Англисчеден которгон Таалайбек АБДИЕВ

АҢГЕМЕ

Черокини Сары Чукулдуктун атасы дешчү. Сары Чукулдук болсо алтын издегичтердин кыштагы болчу. Мында үйлөр көбүнчө кызыл карагай устундар менен кендирден эле. Чероки алтын издегич болчу. Бир жолу эшеги кварц менен кызыл карагайдын тобурчагын өзөк жалгап жатканда, Чероки чукулдугу менен отуз унций келген кесек алтын таап алды. Ал ошол жерге казык кагып ээледи да, меймандос кожоюн жана айкөл киши катары үч штаттагы бардык досторуна ооматымы бөлүшкүлө деп кабар жөнөттү. Чакыргандардын бири да баш тарткан жок. Хила дарыясынан, Рио-Пекостон, Туздуу-Суудан, Альбукерк мене Феникстен, Сан-та-Фэден жана башка тегеректеги алтын издегичтердин лагерлеринен келип жатышты.

Миӊге жакын алтын издегич жер ээлеп, отурукташкандан кийин өз кыштагын сары-Чукулдук деп аташты да, коомдук тартипти сактоо комитетин шайлап, Черокиге кичинекей алтын кесектерден жасалган чынжыр тартуулашты.

Ошо чынжыр тартуулаган аземден үч саат өтпөй эле Черокинин жернде алтын түгөнүп калды. Ал тамырды эмес, чөнтөктү ээлеген экен. Чероки ал жерди таштады да, башка жерлерди ээлей баштады. Бирок оомат ага кайра келген жок. Эртеден кечке жууган алтын куму бардагы карызын төлөгөнгө жетпей туруп алды. Ал эми ал чакыргандардын иши илгерилеп жатты. Чероки буга ыраазы боло кубанып, куттуктап жүрдү.

Сары Чукулдукта кыйынчылыкка моюн бербеген кайраттууларды сыйлагандар чогулган эле. Алар Черокиден эмне кылып жардам берели деп сурашты.

— Магабы?- деп сурады Чероки. – Анда бир аз акча болсо жакшы болор эле. Марипозго барып, бир бактымы сынап көрөйүн. Жакшы жерге туш болсом, дароо кабар жиберем. Силер билесиӊер да: мен ооматын досторунан жашыргандардан эмесмин.

Май айында Чероки шаймандарын эшегине жүктөдү да, анын башын түндүккө карай бурду. Бир топ киши кыштактын четине чейин узатып коюшту, анан коштошуп, ийгилик каалагандардын кыйкырыктары менен андан ары кетти. Чөнтөгүндө толтура куюлган беш фляжка бар. Оомат Марипоздогу кепеӊе башбакпаса, жылуу төшөк, куурулган жумуртка, сакал алганга жылуу суу мында сени дайыма күтөрүн унутпа деп калышты кыштактагылар.

Чероки өзүнүн лакап атын алтын издегичтердин номенклатуралык системасына ылайык алган. Мында чокундурулганы тууралуу күбөлүк талап кылынчу эмес – ар ким өз атын анысы жок эле алчу. Ат менен фамилия адамдын жеке менчиги болуп эсептелчү, ал эми көк көйнөк кийген башка эки буттуулардан айырмалаш үчүн коом ага убактылуу наам, титул же ылакап ат берчү. Ал көбүнчө ар кимдин жеке өзгөчөлүктөрүнө ылайык берилчү. Көптөрүнө келген жеринин аты жабыштырылчу. Кээ бирлер обу жоктонуп өздөрүн «Адамс» же «Томпсон» деп, же болбосо кадыр-баркына шек келтире турган башка аттарды коюп алышчу. Айрымдар мактанып өтө эле узун ат коюп алышчу, бирок андайларды алтын издегичтер жактырышчу эмес.Атым Честертон Л. К. Белмонт деп далил катары кагазын көрсөткөн бирөөнү күн бата электе кетип калышын сурашкан. «Кодо», «Ийри бут», «Техастык», «Жалкоо Билл», «Роджер ичкич», «Аксак Райли», «Сот» жана «Эд-Калифорния» деген аттар көп болчу. Чероки ошол уруунун ичинде жашап калгандыктан ушундай атка конуп калган.

