Англисчеден которгон Таалайбек АБДИЕВ

АҢГЕМЕ

Акырында саат тогуз болду да, күндүзгү азаптуу оор жумуш аяктады. Лена «Ташчы» мейманканасынын үчүнчү кабатындагы бөлмөсүнө эптеп жетти. Ал таӊ аткандан баштап чоӊ аялдардай иштейт: пол жууйт, төшөктөрдү жыйнайт, оор темир чөйчөктөр менен табактарды жууйт, ызы-чуу түшкөн ушул жийиркеничтүү мейманканага отун-суу ташыйт.

Таш кенинде да жумуш бүттү: таштарды тешип, талкалап жаткандардын күрүлдөгү, зор крандардын кычыраганы, көзөмөлчүлөрдүн кыйкырыктары, зыӊгыраган оор таштарды ташыган арабалардын ызы-чуусу токтоду. Төмөндө, мейманкананын конторунда үч-төрт жумушчу сөгүнүп-сагынып шашки ойноп отурушат. Дымдалган эттин, кызыган майдын жана арзан кофенин дем кыстырган жыты толуп турат.

Лена мулуйган шамды жакты да, жыгач отургучка отурду. Ал болгону он бирде. Купкуу болгон арык кыз. Азыр бели менен буттары зыркырап ооруп турду. Бирок жүрөгү андан бетер сыздайт. Азабына бүгүн дагы бир азап кошулду: китебин — Гриммдин жомокторун алып коюшту. Күндүз канчалык чарчабасын, келгенден кийин китепке баш-оту менен кирип, жомоктордун өлкөсүнө кетип калчу. Окуган сайын Гримм ага жомоктогу ханзада же сыйкырчы кемпир келип, сени азаптан куткарып алат деп шыбырап турчу. Күн сайын кечкисин Гриммдин китебинен кайрат жана күч алып турчу.

Кандай жомок окуса да, аны өз абалына окшоштура берчү. Отунчунун адашып кеткен баласы, каз кайтарган бактысыз кыз, куугунтукталган өгөй кыз, желмогуз кемпирдин кепесинде камалган кыз – баары «Ташчы» мейманканасындагы кыйналган байкуш идиш жуугуч кызга окшош болчу. Бардык жомоктордо абал киши чыдагыс болуп калганда, ак көӊүл фея же татынакай ханзада жардамга келчү.

Ошентип, киши жегичтин сарайында сыйкыр менен кулга айландырылган Лена Гриммге гана таянып, жакшылык жеӊип чыгарын күтчү. Бирок мейманкананын ээси миссис Мелони ал китепти бөлмөдөн таап алып, кызматчыларга түнкүсүн китеп окуган болбойт, анткени уйкудан калып, эртеси начар иштейт деп алып койду. Бирок апасынан алыста жүргөн, оюн дегенди билбеген он бир жашар кыз Гриммдин жомокторусуз кантип жашасын? Сиз анын ордунда болсоӊуз, мунун кандай оор экенин билмексиз.

Ленанын ата-энесинин үйү Техаста, бөксө тоолорду аралап аккан Педернелес дарыясынын жээгиндеги Фредериксбург деген шаарчада болчу. Анда немистер гана турушат. Кечкисин алар жол боюндагы чакан үстөлдөргө отуруп алып, пиво ичишет, карта ойношот. Баары үнөмчүл келишет.

Бирок баарынан үнөмчүлү Ленанын атасы Петер Хильдесмюллер эле. Мына ошондуктан Ленаны отуз миля алыс жердеги таш кениндеги мейманканага иштегенге жиберишти. Мында ал жумасына үч доллар алчу да, Петер аны топтогон акчасына кошчу. Петердин кошунам Гуго Геффельбауердей бай болсом, ал сыяктуу үч фут келген деӊиз пенкасынан жасалган канжа тартып, күн сайын түштөсү «винер-шницель» жесем деген кыялы бар эле. Лена чоӊоюп калгандыктан, иштеп акча таап, байлык жыйнаганга жардам бериш керек деп эсептечү атасы. Бирок он бир жашта үйдөн кетип, киши жегичтин чебинде оор жумуш кылып жүргөн кандай азап экенин элестетип көрүӊүзчү. Койлор менен букаларды жеп-жутуп, килейген чаӊ өтүктөрү менен кирип, баарын булгап, анысы аз келгенсип кыйкырып-өкүргөн киши жегичтерге кызмат кылуу кандай азап. Баарынан да Гриммдин жомокторун алып койгонучу!

