АҢГЕМЕ

Көк шибер шүүдүрүм болгондуктан, аял көлөчүн кийгени үйүнө кирди, кайта сыртка чыкса, аны күтүп турган күйөөсү бардыгын эстен чыгарып, жаңыдан ачылып келаткан жакшынакай бадам гүлүн суктана карап турганын көрдү. Аял жан-жагын карап, жемиш бактарынын арасындагы жыш чыккан бийик чөпкө көз жүгүрттү да:

— Карышкыр кайда? — деп сурады.

— Эми эле ушуерде болчу.

Уолт Ирвин кызыл-тазыл болуп гүлдөгөн көркөм дүйнөнү байкоодон назарын бөлүп, эки жагын каранды.

— Жанараак бакма коёнду кууп жүргөнүн көргөндөй болдум эле.

— Карышкыр! Карышкыр! Ме-ме!— деп чакырды Медж.

Андан кийин алар жалгыз аяк жол менен коңур өлөңдүү чөпкө аралаш өскөн мансанит[1] өсүмдүгүн аралап төмөн карай басышып, даңгыр жолго чыгышты. Ирвин эки чыпалагын оозуна салып катуу ышкырганда, чыңылдаган ачуу ышкырык Медждин заңкылдаган добушуна үн алышып кетти.

Медж дароо кулагың баса калып, амалсыздан бетин-башын бырыштырды!

— Тү-ү! Ушундай назик акын болуп туруп да, адам жийиркенгендей ышкырат экенсиң ээ! Тим эле кулагымдын тарсылдагы жарылып кете жаздады. Көчөдөгү балдардан да катуу ышкырат экенсиң — деди аял.

— А-а! Карышкыр тигине.

Чөбү калың дөбөчөдөн куу бутактын шырт эткени угулду, алардан өйдө кырк футтай бийиктиктеги тик асканын бир жак уурчугунан Карышкырдын башы жана бүт көөдөнү көрүнө калды. Анын жер такандап турган алдыңкы күчтүү буттарынын астынан бир таш куланып келип, тигилердин так алдына түшкөнчө, ал эки кулагын тикчийтип, томолонуп бараткан таштан көзүн айырбай карап турду. Андан кийин Карышкыр ээлерин карады да, оозун чоң ачып, тишин ырсыйтып, жылмайгансып койду.

— Карышкыр! Карышкыр! Карышкыржан! — дешип, эркек, аял экөө тең төмөнтөн жарыша кыйкырышты.

Алардын добушун укканда ал кандайдыр бир көзгө көрүнбөгөн кол аны сылап-сыйпаганы жаткансып кулагын жапырып, мойнун ылдый сунду. Андан кийин Карышкыр чытырман чөп-чардын арасына култ коюп, көздөн кайым болду, аял менен эркек болсо, ит көз жаздымынан үзүлгөндөн кийин өздөрүнчө илгери карай калкамандап жүрө беришти. Бир нече минут өткөндөн кийин Карышкыр имерилиштин ары жагындагы жапысыраак эңкейиштен чыга калып, майда таш менен чаңды ызгыта тигилерге бир заматта жетип келди.

Карышкыр эркелетүүгө сылап-сыйпоого көп анчалык көңүл бурчу эмес. Ага салкын жана өтө кайдыгер мамиле кылчу. Эркекке кулагынын түбүн бир-эки жолу кашытып, аялга бир аз жонунан сылатып, эркелетүүсүнө кыңк этпей туруп берди да, андан кийин кадимки эле карышкырлардай эч кыйналуусуз жеңил гана зымырап, алдыга озуп кетти.

Дене түзүлүшүнө караганда токойдогу кадимки чоң карышкыр сыяктуу эле, бирок жүнүнүн иреңи менен темгилдери аны бөрү тукуму эместигин анык көрсөтүп турду. Бул жагынан алганда ал ит кебетеленип кетчү. Мындай түспөлдүү карышкырды али эч ким көргөн эмес. Анткени ал бутунан башына дейре күрөң эле, анда күрөңдүн бардык түрү: кара күрөң, кызыл күрөң бар болчу. Жону менен желкесиндеги кара күрөң жүнү улам ылдый карай акчылданып жүрүп отуруп, боору такыр эле сарыга айланып кеткен. Бирок кээ бир аралашып кеткен күрөң кылдар боорун болор-болбос кир сыяктуу көрсөтүп турат. Төшүндөгү, буттарынын башындагы жана көзүнүн алдындагы ак темгилдери да кир баскан сыяктуу, анткени бул жерлерине да жууса кеткис күрөң түс аралашкан. Эки көзү болсо эки тоголок каухар кош таштай жанып турат. Мүмкүн, аны өздөрүнө кыйынчылык менен үйүр алдыргандыктанбы. Айтор, аял да, эркек да бул итти жанындай жакшы көрүшө турган. Ит биринчи эле күнү кайдандыр белгисиз жактан алардын тоо арасындагы кичинекей үйүнүн айланасына пайда болгондон баштап, аны өзүлөрүнө үйүр кылуу алар үчүн оңой-олтоң иш боло койгон жок. Ачыгып, эки бөйрөгү кабышып, буттарынын да тайда

тамтыгы жок. Ал көз көрүнө эле терезенин түбүнө коёнду баса калып, муунтуп

өлтүрүп, курсагын компойтуп, андан кийин суунун жээгине араңдан зорго

сүйрөлүп жетип, карагаттын түбүнө барып жатты. Чакырылбаган адепсиз

конокту көрүү үчүн Уолт Ирвин суунун жээгине барган кезде, ага кыжырдана

ырылдаган. Медж достук мамиле түзүү максатында нан тууралган бир чоң табак

сүт алып келди эле, аны да ырылдап жолотпой койгон. Ошентип коноктун мүнөзү өтө оор жана ийкемге келбес болуп чыкты. Ийкемге келтирүү, достошуу үчүн болгон тигилердин бардык аракеттерин түп көтөрө четке какты. Кичине эле кол созсоң,— азуусун ырсыйтып, коңуракай жүнүн тикирейтип үрпөйтөт. Ошентсе да ал көпкө чейин суунун жээгинен эч кайда кеткен жок. Эл тамак алып келип, чочулап оолагыраак жерге коюп кеткенден кийин гана барып жеп, ошоерде уктап жата берди. Анын бул жерде аярлап жүргөнүнүн себеби — алыска желе-жорто басууга чамасынын жоктугунан экени түшүнүктүү болчу. Көп аялдабай, азыраак тыңып-оңолуп алгандан кийин бир күнү дагы кайдадыр житип кетти.

