Италян скрипачы жана композитору Паганини Никколо 1782-жылы 27-октябрда Генуя шаарында төрөлгөн. Атасы Антонио майда соодагер болгон. Ал 24 жашында 17 жашар Терезага үйлөнүп (1777-ж.), Карло, Никколо, Анжела, Жулия-Николетта, Паола-Доминика аттуу 5 балалуу болушкан. Улуусу кичинесинде эле чарчап калган. Никколо алардын экинчи баласы.

Никколонун тагдырынан кызыктуу окуя: бир күнү Тереза түш көрөт. Ага периште келип, кандай каалоолору бар экенин сурайт. Тереза андан уулу Никколо улуу музыкант болушун гана суранат. Муну ал ошол кезде туугандарына жана кошуналарына толкундануу менен айтып берген экен. Никколо өтө кичинесинен эле музыка жандуу өсөт. Ал 4 жашында кызамык менен ооруйт. Оору өтө оор болуп, бала бир күнү күн бою кыймылсыз жана денеси муздап жатып калат. Аны чарчап калган экен деп шейшепке ороп, табытка саларда кыймылдап жиберет. 7 жашында да ал скарлатина менен ооруп, ушул сыяктуу окуя кайталанат. 9 жашында мандолин черткенди, андан кийин скрипканы үйрөнөт.

Оорулуу болсо да, атасы анын музыкант болушу үчүн бүт аракетин, жумшап, аябай катуу кармайт. Бирок атасы андан ары өзү эчтеке үйрөтө албасын түшүнүп, мугалимге берүүнү чечет. Адегенде скрипкачы Жованни Черветтого, андан кийин Жакомо Костага берет. Кыска эле убакытта Никколо көп ийгиликтерге жетишет. 1793-жылдан баштап ал чиркөөдө болуучу диний расмилерге маал-маалы менен музыка ойноп берип турат. Ошол мезгилден баштап өзү да музыка чыгара баштайт. 11 жашында Генуядагы Сан-Филиппо Нери чиркөөсүнө өз алдынча концерт менен чыгат.

1795-жылы 13 жашында Генуядагы эң чоң «Сант-Агостино» театрында концерт берет. Бул анын көп элдин алдына чыккан 1-концерти болучу. 1797-98-жылдары Түндүк Италияда концерт берет. 1801-ж. Луккага келип, Лукка Республикасынын 1-скрипкачысы деген наамга ээ болот. 1802-04-жылдардагы Паганинин өмүрүн ар кайсы авторлор ар кандай жазышат, бирок ал бул 3 жылда гитара гана ойноп, ондон ашык соната жазат. Скрипканы таштап коёт (19-кылымдын башында Европада гитара ойноо абдан популярдуу болгон). 1808-жылдан кийинки өмүрүн чыгармачылыкка, б.а. концерттик ишмердикке арнаган. Ал бардык маанилүү чыгармаларын 17-18 жаштарында жазган. Анын бүткүл дүйнөгө белгилүү скрипка, гитара үчүн көптөгөн пьесалары, аспаптык ансамблдери, соло скрипка үчүн “24 каприччосу” (каприччо – жагалданма кайрыктары тез алмашып туруучу эркин формадагы аспаптык пьеса), оркестрдеги скрипка үчүн биринчи жана экинчи концерти негизинен ушул учурда жазылган.

1815-ж. Миланда өткөн концертте Паганини менен француз скрипкачысы Ш. Лафондун ортосунда мелдеш болуп өткөн. Мында Ш.Лафон жеңилген. Бул эски классикалык мектеп менен романтикалык багыттын ортосундагы күрөш болгон. Мындай мелдеш кийин пианино искусствосу боюнча Парижде Ф. Лист менен З.Тальбергдин ортосунда да болгон. 1828-жылдан баштап Паганини Австрия, Чехословакия, Германия, Польша, Франция, Англия, Ирландияда ж.б. Европанын көп өлкөлөрүндө болуп, көптөгөн концерттерди берген. Анын концерттерин карапайым эл өтө сүймөнчүк менен кабыл алышкан. Ага искусствонун ошол кездеги алдыңкы ишмерлери Ф.Лист, Р.Шуман, Г.Гейне ж.б. абдан жогору баа беришкен.

Паганининин өмүрүндө көптөгөн фантастикалык уламыштар көп. Ден соолугунун начар болуп, тез-тез ооругандыгына, үй-бүлөлүк жагдайына байланыштуу көптөгөн уламышка айланган күтүлбөгөн окуяларга туш болуп, улам жер которуп турууга аргасыз болгон. Кандай гана учур болбосун ал музыкалык ишмердигин бир күнгө да токтоткон эмес. Католик динчилери Паганининин антиклерикалык ойлору жана карбонарийлердин кыймылына жан тартканы үчүн аны көзөмөлгө алган. Ал түгүл Паганини өлгөндөн кийин да дин өкүлдөрү анын сөөгүн Италияга коюуга уруксат беришкен эмес.

