Латын арибине кайра  өтүү маселесин биздин жетекчилер орого салып, үстүн бекем цементтеп салган күндө да, ал асфальт жолду тешкен дарактай ар кай жерди тешип чыга берет. Казакстан 2025-жылы латын арибине өтүүсү менен төбөлсүз түрк мамлекеттери, Кыргызстанды кошпогондо, орток алфавитти пайдаланып калат. Эгерде биз Москванын кыл жүгөнүн кесип, оторчулук жана тоталитардык доордун чынжырынан биротоло бошонууну кааласак, латын арибине өтүү үчүн чечкиндүү кадам шилтешибиз зарыл.

Латын арибине өтүү Кыргызстанды алыстатса, жалгыз Россиядан алыстатат. А биздин жаңы эски арипке өтүүбүздү, албетте, Кремль каалабайт. Себеби, биринчиден, эл аралык саясый чөйрөдө Росиянын саясый-экономикалык таасири жоголуп баратканынын бир жышааны катары кабыл алынат. Экинчиден,  Казакстандын латын арибине өтүүсү өлкөнүн түрк тилдүү мамлекеттер менен жакындашуусуна өбөлгө болот (Президент Назарбаев өзү латын арибине өтүү зарылдыгын казак алфавитинин тамыры түрк экенин жана бүгүн түрк тили Евразиянын көп бөлүгүндө улуттар аралык карым-катнаштын тили болуп калганы менен түшүндүрдү.) Бул барып, чордонунда Россия турган Евразия экономикалык биримдиги (ЕврАзЭС) жана Евразия Бажы союзунун ордуна түрк мамлекеттер аралык экономикалыкпы, саясыйбы уюмдардын негизделишине жакшы пайдубал болбоспу!

Түрк тилдүү республикалардын жарандары Европанын Шенген зонасына кирген 26 өлкөнүн букараларындай  өз ара эркин катташып калса, андан калайык журтка гана пайда эмеспи.

Мындай болуусун жана экс-советтик Орто Азияны өз койнунан чыгарууну Россия каалабайт, кызыкдар да эмес. Аны түшүнүү үчүн Казакстан латын арибине өтөрүн шарданалагандан кийин  орус массмедиасында чыккан материалдарга бир сереп салуу жетиштүү. Мисалы, Россиянын Улуттук стратегия институтунун Эл аралык программалар боюнча директору Юрий Солозобов Кремлди түз эле тил империализми саясатын олуттуу жүргүзүүгө үндөдү.

Айтмакчы, Казак өкмөтү алдындагы Илимий эксперттик кеңештин мүчөлөрүнүн ишениминде, латын алфавитине өтүү – дайра деңизге кошулган сыңары 18 миллион калктуу республиканын дүйнөлүк цивилизацияга аралашуусуна, ошондой эле өлкө калкынын биримдигин бекемдөөгө жана бир уңгулуу же иденттүүлүктүн калыптануусуна даңгыр жолдой кызмат кылат. Алдыңкы көп мазмундуу сүйлөмдөгү биримдикти бекемдөө жана иденттүүлүктү иштеп чыгуу деген түшүнүктөрдүн артында үлкөн саясый мазмун жатат. Эмнеге? Казак тили жана жазмасы кириллица же орус алвафитине негизделгендиктен, орус тилинде билим алган, сүйлөгөн, ойлонгон казактар өз эне тилин жакшы билишпейт. Алар казак тилиндеги адабиятты окуй алышпайт. Алардын ой жүгүртүүсү, менталитети орус тилиндеги адабият жана маалымат каражаттарынын таасири астында калыптангандыктан, дүйнөнү көбүн эсе орустардын жана Россиянын көзү менен карайт (Совет заманында көпчүлүгүбүз дүйнөдөгү окуяларды Москванын көзү менен карап, Москванын өңүтүнөн туруп баалап калбадык беле).

Манкурттук кайдан башталат?

Анан да Казакстан менен Россиянын чегарасы 13 394,6 км экенин, босоголош жашоо казак тилине орус тили таасир этчү олуттуу фактор экенин жадыбыздан чыгарбасак. Жалпы аянты Казакстандан дээрлик беш эсе чоң Канада менен АКШнын орток чегарасы 8 891 км гана жана алардын ырасмий тили окшош.

