Кыргыз жомогу: Миңбай менен Жүзбай

Бар экең, жок экен, Миңбай менен Жүзбай деген болгон экен. Миңбайдын миң кою, бир баласы, Жүзбайдын жүз кою, бир баласы болот. Миңбайдын баласы бир күнү коюн талаага кайтарып чыгып уктап калса, карышкыр келип койду эртеден түшкө чейин кырат. Бала ойгонбостон уктап жата берет. Жүзбайдын баласы кой кайтарып жүрүп, Миңбайдын коюн карышкыр кырып жатканын көрүп, баласын ойготту: — Кокуй, куураткыр, коюңду карышкыр кырып кетпедиби! Миңбайдын баласы тура калып жаакка бир салат. — Сен жүз коюң менен мага теңелгиң келеби? Менин миң […]

Айсалкын СООРОНБАЕВА: Чаташкан ойлор

ЭССЕ Сүйүү, сүйүү демекчи, менин да жүрөгүмө жаңыдан сүйүү түнөгөн кез эле. Анан кайдан-жайдан тагдыр жолумда күтүүсүз бурулуш болуп кетип, жүрөгүмдүн ачкычын жоготуп алгамын. Ошол күндөн баштап ачкычы жок жүрөгүмдө аруу сүйүүм катылган боюнча кала берди. Ооба, андан бери биртоп жылдар өттү. Ошентсе да мен үчүн ошол кездеги аруу сүйүүм сыяктуу, ачкыч да күнү-күнкүдөй жылтырап, сынын жоготпой жүргөндөй сезиле берет. Бирок андай болушу мүмкүн эмес го. Мен ушунча эскирдим, жүрөгүмдүн ачкычы да эмдигиче эскирип, дат басып, тиштери саргайып калгандыр. * […]

Ренди ГЕЙДЖ: Сиз жаратуучунун белектеринин канчасын кабыл алууга даярсыз?

1-2-бөлүгү,  3-4-бөлүгү  5-6-бөлүгү 7-8-бөлүгү 9-Бөлүк Жакырчылык бул – күнөө деген оюн айтуу менен Чарльз Филлмор бир убакта көпчүлүктүн үрөйүн учурган эле. Бул көзкараш азыр да көпчүлүктү чочутуп чурат. Эгерде таза библия китебиндеги арамей жазмасынын  “күнөө” деген сөзүн түпнускадан өз тилибизге которо турган болсок ал “мүмкүнчүлүктөрүн кое берүү” дегенди билдирет. Ишеним жана Керемет күнөөнү сүйүүнүн жетишсизди деп аныктайт. Мен дагы толук кошулам, анткени, эгерде сиз  жакыр болсоңуз, көптөгөн кереметтүү мүмкүнчүлүктөрдү колуңуздан учурдуңуз деп эсептейм. Жакырчылыкта акча эле эмес, жандүйнөнүн руханий байлыгы […]

Сократтын солк этпес чындыгы

Өлүм бул – адамзаттын эң улуу көз боочусу. Биз жашап турганда ал али келе элек болсо, а биз өлгөндө – эбак келип кеткен болот. * * * Менде каалоолор канчалык аз болсо, Кудайга ошончолук жакынмын. * * * Ким ааламды ордунан жылдыргысы келсе, ал адегенде өзүн жылдырсын. * * * Эгер адам ден соолугуна өзү көзөмөл кылса, анда ага анын өзүнөн ашкан дарыгерди табуу кыйын. * * * Жандүйнөнү дарылабай туруп, денени дарылоого болбойт. * * * Боорукерлик жана пайдалуу […]

Түрктүн улуу акыны Назым Хикметти Кожогелди Култегин түрк тилинен которду

КӨК КӨЗ ДӨӨ ЖАНА КИРБИЙГЕН АЯЛ Килейген бир… көзү көк Дөөнү айтайын, кирбийген бир аялда көөнү ансайын! Боюнан чоң ойдо аял жүрбөгөндүр – болсо дечү кичикий үйүм менин, болсо дечү шилбиси гүлдөгөн бир! Дөөдөй-Дөөдөй сүйүүсү кабатталып… тоодой-тоодой иштерди так аткарып… куурагыр Дөө майда ишти сүйбөгөндүр – курганы жок кичикий үйүн анын, кулпурткан жок шилбисин гүлдөгөн бир. Килейген ал… көзү көк Дөөнү айтайын, кирбийген бир аялда көөнү ансайын! Кирбигийи чарчады тең баса албай. Ким жүрө алат Дөөлөрдүн жолу менен?! Кичине үйгө […]

Сейит ЖЕТИМИШЕВ: Ажалдын да, мезгилдин да алы жетпеген нерсе – чыгарма

Айтылуу эки томдон турган “Эл арасында” романынын автору, белгилүү жазуучу Сейит Жетимишев агай менен төмөнкүчө маек курганбыз. — Сиз Кудайга ишенесизби? — Кудайды бар деп да, жок деп да эч ким айталбайт. Бирок мен өзүмчө ишенем. — Жашоодогу негизги позицияңыз кандай? — Табиятта кыпындай да калп жок, табият кызылдай чындык. Колумдан келишинче ошол табияттай жашайм. Демек, алымдын келишинче табияттагы чындыктай аракет кылам. Жашоодо Ажал деген бар. Жашоодо Мезгил деген бар. Экөө тең ушунчалык ташбоор. Ажал бир күнү эчтекеге карабай, алып […]

Жылкычы ЖАПИЕВ: Үч жүз жыйырма тепкичтүү үй

АҢГЕМЕ Жеӊиш майрамы ал үчүн ыйык. Бул күнгө кан кечип жүрүп жеткен. Далай полктошторунан ажырап, өлүктөрдүн үстү менен басып, чөп чапкандай кыйраган чабуулда аман калып, үй бүлөсүнө кайрылып келген. Эки жолу жаракат алып, дарыланган соӊ кайра согушка кирген. Москва четиндеги согуштан Берлинге чейин пулемётту жөө сүйрөп жеткен. Жеткиче тѳрт жыл ичинде төрт пулемётту алмаштырды. Үчөө ар кайсы мамлекеттерди душмандардан бошотуу согушунда талкаланды. Расчёттогу далай жоокерлерден ажыраган. Төртүнчү пулемёту менен Жеӊишти тоскон. Анан согуш бүткөндөн кийин үйүнө кайтаарда душмандарга ажал чачкан […]

Берилгендик жана Айкөлдүк

“Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясы тарабынан “Конфуцийдин дүйнөгө кеңири таралган ойлорунан” аталышындагы китеп басмага даярдалды. Улуу ойчулдун орус тилинен которулган учкул сөздөрү окурмандарыбыздын чоң кызыгуусун жаратарына ишенебиз. * * * Цзэн Цзы айткан: “Улуу устаттын (Конфуцийдин) асыл ойлорунун өзөгүн эки сөз түзөт. Алар— Берилгендик жана Айкөлдүк”. * * * Башкы кол  башчысынан айрылып  калган күндө да жоокерлер ал баштап бараткан багыттан чыкпашы керек”. * * * Башка бирөө менен бирге кандайдыр бир илимди окуп-үйрөнүүгө болот, бирок ошол эле киши […]