Ал 1840-ж. 27-майда таңкы саат беште Ниццада (Франция) каза болгон. Анын сөөгү бир нече ай ал каза болгон үйдүн жер төлөсүндө туруп, кийин ооруканага жеткирилет. Андан кийин оливка майын чыгаруучу фабриканын дубалынын түбүнө коюлат. Андан Сент-Онара деп аталган аралчадагы аскага коюлуп, ал жерде беш жыл жатат. Беш жылдан кийин уулу атасынын сөөгүн жүктөп алып Италияга келет. Бирок ал жерден аны коюуга уруксат беришпейт. Аны 1844-жылы Генуяга алып келет, ал жерде сөөк Паганининин атасынын үйүндө сакталып турат. 1845-жылы майда “Гайоне” вилласынынын багына коюлуп, анда 20 жыл жатат. 1876-жылы гана уулу Акилле чиркөө бийлигинен уруксат алып, атасынын сөөгүн Парм көрүстөнүнө коёт. 1893-жылы анын сөөгүн дагы бир жолу казып алууга туура келет. 1896-жылы анын сөөгү кайрадан жаңы Парм көрүстөнүнө коюлат. Ага кичи храм түрүндөгү чоң монумент эстелик коюлат. Ошентип, Паганини тирүүсүндө гана эмес, өлгөндөн кийин да биртоп азаптарга дуушар болот.

Паганининин алдыңкы новатордук чыгармачылыгы – музыкалык романтизмдин айкын көрүнүштөрүнүн бири болгон. Ал 19-кылымдын 10-30-жылдарындагы улуттук-боштондук кыймылынын таасири менен Италия искусствосунда кеңири тараган. Ошентип, Паганини музыкалык романтизмге негиз салуучулардын бири болуп калган. Паганининин искусствосу көп жагынан француз романтиктери: композитор Г.Берлиоздун, живописчи Э.Делакруанын, акын В.Гюгонун чыгармачылыктарына жакын болгон. Паганини угармандарды аткаруу пафосу, образдардын айкындыгы, фантазиясынын учкулдугу, драмалык контрасттары, оюнда адаттан тыш виртуозду камтыгандыгы менен өзүнө тарткан.

Ал скрипкачылардан биринчи болуп концерттик программаларды жатка аткарган. Анын чыгармачылыгында эркин фантазиялоо ыкмасы болгон музыкалык импровизация чоң мааниге ээ болгон. Оюндун жаңы ыкмаларын киргизип, аспаптын колориттик мүмкүнчүлүгүн байытып, скрипка искусствосунун таасир этүү чөйрөсүн кеңейткен. Скрипкада ойноонун азыркы мезгилдеги техникасына негиз салган, Аспаптын бүткүл диапазонун башкаларга караганда абдан кеңири пайдаланган. Ошондуктан, анын айрым чыгармалары өтө оор болгондуктан, ал өлгөндөн кийин көп мезгилге чейин аткарууга мүмкүн эмес деп эсептелген.

Паганини — көрүнүктүү композитор. Анын чыгармалары ийкемдүүлүгү жана күүнүн ыргактуулугу, модуляциясынын батымдуулугу (чечкиндүүлүгү) менен айырмаланат. Анын чыгармачылыгында опералык, балеттик жана элдик темаларга жазылган вариациялар, камералык-аспаптык чыгармалар ж.б. чоң орунду ээлейт. Ал гитарада ойноонун көрүнүктүү виртуозу болуп, бул аспап үчүн 200дөй пьеса жазган.

Өзүнүн композиторлук чыгармачылыгында Паганини италиялык музыка искусствосунун элдик салттарына таянган улуттук художник катары көрүнөт. Анын чыгармалары стилинин өз алдынчалыгы, жаңычылдыгы менен айырмаланып, андан кийинки скрипка искусствосунун өнүгүшүнө кыйла зор таасир берген. Паганининин айрым скрипкалык чыгармаларын Ф.Лист, Р.Шуман, И.Бремс, С.Рахманиновдор иштеп чыгышкан. 1959-жылдан Генуяда жыл сайын Паганини атындагы эл аралык скрипкачылардын конкурсу өткөрүлөт.

Паганининин өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө көптөгөн эмгектер жазылган. Анын ичинде кыйла толук изилдөө жүргүзүлгөн Мария Тибальди-Кьезанын, И. Ямпольскийдин, А. Г. Пальминдин ж.б. эмгектери бар.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.