Мына ушинтип насип буйруп отуз жетинчи жазымдын биринчи күнүн тосуп отурам. Биринчи март, биринчи көктөм, жаздын алгачкы күнү…

«Туулган жердин топурагы алтын» демекчи, кай жерде кандай күндө жүрсөм да, берекелүү Түштүгүм ар дайым көңүлүмдө. Айрыкча, Россиянын узакка созулган кышы каардуу. Он эки миллионго чукул калкы бар ызы-чуусу аралаш жашоосу, анан дагы ара күндө жааган жааны жадатканда, Түштүктүн мээ кайнаткан ысык аптабы, март айы баш баккандан баштап, «жер айрылып көк чыккан, желин айрылып сүт чыккан» жаздын жыты мурдума уруп, ушул кездеги алгачкы жаздын сулуулугун өз көзүм менен көргүм келип, туулган жерге болгон кусалыгым күндөн күнгө күчөп, жыл сайын жаз алды айылыма, тагыраагы – Түштүгүмө сапар тарткым келип эңсей берем. Бирок да баягы эле «башына тарсаң аягына жетпеген» тириликтин улуу көйгөйүнөн бошоно албай, канчалык эңсөөм күч болсо да, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип, дал ушул мезгилдерде Түштүгүмө жолум түшпөй, жылда эле же отпускам туура келбей, курсагы ачып энесин эмгиси келгенде, аны эмиздире койбой, энесин ийдирген соң, кайра тартып алып желеге байлап койгон музоодой умсунуп кала берем…

Замандын агымына ылайык, «заманың бөрү болсо бөрү, түлкү болсо түлкү» болуп, учурда бир мен эмес, мага окшогон миңдеген кыргыз атуулдары өз мекенинде табийгаттын төрт мезгилин, ошол ар бир ай күндөрдүн кереметтүү кубулуштарын, ысык сууктарын, жаан-чачын, карларын, бороон-шамалын, ызгаарын, булуттарын, жаркырап тийген күн нуру менен жаркыраган ай жылдызын көрбөй, сезбей, тойбой, минтип бөтөн жердин бөтөн атмосферасында тосуп калбадыкпы?…

Балким бул да болсо биздин маңдайга жазылган насип тагдыр чыгаар…

Бах!…. Дал ушул күндөрдө Түштүк жергеси адаттан тыш кулпуруп турган чыгаар… Күн жылымдап кар эрип, жерден буу көтөрүлүп, көктөмдүн өзүнө гана таандык жагым жыты чыгып, оюнкараак секелек кыздай кыткылыктап, кичинекей чөптөр жер боорунан кылая баш көтөрүп, көзүн кыскан селкидей жымыңдап чыгышкандыр…

Ош, Кара-Сууда март айы кирип келгенден баштап, дыйкандар текши жер менен алек болуп, жер айдоо башталат. Кышы менен кар суусуна дың тойгон Жер эне, бүткүл жан дили менен үрөндөрдү кабыл алып, аны аспиеттеп багып өстүрүп, Адам уулуна берекелүү түшүмүн мол төгүп берүүгө камына баштайт. Күзүндөсү айдап даярдап койгон жерди жаз алды менен дагы бир жолу коңторуп, малалап пахта жүгөрү сыяктуу үрөндөр себилип, дыйкан бабалар ишке кызуу киришет. Тамеки, помидор, капуста, калемпир сыяктуу өсүмдүктөрдүн күнөсканалары даярдалат. Мен бала кезде, дегеле мен өз туулган жеримде такай жашап жүргөн кездерде, март айы келгенден баштап баарыбыз кубанып, кышкы оор кийимдерди чечип, жеңил кийинип кыздар кудуңдап сууга жөнөр элек.