Эгерде дал ушул мезгилде Ирвин штаттын түндүк бөлүгүнө барбаганында мүмкүн алардын таанышуулары ушуну менен бүтүп калышы ыктымал болчу.

Поезд Калифорния менен Орегондун чек араларына жакын жерден өтүп баратканда Ирвин кокусунан терезени карады, достошууну каалабаган өзүнүн коногун көрө койду. Кадимки коңур карышкырга окшош, өзү абдан чарчаган, бирок али дугдуюп кажалуу, эки жүз миль аралыктын артына таштап, тула-боюн чаң басып, кир болгон бойдон темир жолду бойлоп, салып-уруп келатыптыр.

Ирвин көп ойлонуп, кылчактап турууну анча сүйчү эмес. Соңку станцияда поездден түшүп, дүкөндөн эт сатып алды да, шаардын чет жагынан качкынды эптеп кармап алды.

Карышкырды жүк салуучу вагон менен кайта жеткиртти. Ошентип, ал тоонун арасындагы кичинекей үйгө кайтадан туш келди. Бу жолу аны бир жума бекем чынжырлап, эрди-катын экөө тең жакшылап көз салып, бапестеп багышты. Алар өздөрүнүн жакшы көрүүлөрүн өтө эле кылдаттык менен билдирүүгө туура келди. Себеби, ал так эле жоонун колуна түшкөнсүп өтө суз жана касташкандай тигилердин эркелеткен жылуу сөздөрүнүн бардыгына ачуулуу, ырылдап жооп кайтарып жатты. Бирок ал түк үрчү эмес. Ал пайда болгон мезгилден бери анын үргөнүн эч кимдин кулагы чалган жок.

Аны үйүр алдырып, колго көндүрүү да оңой иш болгон жок. Бирок Ирвин өзү да түйшүктүү иш менен алпурушууну жакшы көрө турган адам эле. Ал жука темир тумар жасатып, ага: «Уолт Ирвинге кайтарылып берилсин, Глен-Эллен, Сонома округу, Калифорния» деп ойдуртуп жаздырды. Анан Карышкырдын мойнуна каргы тагып, ага тумарды түшпөс кылып мыктап бекитти. Андан кийин аны чынжырдан бошотуп коё берди эле, ал заматта көздөн кайым болду. Бир күндөн кийин Мендосиндон телеграмма келди: ит жыйырма сааттын ичинде түндүктү карай жүз миль жүрүп барып анан колго түшүптүр.

Карышкырды кайрадан жол транспорт контору алып келди. Ал үч күндө чынжырда туруп, төртүнчү күнү бошоткондо дагы житип кетти. Бу жолу Карышкыр Орегондун түштүк районуна чейин жетүүгө үлгүргөн. Аерден аны дагы кармашып, кайта үйүнө жиберишкен. Ар дайым коё берген сайын ал качып кетчү, качканда да аны кандайдыр бир шумдуктуу күч кууп жаткан сыяктуу ар качан түз эле түндүктү карай бет алып каччу. Карышкырды Түндүк Орегондон алып келип бергенде Ирвин айткандай, бул — «үйүн самагандык» болчу.

Келерки жолу аны кармап жана ээсине алып келип бергенче коңур качкын Калифорниянын жарымын, Орегон штатын бүт жана Вашингтондун жартысын кезип өтүүгө үлгүргөн. Анын качкандагы жүрүшүнүн ылдамдыгы укмуштуудай тез эле. Тамактанып, ирденип, тыныгып, эс алгандан кийин Карышкыр бош коё берер замат өзүнүн бардык күч-кубатын тез чуркоого жумшай турган. Бирөөлөрдүн колуна түшүп калбаса, ал биринчи күнү жүз элүү миль, андан кийин жүз миль жол баса тургандыгын аныктоого мүмкүндүк болду. Ал үйгө дайыма ийнеликтей кынжыйып ачыгып, өтө эле жапайыланып келет да, кайта тыныгып, күчтөнүп-оңолуп алып, качып жөнөйт. Ар качан түз эле түндүктү карай качууга элирткен ички купуя сырын адам түшүнүп болбойт. Мына ушул кажатсыз качуулар менен бир жыл алек болуп, акыры, ит тагдырдын салган ишине көнүп, бир убактарда коёнду өлтүрүп, суунун жээгине барып уктаган кичинекей үйгө биротоло байыр алып, айланчыктап калды. Бирок аял күйөөсү экөө аны эркелетип сылап-сыйпоого көндүргүчө итапкан убакыт өттү. Бул өзүнчө улуу жеңиш болду. Карышкырдын ийкемге келбестиги ушунчалык — жанына жакын жолотпойт. Кичинекей үйгө келип жүргөн коноктордун бир да бирөө ага жакындап, жоошута албады. Мамиле түзгүсү келген кишилердин баарына ырылдап жооп берчү. Ал эми кээ бирөөлөр болбой эле кайраттанып бел байлап жакындаса, Карышкырдын үстүнкү эрди ырсыйып жыйрылып, азуусу шакылдап, адамдын үрөйүн учургандай жаалдуу жана ачуулуу арылдап коё берчү. Анын бул ырылдаганынан барып турган эр жүрөктөр кадимкидей сезгенчү жана тегеректеги иттердин бардыгы айбыга турган, анткени — алар иттердин ырылдаганын жакшы билчү, бирок Карышкырдын ырылдаганын эч качан угушкан эмес.

Иттин өткөндөгү тарыхы күңүрт жана өтө бүдөмүк эле. Анын таржымакалы негизинен Уолт менен Меджинин колуна келгенден тартып башталат. Ал кандайдыр түштүк жактан келген, бирок кимдин колунан качып чыкканы жана анын мурунку ээси жөнүндө да эч кандай ың-жың билинбейт. Медж сүт сатып алып жүргөн коңшу аял миссис Жонсон мунун Клондайкадагы иттин тукумунан чыккан деп божомолдоп, ишендирүүгө аракеттенди. Анткени, анын бир тууганы муздун арасындагы ошол алыскы жерде алтын кенинде иштечү, мына ошондуктан миссис Жонсон ушул сыяктуу иштер боюнча өзүн билерманмын деп эсептечү.