Декабрдын жыйырмасында почточу Болди Сары Чукулдукка шумдуктай кабар менен келди.

— Альбукеркадан кимди көрдүм дебейсиӊерби?- деди Болди, бардын жанынан орун алып. – Черокини. Түрк султанындай болуп кийинип алган, акчаны чачат жөн эле. Экөөбүз айда бир жыргадык, көбүрмө шараптардан ичтик. Чероки ошонун баарын өзү төлөдү. Акчасы чөнтөгүнө батпайт жөн эле.

— Чероки, жакшы тамырды таап алса керек,- деди Эд-Калифорния. – Мына жигит деп ошону айт. Акыры иши оӊолгонуна кубанып атам.

— Чероки Сары-Чукулдуктагы досторуна келип кетсе болмок экен,- деди бирөө бир аз капа болуп. – Ооба, эми ушундай болот да. Акча көп нерсени унуттурат.

— Токто,- деп каршы болду Болди,- мен баарын айтып бүтө элекмин. Чероки Марипоздон үч футтук тамырды ээлеп, ар бир тонна рудадан ар жолкусунда Европага барып келип тургандай алтын алат экен. Аны бир синдикатка сатып, жүз миӊ доллар алыптыр. Жаӊы туулган деӊиз мышыгынын терисинен тон кийип, кызыл чана минип… анан дагы эмне кылайын деп жатыптыр дебейсиӊерби?

— Карта ойнойт,- деп божомолдоду өзүн кумар оюнусуз элестете албаган Техастык.

— Ах, мени бир өөп койчу, чүрөгүм!- деп ийди Кодо. Ал чөнтөгүнөн бир сүрөттү түшүрбөй, иштегенде да галстугун мойнунан чеччү эмес.

— Пивокана сатып алат,- деп чечти Роджер ичкич.

— Чероки мени бөлмөсүнө алып барып,- деп сөзүн улады Болди,- бир нерсе көрсөттү. Анда бир кампа куурчак, добулбас, секирме оюнчук, ат оюнчук, муз конфеттер, бурама оюнчуктар жана башка ушул сыяктуулар бар экен. Аларды эмне кылат экен дебейсиӊерби? Таба албайсыӊар. Чероки өзү мага айтып берди. Ал ошонун баарын кызыл чанасына жүктөйт экен да… коё тур, виски айтпай коё тур! Сары-Чукулдукка келип, мындагы балдарга, ооба, ооба, мындагы балдарга!.. ушундай бир сонун Жаӊы жылдык балаты орнотуп берип, Гаттераеа тумшугунан батыштагы бир дагы баланын түшүнө кирбеген майрам уюштуруп, сүйлөгөн куурчактарды, кичинекей акылдуу балдар үчүн жыгач уста куралдарын таратат экен!

Ушул сөздордөн кийин эки мүнөттөй жымжырттык өкүм сүрүп калды. Аны бармен бузду. Ал кубана турган учур келди го деп стакандарды тизип, артынан бир бөтөлкө виски чыгарды.

— А сен ага айттыӊбы?- деп сурады Тринидад деген алтын издегич.

— Ой жок,- деп жооп берди Болди,- айткан жокмун. Ыӊгайсыз болуп калды. Чероки ошонун баарын сатып алып, өз оюна өзү ыраазы болуп турса… Анын үстүнө тигил көбүргөн шарабына бир топ болуп калдык. Жок, мен ага эч нерсе деп айтканым жок.

— Чынын айтсам, таӊ калып калдым,- деди Сот, туткасы пил сөөгүнөн жасалган таягын бардын жанына илип жатып. – Биздин досубуз Чероки өз кыштагын кантип эле билбесин?

— Эми бул жарык дүйнөдө эмне гана болбойт,- деп каршы болду Болди. – Черокинин кеткенине жети ай болду. Бул мезгилде көп нерсе болушу мүмкүн да. Биздин кыштакта балдар жок экенин ал кайдан билсин.

— Мындай ойлоп көрсөӊ,- деди Эд-Калифорния,- алардын азыркыга чейин жок экени таӊ калыштуу. А балким, бул жакка упчу менен жалаяктар келбегенинен ушундай болуп жүрбөсүн?

