ЭССЕ

— Биринчи өзүңдү сыйлап үйрөн, анан гана өзгөлөрдүн кадырына жетесиң! — апамдын чарчабастан мага айта берген насааттарынын бирөөсү.

— Эртең таң азандан баштап кечке чейин атайылап, өзүмдү сыйлап көрөйүнчү… — деп уйкуга кирдим.

Таңдан мурда эле ойгонуп алдым. Жуундум, тарандым. Эрикпей сабиз менен алманын ширесин чыгарып ичтим.

Чачым анча узун болбосо да тал-тал кылып майдалап өрүп, учтары жазылбас үчүн ак жибек жиптер менен бекемдедим. Азырынча кийип чыгуу эртерээк болсо деле, жакындарымдын үйлөнүү үлпөтүнө кийүү үчүн сакталып турган жаңы сарафанымды үстүмө кийдим. Радиодогу комуздун таңшыган кайрыгында “жасанууну” уланттым. Күмүш сөйкө, шакектеримди тагындым.  Көлөкө кылуучу шляпамды башыма койкойтуп “кондуруп” койдум. Кол сумкамды бир жак ийиниме астым. Бир колума ысып кетип чечип койгондун белгиси болсун деп, сарафаныма окшош түстөгү кофтамды кармап алдым. Бутума түлкүнүн мурунуна окшош, учу шуштуйган туфлимди кийдим, ал да жаңы бойдон турган. Күзгүмдүн жанына келдим. Тоту куштай “коозмун”, сырткы көрүнүшүмдө бүт түстөр бар! Ак чачтарымдын учун бекемдеген жибек жиптер.  Жашыл шляпам. Кызыл сарафаным менен кофтам. Күрөң сумкам. Сары туфлим. Кара чачым. Күлгүн эриндериме сыйпалган боёк…

* * *

Күн жаңыдан нурларын чачырата баштады. Күндү жоодурап, күлүп карадым. Күндү күлүп караган жакшы экен…

Өзүмдү  “сыйлоону” дагы, андан ары улантам!

Түп-түз басып, курбум Жийденикине жөнөдүм. Тилинен бал тамган күйөөсү бар, ошондуктан ага “Бал тил” деп тамашалап кайрылам. Келинчегине кошуп мени да дамамат мактай берүүчү мактоолорун угуп келишим керек!

Жийде кирип-чыгып чай, нанын даярдагыча эле жанымда олтурган бал тилдүү күйөөсү:

— Чүпөрөк аттууну жамына берсең эле сага жараша берет. Баягыда ак гүлкайыр гүлүнө окшошуп келдиң эле. Бүгүн кызыл-тазыл болуп, кызгалдакка окшошуп келипсиң… — деп өзүнүн келинчеги, менин курбум Жийдеге кайрылды. — Карасаң! Көтөргөнү картошка сала турган эле жөнөкөй баштыктай, мындай караганда да… Бирок каухар, алтын, бермет таштарын салып алгандай көрүнүп турат. Жийде экөөңөргө дат баскан шыгыраган мыктарды илип койсо деле жарашып… Шыңгыраган аспаптарды илип койгондой добуш чыгарат болуш керек!

Кайра келатам. Кубанычым — тигил, көккө жетип, Күн менен жанашып тургансыйт! Газета саткан киосканын жанынан такамды “тыкылдатып”, койколоңдоп өтүп кеткенимден кийин, артымдан мага тааныш үн угулду:

— А-а-й, Жылдызча, бүгүн мага кайрылбай койдуң го? Бери карачы! Күйөөгө кетчү кыздай болуп кай жактан келатасың? — газета сатуучу эже киоскасынын кичинекей айнегинен башын чыгарып мени карап туруптур.

— “Бал тилдикинен” келатам, — деп кыска гана жооп берип койдум, кичине ашыкча сүйлөсөм эле тоту куштай “кооздугум” бузулуп калчудай болуп.

Газета сатуучу эже эми мага таарынып калбады бекен? Бал тил ким экенин тааныбайт деле. Артка кайрылып, жанына басып барып, саламдашып, кай жактан келатканымды шашпай айтып берип койсом болмок экен… Туура эмес кылдым, өзүмдү “сыйлап” жүрүп, ушинтип өзгөлөрдү сыйлоону унутуп каламбы? Кичине маанайым ылдыйлай түштү… Кайра эртең ал эжеге келип баарын айтып берем деген ой менен өзүмдү алаксытып койдум.