Чынында, бул жөнүндө эч ким аны менен талашкан да жок. Карышкырдын эки кулагынын учу бир убактарда суукка катуу чалдыгып, ошол бойдон алигиче айыкпаптыр. Анын үстүнө Ирвин менен Медж журналдардан бир нече ирет сүрөтүн көргөн Алясканын иттерине окшош болчу. Журналдардан окуп, эл оозунан уккандары боюнча алар бул иттин алыскы Түндүктө башынан өткөргөндөрүн божомолдошуп, көбүн эсе Карышкырдын өткөндөгү тарыхын кеп салыша турган. Түндүк али да болсо аны өзүнө тартып тургандыгын алар жакшы билишет. Түнүчүндө тынчы кетип, кыңшылайт, ал эми түндүк жактан жел согуп, азыраак суук боло калса чебеленип, чыдай албай муңдуу улуп-уңшуйт. Бул куду эле карышкырдын улуганынын өзү болчу. Бирок түк үрчү эмес. Ал турмак жүз алакетке түшсөң да андан кадимки иттин үнүн бир жолу угуп коюуга зар болосуң.

Карышкырды көп убаракерчилик жана узак убакытта барып араңдан зорго өздөрүнө үйүр алдыргандан кийин Ирвин менен Медж ар качандан бир качан ал кимисине көбүрөк жакындай тургандыгы жөнүндө талаша беришчү болду. Ар кимиси менин итим деп эсептечү. Кокус бирөөнө көбүрөк үйүр алып калса болду, анысы жерге-сууга сыйбай мактанып калчу. Бирок алгачкы мезгилде жеңиш көп убактарда Ирвин жагында болуп жүрдү, мындай болуунун себеби анын эркек экендигинде эле. Кыясы, Карышкырдын аялдар жөнүндө түшүнүгү жок болуу керек. Мурда аялдарды такыр көрбөгөн жана билбеген. Медждин көйнөгүн такыр көргүсү келчү эмес — анткени анын шуудураганын уккан сайын кыжыры келип, ырылдай кетчү. Ал эми шамалдуу күндөрү Медж анын жанына жакын жолой алчу эмес. Бирок ага оокатты дайыма Медж берет. Анын үстүнө ашканадагы бийлик да анын колунда эмеспи, ошондуктан Карышкыр ашканага Медждин гана ырайымы-уруксаты боюнча кирчү. Мына ошол себептүү Медж көйнөгүнүн кесепетин көп таңазарга албай, өз боюна аны толук тартып ала тургандыгына бекем ишенген.

Уолт да өзүнчө бир айла колдонду — ал жазып отурганда Карышкырды жанына жаткызып алып, жонунан сылап-сыйпап, ар кайсынын башын айтып кобурап, ар түрдүү амал менен өзүнө тартуунун аракетин кылчу, бирок өз ишине бөгөт болуп, алга жылчу эмес. Иши кылып, анын эркектигинен болуу керек — акыры, Уолт жеңип чыкты. Бирок эгер ал керели кечке Карышкыр менен алышпастан, өзүнүн бардык күч-кубатын, убактысын ыр жазууга жумшаса, турмуштары да оңолуп, тыйын-тыпырдын да жеткелең болорун Медж зар какшап, ынандырчу.

— Менин эң акыркы жазган ырларымдын акчасынан кабар келе турган убакыт да болуп калды,— деди Уолт, беш минутадан кийин үн катпай кыялап ылдый түшүп баратып.— Почтадан мага тиешелүү акча бар экенине ишенем, биз ага эң сонун гречиха унун, бир галлон[2] клён маңызын жана сага жаңы көлөч сатып алабыз.

— Анан миссис Жонсондун кереметтүү уюнун кереметтүү сүтүнөн да — деп кошумчалады Медж.— Эртең бири экенин өзүң билесиң го.

Уолт бети-башын эрксиз бырыштырды, бирок дароо эле өңү жадырай түштү да:

— Эчтеке эмес! Бүткүл Калифорния боюнча биринчи сүттүү уй менин мына биеримде дапдаяр жатат,— деди колу менен күрмөсүнүн чөнтөгүн кубанычтуу чапкылап.

— Муну сен качан жазып жибердиң? — деп Медж такылдай сурады да, кайта кинелегенсип:— Жадегенде мага көрсөтүп да койбопсуң! — деп кошумчалады.

— Мен бул ырды почтага баратканда, мисалы, мына мындай жерде отуруп, сага окуп берейин деп атайын сактап жүргөм,— деди ал отурууга ыңгайлуу кургак дүмүрдү колу менен жаңсап көрсөтүп.

Калың папоротниктин[3] арасынан шылдырап аккан жеңдей ичке суу, бетин жылбышкак эңилчек баскан чоң таштан жылжып так эле алды жагында жалгыз аяк жолду кесип агып жатты. Жайык өрөөндөн үн кубултуп сайраган боз торгойдун назик үнү угулат; айланада далдайган сары көпөлөктөр бирде гүлдүү канаттарын күндүн нуруна чагылыштырып, бирде көлөкөгө бырпырап учуп конот.

Уолт ырын үнүн басыраак чыгарып, окуп жаткан кезде төмөнкү чытырман токой жактан кандайдыр бир дабыш угулду. Бул дабыш салмактуу кадамдын дабышы эле. Тамандын астынан тоголонгон таштардын күңүрт шагыраганы анда-санда тигил дабышка үн алышат. Уолт ырды окуп бүтүп, кубаттоо күткөндөй аялына караганда, жалгыз аяк жолдун бурулушунан бир адам көрүндү.

Ал жылаң баш, чекесинен тер мончоктоп агып кеткен. Бир колу менен дембе-дем

жүз аарчысын алып бетин арчыйт, экинчи колунда өңү өчпөгөн, жаңы калпагы,

терге сыгып алма суу болгондуктан мойнунан чечип алган крахмалданган жакасы

Узун бойлуу, чымыр адам экен. Тигилүү кийимдерди сатуучу дүкөндөн үстүндөгү кара таар күрмөсүн жаңы эле сатып алган окшойт, анык сыртынан булчуң эттери бөлөк-бөлөк болуп билинип, аны чырт айрып жиберчүүдөй чытырайт.

— Күн ысып кетти…— деп Уолт аны сөзгө катыштыргысы келип, саламдашты.

Уолт тегеректеги коңшу-колоңдору менен да дайыма жакшы мамиледе болууга тырыша турган. Жолдош-жоро, тамыр-таанышты көбөйтүүдөн эч качан тартынчу эмес.

Жүргүнчү токтоп башын ийкеди да:

— Мындай ысыкка анчалык көнгөн жок элем,— деп наалый жооп берди,— Мен отуз градус чамасындагы суукка көбүрөк үйрөнгөн адаммын.

— О, кокуй, андай аяз быякта эч качан болбойт! — деди Уолт күлүп.

