Өлүм бул – адамзаттын эң улуу көз боочусу. Биз жашап турганда ал али келе элек болсо, а биз өлгөндө – эбак келип кеткен болот.

* * *

Менде каалоолор канчалык аз болсо, Кудайга ошончолук жакынмын.

* * *

Ким ааламды ордунан жылдыргысы келсе, ал адегенде өзүн жылдырсын.

* * *

Эгер адам ден соолугуна өзү көзөмөл кылса, анда ага анын өзүнөн ашкан дарыгерди табуу кыйын.

* * *

Жандүйнөнү дарылабай туруп, денени дарылоого болбойт.

* * *

Боорукерлик жана пайдалуу нерсе жок жерде сулуулук да болбойт.

* * *

Жаман адам башкаларга өзүнө пайдасы жок болсо да зыянын тийгизе берет.

* * *

Бир гана пайдалуу нерсе бул – билим. Бир гана зыяндуу нерсе бул – түркөйлүк.

* * *

Өзүнүн тажрыйбасына таянбай туруп акыл айткан адам ишенимге татыктуу эмес. Атүгүл мени мисал келтирсе да.

* * *

Мен жашаш үчүн тамак жейм. А кээси тамак үчүн жашап жүрү.

* * *

Адамдарды канчалык билген сайын, өзүмдүн итимди ошончолук баалай баштадым.

* * *

Эгерде жумуштарың туурасында кимдир-бирөө менен кеңешкиң келсе, адегенде ошол адамдын өзүнүн иштери кандай болуп жаткандыгына саресеп сал.

* * *

Мен эч нерсе билбестигимди гана билемин, бирок башкалар ушуну да билишпейт.

* * *

Эчтекеге карабай, үйлөн. Эгерде аялың жакшы чыкса, бактылуу болосуң, а жаман чыкса, акылманга айланасың.

* * *

Өлүм эмне экенин билбегенибиз үчүн андан коркуу акылга сыйбайт.

* * *

Досторду калп мактоолор менен эмес, сүйүүнүн чыныгы сөздөрү менен таап ал.

* * *

Шермендечиликте жашагандан көрө, эрдик менен өлгөн артык.

* * *

Сөз таасир этпеген жерде, таяк да жардам бербейт.

* * *

Табигат бизге эки көз, эки кулак берип, биз сүйлөгөнгө караганда көбүрөөк көрүп жана угушубуз үчүн бир гана тил берди.

* * *

Ар бир адамда күн жашайт. Болгону анын жарык чачуусуна жол бергиле.

* * *

Чөнтөгүндө тыйыны жок адам эмес, кыялы жок адам кедей.

* * *

Бир ишти жасагысы келген адам – анын жолун издейт, жасагысы келбеген адам – шылтоо издейт.

* * *

Таңкалыштуу: ар бир эле адам канча кою бар экенин жатка билет, бирок ар ким эле канча досу бар экенин дароо айта албайт, достуктун баасын ушундан бил.

Орусчадан оодарган Назгүл ОСМОНОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.