гезиттеги бир сүрөткө сөөмөйүн такай көрсөтүп: “Мына, Хрущев деген киши – ушул. ЦеКанын биринчи секретары, ЫСЫСЫРдын башчысы”, – деген. Атам сөөмөйүн сайып көрсөткөн кишинин күлмүңдөгөн көзү, барбайган мурду, анан жалтыраган башы гана эсимде калган эле. Ии баса, айылыбыздагы Кадыр деген кишини да келиндер “Хрущев аке” деп тергешчү эмес беле, бир жолу “эмне үчүн Кадыр атаны Хрущев аке дешет, ал эмне, чын эле Хрущевби?” – деп атамдан сурасам, “ээ, балам, Кадыр экөөбүзгө Хрущевди байлап коюптурбу, Кадырдын башын карабайсыңбы, бир тал чачы бар бекен, муздай жалтырап турат ко, Хрущевдики да ошондой да, көз тайгылтып жалтырайт, анан…” – деп сырдуу күлүп койгон.

Ошол чыныгы Хрущевдин тушунда адегенде, өңгөсүн билбейм, биздин үй үчүн жашоо жакшы эле болуп жаткан. Улуу агам Фрунзеде (азыркы Бишкекте) чоң окууда окуп, андан кат байма-бай келип турар эле. Биз анын ар бир катын зарыгып күтчүбүз, атүгүл тегерек-четибиздеги коңшу-колоңдор да күтүшчү, көбүнчө катты чогуу окушчу эле. Бир жолу ошол агам минтип жазып жибериптир: “Менден кам санабагыла, окуум жакшы, курсагым ток, быяктын столовоюнда нан бекер, бир-эки стакан чай аласың да, бекер нандан каалашыңча жей бересиң…” Ошондо кимдир бирөөнүн биресе маңдайы жарыла кубанып, биресе бүшүркөй коркуп, минтип айтканы бүгүн да кулагыма кадимкидей жаңырып турат: “Капырай, нан бекер болсо, коммунизмге жакындап калган экенбиз да!..” Бирок эмне экенин билбейм, мындан көп өтпөй эле кандайдыр бир каатчылык кара тумандай болуп каптап кеткенсиди. Эл дүрбөп эле жатып калды. Атам: “Маленков берген байталды, Хрущеви кайта алды” – деп көп айтчу, өтө сырдуу айтчу, ушул аркылуу өзүн алаксытып жаткандай сезилчү.

“Мунуң улам бирди баштап жатып, баарыбызды жиниктирип да, жинди кылып да бүтөт ко, атаңдын оозун урайын десе!..” – деп дөңдө чогулган аталарыбыз күн сайын эле наалып жатышчу. “Жадагалса арпа унубуз да түгөнүп баратат, эмне кылар экенбиз…” – деп апамдын бизге угузбай, атама күйпөлөктөп айтып жатканын мен далай уктум. Апамдын эмне деп жатканын толук түшүнбөсөм да, анын үнүнүн доошунан, үрпөйгөн жүзүнөн улам, кандайдыр бир жамандыкты сезгендей билинер-билинбес титиреп кетчүмүн.

Мен ошондо көбүн элес албай калгандырмын, бирок ошол мезгилди эстесем эле, мага элдин бир нерседен кооптонгонсуп, дүрбөлөң түшүп жаткансыган элеси эле көз алдыма тартыла берет. Ушундай күндөрдүн биринде биз, атам экөөбүз, Нарын шаарына эжемдикине барып калдык. Менин шаарга биринчи барышым эле, көзүмө укмуштай эле көрүндү. Чоң жолдун четиндеги ичке жол менен баратсак, аркы өйүздөгү көчөдөн атайлап эле бизди карап тургансыган, өзгөчө бир жоолук салынган, жоолугун да өзгөчө байланган, бети чулчуюп көк тартып турган, жонуна баштыкка окшош бир нерсе көтөргөн толук аялды көрдүм да, селт эте атамды колунан тарткыладым: “Ата, ата, тетиги аял бизди эле карап турат, ал ким?” Атам чочугандай шыдыр эле мен көргөзгөн жакты карады. Аял ушуну эле күтүп жаткансып, наристенин үнүндөй болгон таза доош менен кыйкырып сала берди: “Эй, эркек, асыл башың аман болсун!” Атам: “Айтканың келсин!” – деп шыбырап койду да, аягандай башын чайкап-чайкап алды. “Бул ким, ата?” – дедим мен элеңдеп. “Ээ, балам, бул Кудайдын бир сүйгөн пендеси. Жинди Айша деп коюушат…” – деди да, атам мени жетелей жөнөп калды. Мага негедир ушул аял аянычтуу көрүндү. Мен өзүмчө эле кыжалаттана минтип ойлонуп бараттым: “Кызык, мунун эмнеси жинди? Атама жакшы эле сөздөрдү айтпадыбы…” Эмне үчүн жинди дешет деп атаман сурагыча болбой, эжекемдин үйүнө кирип бардык. Ал-жайды сурашкан соң, чайга отурдук. Чай аяктап калганда, эжекем атама кайрылып:

– Байке, – деди кысынгандай, – мени менен дүкөнгө барып келе аласызбы?