— Ошондой болсо керек,— деп жооп берди жүргүнчү.— Чынын айтканда аны менен ишим деле жок, карындашымды издеп жүрөмүн. Анын кайсы жерде турарын кокус, сиздер билип жүрбөңүздөр? Миссис Жонсон, миссис Уильям Жонсон.

— Сиз мүмкүн, анын Клондайкадагы агасы болуп жүрбөңүз? — деп Медж аз жерден кыйкырып жибере жаздап, үнүн көтөрүңкү чыгарып сурады.

Таң калып. Кадала тиктеди.

— Ал сиз тууралуу бизге көп нерселерди айтып берген!

— Так ошол менмин, мэм[4], – деп адептүү жооп берди.— Менин атым Скифф Миллер. Билсеңиздер, мындай баратышымдын себеби: кат-кабарсыз барып кальш, карындашымды күтпөгөн жерден бир аябай таң калтырайын дедим эле.

— Сиз даңгыр жол менен эмес, жалгыз аяк жол менен токойду аралап баратканыңыз болбосо, бет алган жагыңыз абдан туура.

Медж ордунан тура калып, жогоруда чейрек милдей жердеги капчыгай жакты колу менен жазгап:

— Тээтиги турган карагайларды көрдүңүзбү? — деди.— Мынабу жалгыз аяк жол менен дал ошого түз барыңыз. Анан жол оңго бурулат да, сизди туура эле миссис Жонсондун үйүнө алып барат. Дал ушундай барсаңыз, эч кайда адашпайсыз.

— Ыракмат, мэм,— деди Скифф Миллер.

— Сизден Клондайка жөнүндө кызык аңгемелер уксак кандай жакшы болор эле,— деди Медж.— Мүмкүн сиз карындашыңыздын үйүндө мейман болуп жатканыңызда бир күнү биз барсак аңгеме угууга уруксат этээрсиз, же болбосо карындашыңыз менен биздин үйгө келип, тамак-аш ичип кетсеңиз андан бетер жакшы болор эле.

— Ооба, мэм, ыракмат, мэм,— деп Скифф жыпылдай сүйлөй баштады да, эсине бир нерсе кылт дей түшкөнсүдү:

— Бирок мен бул жерде өтө аз убакыт боломун: кайта Түндүккө кетемин. Бүгүн түнкү поезд менен жөнөйм. Мен, билесиздерби, казнанын почтасын ташууга жалданып иштейм.

Медж буга аябай өкүндү. Скифф Миллер кетүүгө камынганча болбой, тегеректе шимшилеп, жортуп жүргөн Карышкыр ойдо жок жерден, кадимки карышкыр сыяктуу шырп алдырбай бадалдын арасынан суурулуп чыга келди.

Скифф Миллердин кебетесиндеги элегейлик кол менен жулуп алгандай жок боло түштү. Анын эки көзү итке кадалып, иреңинен кандайдыр бир нерсеге катуу таң калгандыктын белгиси байкалды.

— Шайтан соккур, мына кызык! — деп ал жай жана салмактуу сүйлөдү.

Бир нерсеге ыкласы түшүп, көңүлү эрип кеттиби, айтор, ал бет маңдайыңда туруп турган Меджди байкабай, дүмүргө барып өзү отура кетти. Анын добушун укканда Карышкырдын кулагы жымыйып, эки жак жамажайы кулагына жеткенче ыржыйды. Ал улам акырындап бөтөн адамдын жанына барды да, анын колун жыттагылап, андан кийин жалай баштады.

Скифф Миллер иттин башынан сылады.

— Шайтан соккур э-э, мына кызык! — деп ал дагы бир жолу жай жана салмактуу кайталады.— Кечирип коюңуз, мэм,— деди ал бир аздан кийин кошумчалап,— билесиздерби, мен абдан таң калып турам. Сөздүн кыскасы ушул.

— Биз да таң калып турабыз,— деп Медж тамашалагандай жооп берди.— Карышкырдын ушунча болуп чоочун кишиге барганын көргөнүбүз ушул.

— И-и, сиздер муну Карышкыр деп чакырат экенсиздер да! — деди Скифф Миллер.

— Мунун сизге үйүр тартып, жакындап турганына мен такыр түшүнбөй жатам. Кыясы, сиздин клондайкалык экендигиңизден болсо керек? Анткени бул клондайлык ит эмеспи.

— Ооба, мэм,— деп Миллер анын сөзүн анчалык элес албай элегей жооп берди.

Ал Карышкырдын алдыңкы бир бутун көтөрүп, таманын кармалап, сөөмөйү менен манжаларын баскылап, кадала тиктеп, көрүп бакты.

— Таманы жумшарып калыптыр,— деди ал.— Чанага чегилбегенине көп болгон окшойт.

— Жок, чын эле бул укмуш! — деп Уолт сөзгө аралашты.— Сиз эмне кылсаңыз да, баарына кыймылдабай тим туруп бергенин карабайсызбы!

Скифф Миллер ордунан өйдө турду. Эми анын кебетесинде жанагыдай күмөн саноо жок, бир жаңсыл боло түшкөнсүдү:

— Бул ит сиздердин колуңуздарда жүргөнүнө көп болдубу? — деп токтоо, сумсайыңкы сурады.

Анын жанынан чыкпай айланчыктап, бутуна сөйкөнүп, эркелеп турган Карышкыр дал ошол убакта күтпөгөн жерден эле оозун араандай ачып, үрүп коё берди. Куду эле ичинен бирдеме үзүлүп кеткен сыяктуу болду, анткени бул бир кызык, үзүк-үзүк чыккан шаттуу үрүш эле. Бирок бул кадимки иттин үрүшүндөй болчу.

— Мына мунусу мен үчүн жаңылык! — деди Скифф Миллер.

Уолт менен Медж бири-бирине карады. Кереметтүү иш болду: Карышкыр үрдү.

— Мунун үргөнүн биринчи жолу угушум!— деди Медж күңкүлдөп.

— Мен да биринчи жолу угуп отурам,— деп жооп кайтарды Скифф Миллер.

Медж ага жылмайыңкы карады. Кыясы, бул киши — жаткан тамашакөй, күлдүргүч адам болсо керек деп ойлоду өз ичинен.

— Аныңыз чын,— деди Медж,— анткени сиз муну көргөнүңүзгө беш гана минуттай убакыт болду го!

Скифф Миллер бул сөзгө күдүктөнгөнсүп, аялдын иреңинен митайымдыктын жышаанасын байкоого аракеттенгендей, эки көзүн айырбай Меджди тиктеди.

