Суусамыр тоолорунун түштүк-батыш тарабында Сары-Камыш айылы жайгашкан. Мына ошол Сары-Камыштан Жумгал тарапка келаткандар Кырк-Кыз ашуусун ашып өтүшөт. Бул ашуу деңиз деңгээлинен үч миң метрге жакын, Айры-Таш тоолору аркайган, жайында күн тийип турганда да жеңил кийим кийген адамды ичиркенткен тентек шамалы бар ашуу. Үстү тайпак, ойдуңу кең, ортосунда жылга суусу бар, өйүз-бүйүзүн экиге бөлүп турат. Баш-аягы кунан чабым жер.
Тулаңын жылкы сүйүп жеген, аны жеген бээнин кымызы ширин деп илгери Сары-Камыш менен Жумгалдын Кызыл-Оюнун байлары жайлачу экен. Ошол жылдарда жай кезинде орозо бүтүп, айт болуп калат. Айттаган улуулар менен бирге, биз дагы айттайбыз деп, байдын кырк үйүнөн кырк кыз чогулат. Кыздар жибек-шайы көйнөктөрүн түрлөнтө кийип, үкү топуларын эрке желге желбирттетип жөнөгөндө аларды көрүп көз арткан бир кедейдин куур тончон кызы да: «Мени кошуп алгылачы, эжекелер» деп ээрчип алат. Адегенде көрк бузар бул кызды ээрчиткилери келбей, анан «мейли, баштыгыбызды көтөрүшүп алар» деп макул болушат.
Кыздар ашуунун баш-аягына конгон ар жердеги боз үйдөн улам кийинки боз үйгө кирип, айттын кызыгына батышат. Ойноп-күлүшөт. Күн бешим болгондо гана айылдын этегинен кайта кайтышат. Аңгыча бат эле Айры-Таштын башына кара булут тегерене калып, ичиркенткен шамал бороонго айланат. Жамгыр нөшөрлөп, карга айланат. Жибек кийген бечара кыздар эмне кылар айласын таппай; талаада буюгуп, ар кимиси ар кайсы таштын түбүнө корголойт.
Капыстан келген бороон, карайлата жааган кар айыл элин да карбаласка салып, айттап кетишкен кыздарын ата-энелери таппай калышат. Эртең менен болгондо гана жол менен издеп келишип, кырк жерде кырк таштын түбүндө дөмпөйүп тоңуп калышкан кыздарынын денелерин кар алдынан табышат. Бир гана куур тон кийип ээрчип чыккан кедейдин кызы тирүү экен.
Мына ошондон тартып бул ашуу Кырк-Кыз ашуусу аталып калыптыр. Айткандай эле, жол боюнда азыр деле ошол кырк кыздын кырк мүрзөсү турат.
Эл оозунан жыйнаган Сулайман РЫСБАЕВ
4-апрель, 2016-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.