– Барам, алдыңа кетейин, ал эмне болгон дүкөн?

– Нан саткан. Ар бир жанга бирден эле нан берет. Балдардын баары окууда эле, бир нан кимибизге жетет?

Атам түшүндүм дегендей башын сырдуу ийкегилей жылмая:

– Маленков берген байталды, Хрущеви кайта алды, – деп баягы ырын кайталап койду да, мага кайрылды: – Сен короодо ойноп тур, ээ, коркпойсуңбу?

– Жок! Бу да барсын!.. – Эжем чыйпычыктап жиберди. – Бул да кезекке турса болот, буга да бир нан берет…

– Аа, анда мейли, биз менен бара берсин.

Ээрчишип жөнөп калдык, нан саткан дүкөнү жакын эле экен, бат эле жетип бардык. Элдин көптүгүн айтпа, кыркалакей болуп узун кезекте турушат. Биз да туруп калдык. Элдин баары эле атам экөөбүздү таңдана, ишенбегендей шектене карап жаткандай сезилди мага. Кезекте тургандардын ичинен бирөө атамды жакшы тааныйт экен, атамдыкындай эле сакалы бар киши. Атамды көрөрү менен эле, ушуну эле күтүп жаткансып, учурашууга жарабай, бакылдап коё берди:

– Ие, Шеке, сен да келдиңби нан алганы. Мен да келдим, шаарга келдим эле насыбай алганы жээнимдикине, үйгө баш багарым менен эле, жээним: “айланайын таяке, ырас келбедиңби, биз менен барып бер, бир башка бир эле нан”, – дейт… Анан насыбайга келген жаным базардагы дунгандар кайда качмак эле деп келип калдым быякка…

– Күүлүү-күчтүү жүрөсүңбү, эл-журт аманбы? – деди атам анча кыртышы сүйбөгөндөй.

– Күүнү көрүп турбайсыңбы, Шеке. Атасынын көрү, күүдөн тая элекпиз, эмитен тайсак… Эл-журт жүрөт, эл деген эл, кандай да болбосун көтөрөт… Никитени бирөө ашатып жатат, бирөө көкөлөтүп мактап жатат…

– Никитең ким?

– Хрущевчи.

– Аа…

– Ай айланайын Никите, – деди тигил ушул суроону эле күтүп жаткансып, элди айландыра бир карап, – кагылайын Хрущев, ырас гана кылдың, бизге чала, ушуну көрмөкпүз. – Ары-бери баса баштады. – Же, эмне, калппы ыя! Ой Шеке, айланайын, ой, нан менен колдорун аарчый башташпады беле, ыя! Айланайын Никите, айланайын Никите, ырас эле кылдың, сенин көтөнүңдөн өбүш керек!..

– Ээ, Кудай урган… – Атам өзүнчө кыжынып алды.

Ушул маалда эл ичи күбүр-шыбыр болуп, күүлдөй түштү. Ал күүлдөк сыртка чыкпай, ар кимдин ичинде толкуп-ташып жаткандай болду. Анан Хрущев кезекте кыркалекей тизилип тургандардын төбөсүнөн басып, ары-бери чуркап жүргөндөй туюлуп кетти мага, мен башымды катуу басып албасын дегендей, тыбырчылай бүрүшө кеттим. “Эмне эле болуп жатасың, балам…” – деп колумдан тартып койду атам. Ошондо гана башымды шак көтөрүп, баягы кишини карадым. Ал Никитесин улам-улам кайталап, кыйлага аркы-терки басып турду да, эч ким колдобой койгондуктанбы же жөн эле чарчадыбы, үндөбөй кезекке туруп калды. Ушул кишинин кобураганы, кызарып-татарган ырай-пешенеси, аркы-терки басканы мени жолду ката ээрчип келди окшойт. Ошондуктанбы:

– Ата, жанагы киши эмне деди? – деп сурадым жолдо келатканда чочугандай.