* * *

Үйүмө кирип, тикемен тик туруп күзгүмдү карап, качантан бери ырдабай койгон жалгыз ырымды создум. Элдик ырга айланган “Ашыгым” деген ырды өзүмө-өзүм ырдап бердим. Билгеним деле, ырдаганым деле ушул — бир ыр. Бир ырымды да көп жылдан бери ырдабай койгом, уялып… Уялганымдын мындай себеби бар:

Бактылуу аттуу курбум алыс жакка көчүп кетүүгө камынып, биз, курдаш, тааныштары “узатуу” салтанатын уюштуруп жиберебиз. Ал салтанатта да ушул, “Ашыгым” деген ырды ырдап бергем. Бактылуу курбум беш жылдан кийин эле кайра көчүп келип калат. Баягы курдаш, сырдаштары дагы чогулуп, “тосуп алуу” салтанатын уюштуруп жиберебиз, жашпыз да… Бул салтанатты шаарда эмес, бийик тоонун бооруна чыгып алып белгилеп жатканбыз. Мага кезек келип, сүйүнүп-сүрдүгүп сүйлөп, курбубуздун кайрадан арабызга жакындан кошулганына арнап баягыл  “Ашыгымды” ырдап баштайм.

Бийик жерде ырдагандыктанбы же кубанычтанбы, үнүм укмуштай жаңырып башталды. Ичимден мени шаңшыткан тоого да, өзүмө да ыраазы болуп, берилип “Ашыгымды” аткарып жаткам. Биринчи куплетин бүтүп, экинчи куплетин ырдап баштаганда, кайра көчүп келген салтанатыбыздын “даанакери” Бактылуу курбум:

— Сен дагы эле ушул ырды ырдап жүрөсүңбү?! Беш жылдан бери! Эмдигиче! Тажабай! Башка бир да ыр жаттай элексиңби?! — деп көзүн тостойтуп алып божурап суроо берип кирсе болобу!

Токтоп калмак белем, жаш балача…

— Ооба, — деп кыска гана жооп берип коюп эле, кайра ырымды улантып, кызарып-татарып аягына араң чыгаргам. Жаныбызда эки-үч бөтөн меймандар да бар эле. Алар ырдаган ырымдан ырахат албаса да, ырым экөөбүздүн “кыскача тарыхыбыздан” ырахат алышты окшойт, күлмүңдөп эле калышкан…

Ошондон бери такыр ырдабай койгом, эч…  Бүгүн ырдадым! Жалгыз ырым — экөөбүз алыстай түшүппүз. Жакындаштык, ырым мени, мен ырымды сагынып калганыбызды байкадым… Илгерки, мени сүйбөгөн, бирок мен сүйгөн — сүйгөнүмдү эстедим… Бул ырды ошол жигит үчүн жаттап, үйрөндүм эле…

* * *

Жарым күн өтүп, түш ооп калыптыр. Эртеден бери мени — мен сыйлоодо: бөтөнчө жасанып, мактоо угуп келе коюп, ырдалбай калган ырымды ырдап…

Эми бакалардын да ырын угууну самай баштадым. Бүгүн эмнени кааласам, ошону аткарышым керек! Жаз — кубулжуган канаттуулары менен эле эмес, бакалардын үн салып чардаганы менен да жаз!..

Былтыр күнүмдүк жагдайга байланыштуу Сокулук тарапка баргам. Жер алаканына эле салып же чөмүчтөгү сууну сунуп тургандай болгон, тыпыйган көлмөнү көргөм. Ичинде бакалар өз тилинде сүйлөппү… Кыскасы, сайрап, чардап жатышыптыр. “Бул көлмө да бакалардын мекени тура…” деп эсиме сактап койгом.

Ошол көлмөгө жөнөдүм. Эми бакалар мага “ырдап” бериши керек! Мен тыңшап гана олтурам…

Бал тил мактаган “каухар, алтын, бермет салып алынгандай” көрүнгөн сумкамды кайра ийиниме артып алып сыртты көздөй жөнөдүм. Автобуска түшүп, бир сааттан ашык жол жүрүп, акыркы аялдамасына да жеттим. Андан ары бир топко чейин жөө бастым. Мени эңсеткен көлмө суп-сулуу, көк-жашыл, жашыл-көк болуп жатыптыр, мөймөлжүп! Чубалжыган балырларын эркелетип! Бакаларын өйдө-төмөн секиртип!