Лена качандыр бир кезде калай консерва идиштери жаткан бош сандыктын капкагын ачты да, бир барак кагаз менен мулуйган карандаш алып чыкты. Апасына кат жазгысы келди, аны Томми Райан почтодогу Беллингерге алып барып бермек. Он жети жаштагы Томми таш кенинде иштечү да, күн сайын Беллингерге барчу. Азыр ал Ленанын катын күтүп терезенин түбүндө турат. Мына ушундай жол менен гана Лена Фредериксбургга кат жөнөтө алмак, анткени миссис Мелони кат жазганды жактырчу эмес.

Шамдын түбү эле калгандыктан, Лена шашып-бушуп карандашты тиши менен учтап жиберип, жаза баштады. Мына анын каты:

«Кымбаттуу апа!

Мен сени ушунчалык көргүм келет. Гретелди да, Клаусту да, Генрихти да жана кичинекей Адольфту да. Мен ушунчалык чарчадым. Сени көргүм келет. Бүгүн миссис Мелони мени бир чаап, кечки тамакты бербей койду. Мен керек дегенчелик отун алып келе алганым жок, анткени колум ооруйт. Кечээ болсо китебими алып койгон. Лео абам беле кылган Гриммдин жомокторун билесиӊ да. Мен китеп окуганда, эч кимге жолтоо болбойм. Колумдан келишинче жакшы иштегенге аракет кылам, бирок иш ушунчалык көп болгондуктан, баарына үлгүрө албайм. Кечкисин гана китеп окуйм. Кымбаттуу апа, эгер мени эртеӊ алып кетпесеӊер, сууга барып чөгүп өлөм. Билем, мунум жакшы эмес, бирок ушунчалык кыйын, оор болуп калды. Силерди ушунчалык көргүм келет, жанымда эч ким жок. Мен аябай чарчадым, Томми да катты күтүп турат…

Сенин сүйгөн кызыӊ Лена».

Томми бир топко күтүп калды. Акырында Лена катты терезеден ыргытты да, Томми аны алып, дөбөгө чыгып баратканын көрдү. Анан чечинбестен шамды өчүрдү да, жердеги матрацка бүрүшүп жатып алды.

Саат он жарымда Беллингер чал канжасын тиштеп, байпакчан бойдон үйүнөн чыкты да, эшикке чыканактады. Айдын жарыгынан агарып көрүнгөн жолду тиктеп, бир буту менен согончогун кашып койду. Ал Фредериксбургдун почтосун күтүп турган эле.

Анан бир аз өтпөй эле почточу Фрицтин желе-жорто келаткан качырларынын дүбүртү угуллду да, анан почто фургону эшиктин алдына келип токтоду.

Почточу Беллингер менен күрүлдөп учурашкан Фрицтин чоӊ көз айнеги айдын жарыгында жаркырап турду. Ал ыргып түштү да, качырларын коё берди, анткени алар Беллингердикинен арпа жешчү.

Качырлар арпаны жеп бүткөнчө, Беллингер почто кабын алып чыгып, фургонго ыргытты.

Почточу Фриц Бергмандын жакшы көргөн үч, жок, тагыраак айтканда, төрт нерсеси бар эле, анткени эки качырды эки киши катары эсептеш керек. Алар анын жашоосундагы негизги кызыкчылыгы менен кубанычы болчу. Анан немис императору, андан кийин – Лена Хилдесмюллер.

— Айтыӊызчы,- деди Фриц, жолго камынып атып,- почто кабында таш кениндеги кичинекей Ленанын фрау Хилдесмюллерге жазган каты жокпу? Акыркы катында ал ооруп атам деп жазган экен. Апасы эмне болду экен деп кыжалат болуп атат.

— Ооба,- деди Беллингер чал,- анда миссис Хелтерскелтер дейби, ошондой бирөөгө жазган кат бар. Томми Райан кечинде алып келген. Ал кичинекей кыз таш кенинде иштейт дедиӊизби?

— «Ташчы» мейманканасында,- деп кыйкырды Фриц, божуну алып. – Он бир жашта, бою бармактай эле бар. Жанагы карыган сараӊ Петер Хилдесмюллердин кылганы да! Аны бир таяк менен башын оё коём го!.. Балким, Лена эми жакшы болуп калдым деп жазгандыр. Апасы кубанып калат эле байкуш. Auf Wiedersehen, xepp Бэллингер, бутуӊузга суук тийип калбасын, байкаӊыз.

— Жакшы бар, Фрици,- деди Беллингер чал. – Бүгүн түнү суук болот окшойт.