– Ээ, балам, оюндагысын айтып койду да, – деди атам сырдуу. – Биресе ал кургурдуку да туура…

– Аа…

Ушул окуядан канча күн өткөнүн билбейм, мен бир тири шумдук түш көрдүм. Ал тууралуу кийин өз кезегинде айтып берейин…

… Кайсы класстыкы экенин так билбейм, бирок “Эне тил” окуу китебиндеби же “Кыргыз тили” китебиндеби, айтор, бир китебибизде Хрущевдин жадырап түшкөн сүрөтү бар болчу. Жанында – Юрий Гагарин. Өңгөсүн билбейм, Гагарин мага өзгөчө жакчу, көргөндө эле жүрөгүмдө кандайдыр бир жылуулук пайда болчу. Анын жүзүнөн нур чачырап турары дапдаана сезилип турар эле. Анан эжейибиз, өйдөдө кеп болгон Батма эжейибиз, бир күнү класска кирип келди да:

– Балдар! – деди шаңдуу. – Китебиңердин Хрущев менен Гагариндин кучакташып түшкөн сүрөтү бар бетин ачкыла!..

Биз шабыратып ача баштадык.

– Ачтыңарбы?

– Ооба, эжей.

– Анда мындай, Хрущев кызматтан кетти, балдар. Эми силер ошол Хрущевдин сүрөтүн ручкаңар менен чийип салгыла. Гагаринге тийбегиле. Хрущевди гана… Китебиңерди булгабагыла, сыя төкпөгүлө, ручкаңар менен Хрущевдин сүрөтүн гана…

Биз анда сыя менен жазчубуз. Ар бирибизде сыя челек болор эле. Шабыр-шубур кайра башталды. Бир маалда биринчи катардын акыркы парталарынан бирөө кыйкырып калды:

– Эжей, эжей, Айылчиева чийбей эле, Хрущевдин эки көзүн тең чукуп салды!..

Эжей учуп жетти.

– Саа ким айтты чуку деп, – деди эжей үрөйү уча. – Ой, мен жөн эле чийгиле дебедим беле!..

– Атам, – деди тиги кыз ордунан туруп ыйламсырай. Анан токтоно албай, буркан-шаркан түшүп коё берди. – Атам айткан, бул каапырдын көздөрүн чукуп туруп, өрттөп-өрттөп жибериш керек деген…

Эже эмне дээрин билбей, кыйлага буйдалып туруп калды.

– Балдар, – деди анан акырын, жай, тиги кызды эсинен чыгарып жибергендей. – Чукубагыла. Жөн гана чийип койгула. Гагаринге тийбегиле… Түшүндүңөрбү?..

Мен ручкамды сыя челекке малып, жаңы эле чийгени келаткам. Анан өрт деген сөздү укканда эле салт эте түштүм да, ручкам колумдан ыргып кетти. Көзүм тумандай түшкөнсүдү… Жана айтпадым беле, бир шумдуктуу түш көргөм деп. Өрт! деген сөзгө удаалаш ошол түштү тумандаган көзүм менен кайрадан көрө баштагансыдым. Биздин айылды өрт чулгап, кара түтүн каптап, эч ким көзгө көрүнбөйт. Атам экөөбүз эле жүргөнсүйбүз. Өрт айыл ичиндеги сарайлардан чыгып жаткансыйт. Чындыгында, айыл ичинде сарайлар жок болчу. Алар айылдын сыртында, кокту-колоттордун оозунда болор эле. Анан кайдан жүрүп сарай ичине келип калганын билбейм. Ошол сарайлар өрттөнүп жатат. Ичинде кичинекей балдар өрткө чулганып, безилдеп ары-бери жүгүрүп жүрүшөт. Жок, жүгүрүшкөн жок, кандайдыр бир нерсеге илинип турушкансыйт, өңдөрү капкара, жылтыраган көздөрүнөн аккан жаш жүздөрүн кара жылтырга айландырып салгансыйт, от ар бирине барат да, тилин соймоңдотуп, жалап-жуктап өткөнсүйт. Ушул жалап-жуктап жатканда балдардын чаңырганы ай! Ушул чаңырыктан улам, алар безилдеп ары-бери жүгүрүп жүргөндөй көрүнөт. Кичинекей наристелер, оттон таза наристелер. Кимдир бирөөлөрдүн каардуу да, калтаарыган да үнү угулат: “Бул – Хрущевдин буйругу, уктуңарбы, Хрущевдин өзүнүн буйругу дейм, балдардын баарын өрттөгүлө деди!” Анан Хрущевдин көрүнүп-көрүнбөгөн элеси тартылат, ал жылмайып тургансыйт. Атам экөөбүз тызылдап улам бир сарайга барабыз. Капкара түтүн. Наристелердин тызылдаган, безилдеген, чаңырган үндөрү. Мен атамды бекем кучактайм да, солуктай кыйкырам: “Ата, өрттөнүп жатпайбы, өчүрбөйсүңбү, ата! Ата, ата дейм, өрт… өрт… Балдар!..” “Эмне дейт! – деген үн чыкты аңгыча жанымдан. – Кайдагы өрт!.. Ие, айланайын, алка-шалка түшүп тердеп кеткен тура. – Атам маңдайымдан сылап, кучагына кысты. (Атам экөөбүз бирге жатар элек). – Кана өрт, мына карачы экөөбүз жатабыз. Карасаң, баары уктап жатат. Анан кайдагы өрт, балакетиңди алайын!..” Мен атамды ого бетер бекем кучактадым да, дагы эле солуктай, үзүл-кесил: “Балдарды өрттөтүп жатыптыр… Сарайларда… Хрущев өрттөгүлө дептир. Анан…” – “Ой, кокуй күн десе, сен түш көргөн турбайсыңбы. Хрущевди биздин айылга байлап коюптурбу, деги сен, аны кайдан билесиң… – Атам, мени унутуп калгандай, өзүнчө эле сүйлөнүп кирди. – Өрт дедиң ээ, Хрущевиңдин деле күнү бүтө баштаган го… Коркпо, алдыңа кетейиним, сен жөн эле түш көргөн турбайсыңбы… Мени Кудай урганда өгүнү сени Нарынга кайдан ээрчитип бара койдум эле дейм да. Коркпо, мына мен жаныңда жатпаймынбы…” Атам дагы бир нерселерди кобуранып келип, мени кучагына бекем кысып алды. Мен мемиреп уктап бараткансыдым…