Жаш балдар чурулдап көчөдө, эшикте чуруу-чуу түшүп ойношор эле… Айылдагы чал-кемпирлер эшик астына чыгып күнөстөп отуруп алышып, күнгө далысын кактаганча, шуудураган алакандарын укалай отурушуп, узун сабак сөзгө түшүшчү. Кышы менен күн көрбөй муздак үйдөгү жүктө жыйылган көрпө төшөктөрдү алып чыгып, күн жесин деп керилте жаябыз, кызыл тазыл кылып. Кечинде төшөнчүлөр, жакандостор барсайып, барсайып чыгар эле: жаңыдан гана пахта салып капталгандай…

Баарынан кызыгы, кыздар чогулуп алып көк тергени талаага чыгып кетээр элек. Күнү кечке ойноп, талаадагы жаңыдан жапжашыл болуп чыгып келаткан аткулак, жыты буркураган жалбыз, беде сыяктуу чөптөрдү терип келгендерибизди жууп тазалап туурап, апаларыбыз базардан сатып келген сымалак, чырыштарды майда туурап, ага пия кошуп кууруп көк самса, көк чүчпара, көк манты жасап берчү. Ошондогу жеген даамдар дале таңдайымда, жыты буркурап тамактардан башкача даамы болор эле. Эстесем, азыр деле шилекейим чуурат. Март-апрель ичи көккө тоюп алгыла деп, апаларыбыз үч төрт күн сайын көк бышырып берээр эле. Чамасы, көк чөптүн да өзүнчө витамини болсо керек. Майлардан баштап чөптөр чоңоюп жегенге болбой калат. Кышы менен сарайда камалган уйлар мөөрөп, кой эчкилер маарап, буту-колу жайылып талаага жайылганына кудуңдашкансып, текирең таскак оюн салышат, атам аларды да көккө чыксын деп талаага айдап салчу.

Кара-Суу чөл тарап жана шаарга чектеш болгондуктан, бизде адыр, кокту колот деген жок, падага кошуп багуу деген да жок болчу. Ошондуктан жандыктар кышы менен сарайда камалып жатышчу, күзүндө алып койгон чөптөрдү кыркып, жем сатып алып, жүгөрү укалап берчүбүз.

Бизде биринчилерден болуп бадам гүлдөйт, апакай болуп. Жыты да буркурап укмуш, көз жоосун алып гүлүнүн аппактыгын айт, кооздугун айт!.. Талдар, болсо боткоктоп мына-мына бүр аччудай, анан эле биринин артынан бири текши гүлдөп баштайт. Алма, алча, өрүк, шабдаалы, кайнаалы, жийде, гиластар кызыл ак, мала саргыч гүлдөрүн ачкан мезгилчи! Керемет, керемет! Бейиштин багы болсо ушундай болгондур дейсиң!..

Сирендердин гүлдөгөнүн айт! Жыты буркурап, ааламга тараганычы! Асман кирсиз көкмөк болуп, булуттар шаңкайып, күн жаркырап, айлана жашыл түскө бөлөнүп, куштардын үнү сайрап, өзүнчө эле искусство!

Сүрөтчүлөр жылдын бул мезгилин кагазга чийип боек кошуп жан киргизишсе, акындар жаз жөнүндө не бир керемет шедеврлерди жаратпаган. Табияттын сулуулугуна суктанып, Ата Журттун жазын мактанып, не бир сонун ырлар жазылбаган, ал эми жазуучулар көктөмдүн керемет ааламын ачып, сөз гүлдөрүн терип, чыгармаларды жазып келишкен. Белгилүү драматург жазуучу Түштүктүн кулуну Мурза Гапаров түштүк жерин, жазын өзүнүн чыгармаларында аябагандай кызыктуу жана жеткиликтүү чебер сүрөттөп берген. «Байчечекей», «Айгүл гүлү» чыгармаларында жаз мезгилин, табиятты, айыл адамдарынын бейнесин чагылдырган эң эле мыкты эпизоддор кездешип, окуган сайын окугуңду келтирет. Түштүктө туулуп чоңоюп, ар бир мезгилдин баалуулуктарын башынан өткөзүп, ажайып сулуулуктарды өз көзү менен көргөнүнө сыймыктанган.