— Мең сиздерди иштин ал-абалын байкадыңыздар го деп ойлогон элем,— деди ал жай гана.— Ит адеп эле мага айланчыктап, эркелегенден улам сиздер түшүнгөн жоксуздарбы? Бул менин итим. Мунун аты Карышкыр эмес. Аты Коңур.

— Ой, Уолт! — деген сөз, Медждин оозунан эрксиз чыгып кетти, ал күйөөсүнө муңайым карады.

Уолт ошол замат аялына жардамдашууга киришти.

— Бул сиздин итиңиз экенин сиз кайдан билесиз? — деп сурады ал.

— Анткени ит меники,— деп жооп берди Скифф Миллер.

Скифф Миллер акырын Уолтко карады да, анан башы менен Медж жакты жаңсап:

— Бу киши сиздин аялыңыз экенин сиз кайдан билесиз? Анткени менин аялым деп сиз ишенимдүү айтасыз. Анда, ушул да түшүндүрүш болдубу деп мен да айтышым керекпи? Ит меники. Күчүгүндө асырап алып, багып өстүрсөм, анан кантип билбейм! Ишенбесеңиз карап туруңуз, мен азыр сизге далилдеп берейин.

Скифф Миллер ит жакка бурулду да:

— Эй, Коңур! — деп добуштады. Анын үнү катуу жана өктөм чыкты, ошол замат эркелетип жаткандай иттин кулагы жымыя түштү.— Кана!

Ит так секирип, чарк айланып, оң жакка бурулуп, тура калды.

— Эй, жөнө!

Ит ошол замат турган ордунан так түйүлүп алга карай жөнөдү да, кайта кыйкырыкты угуп, тык токтоду.

— Мен булардын бардыгын ага жөн эле ышкырып да иштете аламын,— деди Миллер.— Анткени ал менин чанага чегилген иттеримди дайым баштап жүрчү да.

— Сиз муну өзүңүз менен бирге алып кетесизби? — деп сурады Медж, үнү каргылдангандай мукактанып.

Киши башын ийкеди.

— Ошол жакка тирүүлөй азапка, бороон-чапкындуу суук Клондайкагабы?

Киши дагы башын ийкеди.

— Жок, аяк анчалык деле жаман эмес, — деп кошумчалады ал.— Мына мени көрбөйсүздөрбү: көзүңүздөргө көтөрүм көрүнөмбү?

— Бирок бул дайыма жокчулук, чектен ашкан оор мээнет, ачкачылык, аяз— ит үчүн азаптуу турмуш да! О, кокуй, мен журналдан окугам, аяктын кандай экенин жакшы билем го.

— Ооба, бир жолу мен муну Майда-Балыкты деген өзөндүн жээгинде аз жерден жеп да коё жаздагам,— деп Миллер Медждин айтканына суз макул болгонсуду.— Кокус ошондо мылтыктын кароолуна бир бугу илинбегенде, анда бул Коңур алда качан күмжам болмок.

— Анткенден көрө өлгөнүм жакшы! —деди Медж.

— Чын, биерде, сиздер жакта турмуш башкача, — деп түшүндүрө баштады Миллер.— Иттин этин жегенге дуушар болбойсуздар. Ал эми, башка мүшкүл иш түшүп, көөдөндөн кылтылдап жан чыкканы турса, анда таптакыр башкача ойдо болор элеңиз. Сиз андай жагдайга дуушар болуп көргөн жоксуз, демек, аякты тереңирээк билбейсиз.

— Бардык маселе ошондо да!— деп Медж кызуу сүйлөдү.— Калифорнияда иттин этин жебейт экен. Андай болгондо эмне үчүн муну мында таштап кетүүгө болбойт? Ага бул жер жайлуу, эч убакытта ач болбойт— аны өзүңүз деле көрүп турасыз. Анын үстүнө катуу сууктан, чектен ашкан оор мээнеттен запкы чекпейт. Биерде чаң жугузбай алпештеп эркелетет жана жакшылап багат. Быяктын жаратылышында да, адамында да тыяктагыдай осолдук жок. Эч качан ага камчы тийбейт. Ал эми аба ырайы жөнүндө болсо, аны өзүңүз деле билесиз: биерде эч убакта кар жаабайт.

— Бирок ошого жараша жайында, кечирип коюңуз, ысыгы тозоктун отундай го, тим эле жаныңды коёрго жер таппайсың — деди Миллер күлүп.

— Бирок сиз али бизге жооп берген жоксуз!— деп Медж көшөрө сүйлөдү. – Сиз ошол өзүңүздүн түндүгүңүздө буга деги эмне жакшылык көрсөтмөкчүсүз?

— Колдо барда тамак беремин, ал эми тамак жагы менде көбүн эсе ар дайым болуп турат.

— Жок болуп калган кездечи?

— Менде жок болсо, анын курсагы да ач болот.

— Жумушчу?

— Жумуш жагы жетишет, — деп Миллер шарт жооп берди.— Ооба, күндүр-түндүр тынымсыз жумуш, ачкачылык да, суук да жана башка ар түрдүү үсүр да бар. Ит менин жанымда жүрсө, мына ушулардын бардыгын башынан өткөрөт. Бирок ал ошону сүйөт. Башында эле ошол турмушка үйрөнгөн жана аны жакшы билет. Ошону үчүн туулган жана биз аны ошону үчүн багып-асыраганбыз. Ал эми сиздердин бул жагынан эч кандай кабарыңыздар жок. Эмне жөнүндө сүйлөп жатканыңызды жеткире түшүнбөй жатасыз. Анын анык турмушу тыякта жана ал аякта өзүн эң сонун сезет.

— Ит эч жакка барбайт, бул жерде калат,— деп Уолт кесе сүйлөдү,— демек, сөздү узартып, талашып отуруунун кажаты жок.

— Эмне-е?— деп Скифф Миллер үнүн созуп, сурдана кашын серпип кабагын түйдү. Анын кызарган маңдайына узатасынан бырыш пайда боло түштү.