Орус тилинин маалымат мейкиндигиндеги да, тарыхый-географиялык да үстөмдүгүнүн кесепетинен казак тилинин колдонуу чөйрөсү тарып, бүгүнкү оргуштаган илимий-техникалык прогресс менен жарыша өсүп-өнүүсүнө кедерги тийүүдө. Бул “кыямат” Кыргызстанга да кептеп койгондой мүнөздүү. Атүгүл абал Казакстандагыдан да бетер. Президент өкмөттүк жыйындардын бирин кыргыз тилинде өткөрүп жатканда, БШК төрайымы орусча сүйлөгөнү; Жогорку Кеңештин депутаттары алдында орусча сүйлөгөн министрлер; акыркы жылдары балдарын орус мектептерге бергендердин көбөйгөнү; Өмүрбек Текебаев жана башка саясатчылардын сот жараяндарынын орус тилинде жүргүзүлгөнү; жаштардын оюн эне тилинде эмес, орус тилинде оңой-олтоң түшүндүргөнү жана башка толгон токой мисалдар биздеги жагдай Казакстандан да осол экенин боздоп эле айтып турбайбы!

Түрк элдерин бөлүү кандай башталган?

Совет өкмөтү түрк элдерин арап жазмасынан латын графикасына, андан соң кириллицага өткөрүү менен алардын ортосундагы карым-катнашты, XX асрдын алгачкы чейрегине чейин өкүм сүргөн тилдик байланышты бөлүп-жарууну көздөгөн. Ошого жаңы алиппеге өткөрүү кылдат даярдалганын башкыр улуттук-боштондук кыймылынын башчысы, тарыхчы, философ Ахмет-Заки Валидинин (1890-1970) кечээ кийин Өфөдө (Уфада) чыккан китеби күбөлөйт. Көпчүлүк окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн алдагы китептен (Заки Валиди Тоган. Воспоминания: Книга 2. — Уфа: Башкирское издательство “Китап”, 1998) сөзүбүзгө тиешелүү жерин кыстара кетейин:

Мен 1922-жылдын 22-июлунда жазган катымды кайра бир жылдан кийин Парижде жолуккан учурда Мустафа Чокоевдин колунан алдым. Ал катка мен ошол кезде Самаркандда болуп жаткан окуяларга токтолуп, андан сырткары Москвадан алынган маалыматтарды баяндагам. Эгерде советтер Польша менен согушта утса, анда мусулмандарга карата маданият тармагында жаңы саясат жүргүзө баштайт…

Москвада Чыгыш университети уюштурулуп, жетекчилигине Сванидзе менен Бройдо коюлду. Бройдо азыр Сталиндин жардамчысы. Азыр сиздерге бул адамды өзүңүздүн досуңуз катары 1917-жылдын апрель-июль айларында Хивага вали (жетекчи) кылып жөнөтүп, кандай чоң ката кетиргендигиңиз түшүнүктүү болот. Дал ошол Бройдо жана профессор Поливанов орус тили боюча жашы улгайган азербейжандык адис Шахтинский жана түрк Ахмед Шавад менен бирге түрк элдерин бири-биринен бөлүп салуу, ошондой эле ар түрдүү латын жана кириллица алфавиттерин киргизүү менен бизди өзүбүздүн түпкү тамырыбыздан ажыратуу саясатын жүргүзүп жатышат. Назир Туракулов жана анын жубайы Ханифа эгерде латын алфавити киргизиле турган болсо, анда ал бардык түрк элдери үчүн бирдей болушу керек деп сунуш кылды. Бирок Бройдо менен Поливанов ар бир эл үчүн сөздөрүнүн өзгөчөлүгүнө жараша өзүнчө адабий тил түзүлүшү керек деген саясат жүргүүзүүдө. Латын алфавитине өтүү кириллицага өтүүнүн тепкичи гана болуп калары шексиз. Дагестанда осетин жана черкес тилдерин кириллицага өткөрүү башталды. Ошондой эле алтай татарларын, финдерди, якуттарды латын алфавитине өткөрүү жөнүндө сөз жүрүүдө. Бул пландын баарын Бройдо менен Поливанов түзгөн. “Кобланды жана башка чыгармалар азырынча латын тамгасында басылууда, анан, албетте, кириллицага өтөт. Азыр Чыгыш Университетинде окутуу үчүн Хива, Бухара, Ашхабад, Кокон, Ташкенттен жаштарды чогултуп, Москвага алып келишти. Сен Совет бийлигинин маданият багытындагы мына ушул жаңы саясаты тууралуу макала жазып, бул маселеге дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурсаң жакшы болмок эле.(Караңыз: Петр Кокайсл, Амирбек Усманов. Кыргызстандын тарыхы күбөлөрдүн көзү менен. – Б.: 2014. 191-192 беттер)