Ал эми канаттуулар жылуу жактардан кайра кайтып келишип, дарактарга уя салып, алар да жаз менен жарышып өз тириликтерин баштаган өңдүү. Биздин үйдүн бооруна ар жылы чабалекейлер уя салышат. Уя салуу жагынан чабалекейдей уста жок болуш керек канаттуу калкында. Паксалап үй кургансып, ылайына саман аралаштырып, кынаптап чаптап уя салышат да, ошол уядан балапандарын басып чыгарышат. Ургаачысы жумуртка басып жаткан мезгилде эркеги жем ташып багып турат. Баарынан да балапандар оозун ача жем сурап чыйпылдагандары эң сулуу көрүнүш болчу. Бир айга жетпей зым карагайга кыркалекей тизилип алышып, сайрашкандары өзүнчө бир оркестр!

Жазды жаз кылган ажайып майрам Нооруз! Бул биздин, кыргыз элинин жаңы жылы, майрамы. Кыздар кылактап кызыл-тазыл кийинип, келиндер жасана ак жоолугун кыйгач байлап, энелер ак элечек кийип, аталар ак калпак кийип, бул күнү баардык үйдө, көчөдө шаарда, айылда майрам. Кой союлуп, от улуу жагылып, жеңелер өндүрүлгөн жашыл буудайды тартып, таң азандан сүмөлөк бышыруу аземи башталат. Айыл апа, кошуна-колоң, тууган-урук топтолуп тилек тилеп, ак пейил менен атаганын сүмөлөккө кошуп аралаштырышат.

Жаштар оюн зоок, ыр кесе уюштурушат. Таң атканча аралаштырып кадыр түн тосуп тилек айтып, таңга маал сүмөлөктү энелер жаап, жеңелер кайтарып отурушат. Анткени, түштүктө сүмөлөк уурдоо сооп дегендей сөз бар. Эртесинде бүт айылга жеткизип, бир чыныдан болсо да ооз тийгизилет. Анткени жаз сүмөлөгү менен жаз!

Күндөр өтүп, өрүктөр гүлүн төгүп, горо түйө баштаган мезгил да эсте калаарлык кез. Бармактай болуп түйүп калган горону үзүп келип, тузга матыра малып барсылдата жечүбүз, оозубуздан шилекейибиз куюлуп, тилдерибиз оюлуп, тиштерибизди камаганына кайыл болуп жээр элек. Короодо, үйдүн сыртынан агып өткөн кичинекей арыктын жээгине сыя гүл өстүрчүбүз, жаз алды ошол гүлдөр көкмөк болуп буркурап ачылып чыкчу. Сары каакымдар бажырайып ачылып, андан шөкүлө таажы жасап кийчүбүз кыздар.

Жаз менен талант шайкеш келип, эриш аркак жашаганына дагы бир жолу тан берүүгө болот, анткени алп акын Алыкул Осмонов жана залкар жазуучу-драматург Мурза Гапаров дал ушул 21-март Нооруз күнү жарык дүйнөгө келгени жалпыбызга маалым. Бул дал келүү да тегин жерден болбосо керек…

Улуу, түбөлүк майрам жана түбөлүк өлбөс өчпөс талант! Абдукерим Муратов жазган эссесинде бекеринен Мурза Гапаровду бадам гүлүнө жана сакура жазына салыштырбаган чыгаар…

Ал эми Оштогу Навои жана Токтогул парктарын бойлоп шаркырап аккан Ак-Буура дайрасын көпчүлүк эле биле бербесе керек. Жаз келгенде күкүктөп, күрүлдөп-шарылдап аккан дайра жээгинде каз катар тизилген, уялчаак кыздай созула термелишкен мажүрүм талдар, жаз алды бүрдөп, күндөн күнгө жамгыр жууп узарткан чачтарын тараган селкидей, саамайларын акырын соккон желге сылатып, ажайып кооздукту тартуулайт.

Токтогул паркынын аягына чыгып чыкпай дагы бир сулуулук кереметине кезигесиң. Ал биздин Сулайман тообуз! Жаз келгенден айлана жашыл түскө бойолуп, дарактар жашыл көйнөгүн жамынып, чымчыктар чурулдап безелене сайрашып, чегирткелер чыртылдап обон салышып, аарылар ызылдап, күн чайыттай ачык, асманда булуттар агарып өз көлөкөсүн өзү карап кылыктана баскан кыялкеч кыздай каалгып бараткан табяттын кооздугуна кумарланып, тепкичтер менен Сулайман тоого бет алуунун өзү кандай керемет тартуулайт!