Азыр да дал ушундай дендароо мемиреген абалда туруп калсам керек, Батма эжейимдин таң калган үнү мени ойготуп жибергендей болду:

– Ой, сен эмгиче чие элексиңби? Ручкаң кайда?

Мен селт эте түштүм. Элдир-селдир ордумдан турдум да:

– Өрт… – дедим акырын шыбырап. Анан чочугандай титиреп, катуу кыйкырып жибергендей болдум. – Эжей, өрт!.. Эжей…

– Кайдагы өрт!.. Балдар, китебиңерди жапкыла! Сабак бүттү. Коңгуроо деле болоюн деп калды. Жапкыла дейм!..

… Кийин Батма эжей мектепти бүтөр-бүткөнчө, жолуккан сайын сурап жүрдү окшойт:

– Баягында жүрөктү түшүргөнүңдү билесиңби? Деги ал эмне болгон балакет баскан өрт эле?..

Мен унчукпай, күлүп гана койчумун.

Көрсө, ошол менин өртүм эжейимдин жүрөгүндө минтип өлөр-өлгөнчө калган экен да…

– Кой, анда мен жылайын, — деди аңгыча Алтынай эжей. – Сени да алагды кылып койдум окшойт…

– Арты кайрылуу болсун… – Эмне экенин билбейм, мен ушинтип өзүмчө эле шыбырап алдым да, анан оңтойсуздана Алтынай эжеге жүз буруп. – Алагды деле болгон жокмун, эже, мен азыр… узатып коём сизди…

– Кой!.. – деди эжей чечкиндүү. – Мен өзүм эле. Сен сабагыңды өтө бер. Сабакты таштап кеткенге болбойт!.. – Бир аз ойлонуп турду да, анан кандайдыр бир ыңгайсыздангандай, кысынгандай. – Карындашыңа (кызыма дегени) келдим эле, анан сени көрө кетейин деп эле кайрылып калдым. Карындашыңа көз сала жүр, “Манаста” дебедимби. Жаңыдан эле баштап жатпайбы, жол көрсөтүп дегендей…

– Сөзсүз, эже! Мен эртең эле өзүм барып…

Эже сөзүмдү бузуп койду:

– Сен убара болбой эле кой. Ал өзү келсин. Ал кичүү да…

(Кызы негедир келген жок…)