Баса, 1929-жылы РСФСРдин Эл агартуу комиссариаты орус алфавитинен баш тартып, латын арибине өтүү тууралуу атайын комиссия түзүп, жаңы жазманын үч варианты иштелип чыгат. Бирок бул аягына чыккан ишти Иосиф Сталин 1930-жылы токтотуп коёт. А бүгүн кириллицаны же орус алфавитин славян тектүү 7 мамлекет: Беларусь, Болгария, Македония, Россия өзү, Сербия, Украина, Черногория жана экс-советтик Казакстан, Кыргызстан, ошондой эле Монголия колдонот. Аталган күнкорсуз өлкөлөрдөн башка да орус арибин Грузиянын амириндеги Абхазия, Тбилисинин башкаруусун чанган Түштүк Осетия жана Молдованын бийлигин тааныгысы келбеген Приднестровье  колдонот. Береги үч регион тең Орусияга ачыктан ачык ыктаганын жашырбайт.

Тоталитаризмдин мөөрү

Орус графикасынан кетүүнүн саясый жүйөсүнө байланыштуу бир нече жолу өзүмдүн башымдан өткөн фактыга токтоло кетейин. Жолдо жүргөндө жаныма такай китеп ала жүрөм. Учакта, же автобуста, же поездде, же метродо баратканда жанаша отурган америкалыктар менен Батыш европалыктар менен баарлаша калганда, колумдагы китепке карап: “Сиз оруссузбу?” же “Сиз Россиядан болосузбу?” деп сурашкан учурлар көп эле болду. Ал эми мурдакы “социалисттик лагерге” кирген Чыгыш Европа жарандарынын “Мурдакы СССР курамындагы республикалардын бириненсиз го?” дешет. Кызыгы, англис тилиндеги, тагыраак айтканда, латын арибиндеги китеп мындай суроону жаратпайт.  Эмнеге дебейсизби?

Бүгүн себеби дүйнө жүзүндө 2.6 миллиард киши (бул жалпы 7.5 млрд элдин 36%) латын арибин колдонот. Кытай иероглифи, деванажари жазмасы (Индия) жана арап арибин колдонгон элдин саны болжолдуу бирдей эле: 1 миллиардга  жакын киши (14%). Кирилл арибин 300 миллион (4%) жана дравидиан жазмасын 250 миллион (3.5%) киши пайдаланат. ( http://www.worldstandards.eu/alphabets/)

Орус алфавитине ө, ң, ү тамгаларын кошуп, кыргыз алфавитин түзүүдө кетирилген кемчиликтер кыргыз тилинин авазына зыян келтиргенден башка да көптөгөн сөздөрдү туура эмес айтканга, атүгүл жээригенге жол ачканын бүгүн эч ким деле танбастыр (1940-жылы Орус графикасынын негизинде түзүлгөн  кыргыз алфавити 1940-жылы колдонууга киргизилгенден бери керегелеш казак, өзбек, уйгур  тилдеринен, андан арыраактагы түркмөн, азербайжан, татар, башкыр жана башка тилдерден канчалык алыстатканы өзүнчө изилдөөнү талап кылат).  Буга  илимдин доктору Абдыкерим Муратовдун “Рухэш” сайтында жарыяланган аргументтүү макаласы далил. Көпчүлүк окурмандар ал макаланы окуган болсо да, алфавиттин тилге тийгизген кесирине байланыштуу  А.Муратовдун аргументтерине кайрылуу артык болбойт деп ойлойм. Алар мына:

“5. 1928-1940-жылдарда чыккан басма продукцияларын түп нускада окуй берүүгө жетишебиз.

  1. Азыркы алфавит камсыздай албай жаткан эки түрдүү айтылыштагы тыбыштар Кк – Kk болуп, Ққ – Qq болуп, жазылып, окулуп “кирпидеги” жумшак тыбыш менен “каргадагы” каткалаң тыбышты айырмалап калабыз. Ушундай эле бөтөнчөлүк Гг – Gg жана Ғғ – Ğğ менен да ажыратылып калат.
  2. Э-э тамгаларын алып койсок да боло берет, анын ордун Е-е камсыздай алат: Ене, елек, ешик деп жаза беребиз, балдардын башын адаштырбай.
  3. Абдан көп сөздөрдө керектелүүчү Aa тыбышынан башка Әә деген тамга менен белгиленүүчү тыбыш бар. Ошол тыбыштын тамгасы жок болгондуктан, мисалы, Кочкордон чыккан Молдо Кылычтын ырларындагы зәрде, гәзәл, әвәз, дәрә, мәзә, дәжәәл, пәнә, шәкирт ж.б. көптөгөн сөздөрдү туура эмес жазып, туура эмес окуп келебиз.”