Эң чокусуна чыгып, Ош шаарын алаканга салгандай болуп, суктана карап, боз үйдөй заңкайган Бабурдун үйүнө кирип сыйынып, туш тараптан агылып келген туристтерди тамаша кыла не бир кыялдарга батасың.

Айта берсе Түштүктүн керемет кооздуктарын сөз жетпес!.. Жараткан бизге кыргыз элине ажайып бейиштей жерди ыраа көргөн экен. Жалаң көр оокаттын айынан бейишибизде жашай албай жүргөнүбүздүн өзү, аны сырттан келгендерге тебелетип талатып-тонотуп атканыбыздын өзү — өзүнчө бир талкууга алаарлык тема эмеспи… Эми ал өзүнчө сөз….

«Башканы коюп Манасты айт» дегендей, он беш жылга баратат, ушул кооздуктардан алыста, сур булуттуу ай жылдызы көрүнбөгөн, түнөргөн асман астында күн кечирип келем… Кантмек элек, суунун агымына карай агыла берет экенбиз да, болбосо бейишке көз тойгуза суктанып, ай жылдызды тиктеп, Ак-Буурага барып, чаканын ичине түшүп алган жылдыздарды терип алып, курсакты талга асып салып ачка жашай албасак анан….Же мектеп бизге жарытып айлык төлөбөсө… Бирок кайда жүрсөм да Оштун, Кара-Суумдун, Туулган жеримдин тузу ар убак тартып турганы турган.

Жаздын жанга жагым жыты жамгырынын жаш баланын тилиндей быдылдаган тып тып үнү, пияз кошулуп куурулган көк чөптүн даамы, алма-өрүктөрдүн гүл ачкан кездеги ажайып сулуулугу, жаңы туулган ипичке татынакай айы, асман жоло жаркырган жылдыздары, көң каланган очоктогу түтүн жыты, буркураган шыбак жыты, дегеле Туулган жерден келген топурак жыты, Мекен жыты ар дайым эңсеткени эңсеткен. Ушуларды көксөгөндө көңүлүм алып учуп, эргип эрип, буулугуп жазды даңктап ыр жазгым келип, ээлигип чыкмайым бар…..

КӨКТӨМ КӨРКҮ
Ажайып жашыл көйнөк дарак бүрдөп,
Апакай, той кийимчен бадам гүлдөп.
Бах чиркин, айлананын кооздугуна
Суктанып, эргүүдөмүн калам шилтеп.

Жыпарын чачкан сирень гүлүн ачты,
Бак дарак, мажүрүм тал бүрүн ачты.
Жер Эне жашыл кымкап тон жамынып,
Жылымдап Күн жылмайып, нурун чачты.

Көк асман, каалгып учкан ак булуттар,
Көктөмдүн көркүн ачкан сулуулуктар!
Кар эрип мөңгүлөрдөн суулар агып,
Керемет Кыргыз жерде улуулук бар!

АЛПУРУШКАН КӨР ТИРИЛИК КӨЙҮНДӨ,
АЙЫЛДАШТАР КАНДАЙ АЗЫР АЛ ЖАЙЫҢ?!

Курс түшүп да кеткендиктен, Кыргызстанда акчанын күчү жоктой болуп калыптыр… Анан дагы, бул жолку барышымда Ошто жолдор бузулган, иретсиз туюлду. Эмнегедир базар тарапка түшкүм келбейт, базардагы башаламандык, эңкейген карылардын, эрди кеберсиген жаш кыздар, балдардын оокат кылып тытынып жүргөндөрү зээнимди кейитет.