— Таасирдүү болуш үчүн Чероки өзү Аяз ата болмой болуптур,- деди Болди. – Ал өзүнө аппак жасалма чач менен сакал тааптыр, тагынып алса кадимки эле Лонгфеллонун китебиндегидей болуп калат экен. Анан үстүнө кие турган кызыл тону, эки кызыл мээлейи, кайкалаган кыпкызыл бөркү бар экен. Канчалаган Энн менен Виллилер мындай кооздук жөнүндө кыялданып отурганда, анын баары бошко кетсе, шерменде эле болобуз!

— А Чероки бул жакка качан келет экен?- деп сурады Тринидад.

— Сочельник күнү эрте менен,- деди Болди. – Силерден, балдар, жай даярдап, балаты орнотуп, аялдарга кооздотуп койгула деп суранды. Балдарга күтүүсүз сюрприз болсун үчүн, сыр сактай ала тургандарын гана чакыргыла дейт.

Сары-Чукулдуктун жанагы айтылган көӊүл чөктүрөрлүк абалы чын эле. Бул ыкчам курулган кыштактын тургундары чын эле бала үнүн угуша элек болчу. Эки катар чатырлар менен устундан салынган кепелердин ортосундагы кара жолду баланын буту баса элек. Мунун баары кийин болду. Бирок ал убакта Сары-Чукулдук тоо арасындагы алтын издегичтердин лагери болчу жана Аяз атанын сырдуу белектерин таӊ атпай чыдамсыздык менен күткөн балдардын жалжылдаган көздөрүн же сунулган көздөрүн эч ким көрө элек болчу, кышындагы балатыга кубанган балдардын ызы-чуусун эч ким уга элек болчу. Кыскасын айтканда, Сары-Чукулдукта ак көӊүл Черокинин алып келаткан белектеринин кайтарымы боло турган эч нерсе жок эле.

Сары-Чукулдукта болгону беш аял бар болчу. Алардын үчөө – пробирщиктин жубайы, «Бактылуу табылга» мейманканасынын ээси жана тепшисинде күнүнө бир унций алтын кум жууп алчу кир жуугуч аял – кыштакта туруктуу жашашчу. Калган экөө эже-сиӊди Спенглерлер – мисс Фаншон жана мисс Ирма- «Ампир» деген көчмө театрда ойношчу. Бирок кыштакта балдар жок болчу. Кээде мисс Фаншон эптеп шой өспүрүмдүн ролун аткарчу, бирок ал Черокинин берешен майрамына төп келе турган баланын образына жакындамак эмес.

Рождество бейшемби күнү экен. Шейшемби күнү эрте менен Тринидад жумушуна барбастан, «Бактылуу табылга» мейманканасындагы Сотко келди.

— Черокинин балаты майрамын колдобосок,- деди Тринидад,- Сары-Чукулдук түбөлүккө шерменде болот. Кыштакты салган Чероки эле го. Аяз ата уят болбош үчүн мен бир нерсе кылайын деп чечтим.

— Сенин бул демилгеӊ колдоосуз калбайт,- деди Сот салтанаттуу түрдө. – Мен Черокиге милдеттүүмүн. Бирок эмне кылышты, кандай кылышты билбей турам… буга чейин кыштакта балдардын жогу жакшы деп жүргөм… бирок азыр… баары бир эмне кылышты билбей турам…

— Мени кара,- деди Тринидад,- анын жолу менен каражаты алдыӊда жолго чыкканы турат. Азыр чана таап келем да, Аяз атанын майрамына жетим балдар үйүн чапсам дагы бир араба бала алып келем.

— Эврика!- деп кыйкырып ийди Сот.

— Жалган айтпа!- деп каршы чыкты Тринидад. – Муну мен таптым. Мен да бир кезде мектепте латын тилин окугамын.

— Мен сизди коштоп барам,- деди Сот, таягын айландырып. – Менин чечендик талантым биздин пландын ишке ашуусу үчүн жаш досторубуздан бир аз убакытка келип берүүсүн өтүнгөндө ишке жарашы мүмкүн.