Кичинекей кара качырлар жол менен желе-жорто баратышты, анда-санда гана Фриц аларды эркелете күрүлдөп кыйкырып коёт.

Качырларды караганча Ленаны ойлонуп баратып Беллингердикинен сегиз милядай узактагы эмен токоюна жетип калды. Анан револьвердин үндорү менен бир уруу индеец кыйкыргандай жапайы кыйкырыктан оюу бузулуп кетти. Анан атчандардын шайкасы фургонду курчап калды. Алардын бири почточуга револьверин такап, токто деп буйрук берди. калгандары эки качырды – Күркүрөк менен Чагылганды тизгинден алышты.

— Donnerwetter!- деп кыйкырды Фриц күркүрөгөн үнү менен. — Was ist das? Коё бер качырды! Бул – Кошмо Штаттардын почтосу!

— Эй немис, бол!- деди бирөө созолонуп. – Колго түшкөнүӊү билбей турасыӊбы? Качырыӊы токтот да, фургондон чык.

Калыстык үчүн айтыш керек, Фредериксбургдун почтосун колго түшүрүү Гондо Билл үчүн эрдик эмес болчу. Чоӊ олжонун артынан түшкөн арстан кокусунан туш келген коёнду басып алган сыяктуу Гондо Биллдин шайкасы да Фрицке кокусунан туш келип калды.

Алар бул түнү жасай турган ишин бүтүрүшкөн эле. Фрицтин фургону алар үчүн оор жумуштан кийинки көӊүл ачуу болчу. Мындан жыйырма миля түштүк-чыгышта паровозу аӊтарылып, жүргүнчүлөрүнүн жүрөгү түшүп, почто вагону тонолгон поезд турган. Гондо Билл менен анын шайкасынын бүгүнкү программасы ошол болчу. Жомоктогудай олжого туйтунган соӊ, эл азыраак жак менен батышка бет алып, Рио-Гранде аркылуу Мексикага өтүп кетсек деп келатышкан. Иши оӊунан чыккан каракчылардын көӊүлдөрү ачык эле.

Жини келип, коркконунан титиреген Фриц фургондон түшүп, көз айнегин оӊдоду. Каракчылар да аттан түшүп, ырдап, секирип, кыйкырып, өздөрүнүн ээн-эркин турмушуна жыргап жатышты. Качырлардын маӊдайында турган Роджерс Калдыркан Жылан тизгинди катуу силкип жиберди. Фриц айкырган бойдон килейген Роджерске асылып, муштуму менен койгоулай баштады.

— Акмак!- деп айкырды Фриц. – Ит, айбан! Бул качырдын тумшугу ооруйт. Мен сенин башыӊды жулуп алам, каракчы!

— Ха-ха-ха!- деп каткырып күлдү Роджерс. – Бу «ачыган капустаны» алып кеткилечи!

— Каракчылардын бири Фрицти ары алып кетти, эми анын ашатып сөгүнгөнү токой жактан угула баштады.

— Иттин колбасасы десе!- деп кыйкырып койду Роджерс. – Бул немис андай деле жаман киши эмес окшойт. Качырына болушканын карабайсыӊбы! Малын жакшы көргөн кишилер мага жагат. Каргыш тийгир, лимбург сыры, баса калбадыбы мени! Болду, болду, качырым, коркпо, эми оорутпайм.

Атамандын жардамчысы Бен Муди сунуш кылбаганда, балким, алар почтого деле тиймек эмес.

— Мени уксаӊ, капитан,- деди ал, Гондо Биллге кайрылып,- мына бул почтонун каптарында олжо болушу мүмкүн. Мен мурун Фредериксбургдун тегерегинде жылкы менен соода кылып жүрүп, ал жердеги немистерди жакшы билип калгамын. Ал шаарга көп акчалар почто менен келет. Немистер которгону үчүн банкка акча төлөгөндөн көрө катка миӊ доллар салып койгонду артык көрүшөт.

Бою алты фут келген далдайган Гондо Билл адатынча ойлонуп турбастан Муди сөзүн аяктаганча эле фургондон каптарды ыргыта баштады. Колунда бычак жарк эте түштү да, кендирдин чытырап айрылганы угулду. каракчылар каптарды тегеректеп алып, каттарды ача башташты. Аларды жазгандар сүйлөшүп алышкансып Мудинин божомолун жокко чыгарып жатышты. Фредериксбургдун почтосунан бир доллар да табылган жок.