Менин атайын барганымды туюштубу? Көлмөнү жээктеп, тегерете айланып жай баса баштаганымда эле, бакалардын бирөөсү “кваак” деп койсо, баары жабыла коштоп кирди. Аларды тыңшоо үчүн жалпак таштын үстүнө ыңгайлашып олтуруп алдым. Көпкө олтурам!

Мени эргитишти, бир башкача эргитишти. Бакалардын үнү шаңдуу! Тоос, карышкырлардыкындай кайгылуу эмес…

Ошондуктан го… Өткөн күндөрүмдүн жагымдуулары гана (!) эске түштү… Жакындарымды, санаалаштарымды эстедим… Алардын кылык жоруктарын…

Өзүмдү бөтөнчө “сыйлап” жүрүп өзүм дагы өзүмө чечилбеген сыр экенимди билдим… Кээде басып жүрүп эле боору менен көтөрүп турган жерди жактырбагансып, ылдый карагым келбей, асманды карап чалкалап басып калам. Анан чалынам бирдемеге, жыгылам, оңкомон сайылып түшөм… Карасам, кайра эле жерде жаткан болом… Ээ, Жер… Жер!

Адамыбызды да!.. Арамыбызды да!.. Акмагыбызды да!.. Баарыбызды боору менен бирдей көтөрүп турган сага ырахмат — Жер!

Баарын көтөргөн — Жер…

Баарын батырган — Жер…

Баарына чыдаган — Жер…

Жер — Баатыр…

Көзүм көлмөдө эле болуп, башымды көтөрбөптүрмүн. Көлмөнүн үстү кызгылтым тарта баштаганда гана Күн кызарып батып баратканынын билдим. Күн чыгып келатканда да үйдөн күлүп карадым эле, эми батып баратканда да атайын күлүп карадым. Ооба, ооба… Күндү күлүп караган жакшы экен…

* * *

Бакалар жөнүндө да ойго чөмүлө баштадым. Негизи биз буларды табияты татаал, чардап жатат, сайрап жатат дегенибиз менен булар да өздөрүнчө “бир дүйнө” экен… Ургаачыларынын көлөмү чоң. “Күйөө болуучулары” чондоюп кичине жаралганы мени “жымыңдатат”. Кургакта, сууда жашаганы деле муздак кандууларга кирээрин билем. Буттары да башкача, алдыңкыларына караганда арткы буттары узун. Балким, өздөрүнө ыңгайлуудур. Байкуштарымдын сыркы көрүнүшүн көркөмдүү жан-жаныбарлардын катарына кошпойбуз…

Ушуларды ойлоп турганымда бакалар да мага кайдыгер болбогонсуп бири мурун, бири кийин болуп, чар-жайыт үн салып киришти. Мурунку «хор” өзгөрдү. Эми мен жөнүндө “кеп” кылышып, үн салып жатышкандай… Тыңшай бердим, мемиреп… Алардын үн салганын кандай кабыл алсам, кандай түшүнсөм, ошондой ырга салып койдум…

Кваак, кваак…
Теңтушпу, бизден улуубу?
Термелет жээкте дирилдей…

Качандыр аралай өтүп…
Ным жыттанган чөлкөмдүн
Жактыргандыр көркөмүн…

Эй пендем эй, пендем эй,
Токтотпой, ээрчитип алып…
Жашоонун ысык, суугуна…
Ырахмат! — дейбиз биз дагы,
Ырахмат! — улуу Кыймылга…

* * *

— Биерде балык жок…

Капыстан арт жактан чыккан үндөн чочуп тура калдым. Ошондо гана билдим, карааңгы түшүп баратканын. Узун бойлуу, арыкчырай жигиттин карааны мага жакындап келатыптыр.

— Сиз эмне жүрөсүз? — коркконумдан, апкаарып ушинтип жибериптирмин.

— Бу көлмөдө балык жок, эже, жалаң эле бакалар…

— Балык кармайын деген деле эмесмин… — “эже” деп кайрылганына сүйүнүп, мен да өзүндөй муңайым, жумшак жооп бердим.