Бир саат өтпөй эле бүт Сары-Чукулдук Тринидад менен Соттун планынан кабардар болуп, бир добуштан кубаттап чыкты. Сары-Чукулдуктун кырк миля тегерегиндеги жердеги жаш аялмет үй-бүлөлөрдү билгендер маалыматтарын саймедиреп айтып берип жатышты. Тринидад алардын бирин калтырбай жазып алып, убакытты текке кетирбей жолго чыгышты.

Адегенде Сары-Чукулдуктан жыйырма миля жердеги устундан салынган кепеге токтошту. Тринидад кыйкырды эле, кепеден үйдүн ээси чыгып, эшикке чыканактап туруп калды. Артынан бир короо бала чыкты да, кызыга карап калышты. Үстү-башы эски болгону менен мантайып турушат.

— Иш мындай,- деп баштады Тринидад,- биз Сары-Чукулдуктан келдик. Балдарыӊызды ыктыярдуу түрдө алып туралы дедик эле. Биздин белгилүү бир кишибиз балатыны жакшы көрөт жана Аяз ата болгусу келет. Эртеӊ ал Германияда жасалган бир араба ар түрдүү белек алып келет. А биздин Сары-Чукулдукта эӊ кенже балабыз кырк беш калибрлик рвольвер менен устара колдонуп калды. Анан балатынын жымыӊдаган жарыгы жанганда, «О-о» деп кыйкырат? Кыскасын айтканда, бир-эки балаӊызды бере турсаӊыз, аман-эсен кайра алып келип беребиз. Рождествонун биринчи күнү жадырап-жайнап, сонун мукабалуу «Робинзону», кызыл добулбас жана башка белек-бечкектери менен келип калышат. Кандай дейсиз?

— Башкача айтканда,- деп кийлигишти Сот,- чакан, бирок гүлдөп өскөн шаарчабыз негизделгенден бери бала жок экенин биринчи жолу билдик. Кичинекей наристелерге ар түрдүү беле-бечкек берчү мезгил жакындап калгандыктан…

— Түшүнүктүү,- деди үй ээси бармагы менен канжасындагы тамекини ныктап жатып. – Мен силерди кармабайын, жентельмендер. Ачыгын айтсам, кемпир экөөбүздүн жети балабыз бар. Баятан бери ойлоп көрүп, силердин майрамыӊарга кимисин жиберерими билбей койдум. Кемпир жүгөрү кууруп койду, комодунда чүпөрөк куурчактары катылуу турат. Биз шаан-шөкөтсүз эле өзүбүзчө майрамдайлы дедик эле. Кыскасын айтканда, силердики мага анча жаккан жок жана балдарымын бирин да жибере албайм. Ыракмат, жентельмендер.

Алар төмөн кетип, кайра бир дөбөгө чыгышты да, Уайли Уилсондун ранчосуна токтошту. Тринидад баягы өтүнүчүн кайталады. Сот өзүнүн коштоочулук сөзүн салтанаттуу айтты. Миссис Уайли өзүнүн эки кызыл бет баласын этегине катып, мистер Уайли күлүп, башын чайкаганда гана жылмайды. Дагы бербей коюшту!

Адырларга күүгүм кире баштаганда, Тринидад менен Сот тизменин жарымынан көбүн кыдырып бүтүштү. Жол болгон жок. Жол жээгиндеги мейманканага түнөштү да, эртеси таӊ атпай кайра жолго чыгышты. Арабада баягы эле экөө.

— Мен түшүндүм,- деди Тринидад,- майрамга бала алып туруу жупка жейм деп турган кишинин каймагын уурдагандай эле кыйын окшойт.

— Шек жок,- деп кубаттады Сот,- бул мезгилде үй-бүлөлүк сезим өтө күчтүү болот окшойт.

Ошентип, майрам алдында отуз миля жол жүрүп, төрт жерге токтоп, төрт жолу сөз сүйлөштү. Пайда чыккан жок. Балдар бардык жерде алтынга тете экен.

Күн батайын деп калганда бир темир жолчунун аялы, өз баласын калкалай, мындай деди:

— Гранит-Жебеде бир жаӊы буфетчи аял иштейт. Анын бир уулу болуш керек эле. Балким, ошол жиберер.