— Мен ит биерде калат деп айтып жатам, сөз ушуну менен бүттү. Бул сиздин итиңиз экенине эч качан ишенбеймин. Мүмкүн сиз аны качандыр бир убакта көргөндүрсүз. Же болбосо, мүмкүн аны бир убакыттарда кожоюнунун тапшыруусу боюнча чанага да чеккендирсиз. Ал эми, түндүк жактын ити айдоочулардын адеттеги кыйкырыктарын, ышкырыктарын орундаткандыгы сиздин итиңиз экендигине толук далил боло албайт. Алясканын кайсы ити болбосун сиздин командаңызды дал эле ушул сыяктуу уга бериши мүмкүн. Анын үстүнө бул табылбай турган жакшы ит экени шексиз. Мындай ит Аляскада өзүнчө эле жаткан мүлк эмеспи, мына ошол себептүү сиз эптеп муну колуңузга түшүргүңүз келип тургандыр. Айтор, ит өзүңүздүкү экенин сиз толук далилдешиңиз керек.

Бул узак сөздү Скифф Миллер кайдигер укту, тек гана маңдайы саал кара күрөң тартып, бултуйган булчуң эттери кара нооту күрмөсүн тырс айрып жиберүүчүдөй чытырайт. Ушунун сырткы сөлбөрүңкү назик көрүнүшүндө канча күч жашырынып жатты болду экен деп сынап жаткандай, ал тигил ычкынган ырчыга жай баракат көз чаптырып чыкты. Андан кийин Скифф Миллердин иреңинде кандайдыр жек көргөн белги пайда боло түшүп:

— Мен сизге чынын айтсам, ушул итти азыр эле көз ачып жумганча ээрчитип кете аламын, — деп катуу жана чечкиндүү айтты.

Уолттун ачуусу аябай келди, ирең-башы кызарып, тулку бою менен обдулуп, булчуң эттери да жыйрылып, түйүлө түшкөнсүдү. Медж мушташ чыгып кетеби деп кооптонуп дароо сөзгө аралашууга ашыкты.

— Мүмкүн, мистер Миллердин айтканы чындыр,— деди ал.— Чынында эле бу кишиники ыраспы деп корком. Карышкыр, кыясы, бу кишини чыны менен тааныйт окшойт: «Коңур» деп чакырса селт этип, аны көрөр замат ага шыйпаңдап эркеледи. Өзүң билесиң, бул ит эч кимге эч качан минтип эркелеген эмес. Анан үргөнүн көрбөйсүңбү? Кубанганынан эмне кыларын билбей калды. Эмнеликтен антти? Сөзсүз, мистер Миллерди көргөндө сүйүнүп үрүп жибергендир.

Уолттун булчуңдары жазылып, күдөр үзгөндөй эки ийни шалкыйып ылдый түштү.

— Сенин айтканың чын окшойт, Медж,— деди ал.— Биздин Карышкыр Карышкыр эмес, Коңур экен, кыясы, чынында да мистер Миллердин ити болсо керек.

— Мүмкүн, мистер Миллер аны бизге сатып кетүүгө макул болор?— деди Медж.— Андай болсо, биз сатып алар элек.

Скифф Миллер башын чайкады, бирок жанагыдай чыйрак айтпастан үнү басаң чыкты, кичипейил жылуу сөзгө бул да кичипейилдүүлүк менен жооп берип:

— Менде беш ит бар эле,— деди ал сатпай турган себебин түшүндүрүп, сылык сүйлөөгө аракеттенип,— бул дайыма чанага чеккенде баштап жүрчү эле. Бүткүл Аляска боюнча менин иттерим эң алдыңкы болуп саналчу. Эч ким мени кууп жетип, алдыма чыга алчу эмес. 1895-жылы менин иттериме чыпчылгасы менен беш миң сом накта берген эле, бирок мен алганым жок. Ырас, ал убакта ит баа болчу. Бирок ошончолук көп акчаны мага кудайы кылып берип жатышкан эмес, менин иттерим баштан аяк мыкты эле да. Коңур болсо, баарынын мыктысы болчу. Ошол эле жылы кышында анын жеке башына бир миң эки жүз сом берди — албай койдум. Ошондо сатпаган, эми эмнеге сатмак элем. Мен, билсеңиздер, муну жанымдай көрөм. Издеп жүргөнүмө мына үч жылдын жүзү болду. Муну уурдап кеткенге капаланганымды сөз менен айтып түшүндүрө албайм, анын баасы үчүн эмес, тек гана анчейин… Сөзүмдү айып этпеңиздер, менин буга тим эле абдан берилгендигимден. Жанаа аны көргөнүмдө жөн эле өз көзүмө өзүм ишенбей кеттим. Көзүмө алда неме көрүнүп жатабы деп ойлодум. Мындай зор кубанычка оңой менен ишене койбойт экенсиң. Муну мен бапестеп багып, жетилткем. Бала сыяктуу жылуулап жаткызып, ороп-чулгап үстүн жаап коюучумун. Энеси өлүп калгандан кийин, бир челеги эки доллар турган коюу сүт берип, аны бактым. Өзүм болсо сүтсүз карандай кара кофе ичип жүрдүм. Бул менден башка эне дегенди эч качан көргөн да, билген да жок. Менин манжаларымды соргон күндөрү да болгон, бул шайтандын. Мына, мынабу манжамды, — Скифф Миллер ушунчалык катуу толкундап кеткендиктен, сөздөрүн байланыштырып, жөндөп айта албай тек гана сөөмөйүн чочойтуп алга сунуп, ит анын ити экендигине бул талашсыз далил боло тургансып, аптыгып-аптыгып: – Мынабу манжам,— деп улам кайталай берди.

Андан кийин алга карай сунулган манжасын үнсүз тиктеп туруп калды эле, ошол мезгилде Медж сөз катты.

— Ал эми итчи? — деди ал.— Ит жөнүндө да ойлобойсузбу? Скифф Миллер бул сөзгө түшүнө албай Меджге аң-таң карады. — Айтыңызчы, сиз бул жөнүндө деги ойлодуңузбу? — деп Медж суроосун кайталады.

— Эмнени айткыңыз келип жатканына түшүнбөдүм?

— Балким, иттин да тандай турган акысы бардыр,— деди Медж.— Мүмкүн анын да өзүнүн жакшы көргөн жана каалоосу бар чыгар. Сиз болсо аны менен эсептешпейсиз. Анын өзүнүн тандап алуу эркине жол бербей жатасыз. Мүмкүн ал Аляскадан көрө Калифорнияны көбүрөк жакшы көрөр деген ой сиздин пикириңизге кирип чыкпады. Бар болгону өзүңүздүн гана кызыкчылыгыңызды көздөп жатасыз. Сиз аны жандуу нерсе экен деп эсептебестен, бир кап картөшкө же бир кучак чөп катары санайсыз.