— Сен,- деди Гондо Билл почточуга жетекчинин үнү менен,- ушундай бир үймөк эски кагазды ташып жүргөндөн уялсаӊ болбойбу. Сенин оюӊда эмне бар? Силер, немистер, акчаӊарды кайда катасыӊар?

Беллингердин почто баштыгы Гондонун бычагынан тилинип калды. Анда чакан таӊгак кат бар экен. Фриц ушуга келгенде ого бетер кыжалат болуп, жаалдана баштады. Баягы Ленанын каты эсине түштү. Шайканын атаманынан ушул катты жөн эле койгула деп суранды.

— Ыракмат сага, немис,- деди Гондо толкунданган почточуга. – Ушул катта акча бар окшойт. А мына, балдар жарык кылгылачы.

Гондо миссис Хилдесмюллерге жазылган катты таап ачты. Калгандары тегеректеп туруп алышып, каттарды күйгүзүп жарык кылып жатышты. Гондо немисче жазылган катты карап туруп калды.

— Эй немис, сен эмне башты оорутасыӊ? Баалуу катыӊ ушулбу? Почтоӊду бөлүштүргөнгө жардам берип жаткан досторуӊду ушинтип шылдыӊдагандан уялбайсыӊбы?

— Бул кытайча жазылыптыр,- деди Гондонун ийининен артыла карап турган Сенди Гренди.

— Жаӊылышасыӊ, тууганым,- деди шайканын башка бир мүчөсү. – Бул – стенография. Мындайды мен соттон көргөмүн.

— Жок, жок, бул немисче,- деп ийди Фриц. – Бул болгону кичинекей кыздын апасына жазган каты. Байкуш кыз ооруганына карабастан ата-энесинен алыста чоочун кишилердин колунда иштеп жүрөт. Бооруӊ ооруйт! Урматтуу каракчы мырза, бул катты мага бериӊизчи.

— Сен бизди ким деп турасыӊ?- деди Гондо капысынан катаал боло түшүп. – Бизди эмне, жаш кыздын ден соолугун билип койбогудай түркөй деп турасыӊбы? Кана, бул катты мына бул билимдүү жентелмендерге окуп, анан америкалыктардын тилине которуп бер.

Гондо револьверин үрөй учура айландырып, ордунан турду. Бүжүрөгөн кичинекей немис катты дароо окуп, англисчеге которуп берди. Каракчылар үн чыгарбай, кунт коюп тыӊдашты.

— Бул кыз канча жашта?- деп сурады Гондо кат окулуп бүткөндөн кийин.

— Он бирде,- деди Фриц.

— Ал азыр кайда?

— Ал таш кенинде, мейманканада иштейт. Ah, mein Gott!! Кенедей болгон байкуш чөгүп өлөм деген тура. Билбейм, эгер ал чөгүп өлө турган болсо, Петер Хилдесмюллерди атып салам.

— Силер, немистер,- деди Гондо Билл жек көрүп,- мага жакпай калдыӊар. Куурчак ойной турган кыздарыӊарды иштетет экенсиӊер. Эмне деген элсиӊер деги! Силерге бир сабак боло турган нерсени көрсөтөйүн. Балдар, бери келгиле!

Гондо Билл досторун чакырып алды да, кеӊеше баштады. Анан каракчылар Фрицти ары жакка алып барышты да, эки кур менен даракка бекем таӊып, качырларды ары жактагы башка бир даракка байлап коюшту.

— Биз сага жамандык кылбайбыз,- деди Гондо аны жооткотуп. – Дарактын түбүндө бир аз отуруп тур, эч нерсе болбойсуӊ. Биз азыр кетишибиз керек, жакшы түш көрүп тур. Немистер айткандай, Ausgespielt.

Анан Фриц тигилердин атка минип, дүбүрөгөн бойдон баягыдай жапайы кыйкырык менен Фредериксбург жолуна түшкөнүн укту.

Ал дарактын түбүндө эки сааттай отурду. Анан жанагыдай окуялардан улам чарчагандыктан, көзү илинип кетти. Канча убакыт уктаганын ким билсин, бир маалда катуу түрткүдөн ойгонуп кетти. Бирөө курду чечти да, ордунан тургузду. Колу-буту карышып, уйку-соонун арасыда кайла экенин билбей турду. Көзүн ушалап караса, кайра баягы каракчылардын арасында туруптур. Алар аны фургонго отургузушту да, божуну колуна беришти.

— Жөнө үйүӊө, немис,- деп буюрду Гондо Билл. – Сен бизди убарага салдыӊ, сенден кутулбасак болбойт. Spiel! Zwei Bier! Famos!

