Менин бүкүр чоң энем бар эле. Ал кезде электр жарыгы келе элек, интернет, телевизор, радио дегенден түшүнүгүбүз жок. Кечке үй бетин көрбөй карала-торала болуп эшикте ойноп, эжелерим, карындаштарым менен кечкисин упай же топ таш ойнор элек.

Оюндан тажаганда чоң энеме жомок айтып бер деп жабышчубуз. Ошондогу бүлбүлдөгөн чырактын жарыгы менен жатып алып уккан керемет жомокторду ошол керосин чырактын бар экенин унуткандай эле унутуп калган элем. Эми өзүм чоң ата болуп, жашым алтымышты таяганда улам бир неберемдин тили булдурап чыгып, артымдан калбай ээрчишип:

— Ата, жомок айтып бер, — деп кыйнашчу болду.

Шаарда 3-класста окуп жаткан улуу неберем Аселим бир аз күнгө каникулга келмей болдум дегенинен, жок дегенде күндө бир жомок айтып берейин деп, ыраматылык чоң энемдин жомокторунан эсте калгандарын камдап коюуну чечтим. Балким бул жомоктор мурда жарыкка чыккан китептерде жолугар, балким эл арасында мен сыяктуу чоң ата, чоң энелеринен угуп, неберелерине айтып жүргөндүр. Андай болушу толук мүмкүн.

Жомок деле макал-ылакаптар сыяктуу элдин эсинде жашап, эл оозунан чогулат эмеспи. Уккан жомогун ар ким дараметине жараша өз жомогу кылып айта беришет. Муну айтканым: эски жомокту ээлеп, өзүмдүк кылып алыптыр деп айкандар чыгып калса алдын ала берген жообум.

Интернет заманында китеп окуганды унутуп бараткан жаштарга жомок аркылуу тарбия-таалим берүү ашык болбос. Ошондуктан чоң энемдин жомоктору мендей чоң аталарга да кереги тийбесин деп жазган жомокторумду сунуш кылган кербезим ушул.

Балит аял жөнүндөгү жомок

Илгери-илгери өткөн заманда тазалык эмне билбеген, шыпыргы түшкө кирбеген бир балит аял болот. Идиш-аягын улам четинен алып куя берип, куя берип, тазасы калбай калганча чогултуп, ичи сырты бирдей батала болуп үйүлгөн идиштерин ары ыргытып, бери ыргытып, бир жумада бир жуумуш болчу.

Ал эми үйүн шыпырууну такыр эле унутуптур. Бир күнү баягы аялдын ак чач болуп жашап калган апасы конокко келет.

Кыздын энеси жаны тынбаган эмгекчил адам экен. Чачылган, чаң баскан үйдүн кебетесин көрүп зээни кейип капа болот. Кызын аяп, эркелетип, бардык оокатын өзү кылып жүрүп, жалкоо кылып өстүргөнүн эми сезет. А кызы болсо шылтоо таап адатынча айылчылап кетет. Апасы бекер отура албай түрүнүп алып, чала жуулуп, өңдөрү өчүп ыйламсырап турган идиштерди, ар кайсы бурчта тоодой болуп үйүлгөн кирлерди жууйт.

Үйдөн шыпыргы издеп таппай, сай жээгинде өскөн боз куурайдан шыпыргы байлайт. Кызык үйдү шыпыра баштаганда болду. Боз топурак болуп жаткан жерден шыпыргы тийгенде кызыл-тазыл оюлар чыга баштабаспы. Тууй иттики десе, абайлап байкаса, баягы өзү жасап берген шырдак. Жерге жабышып, үстүн бир эли чаң басып шырдак көрүнбөй калыптыр. Эптеп сыртка сүйрөп чыгарып, чаңын күбүйт. Кечке чейин үйдү тазалап, орду-ордуна коюп, жаңы отурганда калп эле шашкалактап кызы келиптир.

Мизилдеп тазаланган үйүн айланта карап, өз үйүмө келдимби же адашып башка үйгө кирип алдымбы деп ойлоп; сыртка чыга калып, тегерете бир карап кайра кирет. Бирок чоочун үйдө апам эмне кылып жүрмөк эле деп, жакшылап көз салса, баягы уурдатып жибердим деп таппай калган шырдагы көзгө урунат. Таң калган кызы:

— Ой, апа, тиги шырдак жоголуп кетпеди беле? Аны кайдан таптың?” — деп сураптыр. Ошол замандан бери кыргыз элинде: “Баягы үйүн шыпырбай, шырдагын жоготкон аялдай болбой”, — деген ылакап сөз калыптыр. Ушул сөздү көңүлүңөргө бекем түйүп алгыла. «Кыздуу үйдө кыл жатпайт дейт” элибизде. Тазалыктуу болгула. Болбосо тиги аялдай болуп кеп-сөзгө каласыңар, кыздарым.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.