Мен макул дегендей башымды ийкедим. Эжей кайрадан жүзүмдөн аяр сүйдү да, эшикти акырын ачып, сыртка чыкты. Негедир жүрөгүм тыз дей түштү. Артка бурулуп кете албай, мен эжейди узата карап турдум. Оо, чын эле андан бери канча жыл өтүп кетиптир. Эже сынынан жазбаптыр. Анда жапжаш эле экен да. Көп болсо жыйырма төрт-жыйырма бештерде. Жакшы эжей эле. Кыздарыбызга ким болбосун оңойлук менен жага берчү эмес. Ушул эжейди гана баары бирдей жакшы көрүшчү, “Алтынай эжей алтындай эже да!..” – деп суктанышчу. Жоош, назик, анан мээримдүү болчу. Ичи да, сырты да башка эжейлердин бирөөнө да окшошчу эмес. Ал эжейлерибиздин бири кара тору, бири кызыл жүздүү келип, күнгө тотукканы көрүнүп турчу. Алтынай эжебиз бизге дайыма апапак болуп көрүнчү. Жайында да, кышында да. Бирибизди да кагып-силккени эсимде жок. Урушчу эмес. Уруша алчу эмес. Кээде химиядан эсебибиз жообуна туура эмес келип калса, биз менен бирге эжей да кара терге түшчү. “Эртең кайра чыгарып көрөлүчү…” – дечү акыры күнөөлүүдөй ойлуу. Эртеси келчү да: “Балдар, көрсө, силер мына бу жерден жаңылып жатыптырсыңар, мен да силерди ээрчип кеткен окшойм”, – деп чынын айтчу. Анан жарк этип күлүп койчу: “Ай силер, мени атайлап эле жаңылткан окшойсуңар…” Ушунчалык чынчыл да, жоопкерчиликтүү да эле. Ар бирибиздин тапшырмабызды эринбей, тажабай текшерип чыкчу. Өңгөгө билбейм, ушу тапшырма текшергени мен үчүн өзүнчө бир дүйнө эле. Акырын жаныма басып келип: “Кана, сеникин текшерип көрөлүчү…” – деп колундагы кызыл карандашы менен оң ийним жактан эңкейе текшере баштаганда, денем ымыр-чымыр болуп, ичимден титиреп кетчүмүн.

Эжей атайлап кылып жаткансып, ого бетер ийилип, ар бир тапшырманы текшерип кирчү. Мен сүйлөй алчу эмесмин, ичимден күбүрөй берер элем. Менин эс-дартымды андан аңкыган кандайдыр бир назик, жагымдуу жыт, бүлкүлдөп жаткансыган төшү ээлеп алар эле. Анан жүрөгүм токтоп калгандай, мен жүрөгүм менен дем албай эле анын бүлкүлдөгөн төшү тийип алоолоп турган эки ийним менен дем алып жаткандай болчумун, мен өзүмдү партада олтурбай эле, каалгып учуп бараткандай сезер элем. Эжей узап кеткенден кийин, эч кимге билдирбей,  эки ийнимди сылагылай берер элем. Баса, эжей биздин коңшубуз эмес беле. Бир күнү сабактан кийин балдардан бөлүнүп үйдү көздөй келатсам, алды жакта куду эжейге окшош бирөө баратат. Жакшылап карасам, эжейдин өзү экен, мен эмне кыларымды билбей тык токтоп, эки жагымды карамыш болуп калдым. Эжей муну сезгендей артына жалт бурулду да, мени таңдана карап туруп калды. Айла жок, күнөөлүүдөй жанына басып келдим да:

– Саламатсызбы?.. – дедим акырын.

– Саламатчылык, – деди эжей жарк эте, – сен бул жакка эмнеге келатасың же ушу жерде жашайсыңбы?

– Ооба. – Мен кысынгандай маңдай жагыбыздагы жапыз тамга колумду жаңсап. – Тиги үйдө жашайм. – Негедир актана кеттим. – Жакында анын жанындагы жаңы үйгө көчөбүз.

– Аа… Мен аркы үйдө жашайм, экөөбүз кошуна турбайбызбы. – Ойлогонсуп бир аз туруп калды да. – Мен сени башкарманын уулу болсо керек деп ойлоп жүргөнмүн.

Мен ойлонуп-ойлонбой эле:

– Мен өзүм башкарма болом да, – дедим мулуң эте. – Кийин…

Эже жарк эте күлүп койду:

– Ай силер ай, тилиңерби, тилиңер тим эле укмуш го… – Анан ойлуу. – Башкарма эмне экен, сен андан да чоң болосуң…

Эжей жакшы кал дегендей башын ийкеп койду да, жөнөй берди. Мен тарткынчыктап туруп калдым. Анан үйүмдүн жанына келгенде, эжейди үйүнө кирип кеткенче узата карап турдум. Эжей өзү көрсөткөн үйгө кирип кетти. Ал биздин айылда бригадир болуп иштеп жүрүп, башка колхозго башкарма болуп которулуп кеткен кишинин көп бөлмөлүү, узун үйү эле.