Таңдан кечке сыз жерде чаңда соода кылган жаш аялдарды, араба айдаган бала-чаканы, колдору туурулган ата-апаларды астыртан көз кыйыгымды салып карап, кыйнала, көңүлүм чөгө берген адатымды калтыра албай эле койдум… Ырыскынын, ыйман-ынсаптын баары айылда деп келебиз, бирок эмнегедир мурдагы акыл айтчу апалардын саны суюлганбы, айтор өзү менен өзү болгон эле адамдарды көрдүм. Эптеп эле өгүз өлбөсүн, араба сынбасын деп, өзүмө гана болсо дегендей болуп баратыптыр элдин пейили. Балким мен жаңылып аткандырмын, бирок мага ошондой эле сезилди…

Тээ биз бала кезде көрүп, ийменип турчу сакалы жайкалган, оозунан ак батасы куюлган карылар дээрлик жокко эсе. Анын ордуна аял-эркек, жаш-кары дебей, той-топур, өлүм-житимде жеп-ичип, түйүнчөк калтасына батышынча толтуруп, көтөрүнүп, алынып жутунган эле адамдарды көрдүм. Жада калса жаназада да молдолор талашып окуп калышкан дейт, ошол жаназа окуганга да эмне союптур, койбу, уйбу, жылкыбы деп сурап, кой сойсо келбей койгон молдолор пайда болуптур. Чоң жандык сойгондорго эрте менен барып узакка окушат экен да, майда жандык сойгондорго түштөн кийин барып, бираз эле окуп коюша турган болуптур. Ал эми жандык сойгон касапчылар арасында кол кесер талашкандар көбөйүптүр…

Алар го ал дейли, ал нерселерди айта келсек өзүнчө бир талкууга алаарлык чоң сөз. Шарият буйдаланган төө деп коюп, молдолор төөнүн башын каалаган жакка бурмалай беришчү болгон көрүнөт. Мени ар убак Кыргызстанга келгенде кейиткен көрүнүш, балпайып төрдө акылын айтып отурар мезгилинде да көр тирилик менен алпурушуп, өтүп калса экен деп ары-бери өткөн элди карап, көзүн жылтыратып, кирдеген жүзаарчысы менен чылпагын аарчып, базарда май-курут сатып этеги майланышып отурган апалар, оор жүктөрдөн белдери бүкчүйө очорулган аталар, айрыкча мектепти унуткан жаш балдардын абалда мени көп ойлонтуп, көп толгонтот. Бул жолу да улуу кызым экөөбүз майда-чүйдөгө түштүк базарга. Жолду ката Айданага базардын, көчөнүн четинде ысырык, семичке сатып, шыпырып жүргөн ал курактуу жаш, илмейген арык кыздарды көрсөтүп:

— Көрдүңбү тиги кыздарды, тирилик башына түшүп, оокат үчүн тыйын табайын деп отурушат. А сен тобо дегин, ушинтип базарда отурбаганыңа. Менин ал күчүм барында окуп, окууңду бүтүрүп, бир кесиптин ээси болуп ал, келечекте наның бүтүн болот, — деп марал окуп келдим.

Балдарына ичирбестен айранын,
Быштак майын, жедирбестен каймагын.
Алпурушат көр тирилик көйүндө,
Апакелер, кандай азыр ал жайың?

Өп чап турмуш, кыйнап назик жандарды,
Жетишпестик чулгап жапжаш балдарды.
Көр оокаттын чеңгелинен чыгалбай,
Жакырчылык, элди каптап калганбы?..

Базар чети, чөп ысырык сатканы,
Адырашман адырдагы, бактагы.
Илмеңдеген бир кичине кыз жүрөт
Төбөсүнө өтсө да күн аптабы.

Тоголоктоп капка салып курутун,
Так эсептеп, даярдашып күнү түн.
Жүдөө гана бир байбиче олтурат,
Базардагы, көргөн күнү курусун…

Саткандары сагыз, гезит, семичке,
Сом табышса, жетишкендей жеңишке.
Унутушкан мектеп, китеп, сабакты,
Урпактардын келечеги кейиште!

Акча айынан араба түрткөндөрү,
Арзуу тилек жакшылык күткөндөрү.
Кайдыгерлик, жокчулук, билимсиздик
Үмүттөрдүн болобу бүткөн жери?!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.