Айтылуу эки томдон турган “Эл арасында” романынын автору, белгилүү жазуучу Сейит Жетимишев агай менен төмөнкүчө маек курганбыз.

— Сиз Кудайга ишенесизби?

— Кудайды бар деп да, жок деп да эч ким айталбайт. Бирок мен өзүмчө ишенем.

— Жашоодогу негизги позицияңыз кандай?

— Табиятта кыпындай да калп жок, табият кызылдай чындык. Колумдан келишинче ошол табияттай жашайм. Демек, алымдын келишинче табияттагы чындыктай аракет кылам. Жашоодо Ажал деген бар. Жашоодо Мезгил деген бар. Экөө тең ушунчалык ташбоор. Ажал бир күнү эчтекеге карабай, алып кете берет экен. Мезгил адамды дүйнөдөн өткөндөн кийин унуткарып таштайт. Бирок жашоодо Ажал алалбаган, Мезгил унуткара албаган бир нерсе бар. Ал – чыгарма экен. Мисал келтирейин. Менин бирге окуган курсташтарым: Качкынбай Осмоналиев “Көчмөндөр кагылышы”, Ашым Жакыпбеков “Теңири Манас” романдарын, Жалил Садыков “Калча” деген поэманы, Камбаралы Бобулов “Махабат аралы” деген ырлар жыйнагын, Бексултан Жакиев “Атанын тагдыры” драмасын, Мырзабек Тойбаев “Жаңы келин” комедиясын жазды. Эрнис Турсунов Пушкиндин ыр менен жазылган “Евгений Онегин” романын которду. Сарман Асанбеков улуу сүрөтчүбүз Гапар Айтиев жөнүндөгү китебин, Жанболот Абдраимов “Жылдыздуу ырлар” деген акын Абдрасул Токтомушовдун чыгармаларына арналган эмгегин жазды. Байкадыңызбы?.. Мына ушул эмгектер Ажалга баш ийип өлбөй, Мезгилге баш ийип унутулбай турат.

Мына ушул калемдеш курсташтарымдын айрымдары 2016-жылы 80 жашка чыгышты. Мисалы, Ашым Жакыпбековдун, Мырзабек Тойбаевдин 80 жылдык юбилейлери белгиленди. Юбилейге байланыштуу иштерге өз милдетим катары катыштым. 23-сентябрда Камбаралы Бобуловдун 80 жылдык юбилейи өттү. Азыртан эле буга байланыштуу иштерге өз ишимдей катышып жатам. Эмне үчүн?.. Калемдеш-курсташ болгондугум үчүнбү? Жок, аты аталган калемдеш-курсташтарым Кыргызстандын Маданий-Адабий мейкиндигинде ар бири өзүнчө Ак-Чоку болгондугу үчүн.

— Дегеле сиздин юбилей дегенге көзкарашыңыз кандай?

— Юбилей, юбилей үчүн эмес, же тигил, же бул инсанды мактап, эскерип, майлуу сорпо ичип кетүү эмес. Юбилей коомдогу тигил же бул бышып-жетилген маселелерди, проблемаларды көтөрүүгө, ал маселелерди, проблемаларды чечүүгө элди багытто. Даярдоого, ал түгүл, чечүүгө кызмат кылыш керек. Мына ушундай максатта каралган юбилейлердин мааниси өтө чоң. Мындай юбилейлер – идеология, ыйык иш. Менин калемдеш-курсташтарымдын ар бири ушундай ыйык иштерге, юбилейлерге объект боло алат. Коом үчүн өткөрүлчү юбилейлерге кайдыгерлик, ичи тарлык, сараңдык кылууга болбойт.

— Сиз наам, сыйлык маселесине кандай карайсыз?

— Наамга, сыйлыкка ар кандай пенде кызыгат, умтулат. Ошондой болсо да буга ыр менен жооп берейинчи:

Сыйлыктар көп кепкичтенип бааланган,
Түшкөнсүгөн убагында Ааламдан.
Сыйлык үчүн карчылдашат пенделер,
Ач мышыктай бир-бирине жааланган.