Азыр ошол күн кадимкидей көз алдыма тартылып, мен ошол учурга барып калгандай болуп турдум. Анан эжейдин дарбазанын эшигин акырын ачып жатканын элестеткенде, капысынан эле бизге кээде ачууланган күндөрү эске түшүп, жаным жыргай түшкөнсүдү. Баарын кыздар баштаар эле. Бир кызыбыз дагы бирөөнө бирдемелерди шыбырап, экөө акырын бүлкүлдөп күлө башташчу. Ал бүлкүлдөк башка кыздарга, анан бизге, эркек балдарыбызга да жетчү. Бүт класс бүлкүлдөп күлүп кирчүбүз, эмнеге күлүп жатканыбызды билчү деле эмеспиз, бирок күлө берчүбүз, бара-бара бул күлкү чуулдакка өтүп, эжейге баш бербей калар элек. Эжей бизди таңдана карап турчу да, анан кызарып чыкчу. Ачуусу келгени ошол эле. Менделеевдин таблицасын көрсөтүп жаткан таякчасын (биз аны указка дечүбүз) колуна алчу да, ээ-жаа бербей чуулдап жаткан бизди көздөй жөнөп калчу. Азыр ойлосом, анда биз жаңыдан бажырая ачылып келаткан гүл экенбиз да. Аппак гүлдөр. Кыздарыбыздын баары аппак фартукчан, аппак бантикчен, балдарыбыз аппак жакалуу күрмөчөн. Баары аппак, баары тептегиз. Мейкин талааны көрккө бөлөгөн бажырая ачылган аппак гүлдөр, чексиз асманда жай каалгыган аппак булуттар. Анан кантип эжейибиздин колу барсын. Жакшы эле жинденимиш болуп жаныбызга келчү да, анан таңдана караган бизге – аппак гүлдөргө – кезигип, эмне кыларын билбей, кайсы бирибизди чабымыш болуп, өзү да күлүп жиберчү. Баарыбыз дуу күлчүбүз, бүт класс күлкүгө толуп калчу. Кызык, анан тып басылар элек да, эчтеке болбогондой сабакты уланта баштаар элек. Коңгуроо кагылып, эжей чыгып кетери менен таяк жегенибизди, бирок эч жерибиз оорубаганын айтып, каткыра күлүп алчубуз. Ушинтип жүргөнүбүздө, эжей негедир онунчу класстан сабак бербей калды. Анын ордуна Шайымкан деген эжей бере баштады, ал мектептин директору эле. Чыныгы директор эле, мектептин эле эмес, бүтүндөй эки чоң айылдын директорундай сезилчү. Эч ким ага өйдө карап сөз айта алчу эмес, баары сыйлап турчу.

Баса, эжейдин күйөөсү да мугалим эле, бизге кыргыз тили менен адабиятынан берчү. Кызык агай эле. Биз аны агай катары көрчү деле эмеспиз. Учуп-күйүп жүргөн өзгөчө бир алабарман жан эле жарыктык. Сабакка шашып-бушуп кирчү да, шашып-бушуп өтө баштачу. Жаңы теманы баштап келатып эле, ага тиешеси жок башка бир нерсеге өтүп кетчү да, ошо нерсе жөнүндө божурап айтып бүткөнчө эле, сабагыбыз бүтүп калчу. Биз болсо эмне өткөнүбүздү түшүнбөй, элейип отуруп калар элек. Үй тапшырманы сураганы да кызык, бирөөбүздү ордубуздан тургузчу да, жооп берүүгө үлгүртпөй эле, адегенде ата-жотобузга токтолуп, анан анын колунан кайсы байкебиз, же эжебиз, же жакын туугандарыбыз билим алганын, сазайын колдоруна берип жүрүп, киши кылганын, эгер өзү болбосо, алар ушул даражага таптакыр жетпей калмак экендигин айтып келип, акырында биресе эмне дээрин билбегендей, биресе чарчагандай бизди суроолуу карап калчу. Жообубузду угуп-укпай эле: “Отургунуң… Ошол агайларыңдай окуш керек!” – деп койчу да, үйгө тапшырма бере кетчү. Элдер да аны мыйыгынан жылмая карар эле. Бир жолу кокусунан эле география сабагынан берип калды да, илинип турган картадан кайсы бир деңиздиби, дайраныбы указкасы менен сая көрсөтүп: “Мына көрдүңөрбү, мына ушул жерде турбайбы, ушул жерде турат да, анан мына минтип, – картадагы билинер-билинбес сызыктардын үстүнөн указы менен бекем-бекем чийип, мына момунтип тарап-тарап агып кетет…” – деди да, бизге кайрылды: “Кана, түшүндүңөрбү?..” Биз өзүбүзгө келе албай, башыбызды ийкедик, айрым кыздарыбыз акырын бүлкүлдөп күлө башташты. Бирок ал канчалык алабарман болбосун, сабакты канчалык баш-аягы жок өтпөсүн, анын жүрөгүндө кылдай кири жок, таптаза адам экени даана сезилип турчу, биз бала болсок да, муну кадимкидей туюп турар элек. Ошондо биз бала болсок да экөө эки башка тарапка агып жаткан дайрадай болгон эжей менен агайыбыз кантип кошулуп калышкан деп таңдана берчүбүз, төтөн кыздарыбыз: “Эжей агайдын эмнесине карап тийди болду экен, ыя?” – деп ачык эле айтышып, шаңкылдап күлүп калышчу. Эми ойлосом, агай өзүнүн ичинде кири жоктугу, тазалыгы менен эжейибизди өзүнө арбап алган окшойт. Ал эми эжейибиз өзүнчө бир өзгөчө таптаза болчу, артына бир да жаман сөз ээрчичү эмес. Айылдагылардын да, мугалимдердин да бирөөсү менен кер-мур айтышканын көргөнүбүз жок. “Ургаачынын акылманы да, тунугу да, – деп атам көп айтчу. – Жанагыны (агайыбызды айтып жатат) киши катарына кошуп жүргөн ушул Шайымкан эмеспи айланайын…”