— Андай болсо… Жалгыз келбеңиз да бул жерге. Көлмө көзгө чакан көрүнгөнү менен түбү терең. Мастар, дагы башкалар көп келет… Сууга түртүп ийишсе эмне кыласыз?! Сак болбосоңуз, жалгыз-жарым жандар үчүн бул жер коркунучтуу… Сиз кайсыл көчөдө жашайсыз?

— Мен бул жакта жашабайм, тигил шаар тарапта…

Жүзүбүз даана көрүнбөсө да, маңдайлаш туруп алып сүйлөшүп жаттык. Айланабыз да дымый түштү, баары биздин сөзгө кулак салып калышкандай…

— Башым айлангансып турат. Мен келген тарап кайсыл жак болуп калат? Автобус токтогон аялдама кайда эле? — деп төрт тарабымды карадым. Чын эле, көлмөнү айланып басып жүрүп, келген тарабымдан, кетчү багытымдан адашып тургандаймын.

— Бу жакта. Жүрүңүз, жеткирип коёюн…

— Мен го мен, иним, сен эмнеге келдиң эле бул жерге? — деп кайра өзүнө суроо бердим, басып баратып.

— Күүгүмдө көлмөнү карасам шоңшоюп бирөө олтурат. Бир аздан кийин карасам дале олтурат. Балык кармайын деп келген го, балык жок экенин айтып коёюн деп эле келгем. Сиз турбайсызбы…

— Убара болуп, атайын келген турбайсыңбы! — деп кейидим.

— Ой эже, жакшылык кылыштын эч убаракерчилиги жок. Бирок… Сиз кимге капаландыңыз эле?  — деп сурады.

— Эч кимге! Капачылык жок! — дедим.

— Анда эмнеге келдиңиз эле?  — мага эңкейе карап, кадамын токтотту.

— Бул көлмөнүн жээгине жалаң капалангандар келеби? Мен жалаң капалангандар келчү жерге келип алдымбы? — деп мен да оозумду аңырайта ачып токтоп, узун бойлуу жигиттин жүзүнө өйдө карадым. Жигит узун, мен кыска болуп, кеч күүгүмдө бири-бирибизди бир саамга карашып туруп калдык.

— Жок, жок, жок, караңгы кирип келатканына карабай, ээн көлмөнүн жээгинде жалгыз олтура бергениңизден улам эле ойлоп жатпаймынбы… — деп кайра кадамын улантты.

— Бакалардын ырын угайын деп эле келгем, — деп мен да басып баратып сыймыктана, көңүлдүү жооп бердим.

-Атайынбы?! Атайын бакалар үчүн келдиңиз беле?! — таң калгандан го, үнү бийик чыкты. Тим эле айланага жаңырып кетти.

— Атайын! — деп жылмайып башымды ийкегиледим.

— Бакалар үчүн! Бакалар… Боорум и-ий, боорум…  — жыргап, шылкылдап күлө баштады жаш жигит. Бирок ушул көрүнүшү өзүнө жарашып турду — Эртең досторума сиз тууралуу айтып берем. Алар да каткырып алышсын! Үйлөрүбүз тигил эле жерде, биз бакалардын бакылдагынан тажап жашап жатсак… Же көлмөдөгү сууну түгөтө албай же бакаларды кетире албай… Сиз булардын ырын угам деп… Бул жерге балыр, бака, баткак, саз жыттанган жерге атайын келип алыпсыз! Болгондо да абдан жасанып, бийик такалуу бут кийим кийип, эми эстеп алып дайыма күлө берем…

Шаарга жөнөчү эң акыркы каттамдагы, акыркы автобус жарыгын күйгүзүп от алдыра баштаган экен. Жанына жетип келип калдык, автобус жылып баратканда:

— Жакшы барыңыз, эже! — деди жанатан бери күлүп аткан жароокер жигит. Күлкүсү жүзүнөн дагы деле тарабаптыр…

— Жакшы кала гой, ырахмат иним! Ысымыңды сурабай калыптырмын… — дедим мен да жылмайып, бирок ыңгайсыздана.

Чын эле, мындай жаш, жакшылык кылып жаткан жакшы жигиттин ысымын билип коюу оюма да келбептир.

Автобустун эшиги жабылып, алдыга жүрүп баштады.

— Ысымым — Жакшылык. Сиздикичи? Сиздин атыңыз ким?

— …

12-май. 2007-жыл.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.