Кечки саат беште Тринидаддын качырлары Гранит-Жебеге келди. Поезд курсагын тойгузуп, жаны жай алган жүргүнчүлөрдү алып жаӊы эле узап баратыптыр.

Темир жол буфетинин тепкичинде он жаштардагы арык бала отуруптур, оозунда тамеки бар экен. Ачка жүргүнчүлөр тамак ичип кеткен буфеттин ичи чакчелекей. Жаш эле, бирок түйшүктөн чарчап арыган аял отургучта чалкалап отуруптур. Жүзүндө изи кетпей турган, бирок кайрылып келбей да турган бир сулуулук бар. Тринидад ага эмнеге келгендерин түшүндүрдү.

— Боббини бир аз алып кете турсаӊар, мен сүйүнөт элем,- деди аял чарчаӊкы түрдө. – Бурап койгон немедей керээлден кечке иш менен болуп, аны караганга да убакыт жок. Ал болсо чоӊдордун жаман жактарын үйрөнүп атат. Каяктагы балаты, эгер силерде…

Эркектер Бобби менен сүйлөшмөк болуп эшикке чыгышты. Тринидад балаты менен белектер жөнүндө саймедиреп айтып берди.

— Анан дос,- деп кошумчалады Сот,- Аяз ата белектери менен келет да, илгери көзү ачыктар…

— Э, койгулачы аны! Мен бала эмесмин,- деди Бобби шылдыӊдай. – Аны силер, чоӊдор, сатып аласыӊар да, түндөсү балдардын жаздыгынын алдына коюп коёсуӊар. Анан Аяз ата чана менен келип кетти демиш болуп жерди булгап коёсуӊар.

— Ооба, эми андай болушу да мүмкүн,- деди Тринидад макул болуп. – А бирок балаты чыныгы да. Биздин балаты кандай болот билесиӊби! Альбукеркадагы универмаг сыяктуу болот: он центтен арзан оюнчук болбойт. Добулбастар, айланма оюнчуктар, кайыктар жана…

— Анын кимге кереги бар!- деп койду Бобби. – Мен аларды ойнобой калганыма көп болду. Мылтык каалайм. Оюнчук эмес, чыныгы мылтык, жапайы мышыктарды ата турган. Силердин балатыӊарда ошондой мылтык барбы?

— Айта албайм,- деди Тринидад тайсалдап,- ким билсин аны… Биз менен барсаӊ, көрөсүӊ да.

Боббини эптеп үмүттөндүрүп, Черокинин кайрымдуулук ишине катышууга макул кылган соӊ, жалгыз олжосун алып кайра жолго чыгышты.

Сары-Чукулдукта болсо ээн турган кампаны майрам залына айландырышып, боёп, жасап-түзөп жатышты. Айымдардын аракети текке кетен жок. Шамдар, кооз оюнчуктар менен кооздолуп, жыйырма балага кенен жете турган балаты залдын ортосунда шып тиреп турду. Күүгүм кире баштаганда, чыдамдары кетип, балдар толо араба көрүнөр бекен деп жол карай башташты. Кызыл чанасына ар түркүн формадагы жана өлчөмдөгү кутулар жана таӊгактарды толтура салган Чероки шаарчага түштө эле келген. Ал оюндагы ишине ушунчалык берилип алгандыктан, шаарчада балдар жок экенин байкаган да жок, ал эми Сары-Чукулдуктун мындай шерменде абалын айтып койгонго эч кимдин оозу барбай, Тринидад менен Сот эптеп абийирди жабар деп үмүт кылып турушту.

Күн батып калганда, Чероки чогулгандарга көзүн кысып, Аяз атанын буюмдары менен дагы бир оюнчук салган сырдуу баштыкты алды да, залдан чыгып кетти.

— Балдар чогулары менен,- деди ал ыктыярдуу балаты комитетинин мүчөлөрүнө,- балатынын отторун жандырып, алар менен мышык-чычкан ойноп тургула. Анан оюн кызып калганда… Аяз ата акырын кирип келет. Белектер баарына жетет болуш керек.