Миллерге бул көз караш кандайдыр жаңы амал сыяктуу болуп сезилди. Күтпөгөн жерден пайда болгон маселеге ал ыкласын коюп, акылына салып, терең ойлоно баштады. Медж болсо, анын бир аз дал болуп, калтаарый түшкөнүн пайдаланууга тырышып:

— Эгерде сиз аны чыны менен жакшы көрө турган болсоңуз, анда анын бактысын өзүңүздүн бактыңыз деп эсептешиңиз керек да,— деп сөздөн кармагысы келип, шаштысын кетирди.

Скифф Миллер өзүнчө ой жүгүртө берди, Медж шаттана күйөөсүнө көз кыйыгын жиберип, анын көз карашыңан макул тапкандай белгини байкады.

— Демек, сиздин оюңуз боюнча кандай? — деп алдыртан сурады Клондайкадан келген киши.

Эми Медж анын сөзүнө түшүнө албай, ага аң-таң карады.

— Эмне айткыңыз келип жатат? — деп сурады Медж.

— Сиздин оюңуз боюнча Коңур бул жерде, Калифорнияда калгысы келет деп турасыз го?

Медж ишенимдүү башын ийкеп:

— Ага көзүм апанык жетет,— деди.

Скифф Миллер өз ичинен ойлонбостон, бул жолу күңкүлдөп үн чыгарып, кайтадан өзү менен өзү кеңеше баштады. Кайта-кайта өзүнүн ой жүгүртүп жаткан нерсесине кадала карап коёт.

— Жаткан көк жал, мээнеткеч, мындай ит чанда-чанда болот. Мага канча эмгек кылып берди! Мунун дагы бир жакшы жери— чанага жаңы чегилген үйрөнгүч жаш иттерди бирдикте алып жүрүп, эң жакшы иштетер эле. Чиркиндин акылын айтсаңчы! Бардыгын билет жана түшүнөт, сүйлөөргө гана тили жок. Эмне гана айтпа, баарын түшүнөт. Мына азыр караңызчы: биздин ал жөнүндө сүйлөшүп жатканыбызды сопсонун түшүнүп жатат. Ит кулагын тигип, сүйлөгөндөрдүн улам бирине жалт-жалт карап, башын алдыңкы буттарынын үстүнө коюп, комдонуп Скифф Миллердин бут жагында жатты.

— Бул али болсо иштей алат. Кадимкидей иштей алат. Болгондо да бир жыл эмес, бир нече жыл. Анын үстүнө мен бул, шайтан алгырды чын дитим менен өтө жакшы көрөм.

Андан кийин Скифф Миллер бирдеме айтууга оозун бир-эки жолу таптап келип, кайта эч нерсе айтпастан тим болду. Акырында:

— Эми иш мындай болсун. Мен сиздерге азыр эмне кыларымды айтып берейин. Сиздин айткандарыңыз, мэм, мындайча айтканда… чыны менен эле… жөндүү сөздөр. Бул ит өз доорунда көп эмгектенди. Мүмкүн, ал ырастан эле жайлуу, тынч турмушка акылуудур, азыр өзү тандоого да толук акысы бар. Иши кылып биз маселени өзү чечүүгө ага мүмкүнчүлүк берели. Өзү кандай кааласа ошондой болсун. Сиздер бул жерде калып, мурунку калыбыңыздарда отура бериңиздер, мен болсом коштошуп, эчтеке билбеген-көрбөгөн кишидей болуп жолго түшөйүн. Эгерде сиздер менен бирге калгысы келсе, кала койсун. Ал эми мени ээрчисе, мени менен кетсин. Мен аны чакырбайын. Бирок сиздер да чакырбаңыздар,— деди.

Анан ал Меджди шектүү карап, мындайча кошумчалады:

— Бирок шарт ушундай болсун—ак ойнойлу. Мен ары карап бурулуп кеткенде, аны азгырбаңыздар.

— Биз ак эле ойнойбуз…— деп Медж сөзүн бүтүрө электе, Скифф Миллер анын сөзүн бөлүп жиберди:

— Билем мен бу аялдардын амалын! Аялдардын жүрөгү кебездей жумшак, тим эле элжиреп турат, бирок кичине эле тийип койсоң болду, алар ар кандай айла таап, ар түрдүү амалды колдонуп шайтандай калп айтат эмеспи… Кечирип коюңуз, мэм, мен муну жалпы аял жынысына айтып жатам, — деди ал.

— Сизге кандайча ыракмат айтууну да билбей турам…— деп Медж мукактанган үнү менен сөзүн баштаганда:

— Азыр белгисиз, эмнеге ыракмат айтмак элеңиз,— деп Миллер сөздү бөлдү.

— Коңур али жыйынтыкка келе элек да. Эгер мен жай бассам, сиздер каршы болбостурсуздар дейм. Бул адилеттүүлүк болор эле, анткени — кандайдыр бир жүз кадам баскандан кийин менин карааным көрүнбөй калат.

Медж буга макул болду.

— Биз аны айнытуу үчүн эч кандай аракет кылбайбыз, бу жагынан сизге чын убадамды бере алам,— деп кошумчалады Медж.

— Кана эмесе, мен кеттим,— деди Скифф Миллер кош айтышып, кетип бараткан адам сыяктанып, үнүн көтөрүңкү чыгарды.

Анын добушу өзгөрө калганын сезип, Карышкыр башын дароо көтөрдү. Медж менен Миллер кол алышып коштошуп жатканын көрөр замат ордунан ыргып турду. Арткы эки бутуна таканчыктап өйдө типтик көтөрүлүп, алдыңкы буттарын Меджге сүйөп, Скифф Миллердин колун жалай баштады. Скифф колун Уолтко сунган кезде, Карышкыр жанагыны дагы кайталады: алдыңкы эки буттарын Уолтко сүйөп туруп, экөөнүн тең колун жалады.

— Чынын айтсам, бул сейилдин мага көп анчалык кызыкчылыгы болбогон турат,— деп Миллер шарт бурулуп, жалгыз аяк жол менен акырын жөнөдү.

Ал жыйырма кадам узап кетти. Карышкыр болсо, тигил азыр артына бурулат да, кайрылып келет деп үмүттөнгөндөй, аны ээрчий карап, былк этпестен, турган ордунда катып калды. Бир маалда ал акырын жана муңдуу кыңшылап жан-алы калбай Миллердин артынан сызып жөнөдү да, кууп жетип, кыя албай тургансып, эки алдыңкы буту менен тигини акырын колдон алып, токтотууга аракет кылды.