Класска кирери менен эле, жымжырт болуп калчубуз. Ал саламдашып, анан: “Эмне, тентек кылып чарчап калдыңарбы, дымагыңар чыкпай калыптыр…” – деп койчу сырдуу. Күлчү эмес, билинер-билинбес гана жылмайгансып койчу. Узун бойлуу, арыкчырай, буудай жүздүү эжей эле, дайыма какайып түптүз басчу. Анын сүйлөгөнү, жылмайганы өзүнүн өң-келбетине куп жарашып турчу. Эч кимге окшобогон жагымдуу коңур үнү менен сабакты мыкты түшүндүрчү. Буга жараша катуу талап кылар эле. Тилдеп урушчу да эмес. Көзүнүн төбөсү менен көпкө карап турчу, нааразы болгондой башын чайкап койчу. Ушул тиктеп турганы денени тешип кеткендей эле болчу, биз кыймылдагандан корккондой катып калчубуз. Өңгөлөрдүкүн аткарбасам да, ушул эжейибиздин тапшырмасын сөзсүз аткарууга мен дайыма жан далбас кылчумун. Кээде аткаруудан жалкоолонгондуктанбы, же маселенин оордугунанбы, же жөн элеби, айтор апамды жалдырап карап калар эдем. Апам айттырбай түшүнчү да, Алтынай эжейдикине жөнөп калчу. Апам менен Алтынай эжей өзгөчө бир ысык ымалада эле, Алтынай эжей апамды ийилип сыйлап турчу. Көп өтпөй экөө ээрчишип кирип келишчү. “Кана, көрсөтчү, чын эле оор бекен, – дечү Алтынай эжей мага, – же жөн эле жалкоолонуп жатасыңбы адатыңча…” Ушинтчү да, жарк этип бир күлүп койчу. Анан оозун билинер-билинбес кыбыратып, маселени чыгарып кирчү. Анда-санда элейип маңдайында отурган мени карап, башын ийкеп жылмайып коёр эле, мен болсо мулуң эте күлүп койчумун. “Ой жалкоо десе, – дечү көбүнчө бүткөндөн кийин мени карап, – жеңил эле маселе тура, муну өзүң деле оңой эле чыгара алмаксың. Же чын эле колуңдан келбей койдубу? – Бир нерсени ойлогонсуп, үндөбөй туруп калчу да, анан мойнун мага созо, бирөө угуп калбасын дегенсип, кулагыма акырын шыбырай. – Же атайы эле… – Өз сөзүнөн өзү чочугандай селт эте түшчү, мунусун билдирбегенсип, апама кайрыла кетчү. – Эже, оңой эле маселе экен, уулуң жөн эле жалкоолонуп жатыптыр…” “Жөндөн жөн эле убара кылып!..” – Апам ушинтип сүйлөнүп кирер эле. “Мунун эмнеси убаракерчилик, эже, – дечү Алтынай эже жарк эте, – кайра менин үйрөнгөнүмө жакшы болуп жатпайбы, мен деле жаңыдан иштей баштабадымбы, азырынча үйрөнчүк мугалиммин да…” Мага карап сөөмөйүн силкилдете бир жарк эте күлүп алчу да, үйүнө жөнөп калар эле. Колу да аппак экен, мен ушинтип ойлоп койчумун, колун биринчи жолу көрүп аткансып. Эжейдин колу. Ошол күн көз алдыма тартыла түшкөнсүдү. Онунчу класстабыз, бир-эки айдан кийин эле мектеп менен кош айтышмакпыз. Арык тазалайсыңар деп бизди коңшу айылга жиберишти. Негедир класс жетекчибиздин ордуна бизге баш-көз болуп Алтынай эжейибиз барды. Мен шатыра-шатман иштеп жаткан классташтарымды карап, арыктан четкерээк тургам. Бир кезде бирөө келип, оң ийниме колун акырын койду. Карай салсам – Алтынай эжей экен. Мен биресе ыңгайсыздана, биресе сыймыктана ордуман кыймылдай албай туруп калдым. Балдардын баары биздин минтип турганыбызды көрүшсө экен деп да эңседим. Эжей адатынча жарк эте бир күлүп алды да, мени өзүнө тарта: “Эмне, чарчадыңбы?..” – деди. “Чарчаган деле жокмун” – дедим мен акырын. Ал ого бетер өзү жакка тартты да: “Биз да онунчу класстын акырында