Гондо Чагылганды камчылап койду эле, эс алып калган качырлар лепилдеген бойдон жолго түштү.

Шумдуктуу окуядан эси оогон Фриц үйүнө эртерээк жеткиси келип качырларын камчылап бараты.

Ал Фредериксбургга таӊга маал келмек эле, бирок бул жолу саат он бир болуп калганда келди. Почтого бараткан жолдо Петер Хилдесмюллердин үйүнүн жанынан өтмөк. Ал качырларын дарбазанын алдына токтотту да, фрау Хилдесмюллерди чакырды. Аны күтүп турушкан экен, бүт үй-бүлө чуркап чыкты.

Толугунан келген кызыл бет фрау Ленадан кат барбы деп сураганда, Фриц болгон окуяны айтып берди. Каракчы мажбурлап окуткан каттын мазмунун айтканда, фрау Хилдесмюллер буркурап ыйлап ийди. Анын кичинекей Ленасы чөгүп кеткен турбайбы! Аны эмнеге жиберишти экен! Эми эмне кылыш керек? Балким, кеч болуп калгандыр? Петер Хилдесмюллердин деӊиз пенкасынан жасалган канжасы жерге түшүп кетти да, талкаланып калды.

— Айым!- деп айкырды ал. – Баланы эмнеге жибересиӊ? Эгер Ленадан айрылсак, ал сенин күнөөӊ болот.

Анын сөзүн эч ким тыӊдаган жок, анткени бул анын күнөөсү экенин баары билишчү.

Анан эле «Апа!» деген таӊ каларлык чыйылдаган үн чыкты. Фрау Хилдесмюллер адегенде бул Ленанын арбагы окшойт деп ойлоду да, анын фургондун артына чуркап барып кыйкырып ийди да, тирүү Ленаны кучагына, купкуу бетинен өпкүлөй баштады. Уйкудан жаӊы ойгонгон Лена жолдон чарчаганы менен жылмайып, сагынган апасына жабышып турду. Ал фургондун ичиндеги каптардын арасында уядай одеялга оролуу бойдон ызы-чуу болгонго чейин уктай бериптир.

Фриц аны карап калды, таӊ калганынан чекчейген көздөрү чанагынан чыгып кете жаздады.

— Gott im Himmel! – деп кыйкырды ал. – Сен фургонго кайдан келип калдыӊ? Каракчылар өлтүрүп коё жаздашканы аз келгенсип, эми акылымдан да айнып калат окшойм.

— Аны сиз алып келип бердиӊиз, Фриц,- деп кыйкырды фрау Хилдесмюллер. – Биз эми сизди кантип ыраазы кылабыз?

— Фрицтин фургонуна кантип түшүп калганыӊды апаӊа айтып берчи,- деди фрау Хилдесмюллер.

— Билбейм,- деди Лена. – Мени киши жегичтерден жомоктогу ханзада куткарганын гана билем.

— Императордун тажысы менен ант берем!- деп айкырды Фриц. – Биз баарыбыз айнып калдык окшойт.

— Ал келип, мени бошотуп алат деп дайыма күтүп жүрчүмүн,- деди Лена, жердеги одеялга отуруп. – Акыры ал кечээ түнү куралдуу рыцарлары менен келди да, киши жегичтин чебин басып алды. Эшиктерди бузуп, тарелкалар мене пиво чөйчөктөрүнүн баарн талкалашты. Мистер Мелонини суу куюлган бочкага тыгып, миссис Мелонини унга бөлөштү. Рыцарлар ата баштаганда, кызматкерлердин баары терезеден секирип, токойго качып кетти. Мен ойгонуп кетип, тепкичти карадым. Ханзада тепкич менен чыгып келип, мени одеялга ороду да, алып чыгып кетти. Узун бойлуу, күчтүү жана келишимдүү экен. Арак жыттанып, жүзү катаал болгону менен назик сүйлөштү. Ал мени атына өӊөрдү да, рыцарлардын коштоосунда жөнөп кеттик. Ханзаданын алдында баратып, уктап кетипмин, ойгонсом үйгө келип калыпмын.

— Болбогон кеп!- деп кыйкырды Фриц Бергман. – Жомок! Сен таш кенинен менин фургонума деги кантип келип калдыӊ?

— Ханзада алып келди,- деп ишенимдүү жооп берди Лена.

Фредериксбургдуктар азыркыга чейин андан башкача жооп ала албай жүрүшөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.