Айымдар балатыны тегеренип, оюнчуктарды оӊдоп-түздөп илип жатышты. Эже-сиӊди Спенглерлер да жүрүшөт: бирөө «Кен казгычтын келинчеги» аттуу пьесадагы леди Вайолет де Вирдин костюмун, экинчиси кызматкер Маринин костюмун кийип алган. Театрда оюн саат тогузда башталгандыктан, актрисалар комитеттин макулдугу менен балатына жасалгалаганга жардам берип жүрүштү. Маал-маалы менен бирөө эшикке чуркап чыгат да, Тринидаддын арабасы келе жаткан жок бекен деп тыӊшайт. Барган сайын баары кыжалат боло башташты, анткени түн кирип балатынын отторун күйгүзө турган маал болуп калды. Анын үстүнө Аяз ата болуп алган Чероки да кирип келип калышы мүмкүн эле.

Бир маалда арабанын кыйчылдаган үнү угулуп, тигилер кампага келип калды. Айымдар чурулдай түшүп, шам жага башташты. Эркектер ары-бери басышып, айрымдары топ-топ болуп турушту.

Узак жол басып чарчаган Тринидад менен Сот үрпөйгөн бир баланы жетелеп залга кирип келишти. Бала кооздолгон балатыны теӊсинбегендей карап койду.

— А калган балдар кайда?- деп сурап ийди шаарчадагы шаан-шөкөттүн баарын башкарчу пробирщиктин аялы.

— Айым,- деп үшкүрүп жооп берди Тринидад,- майрам алдында бала издөө акиташтан күмүш издегендей эле кеп экен. Ата-энелик сезим мен үчүн табышмак болуп калды. Ата-энелер үчүн балдары жылдын үч жүз алтымыш төрт күнүндө сууга чөксө, эмен жаӊгагын жеп ууланса, жапайы мышыкка кабылса, уурдалып кетсе, баары бир. Бирок арапа күнү өлсө-тирилсе да үй-бүлө чогулуш керек. А бул болсо, айым, эки күн темселеп жүрүп таап келген жалгыз балабыз.

— Ах, сонун бала тубайбы!- деп эркелетти мисс Ирма, узун этектүү көйнөгүн буластата сахнанын ортосуна баратып.

— Жабышпагылачы!- деп үтүрөӊдөдү Бобби. – Ким «бала»? Сизби?

— Ачуусун мунун!- деп жиберди мисс Ирма, жүзүндөгү жылмаюсунун жоготконго үлгүрбөй.

— Колубуздан келишинче аракет кылдык,- деди Тринидад. – Черокиге бооруӊ оорйтт, бирок эмне кылабыз.

Ушул учурда эшик ачылды да, Аяз атанын салттуу кийимин кийген Чероки кирип келди. Ак парик менен ак сакалдан бети көрүнбөйт, болгону шок кара көздөрү гана жымыӊдайт. Артында көтөргөн кабы бар.

Ал кирип келгенде баары катып калды. Ал турсун эже-сиӊди Спенглерлер да кылыктана турганды унутуп коюшуп, узун бойлуу Аяз атаны карап калышты. Эки колун чөнтөгүнө салган Бобби оюнчуктар менен кооздолгон даракты үтүрөйө карап турду. Чероки кабын жерге койду да, айланасын таӊ калып карады. Балким, чыдамы кеткен балдарды мен келгенде чыгасыӊар деп камап коюшча керек деген ой кетти окшойт. Чероки Боббиге барды да, кызыл мээлейчен колун сунду.

— Майрамыӊ менен куттуктайм,- деди ал. Балатыдан каалаган нерсеӊди алсаӊ болот, азыр алып беребиз. Кана, Аяз атага кол берип саламдашпайсыӊбы.

— Эч кандай Аяз ата жок,- деди Бобби, мурдун жанып. – Сенин сакалыӊ жасалма. Эчкинин эски жүнүнөн жасалган. Мен жаш бала эмесмин. Бул куурчактар менен калай солдаттардын мага эмне кереги бар. Мага мылтык беребиз дешкен. Ал жок турбайбы. Мен үйгө кетем.

Тринидад жардамга келип калды. Ал Черокининин колун кармап, катуу силкилдетти.

