Бир бай кожоюн өрттөнүп жаткан токойдо калып, жалынга кептелеринде негр кулу аны өз жанын тобокелге салып куткарып алат. Ыраазы болгон кожоюн өлүмдүн чеңгээлинен куткарган кулга үйгө барары менен эркиндикти ыйгарарын убадалайт.

Бирок үйгө келип, жакшы жашоосу башталары менен убадасын унутуп койот.

Дагы бир жолу кожоюн менен негр кул токой аралап үйгө кайтып келатышса, каракчылар кол салып, кул өз жанын аябай алар менен салгылашып, акыры кожоюнун ажал чеңгээлинен алып чыгат.

— Сен каракчыларга каршы чыкмак тургай, аларга кошулуп кетсең — ишим бүтмөк, сайдан саным табылбай калмак, ошон үчүн үйгө барганда бул жолу сөзсүз сага эркиндик берем, аны ал тургай тил кат жазып берип да тастыктайм, — деп убаданы мыктап берет.

Бирок үйгө жетип санаасыз шапар тепкен жашоосу башталары менен бул убадасын дагы унутуп калат.

Жылдар өтүп, бир жолу кожоюн менен кул сейилдеп келатышып, асма көпүрөдөн өтүп баратышса, кожоюн капысынан сууга кулап түшөт. Ал чабак урганды билчү эмес,  андыктан чөгүп баратып сууда жакшы сүзчү кулуна  жалынат:

— Мени куткарып кал негр! Бул жакшылыгың үчүн мен сага эркиндик берем!

— Мен сага ишене албай турам кожоюн. Сен алгач мага эркиндик бергениң тууралуу тилкат жазып бер, анан куткарам,- дейт негр ишенкиребей.

— Берем, берем!.. Үйгө барганда!.. Алгач сен мени суудан чыгар,- дейт суу жута баштаган кожоюн какап-чакап.

— Жо-ок, сен биринчи мага тилкат жазып бер! — дегенинче болбой  кожоюн сууга чөгүп кетиптир…

Орусчадан оодарган Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.