ушинтип арык тазалаганбыз, – деди ойлуу, – бүт классыбыз менен… – Мени өзүнө тарткан бойдон кыйлага үндөбөй турду да. – Бар эми, – деди ийнимден аста түртө. – Жалкоолонбой иште. – Өзүнчө кобурап алды. – Жакында сен да кетерсиң бизден…” Мен эңги-деңги боло балдарга аралашып кеттим. Бир маалда башымды көтөрсөм, эжей дагы эле мен жакты ойлуу тиктеп туруптур. Дагы бир окуя эске түшүп кетти, ооба, математикадан экзамен берип жатканбыз. Математика биз үчүн оор предметтердин бири эле. Бирок мен андан кыйналчу деле эмесмин, жакшы билгендердин экөөсүнүн бири элем. Экзамен жүрүп жаткан. Бир маалда Алтынай эжей кирип келди, сыягы, комиссия мүчөсү болсо керек. Текшеримиш болуп кыдырып келатты да, менин жаныма келип токтоду. Ийниме колун койду да: “Кандайсың?..” – деди акырын. “Жакшы эле…” – Мен ооз учунан унчуктум. Ал алдымдагы баракты карамыш болду да, бир баракты эч кимге көрсөтпөй, барактарымдын астына акырын жылдырып: “Үчүнчү маселе өтө оор дешти. Ошо маселенин чыгарылышы…” – деп шыбырап, акырын узай берди. Мен эмне дээримди билбей, элейе карап кала бердим. Апам суранганбы, же өзү эле элеби, анан да маселени өзү чыгарганбы, же башка бир математикке чыгартып келгенби – мен муну алигиче билбейм. Ушул күн эжей экөөбүздүн акыркы жолугушкан күнүбүз болуп калды окшойт, мындан кийин жолугуштукпу, же жолугушпадыкпы – менин эсимде жок. Негедир жүрөгүм зырп этип алды. “Үчүнчү маселе оор дешти. Ошо маселенин чыгарылышы…” Алтынай эжейдин коштошуу сөзү. Оо, андан бери канча жыл учуп кетти. Коштошуу сөзү. Эжейди карадым. Карааны көрүнбөйт, эчак узап кетсе керек, ким билет, балким, жеңил машина менен келгендир. Баягыдай эле экен: назик, мээримдүү, анан ойлуу. Баягы аңкыган жыпар жыт. Кызык, эжей жашара түшкөндөй, баягы эле жапжаш чагындай элестеп кетти. Албетте, дедим анан өзүмдү жооткотконсуп, кичине эле улгайып баратыптыр, ийни да кичине эңкейе түшкөнсүйт. Болбосо, баягындай эле. Тааныш назиктик, тааныш жыт. Бетим ысый түшкөнсүдү. Мени биринчи жолу жүзүмдөн сүйүшү. Тээ ошондо эле жүзүмдөн сүйгөндө… Ичим ачышып жатты. Узатып койсом болмок дедим. Же такси чакыртып салып ийсем деле болмок да. Анан кой, убара болбо десе эле… Ичим жаман күйдү. Селт эттим. Унутупмун, – дедим, – баарын… Атын да. Эгер методист кыз атын айтпаганда… Кантип!.. Суроомду көтөрүүгө дараметим жетпегендей, алаксыгым келгенсип, эжей кеткен жакты карадым. Карааны көрүнбөйт. Бирок ал мага улам мен жакты акырын, аяр карап коюп, жай басып бараткандай элестеп кетти. “Эмнени ойлоп баратты экен… – дедим дагы эле өзүмдү алаксыткым келгенсип, – балким өрттү!..” Ушинткенде эле түшүмдөгү өрт менен көөдөнүмдөгү өртүм жуулуша кетти да, көзүм тумандай түшкөнсүдү. Мен өзүмдөн өзүм качып шарт бурулдум да, аудиторияга шашылыш кирип кеттим. Студенттерим менин акыбалыман чочулаштыбы, эмне болуп кетти дешкенсип, мени таңдана да, үрпөйө да карап калышты. Бирок мен буга анча деле назар бурганым жок, болгону жүрөгүмдүн оорлой түшкөнүн дагы бир жолу сездим да, өзүмчө эле кобурагандай болдум:

– Эмнеге келдиңиз эле, Алтынай эжей…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.