Окумуштуу-педагогдун береги илимий аргументтерине мен бир-эки мисал кошо кетейин. Кадамжай районунда Кан айылы (совет мезгилинде шаар тибиндеги посёлок) бар. Кан айылдын совет доорунан берки ырасмий аталышы. Бул чөлкөмдүн эли Канды ичкилик диалектинде Кән деп айтышат. Кән дегенди уккан эл “аа, бул жерде кен бар экен” деп билет. Азыркы аталышы боюнча кызыл жаян  канды эске салат. Же “Манас” эпосундагы бадана (дене) сөзүн алалы. Манасчылар алдагы сөздү бәдәнә деп айтышканынан мен кыпындай да күмөн санабайм. Аны азыркы жазылышында бадана деп жазсак же окусак, элдин көбү түшүнбөсү калетсиз. Мындай мисалдар он же жыйырма эмес, миңдеп табылат. Ошон үчүн Жээнбай Мукамбаевдин фундаменталдуу эмгеги — “Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгүнө” кирген 32 миңдей сөздүн көбү диалект делип, далисте жатпайбы!

Ошон үчүн кыргыз тили өзүнүн табигый формасында өнүүгүсү жана жаш муун эне тилинде туура сүйлөөсү үчүн биз да жаңы алфавитке — латын арибине өтүүбүз жана кириллицадан мүмкүн болушунча тез арылышыбыз шарт. Себеби, профессор Сыртбай Мусаев айткандай, бул эң алды лингвистикалык зарылчылык. “Биз колдонуп жаткан алфавитте биздин тилибиздин табиятына ылайык келбеген тамгалар көп… Экинчиден, саясый маселе, тактап айтканда, мүмкүн болушунча теги жат тилдин, өзгөчө, орус тилинин таасиринен бошонуу” үчүн латын жазмасына өтүү керек деп түшүндүрөт филолог-илимпоз. (Караңыз (шилтеме орус тилинен которулду): http://m.gezitter.org/culture/59382_s_musaev_dlya_perehoda_na_latinskiy_alfavit_trebuetsya_politicheskaya_volya_/)

Орус графикасындагы 17 тамга латын арибинде бар экенин эске алганда, улуу-кичүүлөргө жаңы тамганы үйрөнүү чоң кыйынчылыкты жаратпайт.

Албетте, биздин эрктүү Кыргызстандын окумуштуулары 1930-жылдары кетирилген кемчиликти оңдоп, кыргыз тилинин фонетикалык өзгөчөлүгүнө толук үндөш алфавитти иштеп чыгары шексиз. Анүчүн тамга көбөйүп кетти деген аргумент жолтоо болбош керек. Анткени, мен 20 жылдан ашык жашап жаткан Чехиянын алфавити 42 тамгадан, чехтердин агайини словактардын (Словакия) алфавити, диакритикалык символдорду (тамгалардын үстүндөгү кошумча белгилерди) кошо эсептегенде 46 тамгадан турат. Бул Европанын толтосунда жашаган словактар менен чехтерге диалекти коюңуз, говордун өзгөчөлүгүн сактоого мүмкүндүк берген. Анын бир далили. Бир меретебе Чехиянын батышындагы Домажлице (чехче — Domažlice) шаарында Ходско музейине барып калдым. Музейдин Этнография бөлүмүндөгү экспонаттарды карап жүрсөм, залдагы кызматкер зайып: «Мен сизге бир кызыктуу нерсе коюп берейин. Тыңшап көрүңүзчү”,- деди. Эмне болду экен деп, динамикте жаңырган чех тилиндеги сөздөрдү 3-4 мүнөттөй тунжурап уктум. Ал токтогондо музейдин орто жаштагы кызматкери: «Сиз биздин Домажлице говорундагы сөздөрдү байкадыңызбы?” — деп сурабаспы. Мен ага андай деңгээлде чех тилин билбегенимди айтып актандым. Домажлице говорунун сакталып калуусу — XIV кылымда Ян Гус тарабынан реформаланган Чех алфавити жалпы чех тилинин  фонетикалык өзгөчөлүгүнө толук жооп бергенине байланыштуу экени күмөнсүз. Кыргыз тили да латын арибине өтүү менен өзүнүн эзелки касиетине кайра келет деп ишенем.

Прага

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.