— Сен бизди кечирип кой, Чероки,- деди ал. – Сары-Чукулдукта бала жок, болгон да эмес. Биз сенин майрамыӊа бир короо бала алып келели деп ойлогонбуз, бирок колубузга тийгени мына бул козу болду. А бул болсо атеист болуп чыкты, Аяз ата дегенге ишенбейт экен. Сен бекерге акча сарптаганыӊа уялып турабыз. Биз Сот экөөбүз бир короо бала топтоп келсек, сенин ышкырыктарыӊ ишке жарап кетет деп ойлогонбуз.

— Эч нерсе эмес,- деди Чероки камырабай. – Бул анча деле көп чыгым эмес. Булардын баарын эски шахтага төгүп жиберебиз да кутулабыз. Карабайсыӊбы, Сары-Чукулдукта балдардын жогу дегеле оюма келбептир!

Коноктор анын ортосунда абдан сонун көӊүл ачып жаткандай түр көрсөтө башташты.

Бобби бурчка барды да, отургучка отура кетти. Зериккени жүзүнөн ачык байкалып турду. Чероки өз ролунан дагы эле чыга албай, анын жанына барып отурду.

— Кайсы жерде жашайсыӊ?- деп сылык-сыпаа сурады.

— Гранит-Жебеде,- деп койду Бобби.

Залдын ичи ысык эле. Чероки бөркүн чечип, париги менен сакалын алыпкойду.

— Эй!- деп жиберди Бобби. – Мен сени тааныйм.

— Биз экөөбүз жолуктук беле?

— Эсимде жок. Бирок сүрөтүӊү көргөмүн. Кеминде жүз жолу.

— Кайдан?

Бобби тайсалдай түштү.

— Үйдөн. Комоддон.

— Сенн атыӊ ким?

— Роберт Лемсден. Сүрөт апамдыкы. Ал аны түндөсү жаздыгынын алдына коюп жатат. Ал турсун бир жолу өөп атканын да көргөм. Мен эч качан антмек эмесмин. А бирок аялдардын баары бирдей да.

Чероки ордунан турду да, Тринидадды чакырды.

— Бала менен отуруп тур, мен азыр келем. Бул тонду чечип, чанага салып коёюн. Баланы үйүнө жеткизиш керек.

— Кандайсыӊ, кудайсыз,- деди Тринидад Черокинин ордуна отуруп. – Сен, тууган, карып, бардыгына тоюп бүткөн турбайсыӊбы? Таттуулар менен оюнчуктар да сени кызыктырбайт экен.

— Сен жаман неме экенсиӊ,- деди Бобби ага. – Сен мылтык убада кылбадыӊ беле? Аны кой, бул жерде тамеки да чеге албайт экенсиӊ. Үйгө кетем.

Чероки чанасын эшикке айдап келип, Боббини ага отургузушту. Күлүк аттар жолдогу тапталган кар менен атырылып жөнөштү. Черокинин кийгени жаӊы туулган котик терисинен тиглген беш жүз долларлык тон. Денеси жыргап жылып барат.

Бобби чөнтөгүнөн тамеки алып чыгып, күйгүзмөк болду.

— Ыргыт тамекиӊди!- деди Чероки, жай, бирок башкача бир үн менен.

Бобби бир аз арсар болуп туруп тамекисин карга ыргытту.

— Кутусу менен ыргыт,- деп кайра буйрук берилди.

Бала дароо болбосо да баары бир буйрукту аткарды.

— Эй!- деди бир маалда Бобби. – Сен мага жагып калдыӊ. Билбейм эмнеге. Башка бирөө мага ушинтип буйрук берип көрсүнчү!

— А сен апам ошол сүрөттү өбөт деп мени алдап аткан жоксуӊбу? Жанагы мага окшош сүрөттү?

— Алдаган жокмун. Мен аны өз көзүм менен көргөмүн.

— Сен жана мылтык деп аттыӊ беле?

— Ооба. Эмне болду? Сенде барбы?

— Эртеӊ аласыӊ. Күмүш чаптырылганын.

Чероки саатын карады.

— Сегиз жарым болуптур. Гранит-Жебеге дал майрамдын алдында кирип барат экенбиз. Үшүгөн жоксуӊбу? Жакыныраак отур, уулум.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.