Күндөр учат, жаңы мезгил күтүлөт,
Орден-медаль жака-төштөн үзүлөт.
Үзүлөт да болот экен бир металл,
Саат сайын мактасак да үч ирээт.

Сыйлык деген – бир Кудайым ачтырган,
Сыйлык деген – бир Кудайым жаздырган.
Илим экен, чыгарма экен чынында,
Караңгыда адам жүзүн ак кылган.

— Агай, жооп ырда сөзгө караганда так айтылды. Эми менин көптөн бери көңүлүмдө жүргөн бир суроом бар. Сиздин атактуу “Эл арасында” деген романыңызды окурмандардын талашып окушкандыгын билемин. Азыр да окуйт элек дешип, китепти сурап, издеп жүрүшкөндөрүнө өзүм күбөмүн. Эми суроом: эмне үчүн романыңызда аялдардын көпчүлүгү терс каармандар?

— Кызык. Бул суроону менден интервью алып жатып, мындан үч жылча мурда сурадың эле. Ошондо эле бул суроо мен үчүн күтүүсүз болгон. Кайсы аялды оң, кайсы аялды терс кылып койгондугумду билбейм. Бирок азыр эсиме бир нерсе түштү. Романда чегилбеген жумурткадай болгон, кудай момун, байоо, ишенчээк, татынакай Зыйнат деген кыз бар. Жүрөгү ак, көгүчкөндөй учкусу келген Мейликан деген аял бар. Алар адабиятчы-изилдөөчүлөрдүн тили менен айтканда, жалпыланган образдар. Эми кеп башкада. Ушул күнгө чейин Кудай менен Шайтан- Азезил күрөшүп келе жатат. Бул күрөш качан бүтөрү белгисиз… Убактылуу шайтан азезилге Кудайдын да негедир алы жетпей жатат… Романдагы каарман Дыйканбек табиятынан адам кейпин кийген Шайтан-Азезил. Ага убактылуу ак адамдардын алы негедир жетпей койду. Мына ошол Дыйканбек-Шайтан-Азезил башкаларды айтпаганда да, кудай момун Зыйнатты, ак дил Мейликанды бузуп жатпайбы… Жакшы аялдар Шайтан-Азезилге алданып жатса, мен эмне кылайын? Мен Кудай алдында айтайын, атайын ошентип жазган жокмун. Турмуш, тагдыр өзүнөн өзү жазылды. Жакшы аялдар Шайтан-Азезилдерди сезе билсе кана, көрө билсе кана?.. Анда жашоо башкача болот эле го. Мен тээ жанымдын тереңинде жакшы аялдарды Дыйканбекке окшогон Шайтан-Азезилдерге алданбагыла деп үндөп жазсам керек.

— Агай, сиз кийинки жылдарда ыр жаза баштадыңыз? Адетте акындар прозага өтчү эле, сиз ырга өттүңүз. “Чертилген кыялдар” жана “Жан дүйнө” деген эки том деп айта турган ырлардын жыйнагын чыгардыңыз. Ырларыңыз сезимтал-лирика, ойго терең, жаңыча. Бул кандайча?

— Мен мурда манасчылар түш көрүп, Манас айтып калат экен дегенге ишенчү эмесмин. Азыр ишенип калдым. Чыгармачылык — бул бир табышмак. Мен өзүм да даана-ачык билбейм. Чыгармачылыктын жаратылышын, ар түрдүү илимпоздор ар кандай айтып жүрүшөт окшойт. Менин жеке оюмча, чыгармачылыктын жаратылышын эч бир илим ача албайт. Бул бир табышмак. Чыгарма жазылып, турмушка келет экен. Каалаган окурмандар окуйт экен. Акырында чыгарманын тагдырын мезгил чечет тура…

— Сиз чыгарма жазган жаштарга эмне каалар элеңиз?

— Жалаң чыгарма жазган жаштарга гана эмес, жалпы эле жаштарга айтаарым: Кудайдай — Ак, Эмгектей – Эр болушун каалайм. Башкачараак айтканда: Кудайдай ак бол, Эмгектей эр бол дээр элем.

Маектешкен Назгүл ОСМОНОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.