Токтото албасын билгенден кийин, Карышкыр бура тартып, дүмүрдө отурган Уолт Ирвинди көздөй чуркады. Ага келип, аны да жанагыдай жеңден алып, кетип бараткан адамды көздөй жетелөөгө бөөдө аракеттенди. Барган сайын Карышкырдын айласы кетип, чый-пыйы чыга баштады. Эки жерде тең бирдей,— тигинде да, мында да, мурунку ээси менен да, азыркы ээси менен да бирге болгусу келет, бирок булардын арасы улам алыстагандан алыстай берди. Иттин кыйпычыктап тынчы кетти, алдас уруп, кайсынысын тандаарын билбей бир тигинисине, бир мунусуна чуркап, ары-бери удургуду. Улам-улам каңшылап, акактап, тилин сунду. Бир мезгилде чочоюп арткы эки бутуна отура калып, тумшугун жогору көтөрүп, жаагын кере-кере, калчылдап эстей баштады.

Барган сайын дирилдегени көбөйүп, тамагы муунгансып баратты. Кекиртектеги үн байланыштары кыймылга келе баштады. Адегенде эчтеке угулган жок,— жөн гана көмөкөйдөн кырылдаган добуш чыкты, андан кийин адамдын кулагына угулаар-угулмаксан болуп, көкүрөктөн сызылып чыккан ичке, ачуу үн угулду.

Мунун баары улуганга өзүнчө даярдык эле. Бирок үнүнүн бардыгынча улуп жибере турган дал ошол мезгилде анын араандай ачылган жаагы өзүнөн-өзү жабылып, калчылдаганы басылып, кетип бараткан кишинин соңунан көзүн албастан, көпкө тиктеп турду. Андан кийин башын буруп, көпкө чейин Уолтту кадала тиктеди. Бирок анын бул жалдыраган көз карашына жооп болгон жок. Ит эч кимден лам деген сөз укпады, ал турмак ишаарат менен болсо да, кандай кылыш жөнүндө эч кимиси акыл-насаат, кеңеш-кебин көрсөтүшпөдү.

Ал кайта алды жакка көз жиберип, өзүнүн мурунку ээсинин бурулушка жакындап калганын көрүп, кайтадан тынчы кетип, күйпөлөктөдү. Кыңшылап ордунан атып турду да, кандайдыр бир ой эсине түшө калгандай, Меджди карай зымырады. Эки кожоюнду экөө тең андан безгенден кийин, эмки үмүтү анда гана калган. Жетип келип, башын анын эки тизесине катып, колун тумшугу менен түрткүлөй баштады — бул анын бир нерсе сурагандагы адаты эле. Андан кийин ал кетенчиктеп, муңая жалбарган көзүнөн жана желкесине жымыйып жабышкан эки кулагынан тартып, көшөрдөнө булгалактаткан куйругуна чейин бардык денеси менен айта албаган оюн сүрөттөп түшүндүрүп жаткандай, тула-боюн ийип-чоюп, алдыңкы буттары менен жер тырмап, бир орунда секирип ойноктой баштады. Бирок мындай жаракөрлөнгөнү узакка созулган жок. Күнү бүгүнкүгө чейин кымындай да салкын мамиле кылып көрбөгөн адамдардын мындай кайдыгер мүнөзү анын көңүлүн чөгөрдү. Ит тигилерден эч бир жооп, эч кандай жардам ала албады. Алар аны байкамаксан болуп, мелтиреп былк этпестен отурушту.

Ал артына кайрылып, кетип бараткан кожоюнун тым-тырс тиктеп турду.

Скифф Миллер бурулушка жетип калган. Эми бир секунддан кийин көздөн кайым болот. Бирок ал бир жолу да кайрылып артын караган жок. Артында болуп жаткандар ага таптакыр тиешеси жок сыяктанып, жайбаракат, бутун салмактуу таштап, кетип баратты.

Мына эми ал кайрылыштан бурулду да, көздөн кайым болду. Карышкыр кыбыр этпестен, үнсүз-дабышсыз, каткан кара таштай мелтиреп, көпкө чейин күтүп турду. Ал бир ирет кыска гана үрдү да, дагы күттү. Андан кийин бурулуп, бөрү желиш менен Уолт Ирвинди көздөй жөнөдү. Анын колун шимшилеп жыттагылады да, ээн калган жалгыз аяк жол жакты баштанып, аяктан көзүн айырбай Уолттун бутунун жанына узунунан түштү.

Бетин эңилчек баскан таштын үстүнөн агып жаткан жеңдей ичке суунун шылдыраганы эмне үчүндүр жаңырып, катуураак угулат. Боз торгойлордун миң кубултуп мукам сайраган үнүнөн башка шырп эткен дабыш жок. Далдайган чоң сары көпөлөктөр канаттарын күндүн нуруна чагылтып, табышсыз учуп, тунжураган көлөкөгө кирип, житип кетишет. Медж жеңишке ээ болгондой, кубанычтуу жүз менен күйөөсүн карады.

Бир нече минутадан кийин Карышкыр ордунан турду. Эми анын кыймылында бир ойго келип, санаа тынчып, ишеним пайда болгонсуйт. Ал эркекке да, аялга да бурулуп карабады; жалгыз аяк жолдон эки көзүн албай тикирейди. Бир жаңсыл болгон сыяктанды. Тигил экөө да анысын түшүндү; эми өздөрүнө да сыноо жаңыдан башталганын түшүнүштү.

Карышкыр дароо эле буттарын кере, так түйүлүп жөнөдү, аны жылуу-жумшак үн менен чакырып, токтотуш үчүн Медждин эриндери чормоюп, тегерек боло түштү — ушунчалык аны чакыргысы келди дейсиң! Бирок октолгон жылуу сөз сыртка чыкпастан, эриндеринде жабышып калгансыды. Эмне кыларын билбей, аргасыздан күйөөсүнө карады, бирок тигинин жактырбагандай сурданган көз карашын байкады да, эриндерин кымтып, акырын гана күрсүнүп алды.

Карышкыр болсо жанагыдан да катуу сызып баратты. Уламдан-улам арышты кере-кере таштады. Артына кылчайып бир да караган жок, анын карышкырдын куйругундай куйругу октой болуп, түптүз суналып калды. Көз ачып жумганча бурулушка жетип, көздөн кайым болду.

1906

Которгон С.Эрматов

[1] Мансанит — субтропикалык жерде өсө турган өсүмдүк.
[2] Галлон — суюктуктун өлчөмү. 3,785 литрге барабар.
[3] Папоротник—суунун жээгине чыгуучу балырлуу өсүмдүк.
[4] Мэм — күйөөгө чыккан аялдарга карата айтылат.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.